Урматтуу студент! Материалда ката болушу мүмкүн. Кагазга чыгараардын алдында текшерип чыгыңыз. Students com kg



Дата30.09.2022
өлшемі64.5 Kb.
#461671
Тыбыштардын классификациясы



Урматтуу студент! Материалда ката болушу мүмкүн. Кагазга чыгараардын алдында текшерип чыгыңыз.


Students.com.kg

Тыбыштардын классификациясы


Маселелер:
1. Тыбыш. Тамга. Фонема.
2. Үндүү тыбыштар, алардын бөлүнүшү.
3. Үнсүз тыбыштар, алардын бөлүнүшү.
1. Кыргыз тилинде 36 тамга, З9 тыбыш жана 39
фонема бар. Алгач тыбыш, тамга, фонеманын табиятын
түшүнүп, андан соң эмне үчүн мындай сан жагынан
айырма боло тургандыгына келебиз.
Тыбыш - сөздөрдү айтканда кулакка угулган айрым-
айрым үндөр. Тыбыштарды угабыз, бирок көрбөйбүз.
Мисалы, турмуш деген сөздү алсак, ал кулакка угулган
айрым [т], [у], [р], [м], [у], [ш] деген 6 тыбыштан
куралган. Тыбыштар сүйлөө органдарынын кыймылына
жараша пайда болот, б.а. тыбыш жасоодо өпкөдөн чыгып
келе жаткан аба ооз көңдөйүндө жолтоого учурабаса үндүү
тыбыштар - [а], [о], [э], [и] ж.б., ал эми ооз көңдөйүндө ар
кандай жолтоолукка учураса, үнсүз тыбыштар - [к], [м],
[р], [с] ж.б. пайда болот.
Бардык эле тамга тыбышты билдирбейт, же
тескерисинче кыргыз тилиндеги бардык тыбыштардын
өзүнө тиешелүү тамгасы жок. (Бул көрүнүш кыргыз
алфавитиндеги такталууга муктаж болгон маселелердин
бири.)
Тамга - тилдеги тыбыштарды белгилөө үчүн кабыл
алынган шарттуу белги. Мисалы, [а] тыбышы үчүн - а
тамгасы, [й] жана [а] тыбыштары үчүн - я тамгасы, [р]
тыбышы үчүн - р тамгасы кабыл алынган Кыргыз тилинде
36 тамга бар.
Тамгалар аткарган кызматына жараша үчкө
бөлүнөт: жөнөкөй, татаал жана тыбышсыз болуп.
1) Жөнөкөй тамгалар. Бир тамга бир тыбышты
белгилейт. Ар бир тыбыш өзүнчө тамга менен белгиленсе,
үйрөнүүгө жана жазууга жеңил, кошумча эрежелерди
талап кылбайт. Ошону үчүн жөнөкөй тамгалар деп аталат.
Алар; а, б, в, д, з, и, й, л, м, н, ң, о, ө. п, р, с, т, у, ү, ф, х, ч,
ш, ы, э.
2) Татаал тамгалар. Булардын жазылышы менен
окулушу жагында айырмасы бар. Алар кошумча
эрежелерди талап кылат. Сөздөрдү уңгу жана мүчөлөргө
ажыратууга тоскоолдук келтирет. Ошол үчүн татаал
тамгалар деп аталат. Алар: ё, е, ю, я, к, г, ж, ц, щ.
З) Тыбышсыз тамгалар. Бул тамгалар фонетикалык
касиети жок болгону менен, тиги же бул тамганы жандап,
ага кошумча боёк берет. Алар: ь (ичкертүү) жана ъ
(ажыратуу) белгилери. Кыргыз тилинин төл сөздерүндө
бул тамгалар колдонулбайт.
Фонема – жогоруда айтылгандай, тилдин
тыбыштык системасынын майдаланып бөлүнбөй турган эң
кичине жана типтүү бирдиги, бул бирдик сөздөрдү жана
морфемаларды бири-биринен ажыратуу, айырмалоо
милдетин аткарат.
Кыргыз тилинде 34 фонема бар. (2-таблица) Алар: а,
б, в, г, д, ж, з, и, й, к, л, м, н, ң, о, ө, п, р, с, т, у, ү, ф, х, ч, ш,
ы, э, аа, ээ, оо, өө, уу, үү.
Эмне үчүн кыргыз тилиндеги тыбыш, тамга,
фонемалардын саны ар башка? Ушул суроого келели.
Себеби: 1) е, ё, ю, я, тамгаларынын өзүнө тиешелүү
тыбышы жок.
2) ь, ъ – белгилеринин тамгасы бар да, тыбышы
жок.
3) к, г, ж тамгалары 2ден тыбышты билдирет.
4) Созулма үндүүлөр өзүнчө тамгалар менен
белгиленбейт.
Мына ушулардын жыйындысы кыргыз тилиндеги
тамга, тыбыш, фонемалардын санындагы ар түрдүүлүккө
алып келет.
Бардык тилдердин тыбыштык түзүлүшү бирдей
санда болбойт. Алсак, орус тилинде 38 тыбыш, 33 тамга;
казак тилинде 35 тыбыш, 42 тамга; өзбек тилинде 31
тыбыш, 35 тамга; англис тилинде 26 тамга, 40 тыбыш бар.
2.Акустикалык жана артикуляциялык белгилерине
карай тыбыштар 2 топко бөлүнөт: үндүүлөр жана үнсүздөр
болуп. Тыбыштарды мындайча бөлүштүрүү - дүйнө
жүзүндөгү бардык эле тилдер үчүн жалпы мүнөздүү
болгон көрүнүш.
Өпкөдөн чыгып келе жаткан абанын күчсүз агымы
ооз көңдөйүнөн эч жолтоолукка учурабай, бардык сүйлөө
органдарын туташ чыңалтып, үн түйүндөрүн
дирилдетүүдөн үндүн жардамы менен пайда болгон
тыбыштар үндүү тыбыштар (вокалдар) деп аталат.
Азыркы кыргыз адабий тилинде он төрт үндүү
тыбыш бар. Алар а, э (е), о, ө, у, ү, ы, и жана аа, ээ, оо, өө,
уу, үү.
Үндүү тыбыштар төмөнкү 4 белгиге карата
классификацияланат: (3-таблица)
1) Тилдин горизонталдык багыт боюнча алдыга жана
артка карай жүткүнүшү;
2) Тилдин таңдайга карай вертикалдык багыт боюнча
көтөрүлүшү, же жаактын ачылуу деңгээли;
3) Эриндердин катышы;
4) Үн узундугу.
Тил алдыга карай жүткүнүп, уч жаккы бөлүгү жогору
карай көтөрүлүшү менен [э], [ээ], [ө], [өө], [ү],[үү] [и]
сыяктуу тыбыштар жасалат. Булар ичке үндүүлөр деп
аталат.
Тил артка карай тартылып, анын ортоңку же арткы
бөлүгү жогору көтөрүлгөндө [а], [аа], [о], [оо], [у], [уу], [ы]
тыбыштары жасалат. Булар жоон үндүүлөр деп аталат,
Жаактын ачылышына карата кыргыз тилиндеги
үндүүлөрдүн составын кең жана кууш үндүүлөр деп, эки
топко бөлүүгө болот.
Кең үндүүлөр: [а], [аа], [э], [ээ], [о], [оо], [ө], [өө].
Кууш үндүүлөр: [ы], [и], [у], [уу], [ү], [үү].
Үндүү тыбыштар эриндердин катышына карай
эринчил жана эринсиз болуп бөлүнөт.
Эринчилдер: [о], [оо], [ө], [өө], [у], [уу], [ү], [үү]. Бул
тыбыштар эки эриндин түтүк формасында болуп, алга
карай жүткүнүшү аркылуу жасалат. Эрин пассивдүү
абалда болуп пайда болгон үндүү тыбыштар эринсиздер
деп аталат. Алар: [а], [аа], [э], [ээ], [ы], [и].
Үн узундугуна карай үндүү тыбыштар кыска жана
созулма болуп 2ге бөлүнөт. Эксперименталдык
фонетиканын изилдөөсү боюнча созулма үндүүлөр кыска
үндүүлөргө караганда болжол менен 1, 2-2 эсе көп үндү
талап кылат.
Кыска үндүүлөр: [а], [э], [о], [ө], [у], [ү], [ы], [и].
Созулма үндүүлөр: [аа], [ээ], [оо] [өө], [уу], [үү], алар
кыска үндүү тыбыштардын тамгасын кайталоо менен
жазылат.
3. Өпкөдөн чыгып келе жаткан абаны күчтүү агымы
ооз көңдөйүнөн кандайдыр бир жолтоочулукка учурап, же
чыңалган жолтоочулукту күч менен жарып, же ага сүрүлүп
өтүүдөн үн менен шыбыштардын жардамы менен пайда
болгон тыбыштар үнсүз тыбыштар (консонанттар) деп
аталат. Кыргыз адабий тилинде 20 үнсүз тыбыш бар. Алар:
[б], [в], [г], [д], [ж], [й] [з], [к], [л], [м], [н], [ң], [п], [р], [с],
[т], [ф], [х], [ц], [ч], [ш]. Үнсүз тыбыштар үндүүлөргө
караганда саны жактан арбын жана жасалышы боюнча да
ар түрдүү. Ошондуктан алардын классификациясы бир топ
татаал.
Үнсүз тыбыштар төмөнкү белгилери боюнча
классификацияланат:
1)Үнсүздөрдүн жасалышындагы үн менен
шыбыштын катышуу даражасы;
2) Жасалуу орду;
3) Жасалуу ыгы;
4) Түгөйлөштүгү.
Үнсүз тыбыштар жасалышындагы үн менен
шыбыштын катышуу даражасына карай жумшак, каткалаң
жана уяң болуп бөлүнөт.
Жумшак үнсүздөр үн менен шыбыштын бирдей
катышы менен жасалат. Алар: [б], [в], [д], [з], [ж], [г].
Каткалаң үнсүздөр жалаң шыбыштын катышы
менен жасалат. Алар: [п], [т], [с], [ш], [ч], [к], [х], [ф].
Уяң үнсүздөр шыбышка караганда үндүн көбүрөөк
катышы менен жасалат. Алар: [л], [м], [н], [ң], [р], [й].
2) Үнсүздөрдү жасалуу ордуна карай бөлүштүрүүдө
көмөкөйдөн ооз көңдөйүнө жана мурун көңдөйүнө өткөн
абанын агымы кайсы активдүү органдын кыймылы
аркылуу жолтоолукка учурай тургандыгы эсепке алынат.
Бул белги боюнча үнсүздөр кош эринчилдер, эрин-
тишчилдер, уччулдар, орточулдар, түпчүлдөр деп
бөлүштүрүлөт. (4-таблица)
Кош эринчилдер - астыңкы жана үстүңкү
эриндердин бири-бирине кептелип калышы, ошол аркылуу
абанын сыртка чыгышына бөгөт болушу менен жасалган
тыбыштар: [б], [п], [м].
Эрин-тишчилдердин айтылышында үстүңкү
тиштерге астыткы эрин тийишет да, абанын агымын бөгөп
турат. Алар: [в], [ф] тыбыштары.
Уччул үнсүздөрдүн артикуляцияланышында тилдин
уч жаккы бөлүгү активдүү катышат, б.а. абанын агымына
тилдин учу тоскоолдук кылат. Алар: [т], [д], [с], [з], [ш],
[ж], [л], [н],[р].
Орточул үнсүздөр тилдин орто бөлүгү катуу
тандайга көтөрүлгөн абалында жасалат. Абанын агымына
бөгөт болуучу органдар - тилдин орто бөлүгү менен катуу
таңдай. Мындай тыбыштар: [й], [г], [к], [ж], [ч].
Түпчүлдөрдүн жасалышында абанын агымына бөгөт
болуучу органдар -жумшак таңдай менен тилдин арт
жаккы бөлүгү. Мындай тыбыштар: [к], [г], [ң], [х].
3) Үнсүздөрдүн жасалышына материалдык база
болгон шыбыш абанын агымынын түрдүүчө жолтоолукка
учурашынан улам келип чыгат. Бирок бул жолтоолук
үнсүздөрдүн жасалып чыгуу процессинде жоюлат, ансыз
үнсүз тыбыштардын эч бирөө да жасала албайт.
Жолтоолуктун жоюлуш ыкмалары түрдүүчө, алар
үнсүздөрдүн жасалыш ыгы боюнча бөлүштүрүүдө негизги
белги катары алынат.
Жасалыш ыгы боюнча үнсүздөр - жарылма,
жылчыкчыл, мурунчул, капталчыл, дирилдеме, бириккен
(аффриката) болуп бөлүнөт.
Жарылмаларга төмөнкү үнсүздөр кирет: [б], [п], [д],
[т], [к]. Бул тыбыштардын айтылышында аба бири-бирине
кептелип бириккен органдардын (эки эриндин, тил менен
таңдайдын, тил менен тиштердин ж.б.) арасын жарып өтөт.
Абанын сыртка чыгышы кескин жана тез болот.
Жылчыкчылдар: [в], [г], [ж], [з], [й], [с], [ф], [х],
[ш].
Бул тыбыштардын айтылышында сүйлөө органдары
(тил менен таңдай, же тил менен тиштер) бири-биринге
тиер-тийбес болуп жакындашып, өтө кууш жылчыкча
түзүлөт. Абанын агымы ушул кууш өткөөлдөн сызылып
өтөт.
Мурунчулдар: [м], [н], [ң] тыбыштары. Бул
тыбыштарды айтканда аба мурун көңдөйү аркылуу өтүп,
тыбыш сүйлөө органдарынын бири-бирине кептелип
калышы аркылуу жасалат.
Капталчыл: [л] тыбышы. Бул тыбыштын
айтылышында тилдин учу үстүңкү тиштерге такалып, аба
тилдин эки капталындагы ачыктар менен өтөт.
Дирилдеме: [р] тыбышы. Бул тыбыштын
айтылышында тилдин учу ичмекей тартып, катуу таңдайга
тийишет жана дирилдөө абалында болуп турат.
Бириккен үнсүздөр (аффрикаталар): [ж], [ч], [ц],
[щ] тыбыштары . Бул тыбыштар жарылма үнсүздөрдүн
элементи менен башталып келип, жылчыкчылдардын
элементи менен аяктала турган татаал жасалыштын
натыйжасы болуп саналат. Мисалы, [ц] тыбышы [т]+[с];
[ж] тыбышы [д]+[ж]; [щ] тыбышы [ш]+[ч]; [ч] тыбышы [т]
+ [ш] тыбыштарынын айкалышуусу катары каралат.
4) Кыргыз тилинде 6 түгөйлүү үнсүз бар. Алар: б-п,
в-ф, д-т, г-к, з-с, ж-ш. Бул түгөйлөрдүн бири жумшак,
экинчиси каткалаң үнсүз тыбыш. Түгөйлүү үнсүздөр
оозеки речте айрым учурларда бирин-экинчиси
алмаштырып айтыла берет, анткени артикуляциялык
жактан бири-бирине өтө жакын.
Калган үнсүз тыбыштар түгөйсүздөр деп аталат.
Ошентип, кыргыз тилинин тыбыштык курамын
түзгөн тыбыштар жана фонемалар, алардын бөлүнүшү
тууралуу маалыматтар фонетикалык процесстерди
өздөштүрүү жана фонетикалык талдоолорду жүргүзүү
үчүн керек болгон эң маанилүү элементтерден болуп
саналат.

Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет