окуучуларга тил, анын системалуулугу жана кеп жөнүңдө зарыл болгон
билимдерди берүү менен алардын оозеки жана жазуу кептериндеги орфографиялык жана
стилистикалык нормалардын сакталышына өзгөчө көңүл бөлүп, кетирилген каталарды
кетирбөөгө көнүктүрүү жана машыккандыктарын калыптандыруу;
өз ойлорун орфоэпиялык
нормалардын негизинде туура, так айтууга, ар түрдүү
стилдеги тексттерди көркөм окуй алууга үйрөтүү;
кептин, стилдин ар кандай түрлөрүнө мүнөздүү болгон тил каражаттарын бири-
биринен айырмалай алууга, текст түзүүдө кетирилген кемчиликтерди таба билүүгө жана
аларды түзөтүүнүн жолдорун, ыкмаларын колдоно алууга машыктыруу жана ага
калыптандыруу;
текст түзүүдө ага катышкан сүйлөмдөрдүн мазмунун айтылып жаткан ойдун
негизине
карата туура багытоо менен, алардын (сүйлөмдөрдүн ортосундагы ойдун
логикалуу өнүгүшүн, сүйлөмдөрдүн өз ара ички жана тышкы байланыштарынын стилдик
нормаларын так сактоого көнүктүрүү);
адабий тилдин нормаларын билгичтик менен өздөштүрүү, сөз байлыгын
арттыруу, тилдин синонимдик катарларын, анын көркөм каражаттарын, өтмө маанилүү
жана эмоционалдуу-экспрессивдүү пикир алышуунун баардык формаларында туура
колдоно билүү менен окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жетишүү;
интерактивдүү окутуу,
проблемалуу окутуу, сынчыл ой жүгүртүү жана башка
алдыңкы методикалык ыкмаларды пайдалануу.
Достарыңызбен бөлісу: