107 известия вузов кыргызстана №4, 2017



Pdf көрінісі
Дата02.01.2022
өлшемі167.38 Kb.
#454291
107-109



 

107 


 

ИЗВЕСТИЯ ВУЗОВ КЫРГЫЗСТАНА   № 4, 2017 



Карасартова Ж.Б., Күренкеев Т.К. 

ӨСПҮРҮМДӨРДҮ АДЕП-АХЛАКТЫККА ТАРБИЯЛОО БҮГҮНКҮ КҮНДҮН 

ТАЛАБЫ 

Карасартова Ж.Б., Күренкеев Т.К. 

СЕГОДНЯШНИЕ ТРЕБОВАНИЯ В ВОСПИТАНИИ НРАВСТВЕННОСТИ 

ПОДРОСТКОВ 

Zh.B. Karasartova, T.K. Krenekeev  

TODAY’S REQUIREMENTS IN THE EDUCATION OF MORALS OF TEENAGERS 

 

УДК: 37. 

 

Бул 

макалада 

өспүрүмдөрдү 

адеп-ахлактыкка 

тарбиялоодо  мектеп  жана  үй-бүлөнүн  өзгөчөлүктөрү 

чагылдырылган. 

Негизги  сөздөр:  тарбиялоо,  үй-бүлө,  ата-эне,  мек-

теп, адеп-ахлактык, калыптандыруу, өспүрүм, гуманизм. 

В  данной  статье  рассматриваются  особенности 

нравственности подростков как в школе так и в семье. 

Ключевые слова: воспитание, семья, родители, шко-

ла, нравственность, формирование, подросток, гуманизм. 

In  this  article  is  being  considered  features  morals  of 

teenagers in school and in the family. 

Key  words:  еducation,  family,  parents,  school,  morals, 

formation, teenagers, humanism. 

 

Азыркы  учурда  экономиканын  жана маданият-



тын  тез  гармониялуу  өсүүсүнүн  кызыкчылыктары 

коомдун  башкы  өндүргүч  күчү.  Ошондуктан,  эң 

баалуулук  катары  өспүрүмдөрдүн  калыптануусунда 

адеп-ахлактыкка тарбиялоодо жаңыча инновациялык 

мамилелер  талап  кылынат.  Бул  өзгөчөлүктөрдү  иш 

жүзүнө  ашырууда  мектептин,  үй-бүлөнүн,  коомчу-

луктун  бирдиктүү  иш-аракеттери  маанилүү  роль 

ойнойт.  Башкача  айтканда,  тарбиялоо  процесси-

көптөгөн факторлордон көз каранды. Ал процесстин 

жүрүшүнө  жана  анын  жыйынтыгына  көптөгөн 

обьективдүү жана субьективдүү факторлор өз алдын-

ча  дагы,  бири-бирине  байланыштуу  дагы  таасир 

этишет.    Эгерде,  тарбиялануучунун  ички  талаптары, 

кызыгуусу,  мүмкүнчүлүгү,  жөндөмдүүлүгү  ж.б. 

адеп-ахлактык  сапаттары  анын  жашап  жаткан 

реалдуу  мезгилине,  чөйрөсүнө  обьективдүү  шарт-

тарга  шайкеш  болсо,  анда  тарбиялоо  процесси 

эффективдүү  жыйынтыкка  келет.  Ошол  эле  учурда 

тарбиялануучуга 

үй-бүлөнүн 

таасири 

тактап 


айтканда,  ата-эненин  ролу  жалпы  коомдогу  мектеп 

сөзсүз  түрдө  аныкталган  тарбиялоо  таасирлерин 

пайда кылат. [2.126-б]. 

Ал  эми  адеп-ахлактык  тарбия  ар  бир  жаш 

тарбиялануучуда  коомдо  өзүн  алып  жүрүү  мада-

ниятын курчап турган адамдар менен туура мамиле-

ни  түзүүнү  үйрөтөт.  Адеп-ахлактык  тарбиялоо 

негизинен алганда бардык адамзат топтогон адамдык 

баалуулуктардын  ошондой  эле  кыргыз  элинин 

нукура каада-салттарынын, үрп-адатынын, традиция-

ларынын  алкагында  жүргүзүлөт.  Адеп-ахлактык 

нормаларга  чынчылдык,  акыйкаттык,  айкөлдүк, 

жоопкерчилик,  абийирдүүлүк,  гумандуулук,  тартип-

түүлүк,  улууларды  урматтоо,  кичүүлөрдү  ызаттоо, 

эмгектенүүнү  сүйүү  жана  ошондой  эле  патриот-

туулук,  ата  мекендин  негизги  белгилерин  сыйлоо, 

мыйзам  ченемдүүлүктү  сактоо,  граждандык  милдет-

ти  так  аткаруу,  кайрымдуулук  ж.б.у.с.  адамдык 

баалуулуктары кирет [ 2.98-б.].  

Мектепте  үй-бүлөдө  балдарга  нукура  адамдык 

адеп-ахлактык  аң-сезимди  калыптандыруу  адеп-

ахлактуулук боюнча идеяны пайда кылуу, этникалык 

баалуулуктарды  жана  нормаларды  түшүнүү  таза 

моралдык мотивдерди тарбиялоодо мектеп менен үй-

бүлө  бири  бирин  толуктап  турат.  Демек,  үй-бүлөлүк 

жана  мектептеги  адеп-ахлактык  тарбиянын  айка-

лышы  өспүрүмдөрдүн  ар  тараптан  гармониялуу 

өнүгүүшүнө  таасир  берери  талашсыз.  Адеп-ахлак-

тыкка  тарбиялоонун  натыйжалуулугу  үй-бүлөнүн, 

мектептин,  коомчулуктун,  өспүрүмдөргө  койгон 

талаптарына жараша болот. Ошентип, өспүрүмдөрдү 

үй-бүлөдө  тарбиялоонун  маңызы  баарыдан  мурда 

мектепке чейинки мекемелердин жана мектептердин 

ошондой эле, ата-энелердин жардам берүүсү негизги 

ролду  ойнойт.  Ал  эми  үй-бүлөлүк  тарбия  деп  улуу 

муундар  тарабынан  үй-бүлөнүн  жаш  мүчөлөрүн: 

кичине  бала,  өспүрүм  жана  жаштарды  коомго 

пайдалуу  ар  тараптан  өнүккөн,  адеп-ахлактык  жак-

тан  жетилген  инсан  катары  калыптандыруу  макса-

тында  жүргүзүлгөн  аракеттери  саналат.  Коомчу-

луктун  талаптарынын  үй-бүлөдө  туура  жана  так 

коюулушу  үй-бүлөдө  тарбия  берүү  процессине  оң 

таасир  этүүнүн  дагы  бир  негизги  жолу  -  адеп-ахлак 

эсептелет.  Мугалим  менен  ата-энелердин  ортосунда 

тыгыз  жана  үзгүлтүксүз  байланыш  болсо,  эгерде 

алардын  мамилелери  бири-бирине  ишенүүнүн  жана 

ак ниеттүүлүктүн негизинде түзүлсө, эгерде мугалим 

ар  бир  үй-бүлө  менен  бирдикте  иштөөсүндө 

өспүрүмдөрдүн  бардык  оң  жактарына  таянса  жана 

анын  өркүндөтүүнүн  жолун  көргөзө  билсе,  эгерде 

мугалим ата-энелер менен тарбиялоонун ийгилигине 

ишенсе,  ата-энелердин  педагогикалык  маданияттын 

жогорулатууга  багытталган  иштерди  ар  дайым 

жүргүзүп  турса,  аталган  система  жолго  салынары 

шексиз. Өспүрүмдөрдү патриоттуулукка ата-мекенди 

сүйүүгө, 

жаратылышка 

аяр 


мамиле 

кылууга, 

тарбиялоо мугалим менен ата-энелердин эң  жогорку 



 

108 


 

ИЗВЕСТИЯ ВУЗОВ КЫРГЫЗСТАНА   № 4, 2017 

жоопкерчилиги  болгондуктан,  төмөнкү  өзгөчөлүк-

төрдү  да  эске  алуу  керек:  ата-энелерди  педаго-

гикалык  жактан  агартуу  боюнча  үзгүлтүксүз  иш 

жүргүзүү менен бирге үй-бүлөгө басма сөз, интернет 

булактары  аркылуу  таасир  этүү.  Демек,  ата-

энелердин  педагогикалык  маданиятын  жогорула-

тууда  мектептин  функционалдык  ишмердүүлүгүнүн 

мааниси  чоң  десек  болот.  Өспүрүмдөрдүн  мектепте 

үй-бүлөдө  адеп-ахлактыкка  тарбиялоо  процессинин 

милдеттүү  жана  активдүү  жаш  муундардын  катарын 

толукташат. 

Өспүрүмдөрдү 

адеп-ахлактуулукка 

тарбиялоонун  негизги  иш-аракеттерин  төмөнкү 

натыйжасынан көрүүгө болот: 

  окуу 


процессинин 

жүрүшүндө 

өзгөчө 

гуманитардык предметтерди өтүүдө; 

  класстан  жана  мектептен  тышкаркы  мада-

ният  саламаттыкты  жана  тартипти  сактоо  мекеме-

леринин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууда; 

  ар бир класста таалим-тарбия  иш чараларын 

жүргүзүүдө; 

  окуучулар  арасында  ошондой  эле  өз  ара 

мамилелерди 

коллективдерде 

калыптандырууда 

коомдогу мамилелерге коомдун ар бир мүчөсү менен 

мамиле түзүү тажрыйбасына ээ болууда  [2.99-б.]. 

Жогоруда  критерийлер  өспүрүмдөргө  үй-бүлө-

дө  ата-энелердин  мамилелеринин  өзгөчөлүгүнүн 

жоопкерчилик  сезимдеринин  жекече  үлгүсүндө  үй-

бүлөнүн ролун аңдап түшүнүүсүн ойготот.  Алар ата 

менен  эненин  ошол  эле  өспүрүмдөргө    болгон 

сүйүүсү үчүн – мыкты да, таза да, мээрман да болуу 

менен  бирге,  аң-сезимин  калыптандырууга  мажбур-

лайт.  Өзүндөгү  билгендери  ойлогон  ойлору,  көкүрө-

гүн  өйүгөн  сырлары  жөнүндө  курбулары  менен 

сырдашуу, бөлүшүүнү каалоо өспүрүмдөрдүн табия-

тына  мүнөздүү  нерсе.  Өспүрүмдөрдү  үй-бүлөдө 

тарбиялоону  жакшыртуу  максатында  бул  каалоо-

лорду  мектептин  өспүрүмдөрү  аркылуу  ата-энелерге 

максаттуу  таасир  берүү  үчүн  пайдалануу  зарыл 

болуп  саналат.  Мындай  таасирдин  маанилүү  факто-

рунун  бири  ата-энелердин  жана  балдардын  бирге-

лешип  эмгектениши,  мектептеги  ар  кандай  иш-

чараларды  уюштурууга  алардын  бирге  катышуусу, 

коллектив менен бирге экскурсияга баруулары болуп 

эсептелет.  Өспүрүмдөрдүн  класстагы  үй-бүлөдөгү 

абалы  анын  ден-соолугу  жөнүндө,  коомдук  иште-

ринин  ийгилиги  кам  көрүүсү,  мугалимдердин  жана 

ата-энелердин  өз  ара  кеңештери  боюнча  үй-бүлөдө 

басма  сөз  радио  берүүлөрдү,  теле  көрсөтүүлөрдү 

жана  интернет  булактарын  талкуулоо,  үй-бүлөлүк 

викториналарга  конкурстарга  катышуулары,  ошон-

дой  эле  үй-бүлөдө  өспүрүмдөрдүн  китеп  окуусун 

уюштуруу жана ата-энелер менен бирге окугандарын 

талкуулоолору    да  ушул  максатта  да  кызмат  кылат. 

Китепти  биргелешип  окуу  өспүрүмдөргө  өз  ара 

тыкыс  мамиледе  болууга  жардам  берет,  китептен 

окугандарын 

айлана-чөйрөдөгү 

чындык 

менен 


салыштырууга  үйрөтөт  жана  өспүрүмдөрдө  дагы 

башка  маанилүү  сапаттарын  калыптандырат.  Үй-

бүлөдө  адеп-ахлактык  тарбияны  калыптандыруу 

боюнча 


бүткүл 

иштин 


натыйжалуулугун 

жалпысынан  жогорулатуу  үчүн  төмөндөгүлөр  эске 

алынышы  зарыл:  мектеп  үй-бүлөдө  адеп-ахлактык 

тарбия  берүү  процессинде  жогоруда  көрсөтүлгөн  оң 

таасир  этүү  жолдорунун  бүт  комплексин  колдонсо, 

мугалимдер  коллективи  үй-бүлө  менен  өз  ара 

кызматташтык  мамиленин  жол  жобосуна  карата 

педагогикалык  этикалык  талаптарды  терең  түшүнсө, 

элге  билим  берүү  системасынын  маселелеринин 

өзүлөрү  бул  ишке  коомчулукту  кеңири  жана  ар 

дайым тартуучу  демилгечи  болуп, алардын  иштерин 

бардык  жагынан  колго  алышса,  үй-бүлөдө  адеп-

ахлактык тарбия берүүдө мугалим жетекчилик кылуу 

менен бала мектепке кирерден мурда баштап жана ал 

окуучу  бүтүп  кеткенге  чейин  улантылса  жакшы 

болор  эле.  Ушундан  улам  мектеп  менен  үй-бүлөнүн 

төмөкүндөй 

критерийлерин 

аныктасак 

болот. 


Башкача айтканда, мектеп менен үй-бүлөнүн кызмат-

таштыгынын  ийгилигин  изилдөөлөрдүн  негизги 

маңызы төмөнкүлөр болуп саналат: 

1.  «Мугалим  -  окуучу»  системасындагы  мами-

лелердин  педагогикалык-  этикалык  нормаларга  так 

ылайык  келиши.  Мугалим  менен  окуучунун  өз  ара 

мамилесинде  мугалим  тарабынан  этиканын  бир  аз 

гана бузулушу окуу эмгегин же өспүрүмдүн адептик 

ишин  талдоодо  бир  аз  эле    капыстык  кетирүү  жөн 

калбайт  мугалим  менен  үй-бүлөнүн  мамилесин 

кыйындатат. 

2.  «Мугалим  –  үй-бүлө  -  окуучу»  -  система-

сындагы  мамилелердин  негизин  жана  ата-энелер 

менен  болуучу  карама-каршылыктарынын  себепте-

рин терең түшүнүүгө тийиш [1]. 

3.  Мугалимдердин  ата-энелер  менен  кызмат-

таштыгынын  социалдык  ролу  өспүрүмдөрдүн  адеп-

ахлактык тарбиясында болот. Мына ушундай шартта 

мектепте  мугалимдер  аркылуу  ишке  ашырылуучу 

максаттары  жана  милдеттери  үй-бүлөнүн  өз  ара 

аракетинин  негиздеринин  психологиялык-педаго-

гикалык  маани-маңызы  өспүрүмдөрдүн  бир  эле 

мезгилде  педагогдун  жана  ата-энелердин  адептик 

таасири  астында  болушунда.  Мектеп  менен  үй-

бүлөнүн өз ара таасир этүүчү мамилелери бирдиктүү 

обьектини  байланыштырып  турат  жана  ушундан 

улам  алар  адептик  позицияда  туруп,  өспүрүмдөргө 

карата  да  бирдей  талаптары  коюлары  зарыл.  Эки 

түрдүү  мамиле,  бири-бирине  туура  келбей  калган 

учурда  адеп-ахлактык  тарбия  бошоңдойт  да,  про-

цесстин  өзү  татаалдап  анын  натыйжалуулугу  өтө 

төмөндөп  кетет.  Ошондуктан,  үй-бүлө  менен  байла-

нышсыз  мугалимдин  тарбиялык  жактан  жогорку 

натыйжаларга жетишүүсү мүмкүн эмес. 

4.  Мугалим  менен  ата-энелердин  ортосунда 

болуучу  карама-каршылыктардын  негизги  себепте-

рине  окутуу-тарбиялоо  процессинин  татаалдыгы, 

анын  натыйжалуугу  мектеп  менен  үй-бүлөдөн 

тышкары  көптөгөн  факторлорго  байланыштуулугу 

өспүрүмдөргө  карата  мугалимдин  мамилесиндеги 

жана  ата-энелердин  энелик,  аталык  сезимдин  адеп-

ахлактык  мамилесиндеги  айрымачылыктардын  дале 

да  болсо  кездешиши,  жалпы  жана  педагогикалык 

маданият  деңгээлдин  ар  түрдүүлүгү  педагогикалык 




 

109 


 

ИЗВЕСТИЯ ВУЗОВ КЫРГЫЗСТАНА   № 4, 2017 

өз  ара  аракетке  мугалимдин,  ата-эненин  этикалык 

даярдыгынын 

жоктугу 

кирет. 


Ошентип, 

ата-


энелердин  педагогикалык  маданиятын  жогорула-

тууну  уюштуруунун  бирдиктүү  структурасы  төмөн-

кү түзүлүштөрдү өз  ичине камтыйт: 

  ата-энелерди  адеп-ахлактык  тарбия  берүүнүн 

өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу; 

  уландарды  жана  кыздарды  үй-бүлөлүк  турмушка 

даярдоо: 

мектептин 

жогорку 

класстарында, 

кесиптик техникалык окуу жайларында. 

  жаш  ата-энелерди  өспүрүмдөрдү  тарбиялоого 

даярдоо; 

  ата-эне  болууга  даярдоо:  атайын  лекцияларды, 

жекече жана группалык кеңештерди уюштуруу

  ата-энелерди  мектеп  жашына  чейинки  балдарды 

тарбиялоого даярдоо, балдар-бакчасында

  ата-энелерди 

өспүрүмдөрдү, 

адеп-ахлактыкка 

даярдоо: жалпы билим берүүчү мектептерде, орто 

кесиптик колледждерде, кесиптик ЖОЖдо; 

  мугалимдерди  жана  тарбиячыларды  ата-энелер 

менен  иштөөгө  даярдоо,    ЖОЖдо  курстардын, 

семинар-тренингдердин деңгээлинде [4]. 

Жогорку  критерийге  таянып,  иш  алып  алпаруу 

менен атайын жүргүзүлгөн адеп-ахлактык тарбиянын 

таасири  өспүрүмдөргө  тийгизген  мааниси  өсүп  өнү-

гүүсүнө  калыптанышына  шарт  түзөт.  Өспүрүм-

дөрдүн  коомдо  социалдашуусуда  өз  алдынчалуу-

лукта  терс  таасирлердин  кагылышуусунан  сактайт, 

ал  эми  өспүрүмдөрдүн  ар  кандай  терс  жүрүш-

турушун чектейт, аларды ата-энелер менен бирдикте 

иштөөгө кайра тарбиялоо иштерине көмөк түзөт. Ал 

эми  өспүрүмдөрдү  адеп-ахлактык  тарбиялоонун 

мааниси  өспүрүмдөр  арасында  өз  ара  бири-бирине 

сый,  урматтоо,  ызаттоо,  чынчылдык,  акыйкаттык, 

айкөлдүк,  жоопкерчилик,  абийирдүүлүк,  өз  ара 

түшүнүүчүлүк  адамкерчилик  мамилелерди  ошондой 

эле,  өз  ара  кызматташтык  биримдүүлүккө  жардам 

берет.  Тескерисинче,  өз  ара  карама-каршылыктарды 

жоюуга  коомдук  терс  көрүнүштөрдүн  өнүгүүсүнө 

каршы  күрөшүүдө  негизги  критерий  болуп  саналат. 

Ошондуктан,  ата-энелерди  педагогикалык  жактан 

даярдоо негизги ролдо  албетте мектеп таяныч  болуп 

эсептелет.  Демек,  мугалимдер  гана  ата-энелерди 

педагогикалык билим, билгичтиктер жана көндүмдөр 

боюнча  сапаттуу,  натыйжалуу  куралдандыра  алы-

шат. Мындан тышкары мектептер үй-бүлөгө жардам 

көрсөтүүчү  кеңештерин  беришет,  мугалимдер  ал 

жерде  семинарларды,  педагогикалык  тренингдерди 

өткөрүшөт.  Ата-энелердин  педагогикалык  мадания-

тын  жогорулптуу  иши,  качан  балдардын  курактык 

жана  жеке  өзгөчөлүктөрүн,  алардын  үй-турмушунун 

негизги  шарттарын  жана  үй-бүлөлүк  тарбия  берүү 

абалын,  мектептеги  жана  класстагы  билим  берүү 

адеп-ахлактыкка  тарбиялоо  милдеттерин  эскпке 

алганда  гана  натыйжалуу  болот.  Демек,  мугалимдер 

гана 

ата-энелерди 



педагогикалык 

маданияттын 

натыйжалуу  куралдандыра  алышат.  Балдарды  үй-

бүлөдө  тарбиялоо  башкача  айтканда,  адеп-ахлактык 

жактан  тарбиялоо  баарынан  эмоционалдуу  келет, 

анткени,  ал  ата-энелердин  балдарга  болгон  мээри-

мине  жана  балдардын  ата-энеге  карата  сезимине 

негизделет.  Бул  тууралуу  А.С.  Макаренко  «Ата-

эненин  мээримин  көрбөй  өскөн  балдар  көпчүлүк 

учурда  жүрөгү  жаралуу  абалдар  болушат»  -  деп 

жазган. 

Ошентип, 

өспүрүмдөрдү 

адеп-ахлактыкка 

тарбиялоодо  бүгүнкү  күндүн  талабынын  негизги 

критерийи мектеп жана үй-бүлө саналат.  

Адабияттар: 

1.  Бабанский Ю.К. Педагогика.-1998. 

2.  Мамбетакунов  Э.,  Сияев  Т.М.  Педагогиканын  негиз-

дери. - Б., 2008 

3.  Сластенин В.А. Педагогика. - М.,1998 

4.  Лебедов П.А. Семейное воспитание. - М., 2001. 

5.  Шевандрин В.А. Социальная психология.-М.,1998. 

 

Рецензент: к.п.н., доцент Мурадылова Г.Ш. 



______________________ 

 


Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет