Улан дүЙШөналы-марипат кыргызстандын жалпыжарандык идеологиясы – жарандык улут, социалдык гуманизм жана социалдык гуманизмдин түБӨЛҮк режими, педагогикалык аң-сезим, маданияттын руханий аң-сезими, чынчылдык



бет8/15
Дата17.06.2016
өлшемі0.94 Mb.
#141213
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   15

Билим берүү
2009-жылдын июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев билим берүү тармагын реформалоону жана реформанын программасын иштеп чыгара турган Жумушчу тобун түзүүнү демилге кылган. Анда мен Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариатына жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине кат жолдогом (кириш каттарынын каттоо номерлери сакталып калбады).

Ал катымда мени Жумушчу тобуна кабыл алуусун сурангам. Аны үчүн өзүмдүн катымда билим берүү системасын реформалоо боюнча өзүмдүн алдын ала кыскача сунуштарымды жана КРнын Президенти презентациялаган Билим берүү Концепциясы боюнча да сунуштарымды бергем.

Төмөндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариатына жана Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигине жиберлген катымдын кыскача тексти берилет. Андагы берилген сунуштарды аздыр-көптүр билим берүү реформасында пайдаланса болот.
Кыргыз Республикасынын

Президентинин Секретариаты
Кыргыз Республикасынын

билим жана илим министрлиги
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин Борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси, мектептин мурдакы завучу, «Илим жана билим: Проблемалар жана перспективалар» илимий-практикалык конференциянын жеңүүчүсү

Улан Дүйшөналыдан (37 жаш)
Мени Билим берүүнү өнүктүрүү Улуттук долбоорун иштеп чыгуучу Жумушчу тобуна кабыл алышыңыздарды суранам.

Илимий даражамдын жоктугун, илимдин жана билимдин эмгек сиңирген ишмери болбогонумду акыры келип кадыр-барктуу инсан болбогонумду моюнга аламын. Бирок практика көрсөтүп тургандай оригиналдык идеяларды жана сунуштарды генерациялоо жөндөмдөрү инсандын кадыр-барктуулугунан жана илимий даражасынан же адамдын Мекендин алдындагы сиңирген эмгенинен боло бербестигине ишенем. Мен аткаруучуга караганда көбүнесе жаратман мүнөз катары мамлекетке көбүрөөк пайдалуу боло аларымды ишендиргим келет. Же балким мен абройлуу окумуштуу болууга үлгүрө элекмин да бирок нукура жөндөмдөрүм бар чыгар. Анын үстүнө Кыргыз Республикасынын Презенти идеялардын өзүн иштеп чыгуу үчүн жумушчу тобунун курамын ар кыл министрликтердин, ведомтстволордун, жарандык коомдун, бизнестин өкүлдөрүнөн түзүш керек деп баса белгилеген. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан мамлекеттик иштерге жаш кадрларды да тартуу саясаты жүргүзүлүп жатат.

Сиздердин карооңуздорго буларды сунуш кылам:

1. КРнын Президенти сунуш кылган Концепцияны жүзөгө ашыруу боюнча кээ бир алдын ала сунуштар.

2. Мектепте бар болгону 2-3 ай завуч болуп иштеп жүргөнүмдө (анан мамлекеттик кызматка кетип калгам) иштеп чыгарган № 4-мектептин 2007-2008 окуу жылындагы ишмердигин Анализдөөнүн жана 2008-2009-окуу жылдарына сунуштарынан фрагменттер.

3. Жарыкка чыккан менин китебимден билим берүү жана муунду тарбиялоого тийиштүү фрагменттердин көчүрмөлөрү.

Мектепте бар болгону жарым эле жыл иштеп, институтта окуп билим берүү жана муунду тарбиялоо проблемаларын мындайча айтканда ичинен изилдеп билип чыктым.

Балким менин сунуштарым декларативдүү чыгар, бирок Жумушчу тобуна кошулуп калсам, өзүмдүн сунуштарымды керектүү болгон конкреттүү стилге трансформациялайт элем. Андан сырткары дагы бир топ оригиналдуу сунуштарды иштеп чыккам да аларды Жумушчу тобунда иштеп жатып сунуш кылаар элем.

Токтоо болбогонум үчүн кечирим сурайм, патриот жана таланттуу инсан катары Жумушчу тобуна чоң пайда келтире аламын жана атамекендик билим берүү тармагын өнүктүрүүгө бараандуу салым кошо аламын.
Тиркемелер: 1. КРнын Президентинин Концепциясы боюнча алдын ала сунуштар 2 барак.

2. № 4-мектептин 2007-2008-окуу жылынын ишмердигин анализдөөнүн жана 2008-2009-окуу жылына берилген сунуштардын фрагменттери 1 барак.

3. Мектеп предметтерине толуктоолор 1 барак.

4. Илимий-фантастикалык китептебимден жана «Госслужба и карьера» журналынан алынган билим берүү жана муунду тарбиялоого тийиштүү болгон фрагменттердин көчүрмөлөрү 22 барак.

5. Резюме, рецензиялар, грамоталар, дипломдор

(чыгармачылыгым тууралуу рецензияларды кошкон жокмун) 8 барак.


22.06.2009-жыл Улан Дуйшеналы
КРнын Президентинин Концепциясы боюнча алдын ала сунуштар

Концепциядагы фрагмент:



...Анын ийгиликке жетишинин бирден бир шарттары – билим берүүнү мамлекеттин приоритети деп жарыялоо.

Сунуш кыламын:

Бир нече жолу Кыргыз Республикасынын Конституциясына сунуштарды бергем. Эми болсо ал сунуштарым 2007-жылдын 31-августунда жарыкка чыкан китебимде:

«1. Кыргызстан Педагогикалык аң-сезимдин мамлекети болуп саналат.». Комментарий: билим берүү тармагын мамлекеттин приоритети деп атоонун бул бир гана жолдорунун бири.

Концепциядагы фрагмент:

Өлкөнүн реформалары кадрдык ачкалыкка кептелип жатат.

Сунуш кыламын:

Эмдиги 2010-жылдан баштап билим берүү приоритетин бюджет менен бекемдеш керек. Педагогикалык кызматкерлердин социалдык жеңилдиктери болсо боло турган иш.

Концепциядагы фрагмент:



Билим берүү – ар түркүн ведомстволордун, бүткүл коомдун жана өлкөнүн маселеси.

Сунуш кыламын:

Билим берүү субъектине – коомдун мүчөлөрүнүн руханий жана нравалык-этикалык дүйнөсүн калыптандыруудагы моралдык жоопкерчилиги бар массалык маалымат каражаттарын тартуу. Мындагы ой, массалык маалымат каражаттарынын билим берүү программаларын эфирге берип түздөн түз катышуусу эмес (бирок ушундай методдорду деле иштеп чыга алат элем), тескерисинче эфирге маалымат берүүдө грамматикалык жана нравалык-этикалык жактан үлгү болуу тууралуу сөз болуп жатат. Башкача айтканда эфирге маалыматтарды берүү ишинде грамматикалык каталарга жол бербөө, этикага жооп бербеген көрүнүштөрдү жана тасмаларды бербөө.

Концепциядагы фрагмент:



Аз эмес чиновниктер, өзгөчө билим берүү тармагындагылар, жөн гана реформага башкача мамиле кылууга жөндөмдүү эмес.

Сунуш кыламын:

Демилгелүүлөрдү, ишине чыгармачылык ык жасаган, мындайча айтканда карамагындагы «акылдуу» кызматкерлерди жазага тартуу жана урушуу стереотибин жоюу. Прогрессивдүү демилгени, ишине чыгармачылык ык жасоону колдоого алуу, эгерде демилгелүү сунуштар системанын өнүгүшүнө ачыктан ачык пайдалуу болсо, карамагындагы кызматкерлерди демилге үчүн коркуу сезиминен бошотуу.

Концепциядагы фрагмент:



Мен дагы бир жолу кайталаймын – билим берүүдөгү реформа проблемалары өлкөнүн келечеги үчүн, улуттук көз карандысыздык үчүн, биздин балдарыбыздын тагдырлары үчүн критикалуу.

Сунуш кыламын:

Уулуттук кадрлардын прообразы, абалдан акылмандыкча интернационалдуу чыгуу катары «Мамлекеттин элиталык кадрлары» программасын сунуш кыламын – 2007-жылдын 31-августунда чыкан китебимден (көчүрмөсү тиркелет).

Концепциядагы фграгмент:



Аскердик же башкаруу реформаларын эске алуу башка мисал боло алат. Бизге эртең эле терроризм менен күрөшүүнүн же мамлекетти башкаруунун заманбап технологияларын билген кадрлар керек болуп калат.

Сунуш кыламын:

«Госслужба и карьера» журналынан «Бүтүрүүчүлөрдүн жаңы мууну же мамлекеттик кызматка катуу тартипте кабыл алуу» деген макаламдын көчүрмөсүн (тиркелет). Макалада мамлекеттик кызмат системасына гана эмес, эл чарбасынын бардык тармактарына да сабаттуу кадрларды даярдоо маселеси каралган (сунуштар дээрлик универсалдуу).

Концепциядагы фрагмент:



Өлкөнүн келечеги үчүн биздин маданий мурстарыбызды пайдалануу принципиалдуу зарыл болуп саналат. Жана бул талап гуманитардык билим берүү маселелеринин маңызын да өзгөртөт.

Сунуш кыламын:

Мектеп программасына, орто-атайын жана жогорку билим берүү программасына кыргыздардын культурологиясы деген уникалдык предмет иштеп чыгуу.

Концепциядагы фрагмент:



Бардык өнүккөн мамлекеттердин негизги ориентири катары, адам өмүр бою окуганга, өзүнүн квалификациясын жогорулатып жана өзгөртүп турганга мүмкүн боло турган билим берүү системасын түзүү керек.

Сунуш кыламын:

Өлкөнүн бардык уюмдарында кадр кызматы тарабынан кез кези менен кызматкерлердин билим алуу багытындагы жекече талаптарын билип туруу үчүн ички мониторинг жүргүзүп туруу. Башкача айтканда жумушчулар, кайсы тармактар боюнча билиминин жетишпестигин билдирип турушат. Мисалы кимдир бирөө иш кагаздарын начар билиши мүмкүн, компьютердин тигил же бул программаларын жана башка нерселерди билбеши мүмкүн. Анан өлкөнүн ар бир ишкана-мекемелеринде жумушчулардын жекече арыз-талаптарына ылайык кыска мөөнөттүү курстарда, орто же жогорку окуу жайларында окутуп даярдоо планы иштелип чыгат. Ушул эрежелерди КРнын эмгек мыйзамдарына киргизип койсо болот (КРнын Эмгек кодексине, Мамлекеттик кызмат мыйзамына, КРнын Конституциясына – Конституция да эмгек тууралуу жоболорду өзүндө камтышын эске салгым келет.).

Концепциядагы фрагмент:



Мурда совет мектебинде тарбилоо системасынан чыгарылып салынган жаңы коркунучтар пайда болду – кылмыш дүйнөсү жана экстремисттик кыймылдар мектепти өзүнүн күчүн көрсөтүү объекти кылып алышты да кеч боло электе бул коркунучтарга жооп бериш керек.

Сунуш кыламын:

Патриоттук сезим менен, адал эмгектенип олуттуу түрдө экспансияны анализдеп ага бөгөт коюш керек. Ага каршы турган субъекттер биринчи кезекте КРнын атайын кызматтары жана башка мамлекеттик органдары. Экспансиянын телекөрсөтүүдө жана коомдук жашоонун башка тармактарында тамырын терең кулач жайганы кооптуу болуп турат.

Концепциядагы фрагменттер:



Жоопкерчилик зоналарын так аныктап алуу керек – мамлекеттин өзү гана эмнеге жооп берет, бизнеске же жарандык коомго эмнени өткөрүп берсе болот, ата-энелер өздөрүнө эмнени ала алат. Бүгүн дүйнөдөгү бир да өнүккөн мамлекет билим берүүнүн бардык тармагын толугу менен каржылап башкарууга жөндөмсүз.

Сунуш кыламын:

Бизнеске эмнени өткүрүп берсе болот: билим берүү мекемелерин каржылай турган бизнес структараларына, салыктарды төлөөдө жеңилдиктер бериле турган статьяны салык мыйзамдарында чагылдыруу керек (мисалы, өлкөдү кыска мөөнөттүү курстардын түйүндөрүн кеңейтүү абдан зарыл). Ошондой эле биздин мезгилде мектеп окуучуларына ушунчалык жетишпей жаткан окуу китептерин чыгарууну каржылай турган бизнес структураларына салыктарды төлөө жеңилдиктерин карап чыгуу керек.

Концепциядагы фрагмент:



Керектүү өзгөрүүлөрдү убакыт жана чыгымдар боюнча көрсөтүү. Бүгүн эле өзгөчө чыгымга учурабай эмнелерди кылса болорун бөлүп чыгуу керек. Дурус ой жана башкаруу чечимдеринин эсебинен гана. Жана кайсы нерселер узакка созулган жана кырааты менен чечүүнү талап кылат.

Өзгөчө чыгымсыз эмне жасаса болорун сунуш кыламын: Адегенде 2007-жылдын 31-августунда жарыкка чыккан китебимден цитата:

«Билим берүүдө.

Биздин коомго жана мамлекетке коркунучтуу болгон псевдокадрлардын (жасалма жалган кадрлар) армиясын даярдап жатканыбызды зор өкүт менен моюнга алышыбыз керек. Буга ким күнөөлүү дегенде, чет өлкөлүк конокторго көз көрүнөө даяр дипломдук иштерди, рефераттар жана башкаларды ачыктан-ачык эле сатып жатканыбызга мамлекеттин таптакыр кош көңүл мамилеси. Окуу жайларында, айрыкча сырттан окуу системасында аң-сезимсиз студенттердин басымдуу көпчүлүгү диплом алганга татыксыз. Анткени алардын дипломдору, бешенеден тер агызып алган билим катары баш-мээде жарык из кала тургандай болбой жөн гана чөнтөккө түшүп жатат.». Ошон үчүн сунуш кыламын: көп чыгымсыз эле даяр курстук, дипломдук иштерде жана рефераттарда чайкоочулук кылууга тыйуу салыш керек.

Концепциядагы фрагменттер:

Билим берүүнү башкаруу системасын өзгөртүүдөн жана аны мыйзам жана нормативдик камсыз кылуудан.

Сунуш кыламын:

Нормативдик-укуктук актыларды жакшыртуу боюнча жакшы жөндөмдөрүм бар. Мисалы, жер-жерлерде түздөн-түз проблемаларды окуп-үйрөнүп мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамга көп жолу сунуштарды иштеп чыгып берип жүргөм.

Концепциядагы фрагменттер:



Биринчи кезекте керектүү масштабдарда мектепке чейинки окутуу жана тарбиялоо системасын кайра жаратып модернизациялаш керек.

Сунуш кыламын:

Менин китебимде швейцариянын долбооруна шилтеме берилип балдар бакчасынан баштап кош тилдүүлүк жана башка көптөгөн оригиналдуу сунуштар каралган.

Концепциядагы фрагменттер:



Билим берүүнүн формасын жана мазмунун, балдардын конкуренттүү технологиялык дүйнөдө ийгиликтүү жашоого жетишүүдө өздөрүнүн илимге, чыгармачылыкка, кол өнөрчүлүккө, спортко, коммуникацияларга болгон жеке жөндөмдөрүн ача ала тургандй кылып камсыз кылыш керек. Аны үчүн билим берүүнүн жаңы стандартатрын жаратуу керек.

Сунуш кыламын:

Окуу программасына жаш конструкторлордун ийримин, радиотехника ийримин, адабият жана башка көптөгөн ийримдерди кошуш керек. Ачыктан ачык моюнга ала турган нерсе, кыргыз мууну башка этностун өкүлдөрүнө салыштырганда техникалык билим тармагынан артта калып жатышат (техникалык кругозорунун дефицити). Ошондой эле учурдагы муун, образдуу айтканда «юрфак» жана «экономфакты» артык көрүшүп техника илимдеринен алыстап баратат. А биз башкалардан көз каранды болбой өз алдыбызча Кумтордо... алтын казып алышыбыз үчүн атамекендик инженерлерди кайдан алабыз?

Концепциядагф фрагменттер:



Балдардын туулган жерине жана жашаган жерине карабай, бардык улуттардын жана социалдык топтордун балдарына, таланттарды ачуу жана колдоо боюнча жеткиликтүү системаны түзүп чыгуу керек.

Сунуш кыламын:

ЖОЖдоргудай кылып тандоо боюнча курстарды (КПВ) киргизүү керек (окуучулардын кызыгып өздөрү тандап алуулары менен).

Концепциядагы фрагменттер:



Бүгүн билим берүү системасындагы кызматкерлердин эмгек акысы башка тармактардагы кызматкерлердин эмгек акысына караганда азыраак. Бул ишти мындай абалда калтырууга болбойт.

Сунуш кыламын:

Эмки 2010-бюджеттик жылдан баштап билим берүү тармагында бюджетти көбөйтүү керек, чечкиндүү түрдө, болбосо бул проблемаларды декларативдүү түрдө айтуунун эмне кереги бар.

Концепциядагы фрагменттер:



Биз коомдо орто-кесиптик жана кесиптик-техникалык билимге болгон кызыгууну жогорулатышыбыз керек. Квалификациялуу жумушчу же техник эмгек рыногунда негизги контитентти түзөт. Аларды рыноктун учурдагы жана келечектеги талаптарына ылайык даярдоо керек. Бирок жумуш берүүчүлөр заказ кылууга жана кесиптик-техникалык окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө талаптарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүктөрү болушу керек.

Сунуш кыламын (кандай кылганды билемин):

Эми болсо жаштардын ориентирин, жогорку билимге ээ болуу сөзсүз эле беделдүү боло бербестигине буруу керек. Болбосо баары эле жогорку окуу жайларына барып жатышат, ал эми өлкө болсо квалификациялуу жумушчуларсыз жана айылдарда иштей турган жумушчуларсыз калып жатат.
4 мектептин 2007-2008-окуу жылындагы ишмердигин Анализдөөнүн фрагменттери жана 2008-2009-окуу жылдарына сунуштар.



…Ошентип, окуучулардын этикасына жалпы көз чаптыруу:

1. Окуучуларда окууга болгон кызыгуу жок (ал түгүл жогорку классстарда да), ошондой эле жок дегенде өзүнүн келечегин ийгиликтүү куруш үчүн окуунун зарылдыгын түшүнүү да жок.

2. Окуучулар үйүндө окуу китептерин окушпайт.

3. Эгерде окуучуга китепканадан китеп жетишпей калса, тигил же бул окуу китебин окуп чыгуу амалын жана мүмкүнчүлүгүн издешпейт.

4. Окуучулар өз алдынча ой жүгүртө алышпайт.

5. Окуучулар мектепке ашыкча китептерди алып баруудан эринишет.

6. Окуучулар өздөрүнүн кругозорун өстүрүү зарылчылыгын түшүнүшпөйт. Керек болсо маанилүү тарыхый фактыларды, географияялык ачылыштарды, тарыхый белгилүү инсандардын аты-жөнүн жазып алуусун сунуш кылсаң да жазып алууга такыр алымсынышпайт.

7. Кээ бир окуучулар өз элинин улууларды урматтоо тарыхый каада-салттарынан кабардар эмес.

8. Сабактарда элементардык этика эрежелерин билип сакташпайт. Өздөрүнүн курбуларын сыйлашпайт, ашкере шоктонушат.

9. Көпчүлүк класстарда коллективизм духу байкалбайт.

10. Бул көрүнүш акыры барып эгоцентризм экенин түшүнүшпөй китептерде жазышат.

11. Парталарда жазышат.

12. Туалеттерде жазышат.

13. Суу крандарын талкалашат.

14. Дайыма дубалдарды бут кийимдери менен майлап кетишет.

...Жогоруда чагылдырылган окуучулардын жалпы нравалык-этикалык көрүнүшүн эске алып 2007-2008-окуу жылдарына төмөнкүдөй максат жана милдеттерди жылдырып чыгабыз:



1. Китептерди ксерокстон өткөрүп бардык окуучуларды окуу китептери менен альтернативалык түрдө жүз пайыз камсыз кылууну уюштуруу (же ар бир окуучу өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүгүнө жараша улам этабы менен кийинки сабакта өтүлө турган теманы ксерокстон өткөрүп алат).

2. Активдүү иш алып бара турган Ата-энелер комитетин түзүү жана такай Ата-энелер чогулушун өткөрүп жана күн тартибинин сөзсүз коюла турган компоненти катары бул маселелерди коюу: мектеп окуучуларынын жүрүш-турушун тарбиялоонун мектепте гана эмес, коомдук жайларда да өзүн татыктуу алып жүрүүсүн, өз өлкөсүнүн нравалык-этикалык жактан толук кандуу ыймандуу жараны катары алып жүрүшүн тарбиялоонун бирдиктүү саясатын жүргүзүү.

3. Салмактуу коомдук ишмердиги, мектеп окуучуларынын жүрүш-турушуна коллективдүү көз сала турган жогорку класстын окуучуларынын Кеңешин түзүү.

4. Такай түрдө түркүн билим берүү жана тарбиялоо темасынан турган жалпы мектептик диспуттарды, конференцияларды жана семинарларды өткөрүп туруу.

5. Мектеп окуучуларын трабиялоо проблемалары боюнча коомдук уюмдар менен тыгыз байланыш жана кызматташууну уюштуруу.

6. Окуучулардын ата-энелери алардын балдары коомдук мектептин мүлкүн бузгандыгы үчүн жооп бере турган кол коюла турган документ иштеп чыгуу: – парталарды чиймелегени үчүн, – китептерде жазганы үчүн, – суу өткөргүчтөрүн бузушканы үчүн, – мектептин дубалдарында жазышканы үчүн жана башка бардык аморалдык жана коомго каршы келген иштери үчүн.

7. Окуучулардын мектепте жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүү эрежелерин чагылдырган дубал эрежелерин иштеп чыгуу (парктарда отургучтардын аркасына отурбоо, коомдук жайларда уят сөздөрдү айтпоо, коомдук транпортто улууларга орун берүү жана башка көптөгөн нерселер).

8. Тийиштүү санат сөздөрдү ойлоп таап жазып 4-мектепти адеп-ахлактын, ыймандын, этиканын, уят-сыйыттын ар кандай канондору менен тыгыз толтуруп аларды дубалдарда, жада калса туалеттерде да ар кандай уяттуу сөздөрдү жазышпасын үчүн илип коюш керек.

9. «Окуунун отличниктери», «Окуучунун мектептеги үлгүлүү кылык-жоругу» (достойный поступок), керек болсо коомдук жерлердеги үлгүлүү кылык-жоругун чагылдыра турган, «Тартипти бузуучулардын» дубал тактайын иштеп чыгуу.

10. Ардактуу педагогдорду чагылдыруу менен мектептин мугалимдер курамынын дубал тактайын ачуу.

11. Окуучулардын коомдук мектептин мүлкүнө болгон этият мамилесине көз салууну күчөтүү.

12. Кыргызстандын кызыктуу адамдары менен кез кези менен жолугушууларды өткөрүп туруу.

13. Күнүнө бир же эки сааттык адабий китепти окуу өткөрүү.

14. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн жогорку окуу жайларындагыдай кылып сабактарды жуп-жубу менен өткөрүү (окуучулар үйүндө 6-7 предметтер боюнча сабак даярдагандын ордуна алардын жүктөмү азайып бар болгону 3-4 предметтен сабактарын сапаттуураак аткарышат).

15. Мектептин окуучуларынын жана алардын ата-энелеринин көрсөткүчтөрүнүн (данныйларынын) атайын электрондук базасын түзүп күтүүсүз пайда боло турган ар түркүн маселелерди чечүү үчүн жана ар түркүн иш-чараларга адамдарды жибериш керек болгондо ошол тизмени пайдалануу.

16. Окуучулардын коомдук иштерге катышкандыктарын электрондук учётко алып кез кезде аларды алкоо.

17. Ар түрдүү ишмердиктер боюнча таланттуу окуучулардын тизмесин түзүү.

18. Ийримдерди уюштуруу.


Мектеп предметине толуктоолор

№ 4-мектепте географияны окуткан катары, мурдакы курсант-учкуч катары, кесибим бооюнча метеоролог катары география предметине төмөнкүдөй толуктоолорду бере аламын: координаттар системасы, компас, булуттар боюнча тема. Бүгүнкү күндө мектептин бүтүрүүчүсү «кеңдик (широта)», «узундук (долгота)», градустар, минуталар, секундалар, магниттик жана географиялык уюлдар деген түшүнүктөрдөн кабардар эмес. Ошондой эле мектеп окуучулары, компастын жебеси чынында алар элестеткен географиялык уюлду такыр көрсөтпөшүн билишпейт (билиминдеги жаңылыштык). Ошондой эле «азимут» деген термин деңиз флотунда жана авиацияда «багыт» (курс) деп аталарын билишпейт. Булуттар тууралуу тема жеткилең эмес. Кайсы булуттардан кар, кайсы булуттардан жамгыр, кандай булуттардан мөңдүр жана башкалар жаарын билишпейт (буларды билүү ашыкча болбос). Ушул сыяктуу нюанстарды мектеп географиясына кошуп койсо болот эле, булар татаал деле темалар эмес. Компасты пайдалануу темасы ушунчалык ийгиликсиз түзүлүп калгандыктан жыйынтыгында мектеп окуучулары компасты пайдаланганды билишпейт.

Ошондой астрономия предметин жана окуучулар кыйналып түшүнө турган тарых предметин аздыр-көптүр жакшырта алам. Ошондой эле «психика», «аң-сезим», «борбордук нерв системасы» түшүнүктөрү боюнча тийиштүү мектеп предметтерине айкындуулук киргизе алам. Көпчүлүк адамдар психика жана аң-сезимди так эмес, даана эмес, ал түгүл абстракттуу чечмелешет. Ошондой эле мектеп окуучулары чыйыр жол менен демократияга «эл бийлиги» деген эле жападан жалгыз түшүндүрмөнү араңдан зорго беришет.

Ошондой эле коом таануу предметин такыр татаалдатпай эле андагы философия темасын жакшырта алат элем, бул окуучуларга абдан пайдалуу.

Каттын аягы.
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 10.07.2009-жылдагы чыгыш № У-5130 келген жообу:

Менин катым министрликке жиберилгенге чейин эле Президенттин катчылыгына Жумушчу тобунун курамын түзүү үчүн адамдардын тизмеси жиберилгени айтылган. Ушул эле катта, менин сунуштарым Жумушчу тобу менен эске алынары айтылган.

Президенттин Секретариатынан көпкө дейре жооп келбей жатты. Мыйзам боюнча жооп отуз күн ичинде берилиши керек деп айтканыма алар минтип жооп беришти: “биздеги система бир аз башкачараак (аларда эреже башка турбайбы) ошон үчүн сөзсүз эле отуз күндүн ичинде жооп бере бербейбиз”. Мен тез тез телефон чалып турдум. Башында дайыма айтып турушчу, “сиздин катыңыз Оксана Малеванаянын кароосунда жана күтүп туруш керек” деп (абдан узак күттүм). Ананыраак менин катымдын жоголгонун билдиришип өзүмдүн сунуштарымды кайрадан даярдап жиберүүмдү сурашты. Анда мен минтип жооп бердим: биринчиден, менин сунуштарым комплекстүү жана аларды кайрадан түзүп чыгуу оңой эмес, анан, биздин эмгек акыбыз адамды басмырлагандай аз болуп турганда кайсы акчага кайра кагаздарды сатып алат элем; экинчиден, мен мамлекеттик кызматта иштеймин, жумуштагы жүктөм абдан көп да убакытты өзүмдүн жеке иштериме пайдаланганга укугум да жок, мүмкүнчүлүгүм да жок.

Кечирээк алар, менин катымдын табылганын жана менин кандидатурамды Жумушчу тобуна сунуш кылуу үчүн В.Никитинге сунуш беришкенин айтышты. Ошентип Президенттин Секретариаты менен болгон байланыш аягына чыкты.



Экран цивилизациясынын нравалык нигилизми
Телекөрсөтүү коомдук аң-сезимге таасир этүүчү каражат катары азыркы мезгилде өсүп келаткан муундун нравалык аң-сезимин массалык түрдө токтобостон кыргындап жатат, коомго нравалык нигилизмди сээп жатат. Төмөндө азыркы жаштардын СМС-чаттарын комментарийсиз келтиребиз:

«Хачу русскую», «Хачу кыргызку», «Не маиковат», «Ишу любовница», «Эй, вы, грамотеи», «Русским не маиковат», «Оштук кыздар, чалгыла, башкалар убара болбогула», дал ушул сыяктуулар жана башкалар.

Азыркы замандын нравалык трагедиясы ушундай – уятсыздык, ыймансыздык, сылыктыктын, этиканын, адептүүлүктүн жоктугу, улуттук жана регионалдык кордоо.

Кыргызстандын педагогикасы толугу менен кудуретсизденген. Илимий элита унчукпайт, саясий элита унчукпайт, коомчулук унчукпайт – баары саясат менен алек, баары кош көңүл, бүт баары капиталисттик өзүмчүл тиричилик кылып калуу менен далалат.

Коомдун трагедиялык ыйман тенденциясы менен эч кимдин иши жок.
Телекөрсөтүүлөрдүн эфирдик убакыт-мейкинин өсүп келаткан жаш муундун лексиконун үрөй учурган (эми үрөй учурбай калган) терминдер менен байытып жаткан батыш кинофильмдери толтуруп алган. Булар мына:

– дерьмо;

– задницу надеру;

– член (уят маанисинде);

– большой…;

– трах….;

Бул сөздөрдүн бардыгы биздин балдардын нормасы болуп калууда.

Мисалы атамекендик кинолорубузда «член…(уят маанисинде)» деген уят сөзгө кескин түрдө жол берилбейт да. Жада калса коомдо бул сөздү уят мааниде колдонуу адепсиздикти билдирчү. Бул деген батыш өлкөлөрүнүн руханий экспансиясы. Адамды тарбиялоо боюнча атамекендик кинолордун функциясы өнүкпөй жатат. Баарыбыз кош көңүлбүз. Кыргыз мамлекеттүлүгүнүн руханий жагы жайбаракат желип-жешилип өлүмгө учуроодо.




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   15




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет