Аалиева гүлзат Карыбековна



бет1/5
Дата27.06.2016
өлшемі0.71 Mb.
#162675
  1   2   3   4   5
ААЛИЕВА

Гүлзат Карыбековна

КӨК АСАБА, КЫЗЫЛ ТУУ, КӨК ЖАҢЫРГАН УЛУУ ЧУУ, ЖЕ МАМЛЕКЕТТИН САЯСИЙ АТРИБУТТАРЫНЫН ЖАҢЫ ДОЛБООРУ




БИШКЕК - 2012
СӨЗ БАШЫ
Кыргызстандын коомдук телеканалы (КТР) аркылуу сунуш кылынган Өмүркул Кулумбаев агайдын тагдыры тууралуу көрсөтүү зор таасир калтырды. Агай 27 жаш курагында автокатастрофага дуушарланып, 49 жыл бою төшөккө жатып калган экен. Тагдырдын мындай таш боордугуна нааразы болгон агайдын «ата-энем менин атымды эмне себептен Өмүркул койду экен?.. Өмүр бою кул сымал тагдырдын башка салганына аргасыз баш ийүүө мажбур болдум…», - деген сөздөрү жана 2012-жылдын март айынын акыр жагында НТС каналынын «Особое мнение» деп аталган ток-шоусунда мамлекеттик атрибуттар тууралуу айрым аттуу-баштуу адамдардын пикирлери көптөн бери көкүрөктө бышып жүргөн ушул макаланы жазууга түрткү берген себептердин бири болуп калды.

...Кыргыз менталдуулугунда «Манас» феномени ёзгёчё орунду ээлеп турат. Кыргыз менталитетинде «Манас» деп ураан чакыруу, «Манастын арбагы колдосун!», же «Манастын урбагы урсун!» деген күчтүү сөздөр, уул балдарына Манас деген ысымды коюдан кооптонуулар арбын кездешет. Манастын атын кол жоолукка айландырып, алдын-артын ойлонбой эле ургу-бергиге салып, пайдалана берүүгө болбойт. Эмне үчүн? Эгер илимдеги салыштыруу методуна кайрыла турган болсок, анда төмөнкүдөй кызыктуу фактыга күбө болобуз.

1. Заманбап кыргыз тилинде да, башка түрк тилдерде да улутубуздун сыймыгын, ар-намысын, көрөңгөсүн туюндурган «манас» деген сөз да жок, анын мааниси менен мазмунун түшүндүрөн философиялык чечмелөөлөр да азырынча жокко эсе. Дүйнөлүк философиянын тарыхына кайрылсак, «манас» деген уңгуга ээ төмөнкү сөздөр менен түшүнүктөр санскрит тилинде1 кездешээрин байкоого болот:



МАНАС” ТЕРМИНИНИН САНСКРИТ ТИЛИНДЕГИ МААНИЛЕРИ

Манас (санскрит тилинде manas – акыл) – байыркы Индия философиясынын негизги түшүнүктөрүнүн бири; менталдуу нерселердин баардыгын камтыган эң кеңири маанидеги акыл; сезүү органдары аркылуу кабыл алынуучу таасирлерди түшүнүүгө, б.а. ой жүгүртүүгө жана ушул таасирлерге жооп берүүгө жөндөмдүү интеллект; кабылдоо, сезим, аң-сезим, эрк; кабылдоонун жана таанып билүүнүн ички органы; бул органдын жардамы менен ой жүгүртүү (ойлом) келип чыгуучу аспап (жөндөмдүүлүк), ал эми кабылдоо объектилери болсо жан дүйнөгө таасир этет (Караңыз: Философия. Энциклопедиялык окуу куралы. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. 283-бет).

Ману (санскритче Manu – адам, бул сөздүн уңгусу manas – акыл, man – ойлойт, ой жүгүртөт2) – индиялык мифологияда адамдардын алгачкы бабасы, түпкү атасы. Ведалык салттарда Ману Күн кудайы Вивасватанын уулу жана Яманын бир тууганы болгон. Мында Ману жерде жашаган алгачкы адам жана тунгуч падыша, ал эми Яма тиги дүйнөгө кеткен алгачкы адам жана өлгөн ата-бабанын падышасы катары каралат. Веда адабияты көзү өтүп кеткен жети жана келечекте төрөлө турган жети, баш аягы он төрт Мануну атайт. Алардын ар биринен адамзат тукуму жаралган. «Шатапата-Брахманда» шумерлердин, семиттердин жана гректердин топон суу менен байланышкан мифине окшогон төмөнкүдөй жомок сунуш кылынат. көзү өтүп кеткен Манулардын акыркысы, же жетинчи Ману ырым-жырым учурунда колун жууп жатып, кичинекей балыкты кармап алат. Балык андан мени багып өстүрсөң, сени келечекте боло турган топон суудан куткарам деген убаданы берет. Балык баралына жетип, чоңойгондо, жетинчи Ману аны деңизге кое берет да, анын кеңеши боюнча чоң кеме кура баштайт. Көп өтпөй эле бът дүйнөнү топон суу каптап, өзүнө сүзүп келген балык мүйүзүнө кемени илип алып, сүйрөп жөнөйт да, Мануну түндүк тараптагы суудан жогору чыгып турган тоого алып келет. Бир канча убакыт өткөндөн кийин топон суу тартылып, жандуунун баарын кыргынга салып кетет да, Ману жалгыз калат. Ал кудайларга курмандык чалып, бул курмандыктан Ила (Ида)3 аттуу кыз чыгат. Ила Манунун аялына айланып, ал экөөнөн «Манунун тукумдары» (мануджа, же манушья) деген адамзат жаралат (Караңыз: Ману // Мифы народов мира. Энциклопедия: в 2-х томах. – Т. 2. – С. 106-107).

2. Иоанндын Инжили (Евангелие от Иоанна) «Дүйнөнүн башында Сөз болгон. Бул Сөз Кудайда болгон. Бул Сөз Кудай болгон» («В начале было Слово. Это Слово было у Бога. Этим Словом был Бог») деген формула менен башталат. Библиянын бул формуласы боюнча материалдуу дүйнөдөн мурда Кудай ошол дүйнө менен андагы ар бир нерсенин, жандыктын, адамдын максаты менен маанисин алдын ала аныктаган рухий долбоорду түзгөн. Ошондон кийин гана берилген долбоор боюнча Кудай материалдуу дүйнөнү жараткан. Демек, христиан дини философиянын эмне биринчи: материябы, же идеябы деген суроосуна Кудай, анын акыл-эси, ошол акыл-эстен жаралган анын руханий долбоору биринчи, ал эми Кудайдын акыл-эси менен долбоорунан жаралган материалдуу дүйнө экинчи экенин ачык, даана, так түшүндүөт. Инжилдеги жогоруда сунуш кылынган формуладагы «Сөз» («Слово») деген түшүнүктү божомол мааниси боюнча грек жана санскрит тилдерине которгонго аракет кылсак.


ГРЕК ТИЛИНДЕ

САНСКРИТ ТИЛИНДЕ

Дүйнөнүн башында Логос болгон. Бул Логос Кудайда болгон. Бул Кудай деген Логос болгон.

Дүйнөнүн башында Манас болгон. Бул Манас Кудайда болгон. Бул Кудай деген Манас болгон.

Келтирилген мисалдардан төмөнкүдөй божомолдуу тыянактарга келебиз:

МАНАСТЫН ДИНИЙ КУЛЬТУНА КЕЛТИРИЛГЕН БОЖОМОЛДОР

Кыргыздар адамзат тарыхындагы эң байыркы эл катары качандыр бир кездерде «Манас» деген культтун тегерегинде калыптанган монотеизмдин негизин түзө турган менталдуу түшүнүктөргө ээ болгон.

Дүйнөдө бир эле Кудай бар делгени менен ошол кудайдын аты ар кайсы тилде ар кандайча аталат. Мисалы, грек тилинде Логос, латынча Деус, арабча Аллах, кытайча Тянь, байыркы түрк тилдеринде Теңир, орусча Господь Бог. Балким жалгыз кудайдын санскритче аты Манас болуп жүрбөсүн? Динге жан-дилинен берилген адам диний-этикалык түшүнүмдөрдөн улам баласынын атын кудайдын атынан койбойт. Тарбия берүү максатында Манас аттуу уулун жемелөө аркылуу байыркы бабаларыбыз Кудайды жемелеп алабыз деген түшүнүмдөргө жетеленип, баласына Манас деген ысымды берүүдөн кооптонгон чыгаар… Эмнеси болсо да, кыргыз баласынын менталитетинде «Манас» өзгөчө аярдыкты, этияттыкты талап кылган, аны оңго, солго карай туш келди айтуу, колдонуу табу (полинезиялыктардын тилинде taboo – тыюу салам; тыюу салуулардын системасы) деп табылган өтө сакралдуу түшүнүк (латынчадан sacer – ыйык, жёрёлгёлъъ) болуп саналат.

Эгерде монотеизм авраамдык (ибрагимдик) диндерге таандык десек, анда асмандагы Кудай менен жердеги кишилерди өз ара байланыштырган алгачкы кишинин, тунгуч пайгамбардын аты Адам (иврит (еврей) тилинде Adam – топурак) болгондуктан, анын тукумдары адамзат деп аталганын эске алсак, анда индиялык мифологияга таянуу менен адамзаттын түпкү бабасы болуп саналган Ману (Манас) да тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүндө тарыхый эс-тутумдан акырындык менен четке сүрүлүп, унутта калса да, кыргыздардын менталитетинде архетип катары сакталып калган алгачкы пайгамбардын же Кудайлар менен жердеги кишилерди өз ара байланыштырып турган тунгуч ортомчунун ысымы болсо керек деп божомолдоого болот.

3. Жогоруда мисал катары келтирилген байыркы индиялык мифологияга таяна турган болсок, анда чындыгында эле, кыргыздар - Ману (Манас) деп аталган түпкү атадан тараган эң байыркы эл. Ал эми «Манас» эпосунда башкы каарманды сыпаттоодо колдонулган төмөнкү формула Манастын (мүмкүн, «кырк + аз4» деген маанини билдирген жалпы эле кыргыз элинин) керемет текке (балким дүйнөнү тиреп турган түркүктөн, же «аз» дан жаралганын) ээ экенин туюндурат:

МАНАСТЫН СКАНДИНАВИЯЛЫК САГАЛАРДА (ТАРЫХЫЙ ЖОМОКТОРДО) ААЛАМДЫН ТYРКYГY ДЕЛГЕН “АЗ” АТТУУ КЕРЕМЕТ ТЕКТЕН ЖАРАЛГАНДЫГЫН КYБӨЛӨГӨН САПТАР

Алтын менен күмүштүн

Ширөөсүнөн бүткөндөй,

Асман менен жериңдин

Тирөөсүнөн бүткөндөй,



Айың менен күнүңдүн

Бир өзүнөн бъткёндёй.

Алды калың кара жер

Манаска, жердигинен түткөндөй



(Манас. Энциклопедия. – Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1995. – Т. 2. 91-бет)

Кыргыз менталитети менен индоевропалык маданиятты ёз ара салыштыруу аркылуу илимий божомол формасында болсо да, төмөнкүдөй кызыктуу фактыларды таап алабыз:

БОЖОМОЛДУН КЫРГЫЗЧА АЙТЫЛЫШЫ

ОРУСЧА ТРАНСКРИПЦИЯСЫ

БОЖОМОЛДУН ОРУСЧА МААНИСИ

Эр Ману (Манас) тукумдары турган жер

Германия – Germany (Her Manus)

Земля потомков Господа Бога, или земля потомков первочеловека

Манас-Төр

Монастырь

Священное место сыновей человека

Манаска таазим эткен киши

Монах

Человек, чтивший человека, Бога

Аруу, аруу тилек, аруу кыз, аруу максат Арууке (кыз аты)

Арий, ариец (мужчина), ариана (женщина)

Чистейший, чистокровный, без примеси, сама чистота.

Темадан бир аз алыстап кеттик окшойт. Ошол себептен, макаланын авторун “мээ кайык неме көрүнөт, айтаарынын баш-аягы жок”, - деп жемелегенге шашылбай туруңуз. Анткени, көптөгөн элдердин этномаданиятында айрым сөздөр, аталыштар жана антропонимдер (грекчеден anthropos – адам, onyma – ысым, ат) ёзгёчё сакралдуу мааниге ээ. Жогоруда, Инжилден алынган мисалда айтылгандай, байыркы адамдар өз таалай-жазмышы менен ысымынын (долбоорунун) ортосунда кандайдыр бир сакралдуу байланыш бар деп ишенишкен (Караьыз: Аалиева Н. К. Место и роль табуизированных и инвективаных слов в этнокультуре кыргызов // Вестник КГЮА. Научно-методический журнал. – Бишкек, 2009. – № 5. – С. 3-8). Ар кыл элдердин, алардын ичинде кыргыздардын этномаданий салттарында адамдын тагдыры, пешенеси, рухий долбоору менен байланышкан ысымын кол жоолукка айлантып, ойду-келди айтуу анын келечек тагдыры менен жүрүм-турумуна терс таасир тийгизет деп ишенишкен.


КЫРГЫЗ ИШЕНИМИНДЕ ЫСЫМДАРДЫН БАЛАНЫН ТАГДЫРЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИНЕ АЙРЫМ МИСАЛДАР

Бай-кедей жиктелүүсүн четке каккан советтик доордо, коммунисттик идеология үстөмдүк кылган мезгилде туулса да, наристеге Сатыгул деген ысым ыйгарылды. Тун уулуна берилген мындай ысымга нааразы болгондордун «Мындан башка ысым жок бекен?», - деген суроолоруна колхоздун алдыңкы чабаны, орден-медалдын ээси, ар кандай деңгээлдердеги Советтерге депутат болгон ата «Адамды кул катары саткан заман өткөн. Менин уулум сатылган кул эмес, эл керегине жараган азамат болот», - деди илгери үмүт менен.

Жылдар учуп, Сатыгул чоңойду. Башка он баласына караганда тун уулунан көптү күткөн атасы аны чоң окуу жайдан окутту, кийбегенди кийгизди, ичпегенди ичирди. Сатыгул татынакай келинчектүү, уул-кыздуу болуп, жакшы кызматтарды ээледи. Коомчулукка белгилүү болуп калган бардар атанын эрке уулу тез эле аракка ооду.

СССР кулагандан кийин аракка толугу менен берилип кеткен Сатыгулдун үй-бүлө очогу бузулуп, аялы менен балдары андан алыстап кетишти. Көп өтпөй «Сатыгул жоголду», - деген кабар тарады. Табылбай жүргөн Сатыгул 20 жылдан соң кыргыз телевидениесинин «Кайдасың?» деп аталган көрсөтүүсүнүн журналисттери тарабынан табылат. Бир кезде билими, кызматы ж.б. социалдык-экономикалык жана руханий баалуулуктары менен айырмаланган жогорку квалификациялуу адис арактын айынан көрүнгөнгө сатылып, кул катары алардын малын багып жүргөн экен.


Он балалуу болсо да, алардын ичинен тун уулу Назарбек келишимдүү сырткы келбети, бийик адамкерчилиги, кичипейилдиги, башкалар менен ишке жасаган жоопкерчиликтүү мамилеси аркылуу абдан айырмаланып турчу. Эл оозуна алынып, кызматы жогорулап, кыргыздын керегине жараган азамат болгон уулунан атасы көптү күттү, ага көп үмүт артты. Дал ушундай мезгилде Назарбек рак оорусуна чалдыгып, тез эле бул дүйнө менен кош айтышып, жакындарын, биринчи кезекте, башка балдары бир тең, Назарбек бир тең болгон атасын өкүттө калтырып кетти.

Эскертүү: ислам динин туткан башка элдердин көпчүлүгүндө, мисалы, пакистандыктарда, «назар» деген сёз «көз тийүү» деген маанини билдиргендиктен, алар уулдарына Назар деген ысымды ыйгарышпайт экен – А. Г.


МАМЛЕКЕТТИН САЯСИЙ АТРИБУТТАРЫ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА ТАРЫХНАМА
Эгерде адамдын алдын ала болчу тагдырын, таалайын аныктаган руханий долбоор катары анын ысымын айтсак, анда мамлекеттин келечегин болжогон руханий долбоор деп анын расмий атрибуттарын жана аларда чагылдырылган белгилердин маани-маңызын түшүнсөк болот.

Мамлекеттин расмий деп таанылган саясий атрибуттарын изилдеген илим геральдика (соңку латын тилинен heralddus - жарчы) деп аталат. Илимий адабият геральдиканын төмөнкүдөй 2 маанисин айырмалайт:



ИЛИМИЙ АДАБИЯТТА ГЕРАЛЬДИКАГА БЕРИЛГЕН АНЫКТАМАЛАР:

Геральдика – бул 13-кылымдан 19-кылымдын 1-жарымына чейин Европада рыцарлар, дворяндар, цехтер ж.б. үчүн гербдерди иштеп чыгуу, түзүү өнөрү. Бул өнөр орто кылымда жарчылар рыцарлардын турнирге катышуу укугун далилдөөчү гербин жарыялоо салтынан улам келип чыккан. Кийинчерээк геральдика мамлекеттик мааниге ээ болгон: гербдерди берүү жана бекитүү королго гана тиешелүү болуп, гербге ээлик кылууга укук берүүчү атайын мыйзамдар (герб грамотасы) иштелип чыккан. Европа королдорунун сарайларында гербдердин кимге таандык экендигин аныктаган, аларды чогулткан жана жаңы гербдерди жасаган атайын дайындалган адамдар - герольддор болгон. Кийин алар герольдмейстер жетектеген Герольдия мекемелерине бириктирилген. Король тарабынан бекитилбеген гербдер пайдаланылса, айып салынган. Учурда Англияда жаңы шайланган пэрлердин (парламент мүчөлөрү) тегин тактоо жана аларга таандык жеке гербдерди иштеп чыгуучу геральдика палатасы бар (Караңыз: Геральдика: материалы и исследования. - Л., 1987; Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. – Т. 2. – Бишкек, 2007. 668-бет).

19-кылымдын 2-жарымынан геральдика тарых илиминин гербдерди изилдөөчү көмөкчү тармагы катары калыптанган. Жалпы эле гербдерди (айрыкча, алардын тамгалары менен белгилерин) изилдеп, аларды тарыхый дарек (булак) катары пайдаланат. Геральдика илими генеалогия, нумизматика, археология, палеография, сфагристика (мөөр) менен тыгыз байланыштуу. Европада 1-жолу Берлинде 1706-жылы геральдика кафедрасы ачылган (Караңыз: Геральдика: материалы и исследования. - Л., 1987; Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. – Т. 2. – Бишкек, 2007. 668-бет).

Байыркы дүйнөнүн монеталарында, медалдарында, мөөрлөрүндө дайыма кайталанып түшүрүлүүчү эмблемалар алгачкы гербдин жаралышын шарттаган. Б.з.ч. 3-миң жылдыкта Шумер мамлекетинде герб арстан баштуу бүркүт, Египеттики жылаан, Персияныкы да бүркүт, Байыркы Грецияда: Афиныныкы үкү, Коринфтики канаттуу жылкы, Родостуку атыр гүл, Самостуку тоо ж.б. болгон. Орто кылымдан азыркыга чейин сакталып калган шаар гербдери (Флоренциянын кызыл лилиясы, Венециянын канаттуу арстаны, Лондондун кылыч жана калканы ж.б.) пайда болгон. Тирүү жандыктарды тартууга тыюу салынган мусулман өлкөлөрүндө гербдерге оймо-чиймелер түшүрүлгөн. Россияда 12-кылымда шаарлардын көбүнүн (Москва, Новгород, Псков ж.б.) герби болсо, дворяндардын алгачкы гербдери 16-17-кылымдарда пайда болуп, 18-кылымда кеңири тарала баштаган. СССР мезгилинде Совет мамлекетинин расмий эмблемасы жана анын курамындагы 15 союздук республикалардын, алардын ичинде Кыргыз Совет Республикасынын да өздөрүнө таандык расмий эмблемалык белгилери болгон. Кыргыз Республикасы эгемендикке ээ болгондон кийин анын герби, гимни жана желеги сымал мамлекеттик атрибуттары да жаңыланды.

Желек, аскердик туу ж.б. байыркы замандарда эле колдонулуп, Байыркы Чыгыштагы Индия, Кытай ж.б. өлкөлөрдө мамлекеттин расмий атрибуттарына айланган. Ал бийик, обочо жерге илинип (кадалып), аскерлерди чогултуу, жыйноо белгисин билдирген.

«Кыргыз кыргыз болгону, кыргыз атка конгону», - деп башталат көп санжыралар. Кыргыздар - көз каранды эмес Кыргыз Республикасынын антропологиялык жана тилдик өзгөчөлүтөргө ээ тъпкълъктъъ калкы. Байыркы мезгилдерден бери Борбордук Азиянын тарыхында Теңир-Тоону мекендеген кыргыздар саясий тарыхта татыктуу орунду ээлеп келе жаткандыгын жазма булактар менен этнографиялык изилдөөлөр күбөлөп келет.

Илимий адабиятта этностун саясий эволюциясын пассионардуулук (латынчадан passio – шыктануу, дилгирленъъ, кумардануу, ышкыбоздук) деп аталган ашыкча буркан-шаркандуу энергия аркылуу түшүндүрүү аракеттери орус ойчулу, тарыхчы Л. Н. Гумилевго (1912-1992) таандык. Л. Н. Гумилевдун пикиринде пассионардуулук тарыхка тереь из калтырган каалагандай ишмердъълък менен иш-аракеттин негизинде жатат. Бул фазада урунаарга тоо, урушаарга жоо таппаган пассионарийлер кандайдыр бир аймактарды басып алуу, бир нерсени тартып алуу, же колониялаштыруу сыяктуу сыртка багытталган иш-аракеттерге жумшайт. Айтсак, француздар менен немистердин ашыкча энергиясын сыртка коротуунун классикалык мисалдары болуп алардын алгачкы Кресттүү жортуулдарын атоого болот.



МАНАС” ЭПОСУНДА ПАССИОНАРДУУЛУКТУН СYРӨТТӨЛYШY

Урунаарга тоо таппай,

Урушаарга жоо таппай,



Тиштээрине таш таппай,

Кесээрине баш таппай,



Сары конуш бел таппай,

Сайыша турган эр таппай



(Манас. С. Орозбаковдун варианты боюнча. – Т. 2. 65-бет)


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет