Таблица 2.4.1.1.- Инсерт стратегиясы менен текстти талдоо
Билем
Билдим
Билгим келет
Суу ичиш үчүн, тамак-
аш
даярдаш
үчүн
керектигин.
Суу жолдору аркылуу
азык-
түлүктөрдү,
машиналарды
ташып,
карагайларды
агызышарын.
Суу
дагы
кандай
тармактарда
колдонуларын
Текст: Суунун айланышы.
Аккан суу булактан башталат. Булактардан чыккан агын суулар бири-
бирине кошулуп отуруп дарыяга айланат. Агын суулар көлгө, деңизге куят.
Суу агып баратса да, токтоп калса да, билинбей бууга айлана берет. Буу
асманда булут, тоодо туман болуп көрүнөт. Булуттан суу, кар мөндүр болуп
жерге түшөт. Алар сууга, андан бууга айланып, кайта асманга көтөрүлөт.
Ушинтип суу айланып жүрө берет.
1- көнүгүү. Тексттен зат атоочторду тапкыла. Аларды көптүк санда өзгөртүп
жазгыла.
Үлгү: суу- суулар, . . .
125
2- көнүгүү. Текстти көчүрүп жазгыла. Жекелик сандагы зат атоочтордун
астын бир сызык менен, көптүк сандагы зат атоочтордун астын эки сызык
менен сызгыла.
Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууда тилдин көпчүлүк
эрежелери карама- каршы коюунун, же өз ара салыштыруунун негизинде
өздөштүрүлөт. Демек, салыштыруу- ал эрежелерди үйрөтүүдөгү негизги
методикалык ыкмалардын бири. Грамматикалык категорияларды бири-
бирине салыштыруу аркылуу окуучулар өз алдынча иштөөгө, байкагандарын
жалпылай жана жыйынтыктай билүүгө үйрөнүшөт.
Улуу педагог К.Д.Ушинский окуучунун ой жүгүртүү жана кабыл алуусуна
салыштыруунун зор мааниге ээ болорун баса белгилеген: «Салыштыруу-
таанып- билүүнүн жана ой жүгүртүүнүн негизги, ошондуктан ал дидактикада
олутуу ыкмалардан болууга тийиш». [129, 332- б.]
Салыштыруу ыкмасы менен иштөөдө төмөнкүдөй ырааттуулуктун
болушу зарыл: биринчиден, салыштырыла турган сөздөр бөлүнүп алынып,
андан кийин алардын сүйлөмдөгү орду, мааниси, кайсы сөздү жандап
тургандыгы, кандай суроого жооп бергендиги аныкталат жана бири- бирине
салыштырылат, тагыраак айтканда, алардын ортосундагы окшоштуктар жана
айырмачылыктар көрсөтүлүп, жыйынтык чыгарылат.
Эне тилинен терең жана бекем билим берүүдө грамматикалык
талдоонун ыкмасынын да мааниси зор. “Талдоонун негизинде окуучулардын
ой жүгүртүүсү активдештирилип, алар өз бетинчи иштөөгө машыгышат.
Методикалык жактан туура уюштурулган талдоо окуучулардын илимий-
грамматикалык кругозорун өстүрүү менен бирге аларды грамматикалык
көрүнүштөрдү жаңылбай ажырата билүүгө үйрөтөт”. [129, 9- б.]
Жогоруда көрсөтүлгөндөй, сөздөрдүн кандай суроого жооп
бергендигин, кайсы мүчөнүн жардамы менен жасалгандыгын ажыраттыруу
аркылуу ал сөздөрдүн грамматикалык өзгөчөлүктөрүн терең өздөштүрүп,
аларды
жаңылбай
аныктоого
машыгышат.
Орус
окумуштуусу
К.Д.Ушинский: “Бизде ар качан колдонулуучу грамматикалык талдоо
126
өзүнөн- өзү эле эң жакшы көнүгүү болуп саналат”,- деп талдоого зор маани
берген. [129, 354-б.]
Грамматикалык талдоо оозеки жана жазуу түрүндө жүргүзүлүшү
мүмкүн. Оозеки талдоо окуучулардын ой жүгүртүүсүн активдештирип,
алардын сабакка болгон кызыгуусун арттырууга шарт түзөт. Окуучулардын
ойлоосун өстүрүү менен, алардын сезгичтигин, байкагычтыгын арттырып,
тилдик фактыларды бири- бирине салыштыра билүүгө, айырмачылыктарын
ачууга, окшоштугун белгилөөгө жана өз алдынча мисалдарды келтирип,
жыйынтык чыгарууга жетиштирмекчи.
Грамматикалык талдоолорду ырааттуу жүргүзүү окуучулардын алган
билимдерин системага салууга, өтүлгөн материалдарды кайталоого багыт
алдырат. Эне тили боюнча өтүлгөн материалдарды терең өздөштүрүүгө
мүмкүнчүлүктөрдү ачуу менен жакшы өбөлгөлөрдү түзөт. Бул жагынан
алганда грамматикалык талдоолор өтүлгөн материалдарды бышыктоо жана
окуучулардын алган билимдерин текшерүү үчүн мугалимдин колдонуучу
ийкемдүү методдорунун бир түрү катарында эсептөөгө болот.
Грамматикалык талдоолор окуучуларга жеткиликтүү жана түшүнүктүү
болуусу үчүн адегенде бир нече жолу талдоолордун жол- жобосун, үлгүсүн
мугалим өзү жүргүзүп, көрсөтүп берет. Сүйлөмдөгү сөздөрдүн байланышын
аныктап, суроолорун белгилейт. Сүйлөм канча сөздөн турганын аныктайт.
Ар бир сүйлөм мүчөсүнө суроо берет. Грамматикалык талдоону жүргүзүү
үчүн текстке байланыштуу окутууда ар түрдүү тексттер алынып, алардын
негизинде талдоолор жүргүзүлөт. “Грамматикалык талдоодо жалаң гана
тилдин грамматикалык жагы көңүлгө алынбастан, аны менен бирге
сүйлөмдөрдүн жана сөздөрдүн берген маанилерин да эсте тутуу керектиги
жөнүндөгү олутуу маселени” да эстен чыгарбоо зарыл [Редозубов С.П.
Методика преподавания русского языка в начальных школах. М.-1963, 208-
б.] Талдоо үчүн алынган сөздөр жана сүйлөмдөр окуучуларга түшүнүктүү
болуу менен турмушка байланыштуу болгон элдик макал- лакап, табышмак,
акын- жазуучулардын чыгармаларынан алынууга тийиш. Ал эми текстке
127
байланыштуу окутууда грамматикалык талдоо жүргүзүүдө өздөштүрүлүп
жаткан текст колдонулат.
Грамматикалык талдоо өтүлүүчү материалдын мазмунуна жараша эки
түрдүү жүргүзүлүшү мүмкүн: 1) тематикалык талдоо; 2) жыйынтык талдоо.
Тематикалык талдоо белгилүү гана өтүлгөн материалды өз кучагына алса,
жыйынтыктоочу талдоо- бардык өтүлгөн материалдын негизинде
жүргүзүлөт.
Башталгыч класстарда тематикалык талдоолорду көбүрөөк жүргүзүү
окуучулардын грамматикалык сабаттуулугун арттырууга зор пайда берери
окумуштуу- методисттер тарабынан аныкталган. Грамматикалык талдоо ар
бир өтүлгөн тема боюнча сабактын максаттарына жараша ишке ашырылат.
Мисалы: “Үндүү жана үнсүз тыбыштар”, “Созулма жана кыска үндүүлөр”,
“Жумшак жана каткалаң үнсүздөр”, “Уңгу жана мүчө”, “Заттардын атын
билдирген сөздөр”, ж.б.у.с. темалар өтүлгөндөн кийин тематикалык
талдоолорду жүргүзүү ыңгайлуу.
Жыйынтыктоочу талдоолорду ар бир чейректин аягында, окуу
жылынын биринчи жарым жылдыгында, окуу жылынын аягында, же
белгилүү бир чоң бөлүм, же тема өтүлгөндөн кийин жүргүзүү максатка
ылайыктуу. Мисалы: 3- класста сөз түркүмдөрү (зат, сын, сан, ат атоочтор,
этиш) бөлүмү өтүлүп бүткөндөн кийин, ал эми 4- класста зат атооч, зат
атоочтун жекелик көптүк саны, жагы, жөндөлүшү таандык болуп айтылышы
деген темалар өтүлгөндөн кийин жүргүзүүгө болот.
Грамматикалык талдоолор өтүлгөн материалдардын негизинде
жүргүзүлгөндүктөн, ар түрдүү жолдорду пайдаланып жана ар бир сабак
сайын атайын талдоо жүргүзүү үчүн белгилүү өлчөмдөгү убакыт берилиши
зарыл.
Ар
бир
класста
өтүлүүчү
грамматикалык
материалдардын
өзгөчөлүктөрүнө жараша материалдар жандалып алынат. Алынган
материалдар грамматикалык эрежени бекемдөөчү деңгээлде болуусу зарыл
жана оозеки, жазуу жүзүндө жүргүзүлүүсү керек.
128
Оозеки талдоодо окуучулар өтүлгөн грамматикалык эрежелерди,
аныктамаларды айтуу менен бирге, ага ылайыктуу мисалдарды айтып
беришет. Мугалимдин берген суроолоруна жооп берип, өтүлгөн эрежелерди
далилдөөгө аракеттенишет.
Жазуу жүзүндөгү талдоодо мугалим талап кылган тапшырмаларды
аткарышат жана сөз түркүмдөрүнө ажыратышат, сүйлөмдөгү синтаксистик
кызматын аныкташат, ж.б.
Окуу китебинде көрсөтүлгөн текстти тапшырманын талабына ылайык
көчүрүп жазуу жолу менен да айрым талдоолор жүргүзүлөт.
Мисалы, 4-класста “Сөз түркүмдөрү” темасын “Нанды тандаба” текстине
байланыштуу өздөштүрүүдө мындай тапшырмалар аткарылат:
Нанды тандаба
Бир бала нан саткан дүкөнгө келди. Келди да, текчедеги нандарды
тандай баштады. Бирин кармап “катуу” деп, бирин “жумшак” деп, кайсы
бирлерин “күйүп калыптыр” деп, кайра ордуна коюп жатты.
Кыскасы, текчедеги нандардын бири дагы балага жаккан жок. Аны
көрүп бир карыя басып келди да:
-Балам, нанды тандабай жүр, кесир болот,- деди акырын гана.
Бала бул сөздү угуп, аябай уялып калды.
М.Турсуналиев
1- көнүгүү. Тексттин 1- абзацын көчүрүп жазгыла. ким?, эмне?, канча?, эмне
кылды? деген суроолорго жооп берген сөздөрдү таап, астын сызгыла.
2- көнүгүү.
Сөздөрдөн макалдарды курагыла:
1. Жаралат, бакыт, эмгектен.
2.Жаны, таттуу, жалкоонун.
Наны, эмгекчинин, таттуу.
3. Нандын даамын, бир күн, билет, кетмен чапкан адам.
3- көнүгүү.
Тексттин мазмунун өз сөзүңөр менен айтып бергиле.
Тексттеги сөздөрдөн алып, таблицаны толтургула.
129
Тексттин мазмуну боюнча ким?, эмне?, кандай?, канча? деген суроолорго
жоопторду жазгыла- деген тапшырманы берүү менен морфологиялык
талдоонун бир бөлүмүн аткарууга багыт берилди.
Башталгыч класстарда кыргыз тилин текстке байланыштуу окутууда
жогоруда көрсөтүлгөндөй талдоолордун үч түрүн:
фонетикалык, морфологиялык, синтаксистик түрлөрүн жүргүзүүгө болот.
1. Фонетикалык талдоо жүргүзүүнүн тартиби төмөнкүчө:
канчасы үндүү тыбыш, канчасы үнсүз экендигин;
тыбыштардын үндүү үнсүз, созулма кыска, жоон, ичке, каткалаң,
жумшак болуп бөлүнүшү;
сөздүн муунга бөлүнүшүн аныктоо. Мындан тышкары тамга менен
тыбыштын айырмасы, ичкертүү жана ажыратуу белгилери, йоттошкон
(я,ѐ,ю,е) тамгалары боюнча да талдоолор жүргүзүлөт.
Фонетикалык талдоо морфологиялык жана орфографиялык талдоо
менен тыгыз байланышта жүргүзүлүүгө тийиш. Окуучулар үндүү
тыбыштарды билбесе, сөздөрдү муунга туура ажырата албайт, ал эми сөздү
муунга туура ажырата албаса, сөздү туура ташымалдай албайт, сөздөрдүн
уңгу, мүчөсүн таба албайт.
Эне тилинин тыбыштык өзгөчөлүктөрүн туура, так өздөштүрүү, аларды
бири- бирине салыштыруу, негизги айырмачылыгын ажырата билүү
окуучулардын
грамматикалык
жана
орфографиялык
сабаттуулугун
арттырууда зор мааниге ээ.
Тилдин тыбыштык өзгөчөлүгүн үйрөтүү жана ага талдоо жүргүзүү
башталгыч класстарда жүргүзүлүүчү эң негизги иш- аракеттерден болуп
саналат. Анткени тилдин тыбыштык өзгөчөлүгүн жакшы үйрөтпөй туруп,
грамматиканы окутууга мүмкүн эмес.
Суроолор
Сөздөр
Ким?
бала, . . .
Эмне?
нан, . . .
Эмне кылды?
келди, . . .
130
2- класста фонетикалык материалдарды өздөштүрүүгө 35 саат
өлчөмүндө убакыт бөлүнгөн. Мында тыбыш, тамга, тыбыштардын
бөлүнүштөрү, үндүү, үнсүз тыбыштар, ичке, жоон, кыска, созулма үндүүлөр,
жумшак, каткалаң, түгөйлүү үнсүздөр, к,ч,ж тамгалары жана алардын
окулушу, ичкертүү, ажыратуу белгилери, йоттошкон тамгалар, алфавит, баш
жана кичине тамгалар, ачык, жабык, туюк муун темаларын окутуу
пландаштырылган.
Буга ылайык кыргыз тилин текстке байланыштуу окутууда ар түрдүү
фонетикалык тапшырмалар, көнүгүү- машугуулар, фонетикалык талдоолор
жүргүзүлөт.
Окуучулар сөздөрдүн канча тамга, канча тыбыштан турганын аныктоо,
үндүү, үнсүз тыбыштардын астын сызуу, тексттен үндүү тыбыштар менен
башталган сөздөрдү көчүрүп жазуу, үнсүз тыбыштар менен башталган
сөздөрдү болуп алуу, ичке үндүүлөр катышкан сөздөрдү көчүрүү, тексттеги
сөздөрдөн эки сапка таблица түрүндө жоон, ичке үндүүлөр катышкан
сөздөрдү бөлүп жазуу, кыска жана созулма үндүүлөр катышкан сөздөрдү
таблицага жайгаштыруу, каткалаң жана жумшак, түгөйлүү үнсүздөр
катышкан сөздөрдү тексттен таап жазуу сыяктуу көнүгүү иштери аткарылат.
Мындан
тышкары
окуучулардын
ойлоосун,
чыгармачылыгын
калыптандыруучу оюн түрүндөгү жана чыгармачылык тапшырмалардын
катарына: макал- лакаптардын маанисин чечмелөө, табышмактардын
жандырмагын табуу, кроссвордду, ребустарды чечүү, сөз оюну, китепче
жасоо, ж.б.у.с. иш- аракеттерди кошууга болот.
Мындай тапшырмаларды аткарууда окуучулар грамматикалык эрежелерди
өздөштүрүп, фонетикалык талдоолорду жүргүзүүменен сабаттуулугу артат
жана ой жүгүртүүсү, кеби калыптанат.
2. Морфологиялык талдоо жүргүзүү.
2-4- класстарда морфологиялык талдоо төмөнкүдөй тартипте
жүргүзүлөт:
131
сөздүн курамына ажыратуу;
сөз түркүмүн аныктоо;
суроосун коюу;
зат атоочтун жөндөмө, таандык, көптүк категорияларын белгилөө;
этиштин жагын, чагын аныктоо.
Зат атоочтун энчилүү жана жалпы болуп бөлүнүшү, этиштин чактары
жана жактары, сөз түркүмдөрүнө берилүүчү суроолор окуучулар
тарабынан жакшы өздөштүрүлгөндө гана, ал морфологиялык талдоону
талапка ылайык жүргүзө алат.
2-3- класстарда морфологиялык материалдарды өздөштүрүүгө 30 саат
өлчөмүндө убакыт белгиленген. Бул материалдардын катарына сөздүн уңгу
жана мүчөгө бөлүнүшү, уңгулаш сөздөр, заттын атын билдирген сөздөр,
жандуу заттарды туюндурган сөздөр, жансыз заттарды туюндурган сөздөр,
заттын кыймыл- аракетин билдирген сөздөр эмне кылып жатат? эмне кылды?
эмне кылат? деген суроого жооп берген сөздөр, заттын сын- сыпатын
билдирген сөздөр, заттын санын билдирген сөздөр, заттын иретин билдирген
сөздөр аттуу темалар кирет.
Морфологиялык материалдарды текстке байланыштуу өздөштүрүүдө
окуучулар ар түрдүү көнүгүү- машыгуу иштерин аткарышат.
Мисалы:
тексттен жандуу зат атоочторду таап, аларга суроо берүү;
табышмактын жандырмагын табуу, заттын аттарын билдирген
сөздөрдү белгилөө;
кроссвордду толтуруп, ким? деген суроого жооп берген сөздөрдү
ажыратуу;
сүрөттөр боюнча жандуу заттарды катыштырып сүйлөмдөрдү түзүү;
заттар темасына сөз оюнун улантуу;
жаңылмачтарды айтышуу;
132
тексттен кыймыл- аракетти билдирген сөздөрдү көчүрүп жазып, аларга
суроо коюу;
тексттин каармандарын сүрөттөп жазып, сын- сыпатты билдирген
сөздөрдүн астын сызуу;
сүйлөмдөрдү толуктап жазуу;
макалдардын маанисин чечмелөө;
тексттен заттын санын билдирген сөздөрдү табуу окуучулар тарабынан
өз алдынча, жупта, топто аткарылат.
3. Синтаксистик талдоодо сүйлөм жана анын айтылышына карай,
түзүлүшүнө карай ажыратуу, сүйлөм мүчөлөрүнө карй талдоо сыяктуу иш-
аракеттер жүргүзүлөт.
Синтаксистик талдоо сүйлөмдүн түзүлүшү жөнүндө маселени өз ичине
камтыгандыктан, анда коюлуучу тыныш белгилери да талданат. Бул
талдоолор орфографиялык жана пунктуациялык эрежелер менен байланышта
жүргүзүлөт.
Сүйлөм мүчөлөрүнө талдоо жүргүзүүдө анын ар бирине суроону туура
коѐ билүү жана эң алды менен баяндоочу, анан ээси, андан кийин айкындооч
мүчөлөрү аныктала тургандыгын эске тутууга окуучуларды көнүктүрүү
зарыл.
2-3- класстарда синтаксистик материалдарды окутууга 20 саат
көлөмүндө убакыт бөлүнүп, анда окуучулар сөз жана сүйлөм, жай, суроолуу,
илептүү сүйлөмдөр, сүйлөмдүн ээси, ээнин милдетин аткарган адам аттары,
ээнин милдетин аткарган айбанат аттары, сүйлөмдүн баяндоочу, заттын атын
билдирген сөздөрдүн сүйлөмдө баяндооч болушу, кыймыл- аракетти
билдирген сөздөрдүн сүйлөмдө баяндооч болушу деген темалар менен
тааныштырылат. Окуучулар:
сөздөрдөн сүйлөмдөрдү куроо;
сөздөн сөз жаратуу, алардан сүйлөм түзүү;
суроолорго жооп берүү;
133
тексттегисүйлөмдөрдү көчүрүп жазып, сүйлөмдүн ээсин жана
баяндоочун табуу;
тексттеги жай сүйлөмдөрдү суроолуу сүйлөмдөргө айлантуу;
тексттен илептүү сүйлөмдөрдү табуу;
адашкан сөздөрдөн макалдарды куроо сыяктуу тапшырмаларды
аткарышат.
Грамматикалык талдоолор 2- класстан 4- класска чейин улам тереңдетилип,
өркүндөтүлүп жүрүп отурат жана алар тексттин негизинде жүргүзүлөт.
2- класста:
тексттеги сүйлөмдөгү сөздөрдүн байланышын белгилөө;
тексттегизаттын атын билдирген сөздөрдү ажыратуу, суроо берүү;
тексттеги баш тамга менен жазылган сөздөрдү аныктоо;
тексттенбелгини, кыймыл- аракетти билдирүүчү сөздөрдү ажыратып,
суроо коѐ билүү;
тексттегисөздөрдүн уңгу, мүчөсүн ажыратуу;
уңгулаш сөздөрдү аныктоо;
үндүү тыбыштардын жоон- ичке, созулма- кыска болуп бөлүнүшүн
ажыратуу;
тексттегия, ѐ, е, ю тамгалары катышкан сөздөрдү талдоо;
в, ф, ц, щ, х тыбыштары катышкан сөздөрдү ажыратуу, бул
тыбыштарды катыштырып сөз түзүү;
тексттегисөздүн башында жана аягында катар үнсүздөр келген
сөздөрдү ажыратуу;
ичкертүү, ажыратуу белгилери катышкан сөздөрдү ажыратуу жана сөз түзүү.
3- класста:
тексттегисүйлөмдөрдү курулушуна, айтылышына карай ажыратуу;
сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн ажыратуу;
тексттегисүйлөмдөрдүн айкындооч мүчөлөрүн ажыратуу жана
тиешелүү суроолорун коѐ билүү;
134
сүйлөмдөгү сөздөрдүн байланышын аныктоо;
тексттегисөздөрдүн жекелик, көптүк санын, жөндөмөдө турушун жана
алардын мүчөлөрүн ажыратуу;
мүчөнүн сөз өзгөртүүчү, сөз жасоочу болуп бөлүнүшүн ажыратуу;
сөздөрдүн жөнөкөй, татаал (кош, кошмок) болуп бөлүнүшүн ажыратуу;
сын, сан. ат атооч сөздөр жана аларга берилүүчү суроолорду билүү;
этиш жана ага берилүүчү суроолорду билүү;
4- класста:
сүйлөмдүн грамматикалык түзүлүшүнө карай жөнөкөй, татаал
экендигин ажыратуу;
тексттеги татаал сүйлөмдөрдү жөнөкөй сүйлөмдөргө бөлүү;
тексттегисүйлөмдөрдө коюлган тыныш белгилерине байкоо жүргүзүү;
айкындооч мүчөлөрдүн баш мүчөлөр менен болгон байланышын
белгилөө;
тексттегижалаң жана жайылма сүйлөмдөрдү аныктоо;
тексттегитөл жана бөтөн сөздөрдү ажыратуу;
бир өңчөй мүчөлөрдү аныктоо;
катыштык жана сапаттык сын атоочторду ажыратуу;
эсептик жана иреттик сан атоочторду ажыратуу;
жактама ат атоочторду аныктоо;
тууранды сөздөрдү ажыратуу;
сырдык сөздөрдү ажыратуу;
кызматчы сөздөрдү аныктоо, ж.б.
Эне тилин текстке байланыштуу окутууда сүйлөмгө грамматикалык
талдоо жүргүзүү атайын берилген тексттин негизинде жана үлгүнүн
негизинде жүргүзүлөт.
Мисалы, 4-класстын окуу китебинде төмөнкүдөй үлгү берилген:
Сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоону кантип жүргүзөбүз?
1. Сүйлөмдү жазабыз.
135
Мисалы: Күн ааламга нурун чачты.
2. Сүйлөмдүн баяндоочун таап алабыз.
Нурун чачты. Эмне болду?
Чачты- баяндооч. Алдын эки түз сызык менен сызабыз.
3. Сүйлөмдүн ээсин табабыз.
Күн ааламга нурун чачты. Эмне?- Күн- ээ. Астын бир түз сызык менен
сызабыз.
4. Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүн ажыратабыз.
Күн ааламга нурун чачты.
Чачты эмнесин?- нурун- айкындооч.
Чачты кайда? – ааламга- айкындооч.
Астыларын толкун сызык менен сызабыз.
5. Жыйынтыктайбыз.
Эмне? Кайда? Эмнесин? Эмне кылды?
Күнааламганурунчачты.
II. Татаал сүйлөмдү да сүйлөм мүчөлөрү боюнча дал эле ушундай талдайбыз.
Мисалы: Адам баласы жерде жашаса, балык сууда жашайт.
2. Жөнөкөй сүйлөмдөргө бөлүп, алардын баяндоочторун таап алабыз.
Адам баласы жерде жашаса. Эмне кылса?- Жашаса- баяндооч.
Ким жашаса? Адам баласы- ээ кайда жашаса? жерде- айкындооч
Балык сууда жашайт. Эмне кылат? – Жашайт- баяндооч.
Жашайт эмне? Балык- ээ
Кайда жашайт? Сууда- айкындооч.
Эне тилин текстке байланыштуу окутууда грамматикалык талдоолорду
жүргүзүүнүн мааниси зор. Окуучулар айрым сөздөрдүн маанисин ачууга,
аны уңгу жана мүчөгө ажыратууда, тексттин мазмунун туура, так айтып
берүүдө грамматикалык талдоолорду жүргүзүү аркылуу өздөштүргөн билим,
билгичтиктерин,
тилдин
грамматикалык
түзүлүшүнөн,
сөздөрдүн
байланыштарынан пайдаланышат.
136
Достарыңызбен бөлісу: |