Аалиева гүлзат Карыбековна



бет4/5
Дата27.06.2016
өлшемі0.71 Mb.
#162675
1   2   3   4   5

Улуу Кыргыз дөөлөтү кулагандан кийин нечендеген кылымдар бою көрүнгөнгө көз каранды болуп, кордук жеп, түрткүнчүккө айланып келген кыргыз эли, тагдырдын көзү түз экен, 1991-жылдын 31-августунда кан төгүүсүз, күрөшсүз, тынч жол менен качантан күткөн эгенмендикке ээ болуп, башка мамлекеттер менен тең ата болуу бактысына туш болду. Мындай чексиз бакыттын эйфориясына мас болгон саясатчылар менен коом таануучулар, кыргыздын баарыбыз билген одонороок макалында айтылгандай, башка постсоветтик мамлекеттер дүрбөсө, биз да дүрбөп, алдын, артын ойлонбой эле, жаңы мамлекеттин расмий желеги менен гербин жаңылатууга шашылып, эски желек менен герб эсил-кайран СССРдин тарыхы менен кошо кетти...

Кыргызда “эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт” деген убакыттын сынагынан ийликтүү өтүп, кылымдарды карыткан дагы бир акыл кеп бар. Мезгилдин модасы менен дүрбөгөн жаныбыз желекти алмаштырууда өзүбүзгө эч жамандык жасабаган Кыргыз ССРинин желегинен, орусча айтканда, историческая преемственность деген нерсеге ылайык келген кылдай нерсе албай, орусча айтканда, неблагодарный жорук-жосун жасагандайбыз...



ТАРЫХЫЙ ЫРААТТУУЛУК (ИСТОРИЧЕСКАЯ ПРЕЕМСТВЕННОСТЬ) ФЕНОМЕНИНЕ МИСАЛ

Руханий мурастар менен дөөлөттөр адамдын эс-тутумунун бүгүнүкү абалы тарабынан гана эмес, өткөн муундардын тажрыйбасына таянуу аркылуу да аныкталат. Эс-тутум менен руханият түшүнүктөрүнүн тең маанилеш экендигин Ч. Айтматов манкурт тууралуу уламыштын мисалында ачык чагылдырып бере алганы баарыбызга маалым. Ал эми, диалектиканын танууну тануу (четке кагууну четке кагуу) мыйзамы боюнча каалагандай жаңы нерсе милдеттүү түрдө эскинин позитивдүү элементтеринин негизинде пайда болуп, андан ары карай өнүгө алат. Мындай өнүгүүнү ыраттуулук, удаалаштык (преемственность) деп аташат. Эгерде каалагандай жаңы нерсе милдеттүү түрдө эскинин тап катары четке, кагып, аны кабыл алгысы келбесе, анда ал кесепеттүү натыйжаларга дуушарланат. Айтсак, 1937-жылы жаңы Совет бийлигинин жетекчиси И. Сталин эски падыша бийлигинин өкүлдөрүн массалык репрессиянын курмандыгына айландырган. Натыйжада, эски падыша бийлигин жактаган тапка таандык 3 млн.дон ашуун жогору билимдүү, жогору квалификациялуу, бир канча тилдерди суудай билген офицерлер эл душманы катары атылып кеткен. Андан 4 жыл өтүп, 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, советтик армияны жетектөөгө дараметтүү офицерлер жок болгондуктан, мектепти жаңы аяктаса да, эне сүтү али оозунан кете элек жаш жигиттерге лейтенант аскердик чинин берип, аскер баштоого мажбурлашкан. Эми элестетсеңиз: бир жагынан, 18-22 жаштардагы лейтенант жетектеген советтик армия, ал эми экинчи жагынан, бүт өмүрүн аскер ишине арнап, аскердик стратегияны беш колундай билген фельдмаршал Паульс баштаган немец армиясы салгылашка чыкты дейли. Кайсы армия салгылаштын жеңүүчүсү болот?.. Ошол себептен, согуштун алгачкы жылдары советтик армия мамлекеттин түпкүрүнө карай чегүүнө аргасыз болгон.

Постсоветтик Россия Федерациясында да И. Сталин сыяктуу эскини жерип барып, андан соң тарыхый ырааттуулукту сактоо зарыл экендигин түшүнүп, коомчулуктун жүрөгүнөн түнөк таба албаган РФтин жаңы кабыл алынган гимнинин музыкасы четке кагылып, советтик чыгаан композитор Александровго таандык болгон жана орус эли башында турган СССР мамлекетин Улуу жеңиштерге үндөгөн СССРдин гимнинин музыкасы постсоветтик Россия Федерациясынын мамлекеттик гимнинин музыкасы катары кайрадан расмий кабыл алынган.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ЖЕЛЕГИ МЕНЕН ГЕРБИНИН ДОЛБООРУНА БЕРИЛГЕН АЙРЫМ ТYШYНДYРМӨЛӨР
Жогоруда айтылгандардан, көлөмдүү макала жазып, көптү айтымыш болгон бул автор “жараны ырбатып, дагы эмнени баштады? Айтчу сөзү менен сунушу кандай?”, - деп турган чыгаарсыз...

Айтылгандардан улам коомчулукта талаш-тартыш туудурган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегине карата кандай тыянактарга келип, эмнелерди сунуш кыла алабыз?

Анда сөздөн ишке, же сунушка өтөлү. Тарыхый практика көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги менен герби, жамандыр, жакшыдыр өз миссиясын аткарды. Бирок, алардын мазмуну менен формасы мамлекеттин мындан аркы прогресси үчүн жарамдуу эмес болгондуктан, коомчулукта аларды алмаштыруу идеялары сунушталып жаткандыгы бекеринен эмес. Эгерде качандыр бир кезде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик атрибуттарын алмаштыруу ишке ашып кала турган болсо, анда төмөндө сунушталган долбоорлорду эске алып коюуңуздарды жана аларга карата алымча-кошумчалар болсо, аларды да кийирүүнү суранабыз.

ГЕРБДИН ДОЛБООРУ. Мындан бир канча жыл мурда КТРден мамлекеттик гербди кескин сынга алган бир адамдын пикирин угуп, терең ойлонуп калдык эле. Ал адам гербде чагылдырылган ак шумкар, Ала-Тоо, Ысык-Көл сыяктуу кыргыздын улуу баалуулуктары өз деңгээлинде эмес, орусча айтканда, “жалкий, бледный, блеклый” деңгээлде берилип, азыркы герб Кыргыз ССРнин гербинин фонунда карикатура болуп калганын абдан аргументтүү кылып айтты эле... Тилекке каршы, ал кишинин аты да, ташка тамга баскандай таасын, элестүү сөздөрү эсте калбай калыптыр. Кыскартып айтканда, ал киши менен биз толук макулбуз.

Эми, гербдин долбоору тууралуу кеп кылсак, анда макаланын башында айтылгандай, НТС каналынын «Особое мнение» деп аталган ток-шоусунда мамлекеттик атрибуттар тууралуу айрым аттуу-баштуу адамдардын пикирлеринин арасында кесипкөй (профессионал) сүрөтчү, “Баатыр эне” ж.б.у.с. Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик сыйлыктардын элесинин автору болгон орус улутундагы адистин историческая преемственность (тарыхый ырааттуулук) менен байланышкан идеясы жана адистин көз карашында гербди чечмелөөсү жеке мага зор таасир этти. Ага биз төмөнкү кичинекей кыстырманы гана кошумчалай алабыз: Кыргыз ССРнин гербиндеги “Баардык өлкөлөрдүн пролетарийлери бириккиле!” деген марксисттик ураандын ордуна “Манас” эпосунан кыргыз элине улуу мурас катары калган «Кулаалы таптап, куш кылдым, курама топтоп, журт кылдым» деген элди ынтымакка, биригүүгө, толеранттуулукка чакырган саптарын жазып койсо, гербдин мазмуну менен мааниси Кыргыз Республикасынын Конституциясында жазылган идеяларга толук бойдон үндөшүп калат да, “атына заты жарашкан иш” болот.



ЖЕЛЕКТИН ДОЛБООРУ. Биздин жеке пикирде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги 1) горизонталдуу багытта жайгашкан көк, ак, кызыл түстөрдүн тең пропорциядагы тилкелеринен жана 2) “тумар”, “түндүк”, “жүрөк пейил”, “Умай эне”, “тоого чыгып бара жаткан илбирс” сыяктуу нукура кыргыздын табитине шайкеш келген символикалардан куралган гербикадан туруусу абзел.

Албетте, долбоордун биринчи эле сүйлөмүн окугандан кийин Сизде “Эмне үчүн? Баары бүтүп, эми саясаты түгүл, аба ырайы да Москвадан көз каранды болгон Кыргызстанга россиялык желекти эле өзүнө энчилөө жетпей жатты эле... Эгер ошондой желек боло турган болсо, анда аны Россия Федерациясынын “Андреевский флаг” деп аталган желегинен кантип айырмалоого болот? Эгерде орустар өз желегинин дарегине карата терс дооматтарды айтып жатат деп бул макаланын автору өзү жазып жатса, анда эмне үчүн биз алардын желегин көчүрүп алуубуз керек?”, - деген суроолор жаралып, ууртуңуздардан какшыктуу жылмайып жатсаңыз керек. Ага төмөнкүдөй жоопторду сунуш кылабыз.



Биринчиден, Балким Россия көк, ак, кызыл ж.б. түстөргү желек менен алиге чейин улуу жетишкендиктерге жетпесе, жетпегендир. Бул - алардын проблемасы, алардын иши. Аларга кийлигишүүгө биздин кымындай да укугубуз жок. Бирок, Россиядан айырмаланып, кыргыздар менен Кыргызстандын жолу, тарыхы, маданияты, менталитети башка. Евразиянын кеңири аймагындагы ири империяны курганга көмөк берген Манас бабабыз башында турган байыркы ата-бабаларыбыздын, о.э. далай ийгиликтер менен жетишкендиктерге шык, дем берген Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын көк, ак, кызыл ж.б. түстөргө ээ туусун кайра жандандырууга неге болбосун? Бул биздин тарых, биздин мурас, биздин маданият. өткөн тарыхты урматтагандыгыбыз жана ошол улуу тарыхты кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берүү ар бирибиздин ыйык парзыбыз болуп саналмакчы.

Экинчиден, голландиялык кемелер гана эмес, алардын желегин да көчүрүп алган Петр I ден айырмаланып, Россия Федерациясынын мамлекеттик желегин суверендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги катары ийне-жибине чейин кайра көчүрүү идеясынан алыспыз. Россия Федерациясынын “Андреевский флаг”, же “российский триколор” деп аталган мамлекеттик желегиндеги көк, ак, кызыл ж.б. түстөрдүн жайгашуу тартибин так билүүнүн өтө так жана эффективдүү жолу бар. “Андреевский флаг” аталышындагы россиялык желекти башкалардан айрып таануу үчүн КГБ (красный, голубой, белый) деген сөздү ылдыйтан жогору карай окуу керек. Жогоруда долбоордун биринчи эле сүйлөмүндө айтылгандай, Кыргыз Республикасынын биз сунуш кылып жаткан мамлекеттик желеги жогортон төмөн карай горизонталдуу багытта жайгашкан көк, ак, кызыл түстөрдүн тең пропорциядагы тилкелеринен туруусу абзел. Эмне үчүн? Бул тууралуу бир аз ылдый жакта кеңири айтмакчыбыз.

Yчүнчүдөн, жогоруда Словения менен Словакия дал ушул Россиянын мамлекеттик желегине куюп койгондой окшош желектерге ээ болсо да, Россиядан айырмаланып, алардын атайы гербикалары бар экенин айттык. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги да “тумар”, “түндүк”, “жүрөк пейил”, “Умай эне”, “тоого чыгып бара жаткан илбирс” сыяктуу нукура кыргыздын табитине шайкеш келген символикалардан куралган гербикадан туруп, ошол эле Россия Федерациясынын түстөрү КГБ (красный, голубой, белый) катары чечмеленгенн, бирок гербикасы жок желегинен кескин айырмалана алат.

Кыргыз маданиятында кездеменин түсү айрыкча мааниге жана семантикага ээ болгон. Ошол себептен, берилген макаланын аягында түстөрдүн символикасы жана маани-маңызы тууралуу айтып, төмөнкүдөй маалыматты сунуш кылсак деген тыянакка келдик.



КӨК ТYС. Желектин горизонталдуу багытта жаткан биринчи тилкеси көк түстө болуусун сунуштоодобуз. Эмне үчүн?

Илимий адабиятта кыргыздарды санскрит тилинде сүйлөп, Атлантида сыяктуу эң байыркы цивилизацияны жараткан арийлер10 сымал түпкүлүктүү, тээ байыркы элдердин бири экендигин далилдеген негиздер бар жана алар дагы деле болсо тарыхчылар тарабынан табыла берет деген терең ишеничтебиз. Баары дале алдыда, ошого илгери үмүт кылалы.

Кийинки тарыхый, маданий, диний таасирлерге чалдыкпаган, көөнө, нукура кыргыз этномаданиятында “Көкө Теңир колдосун!”, “Көгөр!”, “Көшөгөң көгөрсүн!”, “Алганың менен агарып, көгөр!”, “Дарак бир жерден көгөрөт” ж.б. алкыш, же бата беръъ сөздөрү өзүнө ар түрдүү магиялык милдеттерди камтый. Алар сөздүн магиялык күчүнө ишенүү менен адамга жакшылык каалоо, анын күнүмдүк жумуштарына, же жоокерчилик иштерине ийгилик тилөө менен коштолот. “Көктөм” сөзү түбөлүк өнүгүүнү, кайра жанданууну, жазды, кайра жаралууну, жаштыкты туюнтат.

Эгер Манасты кудайдын санскрит тилиндеги ысымы деп алсак, анда кыргыздарга мүнөздүү болгон салттуу дин кандай мыйзам нормалары менен принциптерге таянган? Айрым изилдөөчүлөр көчмөн кыргыздар менен казактардын маданий идентүүлүгүнүн негизинде исламга чейинки мурастар, ири алдыда, теңирчилик каада-салты жатат деп баса белгилешет. Ошол себептен, көк түстү ислам менен байланыштырып, андан кооптонгондор – суу кечпеген иш. Тескерисинче, мусулман мамлекеттеринде жашыл, көк түс ыйык түстөргө кирет. Ошол себептен, “Андреевский флаг” аталышындагы россиялык желектен таке кесе айырмалоо максатында Кыргыз Республикасынын сунушталып жаткан мамлекеттик желегинин эң жогору бөлүгүнө жайгаштырылган КӨК түстү орус желегиндегидей чымкый көк эмес, Казакстандын желегиндегидей жашкылт-көк түс менен берсе да болот. КӨК түстүн зарыл болгон, орусча айтканда, оттенокторун тандоо ишин адистер менен коомчулуктун катышуусу менен да чечсе жаман болбойт.



Батыш баалуулуктарын башкаларга таңуулоо менен коштолгон ааламдашуунун (глобализациянын) шарттарында кыргыздардын улуттук мүнөзүнүн позитивдүү сапаттары менен касиеттерин сактап калуу процессинин зарыл шарты болуп улуттук ар-намысты ойготуу менен аталган улуттун өкүлдөрүн урмат-сыйга бөлөөгө мүмкүндүк берген улуттун көрөңгөлүү жана терең мазмундуу руханий маданиятынын баалуулуктарын кайра жандандыруу саналат. Чыгыш ой жүгүртүүсүндө Батышка караганда бир катар принципиалдуу өзгөчөлүктөргө ээ жоболор кездешет. Мисалы, кыргыз баласынын жүрүм-туруму ак-кара, адал-арам, убал-сооп ж.б. бийик рухий баалуулуктар менен тескелген. Ошол себептен, кыргыздар материалдык мүлкү менен эмес, руху, ыйманы, нарк-насили менен күчтүү болгон, акча менен эмес, бата менен КӨГӨРГӨН. Байыркы түрктөр, алардын ичинде, кыргыздар Теңирди (асман, көк), жылдыздарды ыйык тутушуп, ар кандай элдик ишенимдер пайда болгон. Культтардын ичинде Көк Теңирге сыйынуу өзгөчө орунда турат. «Теңир жалгасын!» деген алкыштар менен баталар салттуу болуп, мындай типтеги алкоолор «Манас» эпосунда көп жолугат.

Көчмөндөрдүн дүйнө таанымында КӨК ТЕҢИР – бул руханий дүйнө, түбөлүктүү ЖАКШЫЛЫКТЫН, КАЛЫСТЫКТЫН, АДИЛЕТТИКТИН, АКТЫКТЫН, НУКУРАЛЫКТЫН, АКЫЛДЫН мекени, ордосу. Адамдар Ай астындагы келди-кетти, оомалуу-төкмөлүү, бүгүн көргөн эртең жок материалдуу дүйнөдөн айырмаланып, эч качан сынбас, эскирбес, кирдебес, жоголбос, ар дайым аруу болгон Көк Теңирди ыйык деп эсептеп, ар кандай аракеттерди теңирге байланыштуу карап, алкоолорду, ал гана эмес, каргыштарды да жаратышкан. Ошого байланыштуу алардын бүгүнкү лексикада да «Теңир урсун!». «Төбөсү ачык көк урсун!», - деген өңдүү арбоо каргыштар кеңири жолугат. Эпостун текстинде Көк Теңирдин аты менен багытталган анттар, анттан тайган учурдагы каргыштар ар кандай кырдаалдарда колдонулат. Мисалы,

МАНАС” ЭПОСУНДА КӨКӨ ТЕҢИР МЕНЕН БАЙЛАНЫШТЫРЫЛГАН АНТ, УБАДА, ШЕРТ, АНЫ БУЗГАН УЧУРДА АЙТЫЛЧУ КАРГЫШ

Көк милтенин чогу урсун!

Убадаңар чын болсо

Ушуга хандар кол көтөр!


Ат башындай ак куран

Алып келип баары да

Көкүрөгүн урушту


Манас. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча. 4-том. 16-бет.

Биздин жеке пикирде, кыргыз баласынын жүрөгүн титиретип, жакасын карматып, тобо кылууга мажбурлаган бул сөздөрдү расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Президенти менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын антынын текстине киргизип коюу милдеттүү зарылдык болуп саналат.

Макаланын сөз башында айтылгандай, байыркылардын ишениминде келечектеги баатырлардын өзүнө ылайык коюлган ысым ыйык деп саналган. Себеби, башкы баатырдын келечеги ысымына да байланыштуу болгон. Жогоруда кыргыздар акча менен эмес, бата менен КӨГӨРГӨН дедик. Ошол себептен, “Манас” эпосунан төмөнкүдөй алкыштар менен баталарга байланышкан көлөмдүү мисалдарга атайылар токтолууну чечтик.



МАНАС” ЭПОСУНДАГЫ БАЛАНЫН ЫСЫМЫ ЖАНА ТУУЛУШУ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН АЛКЫШТАР ЖАНА БАТАЛАР

Манаска ат коюуда карыя баланын өмүрүн тилеп, кырсыктан, жамандыктан калкалоосун Алла Талаадан суранат, ага коюлган аттын өзү кырсыктардан сактайт деп ишенет да, думана алкышын каалоосу менен мына мындай билдирет:

Аты болсун Манас, - деп

Алда таала сактасын



Ар балаадан калас, - деп

Бата кылды баарысы



Караңыз: Манас. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча. 1-том. 87-бет.

Манас менен Каныкей көпкө балалуу болбой, алп балалуу болуш үчүн Каныкей атайын төмөнкүдөй аракеттерди жасайт:

Бабам Кошой кийсе деп,

Бала үчүн жүрөм ынтызар.



Батасы мага тийсе деп

Манас. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча. 3-том. 209-бет.

«Батасы журтту байыткан» Кошойдун батасын алуу үчүн ага атайы арнап 12 жыл бою “кандагай” деп аталган шымды жасайт. Көкөтөйдүн ашында кытай баатыры Жолой менен күрөшөөрдө Каныкей тиккен кандагайды кийип, анын уздугуна, акылына ыраазы болгон Кошой Каныкейди алкап, батасын берет:

Тилекти берсе бир Алла,

Туулса мындан бир бала

Ургаачы болбой, эр болсун!

Аюу болбой, шер болсун!



Атышканын алсын деп,

Күрөшкөнүн чалсын деп!

Катылышкан душманын

Өгөөлөсүн темирдей.



Акыры туулса эркек уул

Аты болсун Семетей.

Манас. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча. 3-том. 214-бет.


Кошой ошол эле учурда кандагайды жасашкандыгы үчүн Алмамбеттин аялы Аруукени да кошо алкап, келечектеги баатырдын, Семетейдин чоросу Күлчоронун атын атайт:

Арууке келин баласы

Акылдашы ар качан,



Ага болсун чын жоро,

Аты болсун Күлчоро



Манас. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча. 3-том. 215-бет.

Кошойдун батасы ордунан чыгып, Каныкей менен Арууке төрөгөн балдар Семетей, Күлчоро аталат. Эпостун контекстинде магиялык сөз күчүнө ишенүү орундалып, Кошойдун бата-алкоолору ишке ашат. Ошол себептен, кыргыздар адам акча, байлык менен эмес, алкыш жана бата менен көгөрөт деп терең ишенишет.

Кыргызда “жакшы тилек – жарыс ырыс” дейт. Эч качан сынбас, эскирбес, кирдебес, жоголбос, бүлүнбөс, ар дайым аруу болгон Асман, же Көк Теңир сымал түбөлүк өнүгүп-өсүп, көктөмдөй жадырап, жемиши гүлдөп, бышып, төгүлүп турган, аруу, таза, адеп-ахлактуу мамлекеттин расмий символдорунун бири болгон желегинде ушундай терең философиялык маани жаткан көк түстүн болушу – мыйзам ченемдүү нерсе.



АК ТYС. Желектин горизонталдуу багытта жаткан кап ортосундагы тилкеси ак түстө болуусун сунуш кылабыз.

Д. Сарыгуловдун пикиринде Теңир кудайынын уьгусун «тең» сөзү түзөт (Караңыз: Сарыгулов Д. И. Тенгрианство и глобальные проблемы совремменности. Теңирчилик – кыргыздардын дүйнө таанымы, түбөлүк билими. – Бишкек: Фонд «Тенгир Ордо», 2002. – С. 48). Философиянын тарыхына кайрылуу аркылуу кыргыздардын теңирчилигин байыркы кытай философиясындагы инь менен яндын, материя менен идеянын, асман менен жердин, жамандык менен жакшылыктын, эркек менен аялдын биримдиги жана күрөшүн элестеткен Тай-Цзи (Улуу Бөлгүч, Теңдегич) окуусу, символу менен салыштырууга болот.

Теңирчиликти ыйык туткандар АКты, б.а. ыйманды, абийирди, намысты, уятты өтчү-кетчү материалдык дүнүйөдөн, байлыктан, бийликтен, мансаптан, ал тургай, өмүрдөн да бийик баалашкан; “АК” сөзүн тергеп, “боз үй”. “боз жорго” дешет, “АК ЖОЛУҢ АЧЫЛСЫН!” деген каалоону айтышат, АК КАЛПАГЫН кастарлашат, ЭНЕНИН АК СҮТҮН актоого тырышышат, АК КАРЛУУ, көк муздуу Ала-Тоосун катылган душмандардан татыктуу коргоп келишкен, босогону жаңы аттаган келинге буга чейин абышкасы менен ажырашпаган, жесир калбаган, ала жипти аттабаган, б.а. АК ЭЛЕЧЕГИ БУЗУЛБАГАН АПА АК ТИЛЕГИН АЙТЫП, АППАК ЖООЛУГУН салат ж.б.. Ошол себептен, байыркы кыргыздар адамдарга гана эмес, жан-жаныбар, жансыз нерселерге карата да АК деп саналган адеп-ахлак императивдерин кеңири колдонушкан. Демек, теңирчилик, рухий түшүнүмдөр менен тескегичтер традициялуу коомдун конституциялык фактору катары жамааттын жашоосу, теги, кесиби, мүлкү ар кандай болгон мүчөлөрү үчүн мыйзамытеь салмактуулук, нормасытеңдик болуп эсептелген системанын универсалдуу бирдиктерине айланган жана жамаат мүчөлөрүнүн бийлик жүргүзүү ишине тең катышуу принцибин түшүндүргөн.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет