30
Ачуу ачууланган адам үчүн да, тил уккан адам үчүн да зыяндуу. Анткени экөө тең
кандайдыр бир психикалык жабыркоого учурашы мүмкүн. Көп ачууланган адамдын
нерви бат чарчайт. Бара-бара ишке жөндөмдүүлүгү солгундайт. Ал
эми тил уккан
адамдын да көңүлү чөгөт. ошентип ачуу адамдын өз өмүрүнө да зыяндуу, терс жорук-
жосундарга түртүшү мүмкүн. Анткени ачууланган адамдын кан тамырлары чыңалып
чыгат. Нервине күч келет. Ачуу менен ар кандай күтүүсүз жаман иштер, кырсыктар
болуп кетүүсү мүмкүндүгүн билебиз. «Жакшы болуу аста-аста,
жаман болуу бир
паста», - дешет эмеспи.
Ачууланган адамдын дароо эле начар жагы көрүнөт да, элге бат эле жаман
көрүнүп калат. Ачуу адамдын кебете-кешпирин акырындык менен бузат. Андай
адамдын кабагы салыңкы болуп чекесине, көздөрүнүн айланасына бырыш, так бат
түшөт.
Ачуунун мына ушундай табияты адамдын өзүнө душмандык болуп эсептелет.
Ошондуктан ачуу – душман. Ачуу адамга душман
катары мына ушундай тескери
кызмат аткарат.
Достарыңызбен бөлісу: