Улан дүЙШөналы-марипат кыргызстандын жалпыжарандык идеологиясы – жарандык улут, социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түБӨЛҮк режими, педагогикалык аң-сезим, маданияттын руханий аң-сезими, чынчылдык



бет5/15
Дата17.06.2016
өлшемі0.94 Mb.
#141213
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   15

Рыноктук экономика - геноцид
Рыноктук экономика кыргыз элине каршы геноцид. Рыноктук экономика – кыргыз элине каршы коюлган ички экспансия. Анткени кыргыз эли байыртадан бери батыш өлкөлөрүндөй индивидуализм эмес, коллективизмдин жана меймандостуктун алып жүрүүчүсү.

Рыноктук экономика адамдардын рыноктук психологиясын жаратат. Бул болсо коллективизмди таптакыр өлтүрүп меймандостук каада-салтына терс таасирин тийгизет. Ошондой эле рыноктук психология өзүнөн келип чыккан бардык кесепеттери менен коомдун ыймандуулугун жана руханийлүүлүгүн сүрүп чыгарат.

Идеологиялык вакуум шарттарында рыноктук психология идеологиялык боштукту толуктап дүнүйө топтоого табынып сыйынууну жаратат.

Рыноктун атаандаштык деген функциясы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууну шарттагансыйт. Бирок бул теориялык жактан гана. Кыргызстандын турмушунда баскан-турган жериңде салмагы төрт жүз граммдын ордуна бир канча аз болгон аба нанын чыгарышат (воздушный хлеб). Эптеп элин алдап акча табуу максатында нанды жасалма түрдө жумшартып борпоң кылышат, каалагандай химизациялашат. Ошондой эле рыноктук кызыкчылыктар, атаандашуу шарттарында товарлар тезирээк бузулуп ошонун натыйжасында товардын айлануусу тездетилсин үчүн товарлардын сапатын атайын төмөндөтүшөт. Андыктан рыноктун «атаандаштык» деген функциясы товарлардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын эч кандай жогорулатпайт. Баскан-турган жериңде жалган товар чыгаруу жана жалган сатуулар жүрүп жатыр.

Төмөндө болсо рыноктук экономиканын терс, кээде адамга каршы келип чыккан кесепеттерин санап чыгып аларды гумандуу чечүүнүн жолдорун чагылдырабыз:

1. Легендардуу сүйүүнүн проблемасы. Совет мезгилиндеги аялдын жана эркектин сүйүүсүн, рыноктук мамилелер доорунда жашап жатышкан эгемен Кыргызстандагы аял менен эркектин сүйүүсүнө салыштырып болбойт. Албетте, идеалдуу алганда сүйүү проблемалары адамдар жашап жаткан мезгилден көз каранды болбошу керек. Бирок сүйүп калуу мүмкүнчүлүгү жана сүйүү менен үй-бүлө куруу мүмкүнчүлүгү сүйүшүп калгандардын материалдык абалынан көз каранды болуп калгандыгы жашырын эмес. Башкача айтканда рыноктук турмуштун проблемаларынын айынан жаш адамдар адегенде потенциалдуу сүйгөнүнүн материалдык проблемаларын билип алууга умтулушат. Өзгөчө көңүл анын статусуна жана, албетте, анын өз үйү барбы же жокпу, ошого бурулат. Ошондой эле кыз менен таанышып жакындашуу этабында жаныңда акча бар болуп ошол эле гүлдү сатып алып белек кылып берүү керек деген, ресторанга алып барыш керек деген, сүйгөнүңдүн жеке проблемаларын чечүүгө жардам берүү керек деген стеоротип жаш адамдын аң-сезиминде бекем отурганы жашырын эмес. Ал эми сүйгөн кызыңдын проблемалары адатынча акча проблемаларына барып такалат. Тилекке каршы жаш адамдын финансылык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болушу мүмкүн да андай учурларда потенциалдуу жаралып жаткан сүйүү жана сүйүүгө болгон шанс адамдын материалдык абалынан көз каранды болуп жатат. Ошондой эле жубайлардын сүйүүсү кээде материалдык проблемалардан улам өчүп ажырашууга алып келери түшүнүктүү.

Социалдык гуманизмдин жаңы коомдук-экономикалык формациясын куруу сүйүү проблемаларын сөзсүз түрдө жеңилдетиши керек. Бирок идеалдуу алганда сүйүү материалдык дүнүйөдөн көз каранды болбошу керек эле. Бирок коомдук жашоонун бардык тармактарына терең сүңгүп кирип жаткан жашоонун рыноктук образы сүйүүсү материалдык проблемалардан көз каранды болбогон инсандарды кемирип жеп-жутуп жатат.

2. Дарылануу мүмкүнчүлүгү, дары-дармектерди сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү гуманизмден сыртка чыгарылып, коммерцияланып адамдын финансылык мүмкүнчүлүгүнөн көз каранды болду. Бул рыноктук системанын каардуу туундусу.

3. Качандыр бир кезде бүт дүйнөгө атагы чыккан кыргыз элинин меймандостугу. Совет доорундагы кыргыз элинин меймандостугун азыркы рынок доорундагы кыргыз элинин меймандостугу менен салыштырып болбостугу жашырын эмес. Мисалы совет мезгилинде эки тааныш кыргыз кокус жолугушуп калса, мисалы, борбор шаарда, алардын бирөөсү сөзсүз ашканага тамактанууга чакырып турчу эле. Ал эми азыр болсо мындай жакшы салт өткөн мезгилге кетип жатат. Мунун себеби дагы эле баягы рынок. Башкача айтканда бардык адамдарда бардык эле учурда ашканада түштөнүүгө акча мүмкүнчүлүгү бар боло бербейт. Башка жагынан алганда рыноктук турмуштун айынан адамдар өз ара мамиле курууда эсепчил болуп калышты. Башкача айтканда эгерде бир адамга анын таанышынын пайдасы жок болсо, ал ал адам менен мамиле курууну каалабайт.

Ошондой эле кыргыздын үйдөгү меймандостугу совет мезгилине салыштырганда төмөндөп кеткенин ачыктан ачык моюнга алуу керек. Бул дагы рыноктук турмуштун кыргыз үй-бүлөлөрүнүн материалдык абалын жаман абалга алып келгени менен байланыштуу. Андан сырткары рыноктук турмуш бейтааныш адамдан чочулоо сыяктуу жаман өнөкөттү алып келди.

4. Жашоонун каардуу рыноктук образынын айынан биздин поколениенин балдары бактылуу балалыгынан айрылып өздөрүнүн убактысын жана күчүн толук кандуу окууга жумшай албай көр тирликте нан табуу үчүн иштөөгө мажбур болушууда.

5. Совет мезгилинде көгүлтөр Ысык-Көлдүн пансионаттарында куткаруучулар иштечү, штат боюнча, сууга чөгө турган адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн аларга эмгек акысын аяшчу эмес. Ананыраак пансионаттын каражаттарын ач көздүк менен адам өмүрлөрүнөн аянып рынок системасы келди. Куткаруучулардын штаты жоюлду, анткени аларга эмгек акысын төлөп туруш керек эмеспи. Жыл сайын адамдар сууга чөгүп өлүп жатышат. Рынок, маңызында, сууга чөгө турган адамдардын өмүрүн акылуу кылып салды. Ошон үчүн ач көз рынокту кесип салып акча аябастан куткаруучулардын штатын ачыш керек. Куткаруучулардын штатынын жок болушуна рыноктун геноциди деп баа бериш керек.

6. Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүштүн кесепетинен талап-тоноочулук болгондо, албетте, коомдук турмуштун, аны менен катар сооданын ыргагы үзгүлтүккө учурайт. Ошондо ач көз коммерсанттар, мисалы набайканалардын ээлери, коомдук трагедиянын фонунда коммерциялык пайда табууну колдон кетиришпейт. Башкача айтканда көпчүлүк набайканалар убактылуу ишин токтоткондо же өрттөлгөндө башка набайканалардын ээлери 8 сомдук нанды 15-20 сомдон сатышкан. Мына ушул ыйман-этика жагынан орунсуз болгон адамдарга жасалган рыноктук мамиле, себеби мындай пайда табуу адамдардын трагедиясынын фонунда болуп жатат. Мындай фактылар жаш жарандар курман болушкан 2010-жылдын 7-апрелинде болгон, ошондо ач көз коммерсанттар учурдан пайдаланышып 8 сомдук нандарды 15-20 сомдон сатышкан. Кээ бир бизнесмендер же коммерсанттардын талап-тоноочулардын айынан жапа чегишкени башка маселе, бирок талап-тоноочулардын курмандыгы болбой калган набайканалардын ээлери бааларды көтөрүшкөн.

7. Товарлардын төмөн сапаты. Биринчиден, келечекке карай пайданы көздөөдөн улам товарлардын кээ бир түрлөрүн атайын сапатсыз кылып чыгарышат, себеби алар тезирээк бузулат да, бул өз кезегинде товарлардын айлануусун тездетет. Экинчиден, мисалга, нанды алса болот. Демек, ач көздүктөн пайданы көздөшүп атайын, мындайча айтканда, «воздушный» нан чыгарышат. Башкача айтканда стандарт боюнча нандын салмагы төрт жүз грамм болуш керек болгондо, анын салмагы алда канча азыраак болот. Мисалы нанды акырын эле сыгып көрсөң ичи бопбош экендиги билинет. Ушинтип иш билги коммерсанттар нандын санын көбөйтүү максатында атайын нандын ичинен камырын «сууруп» алышып анын сапатын бузушуп элди маскаралап алдап эки эсе кымбаттатып сатышат. Нан чыгаруучулардын ыйманы рыноктук аң-сезим менен талкаланып жок болгон. Көпчүлүк саясатчылар нукура демократиянын өнүгүшү тууралуу эле сайрай берүүнү билишип мындай маңыздуу проблемалар тууралуу унчукпай жүрүшкөнү чоң трагедия. Сыягы белгилүү саясатчылар коомдун элитасы катары мыкты дүкөндөрдөн эле азыктанышып турушса керек. Бирок мыкты дүкөндөрдө деле нандын салмагы стандартка жооп бербеши байкалган.

8. Өлкөнүн жолдорунда машиналар өзгөчө көп болуп тыгындарды, камалыштарды жаратып жол кооптуулугун пайда кылышат.

Ага күнөөлүү себепкер, кайрадан эле баягы рынок экономикасынан келип чыккан рыноктук аң-сезим. Башкача айтканда жолдордо машиналардын көбөйүүсүнүн бир себеби адамдардын байлыкка табынып баюуга умтулуусу болуп саналат. Ал эми дүнүйө топтоп байлыкка табынуу рыноктук психологиянын кесепетинен келип чыккан. Ошентип дүнүйөгө табынуунун субстанциясы, башкача айтканда ана башы болуп кайрадан эле баягы ач көз рынок болуп жатат. Башкача айтканда автомашинага, байлыкка, материалдык статуска жетишүү кадыр-барктуу нерсе болуп калды. Бардык чоң жарандар автомашинага ээ болгусу келгендери жашырын эмес. Эгерде өлкөнүн бардык жарандарына машина сатып алууга каржы мүмкүнчүлүгү бар болуп калса анда эмне болот? Көчөлөр абдан тар болуп калбайбы! Адамдар кайда баратышат? Байлыктын мындай түрү адамдарга залакасын тийгизип жатпайбы.

Жолдордо автомашиналардын көбөйүүсүнүн башка себептери коммерциялык пайданы көздөө болуп саналат. Башкача айтканда эгерде адам автомашина сатып алса, ал машина айдаганды билеби же билбейби, ага карабастан үстөк катары жеңилдетилген шартта ага айдоочунун күбөлүгү берилет. Көрүнүп тургандай – кайрадан эле баягы рыноктук кызыкчылыктар. Жолдордо машиналардын көбөйүүсүнүн үчүнчү себеби коррупциялык система болуп саналат. Бирок бул өзүнчө башка маселе.

Проблемаларды чечүүнүн варианттары:

1) Материалдык көз карандылыкты төмөндөтүү боюнча коомду тарбиялоо иштерин жүргүзүү, башкача айтканда дүнүйөгө табынууну жана материалдык кадыр-баркты жоюу.

2) Коомдун аң-сезимдүүлүгүнө таянып машиналар менен байыбоого чакыруу, себеби бул көчөлөрдүн тардыгына жана адамдардын жолдогу өмүрлөрүнө коркунуч алып келүүдө.

3) Айдоочуларга коюлган талапты катуу коюп жол эрежелерин жакшы билгендерди гана, автомашиналарды жакшы айдай ала тургандарды гана, автомашиналарды айдоонун маданиятын сактагандарды гана жолго чыгарыш керек. Ошентип бардык дилетант айдоочулар автомашина айдоодон аёосуз четтетилет. Жолдор өзүнөн өзү эле бошой калат, себеби биздин мезгилде айдоочулардын басымдуу көпчүлүгү дилетеанттар!

9. Автотранспорт рейсинин бар болушунун көз карандылыгы. Башкача айтканда рыноктук эрежелердин айынан тигил же бул калк отурукташкан жайларга автотранспорттун милдеттүү жүрө турган графиктери түзүлбөйт. Эгерде тигил же бул калк отурукташкан жерлерге баруу үчүн машинага жүргүнчүлөр толбой калса, бул финансы жагынан пайдасыз болуп калат дешип айдоочулар машинасын айдап чыгышпайт. Ал эми жүргүнчүлөр болсо каалаган жерине бара албай калышат.

10. Маршруттук таксилердеги тардуулук. Башкача айтканда кээ бир айдоочулар салондорун мүмкүн болушунча толтуруп көбүрөөк акча табуу үчүн атайылап креслолорун бири бирине жакындадып жылдырып коюшат. Анан жүргүнчүлөрдүн тизелери алдыларына батпай калат. Бул болсо өз кезегинде буттардын травмага учуроо коркунучун жогорулатат.

11. Депутаттык мандаттын акылуулугу. Саясий партиянын катарынан депутаттардын тизмесинен орун алыш үчүн белгилүү өлчөмдө акы төлөө керек деген коомдук ырастоолор бар. Тизмедеги орун биринчи орунга канчалык жакын болсо, ал ошончолук кымбат болот. Анда адамдар байлык критерийлери менен депутат болуп жатышкан турбайбы. Башкача айтканда эгерде адамдын акчасы бар болуп бирок кесипкөйлүк жана ыйман жок болсо ал депутат болуп мамлекетти башкаруу менен алектене алат экен. Бул нерселер дагы рынок дүйнөсүнүн кесепети экени шексиз.

12. Президентикке кандидат болуунун акылуулугу. Адатынча бай финансылык ресурсу бар адамдар гана президентикке кандидат боло алышат. Ошондой эле президенттикке кандидат болгон адамдын заңкайган материалдык статусу бар болсо андай кандидатты эл жактайт да ал эми тескерисинче материалдык жактан бай болбогон адам өзүнүн кандидатурасын президентикке койсо андай адамды эл шылдыңдап чыгат. Бул терең жаңылыштык. Анткени президентикке кандидат болгон адамдын байлык фактысы аны оң жактан мүнөздөбөшү керек, анын үстүнө анын материалдык дүнүйөсү ак эмгеги менен жыйналбаган болсо. А эгерде анын материалдык дүнүйөсү ак эмгеги менен иштелип табылган болсо анда, албетте, анын кесипкөйлүгүнө, эмгек тажрыйбасына жана, албетте, ыйманына көңүл бурулушу керектиги талашсыз нерсе.

Президентикке кандидатурасын коюу мүмкүнүчлүгү түздөн түз адамдын материалдык абалынан көз каранды болгон турмуштун мындай мыйзамы рыноктук дүйнөнүн кесепети экендиги шексиз. Турмуштун мындай мыйзамы адилетсиз. Себеби бай эмес бирок чынчыл жашап, чынчыл эмгектенип, ыйманы таза болуп жана өзүнүн эмгеги, өзүнүн кесипкөйлүгү менен президент болууга татыктуу болушат да бирок президент боло алышпайт себеби президентикке кандидат катары катталуу үчүн оңбогон взносту төлөп койгонго акчасы жок болуп жатпайбы.

13. Күчтөп төлөтүү. Эскертпей туруп кокусунан кызмат көрсөтө коюп анан төлөмдү талап кылуу учурлары жөнүндө сөз. Ал эми кардар болсо же моралдык жактан же каржы жагынан төлөөгө даяр эмес.

Мисалдар:

1) Мындай нерсе айрым ооруканаларда болушу мүмкүн. Мисалы врач эскертүүсүз кызмат көрсөтүшү мүмкүн, айталы, консультация берип. Анан күтүүсүздөн пациентке ушунча сом төлөңүз деп айтышы мүмкүн. А пациент болсо мындай болушун күткөн эмес.

2) Мындай нерсе кафеде болушу мүмкүн. Маселен, кээ бир кафелерде тейлөө кызматынын баасы менюга жазылбайт. Адам түштөнүп болгон соң жегени үчүн чөнтөгүнөн белгилүү акчаны алып чыгат. Капысынан официант кыз тейлөө үчүн кошумча акы төлөө тууралуу жар салат. Албетте, тейлөөнүн акылуу экендигин билбеген адамдар азыр аз. Мындай проблемалар мурда көбүрөөк болчу. Бирок башка проблемалар пайда болуп жатат. Демек, тейлөө 10 сом деп менюда жазылган. Бирок кардарларды төмөнкү жагымсыз моменттер боюнча эскертпей коюшат: акы төлөө жалпы эмес, ар бир кишиден. Башкача айтканда бир столдо 6 киши отурса, 10 сомдун ордуна 60 сом талап кылышат. Дагы жагымсыз нерсе, официант клиентке үч жолу басып барса, башкача айтканда заказды аткаруу үчүн үч жолу кардардын алдына барса, ошого жараша тейлөөнүн акысын үч эселентип талап кылат. Ошентип, адам өзү ошонун эсебин албай турганда күтүүсүздөн чөнтөгү шыпырылып калууда.

3) Адатынча чач тарачта чачты алдыруу 50 сом деп айтышы мүмкүн. Кардар болгон эркек киши ушул чачтарачтын кызматынан пайдаланууну чечет, себеби ага бул жердеги баа ылайыктуу, башка чачтарачтарда чачты алдыруу 80-90 же 100 сом болушу мүмкүн. Чачты алып болгондон кийин мастер, башыңызды жууп берейинби деп сурайт. Кардар, чачты алдыруу 50 сомдон да кымбат болуп бараткандыгын билбей ооба деп жооп берет, себеби баары эле дайыма бул кошумча тейлөө экендигин демек ошого жараша кошумча төлөш керек экендигин биле беришпейт да, ал эми мастер болсо тымпыйып бул тууралуу эскертип да койбойт. Чачты алдырып болгон соң кардар 50 сом сунат, ал эми мастер болсо уялбастан эле 70 сом деп жар салат.

Бул деген эң кеминде тейлөөнүн өтө төмөн деңгээлин айгинелейт, себеби кардар өзүнүн чөнтөгүндөгү абалга караш үчүн башында чачты алдыруу канча сом турат деп бекеринен сураган жок да. Эгерде кардар бай адам болсо бир жөн, себеби кандай гана баа болбосун, ага эч кандай коркунуч жок. Кардар башында канча сом деп сурагандан соң логикалуу эле көрүнүп турган нерсе, андан аркы баанын кымбатташын мастер эскертип турушу керек, себеби кардар да чөнтөгүнүн калыңдыгына карап жатпайбы. Мисалы бай кардарлар, баасы кымбатыраак жана тейлөө шарттары дурусураак жерди тандап алышы ыктымал. Ошон үчүн мындагы кардарга баанын 50 сомдон 70 сомго чейин билинбей секирип кеткени күтүүсүз жана жагымсыз болушу мүмкүн.

Мындай көрүнүшкө максимум түрдө рыноктук мамилелердин куу амалдары деп баа берсе болот.

14. Коомдук туалеттердин кол жеткисдиги, өзгөчө вокзалдарда. Демек, башка шаарга адам сутканын ар кайсы убактысында барып калышы мүмкүн. Мисалы кайсы бир шаарга терең түндө же таң эртең менен барып калсаң туалетке кирүүгө такыр мүмкүн болбой калат. Себеби «прихватизациянын» натыйжасында коомдук туалеттер жеке менчикке айланып акылуу болуп калган. Мында туалеттер акылуу болгону үчүн таптаза болуп калды деген ойду мындай коё туралы. Эгерде туалеттер керек болгон учурда кол жеткис болсо, анын тазалыгы бир тыйынга да арзыбайт. Анткени туалеттердин ээлери туалетте түнөшпөйт да. Түнкү саат 22де алар туалетти кулпулап коюшуп үйлөрүнө эртең менеки саат 8-9га чейин кетип калышат. Ал эми жүргүнчүлөр болсо терең түндө да, таң эртең менен да келип кетип турушат эмеспи. Мына ушунун өзү коомдук кызыкчылыктарга болгон өзүмчүл индивидуалдуу, рыноктук жеке менчиктүү мамиле.

Бул боюнча 2 вариант сунуш кылынат:

1) Адамдар коомдук туалеттердин кожоюндары боло алышат. Бирок түнкү убакытка туалеттерди жаап коюуга алардын моралдык да юридикалык да укугу болбошу керек, себеби түндөсү да жүргүнчүлөр келип турушу мүмкүн. Жабылбаган туалетти булгалап кетүү же андагы кумгандардын, самындардын жана башка гигиеналык нерселердин уурдалып кетүү коркунучу бар болсо да жабылбашы керек. Муунду тарбиялаш керек, тарбиясыз адамдардан туалеттерди кулпулап жабуунун ордуна. Кумгандарды уурдап кетпеши үчүн туалеттерди кулпулабай тескерисинче аларды үйгө алып кетүү керек. Эгерде коомдук туалеттердин ээлери жумуштун мындай шарттары менен макул болушпай көк беттик менен адамдардын табигый талаптарына каршы чыгышса, анда алар тезинен өздөрүнүн ордун альтруисттерге жана гуманисттерге, индивидуализмге каршы турган коллективисттерге бошотуп бериши керек.

2) Автовокзалдагы коомдук туалеттер вокзалдын администрациясына таандык болуп аларды вокзалдын штаттагы жыйноочулары жыйнап турушу керек. Анда туалеттерди пайдалануу акысыз жана күнү-түнү жеткиликтүү болуп турат. Мында коомдун бийик маданиятын камсыз кылуу кызыкчылыгында ошого тең гигиенанын бийик маданиятын камсыз кылуу кызыкчылыгында, уурдоо коркучуна карабастан, автовокзалдын бардык туалеттери дайыма самын жана кумгандар менен камсыз болуп турушу керек. Же дайыма уурдалып турган кумгандардын ордуна ар бир туалеттин алдына суу ага турган кран коюлушу керек. Булардын баары турмуштун майда-барат көрүнүштөрү сыяктуу. Бирок биз бардык майда барат нерселер менен бардык жерде маданияттын элементтерин өнүктүрүшүбүз керек.

Рынок жашоосунда мындай мисалдардын баарын жыйнай албайсың. Балким булар жашоонун майда нерселеридир. Бирок бай адамдар үчүн гана майдадыр. Ал эми кудайдын кутту күнү кафеге кирип калышкан кедей адамдардын абалы кандай болот? Ушулардын өзү чөнтөктүн рыноктук геноциди.

15. Коррупциянын тамырлары. Коррупциянын гүлдөшүнүн бирден бир себеби, адамдардын дагы эле баягы рыноктук турмушу болуп саналат. Аны үчүн 2010-жылдын 19-июлунда «Ачык Кыргызстан» сайтында жайгаштырылган У.Дүйшөналынын макаласына көңүл буралы: Коомдо материалдык статуска, дүнүйкордукка табынуу жүрүп жатканда, коомдогу материалдык статуска жетүүнүн конкуренциясы жүрүп жатканда. Иномаркаңдын бар болуусу жана кооз жашоо беделдүү деп саналып турганда. Бай адамдар жакыр адамдар менен биргеликте жашоо өткөрбөй жатышканда, башкача айтканда коомдун материалдык критерийлер боюнча социалдык катмарлардын бөлүп жарылуусу болуп жатканда. Мамлекет эркин рыноктун шылтоосу менен адамдардын жыргал жашоосу үчүн баа саясатын жөнгө салбай жатканда, албетте, ар бир адам, же көпчүлүк адамдар кандай гана жолдор менен, айла-амал менен болбосун баюуга умтулушу мыйзам ченемдүү нерсе. Ошон үчүн коррупциянын суу башын тамырдан издөө керек. Андан сырткары мамлекеттик мүлктү уурдап колго түшкөн чиновникти кээде бар болгону кызмат ордунан бошотуп эркиндикке коюп жиберишет. Согуш учурунда эң кеминде атууга өкүм чыгарылышы керек, тынч мезгилде эң кеминде ордун толуктоо талап кылынышы керек. Болбосо уурдай турган жаңы чиновник, аны да бар болгону кызмат ордунан бошотуп эркиндикке коюп жиберишин билет.

16. Бир тыйындан жүз тыйнынга чейинки акчанын баасызданышы. Башкача айтканда бир сомго чейинки тыйындар өзүнүн маанисин жоготуп коюшту. Куду адамдардын бүтүндөй турмушу коммерцияланган сыңары.

17. Кыргызстандын бүт аймагы уламдан улам комоктор жана киосктор сыяктуу соода точкалары менен толуп баратат. Ушунун баары, биздин бүт жашообуз акчага гана негизделет дегенди туюндуруп жаткандай пикир калтырат. Баскан турган жериңде соода жана коммерциялык субъекттер курулууда. Коомдо сатуучулардын саны алуучулардан көбөйүп кетишине жол бербеш керек. Эгерде бардык жарандар сата баштаса, сатып алуучулар ким болот?

18. Мисалы кафедеги такмактануунун баасы жогорулап кетсе, менюдагы жазууну алмаштырууга атайын шашылышпайт. Адегенде тымызын багып, башкача айтканда тейлеп алат да анан уялбай туруп жаңы баа менен төлөөнү талап кылышат.

19. Дүкөндөрдө эки нандын бири начар сапатта болгон эки түрдүү нандардын сатылышы көп кездешет. Бирок көрүнө турган жерге көрүнүшү жакшыраак болгон нанды коюшат. Канча сом турат деп сурасаң 10 сом дешет. Анан он сом берсең сени алдап начар нанды колуңа карматып коёт.

Мындай нерселер да болуп турат: Мисалы эки түрдөгү нан сатылат. Бирөө 10 сом, бирөө 12 сом. Бирок көрүнө турган жерге кооз жасалган нанды коюп коюшат. Канча сом турат деп сурасаң 10 сом деп айтышат. Анан сатып алуучу ушул кооз жасалган нан арзан 10 сом турат экен деп он сом сунат. Бирок сатуучу 10 сом турган нанды сунат. Сен жок, тигил нан деп айтасың. Анда сатуучу бул нан 12 сом турат деп айтат. Анан өзүңдү ыңгайсыз сезип 10 сомго 10 сомдук нанды алууга мажбур болосуң.

Мына ушунун өзү адамдардын рыноктук мамилесинен келип чыккан уятсыз куу амалдары.

20. Дүкөндөрдүн кээ бир сатуучулары майда акча түгөндү деп алдап майда акча кайтарып берүүнүн ордуна адамга такыр керек болбосо да же ширеңке, же бир даана момпосуй, же бир даана орбит беришет. Ушундай куу амал менен кээ бир сатуучулар өздөрүнүн товарларынын тез сатылуусун тездетишет.

Мына ушунун өзү адамдардын рыноктук өз ара мамилелеринен келип чыккан адепсиз куулугу.

21. Азыркы мезгилдеги коомдук тамактануучу жайларда – кафелерде рыноктун куу амалдары шок ойношот. Айрым кафелерде тамактын салмагын жазышпайт же жазышса да сараңдык менен жазылган норманы сакташпайт. Жыйынтыгында тарелкада берилген тамак көлөмү боюнча – же ары эмес, же бери эмес, аз да эмес, көп да эмес. Чоң акча төлөйсүң, бирок чала тоюп чыгасың. Тарелкада кандай көлөмдөгү тамактын берилерин кардар такыр элестете албайт. Менюда “куурулган жумуртка” деп жазышат. Бирок кээ бир кардарлар анын ичинде канча жумуртка бар экен деп баш катырышат? Кантип гана бул эсепчил болгон коммерциялык сыр экен? Кантип гана кафенин администрациясы, куурулган жумуртканын стандарты элге белгилүү жана анын ичиндеги жумуртканын санын эл билет деп эсептейт? Мындай ой келет: эгерде тарелкада бериле турган тамактын көлөмүн сүрөткө тартып алып менюда чагылдырып ошол норма сакталып турса, кардар билип турат эле, кандай көлөмдөгү тамактын берилерин жана мындай тейлөө идеалдуу маданияттуу тейлөө болор эле.

Андан сырткары эсепчил рыноктук кызыкчылыктардан улам эртең менен, кэчээ кечинде калып калган эскирип калган тамакты жылытып берип коюшат.

Булардын баары рынок эмей эмне?

22. Эсепчилдик менен товардын салмагын толтурбоо жана кемтик кылуу фактылары.

Мисалы алар булар болушу мүмкүн:

– ширеңке коробкалары. Башкача айтканда ширеңке коробкалары менен жабдып туруучу соодагерлер ошол коробканы атайын толтурушпайт же ач көздүк менен ичиндегисин азайтып коюшат;

– кнопкалардын жана скрепкалардын канцелярдык коробкалары.

– кайрадан ошол эле «воздушный хлеб».

Бул жерде элдин душманы болгон алдым-жуттум жабдуучулар гана күнөлүү, себеби биз болгону сатуучубуз, товарларды кемитип алып келген ошолор гана күнөөлүү, бизде не жазык деген дүкөндүн ээлери жана сатуучулары терең ыйман жаңылышуусуна дуушар болуп жатышат. Бирок бул жерде элдин душмандарынан баш тартып алдоо касиети бар товарларды билип туруп албай коюуга жарап койбогон дүкөндөрдүн ээлери жана сатуучулары да мойнуна зор күнөө алып жатышат. Башкача айтканда сатуучулар көбүнчө минтип шылтоо айтышат: эгерде биз албай койсок баары бир башкалар алышат да дешип. Мурдакы коллективизм түшүнүгү кайда? Мындай ач көз индивидуализм кайдан келип чыкты?

Рынкотун ажыдаардай каптап киргени ушул.

Жаңы коомдук-экономикалык формация: социалдык гуманизмдин экономикалык модели
Жогоруда биз рыноктук экономикалык моделди кыргыз элине жана Кыргызстан элине каршы келген геноцид деп мүнөздөмө бергенге аракет кылдык. Социалдык гуманизмдин философиялык өңүтүнөн улам экономиканын рыноктук мамилесин жоюп анын ордуна адамдын адамга болгон рыноктук мамилелерин жана адамдын материалдык жана руханий баалуулуктарга болгон рыноктук мамилелерин жана коомдун аң-сезимин оң жолго сала турган социалдык гуманизмди орноштуруу сунушталат. Социалдык гуманизмдин экономикалык модели – кепилдик менен товарларга болгон туруктуу бааларды жана кепилдиги бар минималдык эмгек акысын орнотот.

Социалдык гуманизмдин философиясынын өңүтүнөн алганда түп тамырынан бери рыноктун катарынан чыгарыла турган, демек ошого карай рыноктун өзүн да жоюп салуу үчүн адам жашоосунун төмөнкү жан кейиткен проблемалары рыноктун алкагынан таптакыр чыгарылып салынат:

- медициналык тейлөө, анын ичинде операция жолу менен айыктыруунун супер-бизнесине кескин түрдө жол берилбейт;

- турак-үй проблемалары;

- коммуналдык тейлөөлөрдүн проблемалары;

- билим берүү проблемалары;

- баалардын проблемалары.

Демек, жогоруда көрсөтүлгөндөрдү рыноктун системасынан сырткары чыгарып көрөбүз, ошого тең эле рынокту жоюп анын ордуна социалдык гуманизмдин экономикалык моделин орнотууга аракет кылып көрөбүз:




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   15




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет