Министрлиги



Pdf көрінісі
бет41/45
Дата05.12.2022
өлшемі0.76 Mb.
#466506
түріПрограмма
1   ...   37   38   39   40   41   42   43   44   45
ca0b1618-cd19-4572-8b0f-d953a153bb54 (1)

экинчи ирет окулат да андан соң баяндама жазыла баштайт. Текстти экинчи жолу 
уккандан кийин окуучулар өздөрүнүн пландарын иреттеп, айрым даталарды, 
фамилияларды такташат. Планда автордун стилин чагылдырган түйүндүү сөздөр, сөз 
айкаштары берилет. Баяндама жазууда сөзсүз түрдө эле окуучулардын өз сөздөрү менен 
гана жазууну талап кылуу да зарыл эмес. Окуучунун тексттегидей эле баяндаганы оң. 
Татаал тексттерди угууда окуучулар үчүн кыйын деп эсептелинген айрым эпизоддорду 
белгилөө менен кыскача конспектилөөгө мүмкүндүк түзүлөт. Татаал деп эсептелинген 
аттарды, 
каармандардын 
фамилияларын, 
тарыхый 
окуялардын 
аталыштарын, 
географиялык аттарды мугалим доскага жазып коюусу зарыл. Баяндама жазууда ар кыл 
типтеги сөздүктөр менен пайдаланууга уруксат берилет. Текстти баяндоо менен бирге эле 
дилбаяндын элементтери катышкан чыгармачылык иштер да аткарылат. Сунуш 
кылынган ар кыл варианттагы тексттин ар биринин аяк жагында чыгармачылык 
багыттагы суроо-тапшырмалар орун алган. Алардын ичинен тандалып алынган тексттин 
суроо-тапшырмасын мугалим доскага жазып коёт. Чыгармачылык тапшырмаларды 
аткарууда окуучу текстке карата өзүнүн жекече ой жүгүртүүсүн 120-180 сөз көлөмүндө 
кошумчалоосу талап кылынат.
Баяндаманы баалоодо мугалим төмөнкүлөрдү эске алууга тийиш:
баяндаманын аткарылыш максатына, анын түрлөрүнө карата окуучунун ишти 
аткаруусу;
окуучунун тексттин мазмунун түшүнүп кабылдоосу;
тексттеги окуянын ырааттуу баяндалыш системасы;
окуучунун план түзө билиши, ага жооп берүүсү;
окуучунун жекече кеби менен тексттин кебинин ортосундагы байланышы жана 
андагы чыгармачылыгынын көрүнүшү:
иштин грамматикалык жана стилистикалык жактан аткарылыш деңгээли, ой-
туюмунун жыйынтыктуулугу. 
Баяндаманы баалоодо окуучулардын адабият сабагынан алган адабий-теориялык 
билим деңгээлдери, түшүнүктөрү, тексттин мазмунун өздөштүрө билүүсү, иштин 
мазмунунун темага жооп берүүсү, сөз байлыгын, сөз каражаттарын ыгы менен 
колдонуусу, башкы ойду ача билүүсү, талапка карата текстти кеңири же кыскача баяндай 
алуусу, чыгармачылык мүнөздөгү кошумча тапшырмаларды аткарыш деңгээли, 
орфографиялык, пунктуациялык жана грамматикалык сабаттуулуктары бааланат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   37   38   39   40   41   42   43   44   45




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет