5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


Мугалим: Балдар, бул аңгемеден эмнени түшүндүңөр. Шаардык досу айылдык  досуна кандай мамиле кылышы керек эле?  1-окуучу



Pdf көрінісі
бет20/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   16   17   18   19   20   21   22   23   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Мугалим: Балдар, бул аңгемеден эмнени түшүндүңөр. Шаардык досу айылдык 
досуна кандай мамиле кылышы керек эле? 
1-окуучу: Шаардык досу дагы гумандуулук кылды. Ачуусун басты. Аны 
токмоктоп таштаса болмок. 
2-окуучу: Шаардык досу туура кылды. Анын ачууга алдырбагандыгы да туура.
3-окуучу: Анын акыркы айткан сөзү эле ага жетиштүү болду окшойт. Ал 
ушунчалык жүзү адамды урган менен натыйжа чыкмак эмес. Үндөбөй басып кеткени 
жакшы. 
Мугалим: Туура айтасыңар, балдар. Ата-бабаларыбыз «Ачуу – душман, акыл - 
дос» деген таасын кепти айтып келишкен. Мына ушул багыттагы А.Кармышаковдун 
пикирин талдап көрөлүчү.
Ачуу – бул адамдын терс оюнун, кандайдыр бир ички күчтүн таасири менен 
сыртка чыгышы. Ал адамдын бирөөгө жини келгенде, каары кайнаганда, жек 
көргөндө, нааразы же ыза болгондо, урушканда, чыр-чатак учурунда, тил, 
кыжырдануу, көз караш, кабак чытуу, чекчейе тиктеп, жек көрө кароо аркылуу 
билдирет. 
Ачуу – терс ой-жүгүртүүдөн улам психологиялык карама-каршы дүүлүгүү 
аркылуу пайда болуп, бир адамдан экинчи бир адамга багыт алат.
Эмне үчүн ачуу – душман? 


30 
Ачуу ачууланган адам үчүн да, тил уккан адам үчүн да зыяндуу. Анткени экөө тең 
кандайдыр бир психикалык жабыркоого учурашы мүмкүн. Көп ачууланган адамдын 
нерви бат чарчайт. Бара-бара ишке жөндөмдүүлүгү солгундайт. Ал эми тил уккан 
адамдын да көңүлү чөгөт. ошентип ачуу адамдын өз өмүрүнө да зыяндуу, терс жорук-
жосундарга түртүшү мүмкүн. Анткени ачууланган адамдын кан тамырлары чыңалып 
чыгат. Нервине күч келет. Ачуу менен ар кандай күтүүсүз жаман иштер, кырсыктар 
болуп кетүүсү мүмкүндүгүн билебиз. «Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир 
паста», - дешет эмеспи.
Ачууланган адамдын дароо эле начар жагы көрүнөт да, элге бат эле жаман 
көрүнүп калат. Ачуу адамдын кебете-кешпирин акырындык менен бузат. Андай 
адамдын кабагы салыңкы болуп чекесине, көздөрүнүн айланасына бырыш, так бат 
түшөт.
Ачуунун мына ушундай табияты адамдын өзүнө душмандык болуп эсептелет. 
Ошондуктан ачуу – душман. Ачуу адамга душман катары мына ушундай тескери 
кызмат аткарат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   16   17   18   19   20   21   22   23   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет