Кыргыз республикасынын мыйзамы

Дата16.06.2016
өлшемі335.74 Kb.
#139564
түріКодекс
Долбоор
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 133-1-статъя менен толукталсын:
133-1-статъя. Салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамилени жалпыга маалымдоо каражаттарынын көмөгү менен калыптандыруу
(1) Салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамилени жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-телекоммуникациялык желе-тармактарды, анын ичинде Интернетти колдонуу менен калыптандыруу,

- эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүнөн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат же алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.

(2) Ошол эле жосун:

1) салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамилени жашы жете элек адамдардын арасында калыптандырууга багытталса,

2) ушул главанын статъяларында каралган кылмыштар үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда, -

эсептик көрсөткүчтүн отуз өлчөмүнөн алтымыш өлчөмүнө чейин айып салынат же алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.”.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 66-12-статъя менен толукталсын:
66-12-статъя. Салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамилени калыптандыруу
Салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамилени калыптандаруусу, эгерде бул аракет кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган квалификациялануучу белгилерди камтыбаса, -

жеке жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн сегизден он беш өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статъянын биринчи бөлүгүндө каралган салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамилени тынч чогулуштарды пайдалануу менен калыптандыруу, -

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он алтыга чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Салттуу эмес сексуалдуу карым-катнаштарга оң мамилени калыптандыруу деп, эгерде жасалган аракеттерде кылмыш-жазалык жактан жазалануучу жосундар камтылбаса, адамда салттуу эмес сексуалдык туюндурмаларды калыптандырган, салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштардын жагымдуу экендиги, салттуу жана салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштардын социалдык жактан тең баалуу экендиги тууралуу туура эмес көз караштарды калыптандырууга багытталган маалыматтарды таркатуу, же болбосо салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата кызыкчылыкты жаратуучу маалыматтарды таңуулоо түшүндүрүлөт.”.

2. 556-1-статъянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктундагы үчүнчү абзац “66-11,” деген цифралардан кийин “66-12,” деген цифралар менен толукталсын.

3-берене.

“Тынч чогулуштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (29 майындагы 2012 жылынын N 47 "Эркин Тоо" газети) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

10-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3) - пункт менен толукталсын:
“3) салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамилени калыптандырууга багытталган аракеттерди жасоо.”.
4-берене.

“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (4 августундагы 1992 жылынын N 99 "Эркин Тоо" газети) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

23-статъянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы л) пункту менен толукталсын:
“л) салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамилени калыптандырууга жол берилбейт.”.
5-берене.

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын

Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Бул мыйзам долбоорунун максаты болуп салттуу эмес сексуалдык карым-катыштарга карата оң мамилени калыптандырууну камтыган маалыматтарды таркатууну чектөө жолу менен кыргыз коомунун салттуу үй-бүлөлүк, адамдык, адептик, тарыхый баалуулуктарын коргоо жана сактоо эсептелет.

Ушул мыйзам долбоорунун милдеттери төмөнкүлөр:

- жалпыга маалымдоо каражаттарында салттуу эмес сексуалдык карым-катыштарга (бачабаздык, лесбиянкалык, салттуу эмес сексуалдык жүрүм-турумдун башка формалары) ачык түрдө же кыйыр түрдө чакырган фото, видео, текст материалдарды таркатууга чектөө коюу;

- салттуу эмес сексуалдык карым-катыштардын кайсы болбосун түрүнө байланыштуу пикирлерди жана маалыматтарды коомчулукка жеткирүү максатын койгон кандай болбосун тынч чогулуштарды уюштурууга жана аларга катышууга чек коюу. Бирок, бул мыйзам долбоору жарандардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу уруксат берген тынч чогулуштарга болгон укугун эч кандай чектөөгө багытталган эмес;

- салттуу эмес сексуалдык карым-катыштардын ар кандай формаларын ачык түрдө же кыйыр түрдө үгүттөөнү, анын ичинде жашы жете электерге карата үгүттөөнү камтыган маалыматтарды таркаткандык үчүн юридикалык жана жеке жактардын кылмыш-жазалык жана администрациялык жоопкерчилигин аныктоо.

Бул мыйзам долбоору коомдо гомосексуалдык мамилелерди үгүттөп-жайылтууга жана “гомосексуалдык жашоо ыңгайын” өзгөчө жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында насыяттоого жол бербөө үчүн мыйзамдык негиз берет жана бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36-беренесинин 1-бөлүгүнүн “Үй-бүлө - коомдун негизи. Үй-бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык - бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу корголот”, жана Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөө кодексинин 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн “Үй-бүлө - коомдун негизи. Үй-бүлө, аталык, энелик, балалык - бүткүл коомдун камкордугунун жана айрыкча мыйзамдык коргоонун жүйөсү” деген нормаларынан келип чыгат. Ушуга байланыштуу, аталган нормаларды бузуусу үчүн келип түшкөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу өзүнчө юридикалык жоопкерчилик институту менен камсыз болушу керек, мунун жыйнтыгы болуп бул мыйзам долбоору эсептелет.

Азыркы кездеги эл аралык тажрыйба көрсөтүп жаткандай, Улуу Британия, АКШ (8 штат), Россия Федерациясы, Молдова, Украина, Литва, Латвия сыяктуу, дагы бир катар өлкөлөрдө салттуу эмес сексуалдык карым-катыштарга карата оң мамилени калыптандырууга багытталган кандай болбосун маалыматтарды таркатууга чектөөлөр киргизилген.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу экономикалык, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.

Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынса, дурус социалдык натыйжаларды берери күтүлөт, анткени кыргыз коомчулугунун басымдуу көпчүлүгү бул мыйзам долбоорун колдой тургандыгы айгине.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылыйык келет жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине каршы келбейт, ошондой эле кыргыз коомчулугунун салттуу үй-бүлөлүк жана адептик баалуулуктарын коргоого багытталган.

Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий Интернет сайтына (www.kenesh.kg) жайгаштырылган. Коомдук талкуулоо учурунда келип түшкөн сын-пикирлер жана сунуштар каралды.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылоо булактарын талап кылбайт.

Бул мыйзам долбооруна карата анын ишкердикти жөнгө салуусун талдоо талап кылынбайт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде мыйзам долбоорун колдоого алып берүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттары

К.С. Дыйканбаев
У.Т. Кочкоров
Т.З. Зулпукаров

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

Колдонуудагы редакция

Сунушталып жаткан редакция

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.)

133-1-статъя. Салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамилени жалпыга маалымдоо каражаттарынын көмөгү менен калыптандыруу
(1) Салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамилени жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-телекоммуникациялык желе-тармактарды, анын ичинде Интернетти колдонуу менен калыптандаруу,
- эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүнөн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат же алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.
(2) Ошол эле жосун:
1) салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамилени жашы жете элек адамдардын арасында калыптандырууга багытталса,
2) ушул главанын статъяларында каралган кылмыштар үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда, -

эсептик көрсөткүчтүн отуз өлчөмүнөн алтымыш өлчөмүнө чейин айып салынат же алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.)

66-12-статъя. Салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамилени калыптандыруу
Салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамилени калыптандаруусу, эгерде бул аракет кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган квалификациялануучу белгилерди камтыбаса, -
жеке жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн сегизден он беш өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статъянын биринчи бөлүгүндө каралган салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамилени тынч чогулуштарды пайдалануу менен калыптандыруу, -

эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он алтыга чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү. Салттуу эмес сексуалдуу карым-катнаштарга оң мамилени калыптандыруу деп, эгерде жасалган аракеттерде кылмыш-жазалык жактан жазалануучу жосундар камтылбаса, адамда салттуу эмес сексуалдык туюндурмаларды калыптандырган, салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштардын жагымдуу экендиги, салттуу жана салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштардын социалдык жактан тең баалуу экендиги тууралуу туура эмес көз караштарды калыптандырууга багытталган маалыматтарды таркатуу, же болбосо салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата кызыкчылыкты жаратуучу маалыматтарды таңуулоо түшүндүрүлөт.

556-1-статья. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары

1. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттор тарабынан кароо ишке ашырылуучу администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

1) ага ыйгарым укуктуу кызмат адамдары:

прокуратура органдары (49, 50, 51, 52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59,  61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, 67, 82-1-статьялар, 400, 400-3, 404,  406, 409-1-статьялар);

ички иштер органдары (66-3, 66-4, 66-5, 66-6, 66-8, 66-9, 66-10, 66-11, 105, 148, 149, 149-1, 151, 152, 153, 154, 155, 157, 231-1, 345, 354, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 374, 382, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 391, 392, 393, 422-статьялар);

(төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 1-мартындагы N10 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

мамлекеттик каражаттарды пайдаланууга контролдоону жүзөгө ашыруучу органдары (60-статья);

балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар (65, 66, 66-1, 66-3-статьялар);

дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (61, 395-статьялар);

мамлекеттик эмгек инспекцияларынын жана аларга баш ийген мамлекеттик инспекциялардын органдары (68, 70, 71, 72, 73, 74, 79-статьялар);

миграция жана ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (80-статья);

социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары (80-статья);

саламаттыкты сактоо органдары (85, 85-1, 87, 91-1, 92, 92-1, 93, 95, 286-статьялар);

стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (92-статьянын экинчи бөлүгү, 286-статья, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 412-статья);

геология жана минералдык ресурстар органдары (102-статья);

айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба органдары (140, 142, 147, 148, 149, 149-1, 149-2, 151, 152, 153, 154, 155, 156, 157-статьялар);

мамлекеттик бажы кызматынын органдары (147, 153-статьялар, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 301, 503, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505-статьялар);

мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдары (228, 232, 234-статьялар, 235-статьянын экинчи бөлүгү, 238-статья, 240-статьянын экинчи бөлүгү, 241, 242, 248, 250-статьялар);

автомобиль транспорт, электр транспорт жана жол чарба органдары (230-статья);

аба транспортунун органдары (254-статья);

(он тогузунчу абзац КР 2014-жылдын 3-февралындагы N 25 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

байланышка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү органдары (271, 273, 277-статьялар);

(жыйырма биринчи абзацы КР 2013-жылдын 20-февралындагы N 26 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органы (286-статья);

салык кызматы органдары (285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 301, 301-1, 301-2, 301-3, 302, 307, 308, 310, 340, 341, 346-1, 354, 405, 408-1, 410, 410-1-статьялар);

ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдары (404-статья);

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган (342-345-статьялар);

маданият жаатындагы ыйгарым укук берилген орган (305-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 117-1 - 117-5, 344-статьялар);

Улуттук банк (363-статья);

(Жыйырма сегизинчи абзац КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

мамлекеттик өрткө каршы кызматынын органдары 371-статья;

юстиция органдары (394-статья);

улуттук коопсуздук органдары (272-1 - 272-3-статьялар, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 393, 409-2, 409-3-статьялар);

финансы полициясынын органдары (305-статьянын биринчи-үчүнчү бөлүктөрү, 339-341, 400-1-статьялар);

билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (417-статья);

архитектура жана курулуш иштери боюнча органдар (117-1 - 117-3, 454, 476-статьялар);

банкроттук жөнүндө иштер боюнча органдар (505-1, 505-2, 505-3, 505-4, 505-5, 505-6, 505-7, 505-8, 505-9, 505-10-статьялар);

терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары (505-17-статья);

2) ушул статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында каралган учурлардан тышкары, ушул Кодекстин 354-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө аткаруу бийлигинин органдарынын, алардын мекемелеринин, түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жана аймактык органдарынын, ошондой эле тиешелүү органдардын компетенцияларынын чектеринде ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн лицензиялоону жана лицензиялардын шарттарын сактоо үчүн контролдоону жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары укуктуу;

3) ушул Кодекстин 420 жана 422-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө сот аткаруучулары, сот приставдары жана соттун төрагасы же соттун жыйналышына төрагалык кылуучу тарабынан ыйгарым укук берилген башка сот кызматкерлери укуктуу.

2. Ушул Кодекстин 509 - 546-3-статьяларында көрсөтүлгөн органдардын кароосуна өткөрүлүп берилген администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укуктуу.

3. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укугу бар кызмат адамдарынын тизмеги мыйзамдарда көрсөтүлгөн органдарга жүктөлгөн милдеттер менен иш-милдеттерге ылайык мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына жараша белгиленет.

556-1-статья. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары

1. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттор тарабынан кароо ишке ашырылуучу администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө төмөндөгүлөр укуктуу:

1) ага ыйгарым укуктуу кызмат адамдары:

прокуратура органдары (49, 50, 51, 52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59,  61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, 67, 82-1-статьялар, 400, 400-3, 404,  406, 409-1-статьялар);

ички иштер органдары (66-3, 66-4, 66-5, 66-6, 66-8, 66-9, 66-10, 66-11, 66-12, 105, 148, 149, 149-1, 151, 152, 153, 154, 155, 157, 231-1, 345, 354, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 374, 382, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 391, 392, 393, 422-статьялар);

(төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 1-мартындагы N10 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

мамлекеттик каражаттарды пайдаланууга контролдоону жүзөгө ашыруучу органдары (60-статья);

балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар (65, 66, 66-1, 66-3-статьялар);

дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (61, 395-статьялар);

мамлекеттик эмгек инспекцияларынын жана аларга баш ийген мамлекеттик инспекциялардын органдары (68, 70, 71, 72, 73, 74, 79-статьялар);

миграция жана ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (80-статья);

социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары (80-статья);

саламаттыкты сактоо органдары (85, 85-1, 87, 91-1, 92, 92-1, 93, 95, 286-статьялар);

стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (92-статьянын экинчи бөлүгү, 286-статья, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 412-статья);

геология жана минералдык ресурстар органдары (102-статья);

айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба органдары (140, 142, 147, 148, 149, 149-1, 149-2, 151, 152, 153, 154, 155, 156, 157-статьялар);

мамлекеттик бажы кызматынын органдары (147, 153-статьялар, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 301, 503, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505-статьялар);

мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдары (228, 232, 234-статьялар, 235-статьянын экинчи бөлүгү, 238-статья, 240-статьянын экинчи бөлүгү, 241, 242, 248, 250-статьялар);

автомобиль транспорт, электр транспорт жана жол чарба органдары (230-статья);

аба транспортунун органдары (254-статья);

(он тогузунчу абзац КР 2014-жылдын 3-февралындагы N 25 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

байланышка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү органдары (271, 273, 277-статьялар);

(жыйырма биринчи абзацы КР 2013-жылдын 20-февралындагы N 26 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органы (286-статья);

салык кызматы органдары (285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 301, 301-1, 301-2, 301-3, 302, 307, 308, 310, 340, 341, 346-1, 354, 405, 408-1, 410, 410-1-статьялар);

ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдары (404-статья);

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган (342-345-статьялар);

маданият жаатындагы ыйгарым укук берилген орган (305-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 117-1 - 117-5, 344-статьялар);

Улуттук банк (363-статья);

(Жыйырма сегизинчи абзац КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

мамлекеттик өрткө каршы кызматынын органдары 371-статья;

юстиция органдары (394-статья);

улуттук коопсуздук органдары (272-1 - 272-3-статьялар, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 393, 409-2, 409-3-статьялар);

финансы полициясынын органдары (305-статьянын биринчи-үчүнчү бөлүктөрү, 339-341, 400-1-статьялар);

билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (417-статья);

архитектура жана курулуш иштери боюнча органдар (117-1 - 117-3, 454, 476-статьялар);

банкроттук жөнүндө иштер боюнча органдар (505-1, 505-2, 505-3, 505-4, 505-5, 505-6, 505-7, 505-8, 505-9, 505-10-статьялар);

терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары (505-17-статья);

2) ушул статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында каралган учурлардан тышкары, ушул Кодекстин 354-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө аткаруу бийлигинин органдарынын, алардын мекемелеринин, түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жана аймактык органдарынын, ошондой эле тиешелүү органдардын компетенцияларынын чектеринде ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн лицензиялоону жана лицензиялардын шарттарын сактоо үчүн контролдоону жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары укуктуу;

3) ушул Кодекстин 420 жана 422-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө сот аткаруучулары, сот приставдары жана соттун төрагасы же соттун жыйналышына төрагалык кылуучу тарабынан ыйгарым укук берилген башка сот кызматкерлери укуктуу.

2. Ушул Кодекстин 509 - 546-3-статьяларында көрсөтүлгөн органдардын кароосуна өткөрүлүп берилген администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укуктуу.

3. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укугу бар кызмат адамдарынын тизмеги мыйзамдарда көрсөтүлгөн органдарга жүктөлгөн милдеттер менен иш-милдеттерге ылайык мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына жараша белгиленет.

Тынч чогулуштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (29 майындагы 2012 жылындагы N 47 "Эркин Тоо" газети)

10-берене. Тынч чогулуштун катышуучуларынын жана уюштуруучуларынын милдеттери

1. Тынч чогулушту өткөрүүдө анын катышуучулары жана уюштуруучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Мыйзамдын талаптарын жана чогулуштун тынч мүнөзүн сактоого;

2) тынч чогулушту жөнгө салууга тартылган ички иштер органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

3) коомдук тартипти жана тынч чогулушту өткөрүүнүн уюштуруучусу тарабынан белгиленген тартипти сактоого;

4) санитардык-гигиеналык мүнөздөгү маселелерди жөндөөчү ченемдик укуктук актыларды сактоого;

5) жайлардын, курулмалардын, жабдуулардын, эмеректердин, инвентарлардын жана башка мүлктүн, ошондой эле тынч чогулуш өткөрүлгөн жердеги өсүмдүктөрдүн сакталышын камсыз кылууга;

6) тынч чогулуштарга катышпаган жарандардын эркин жүрүүсүнө тоскоолдук кылбоого.

2. Тынч чогулуштардын уюштуруучулары ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптар менен катар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) эгерде өткөрүлгөн чогулуш алдын ала кабарландыруу мүнөзүндө болсо, тынч чогулуштардын катышуучулары тарабынан кабарландырууда көрсөтүлгөн аларды өткөрүүнүн шарттарын сактоолорун уюштурууга;

2) тынч чогулуштардын катышуучулары тарабынан коомдук тартиптин жана аны өткөрүүнүн белгиленген тартибин сактоо боюнча ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүгө;

3) чогулушка тыюу салынганы же чектелгени жөнүндө маалыматтарды тынч чогулуштун катышуучуларына жеткирүүгө.

3. Чогулуштун катышуучуларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) курал-жарак, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна каршы пайдаланылышы мүмкүн болгон, ошондой эле мүлккө зыян келтирүү үчүн атайын даярдалган же ылайыкташтырылган нерселерди алып жүрүүгө;

2) алкоголду, баңги каражаттарын, психотроптук же деңдароо кылуучу башка заттарды таратуу же пайдалануу менен алектенүүгө.

2) алкоголду, баңги каражаттарын, психотроптук же деңдароо кылуучу башка заттарды таратуу же пайдалануу менен алектенүүгө;

3) салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамилени калыптандырууга багытталган аракеттерди жасоо.

Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (4 августундагы 1992 жылынын N 99 "Эркин Тоо" газети)

23-статья. Калкка жайылтууга жатпаган маалыматтардын тизмеси

Массалык маалымат каражаттарында:

а) мамлекеттик жана коммерциялык сырды ачууга;

б) учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга жана бузууга, Кыргыз Республикасынын жана башка кандай гана болбосун мамлекеттин суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырык жасоого;

в) согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого;

г) элдердин граждандык ар-намысын мазактоого;

д) динге ишенгендердин жана дин кызматкерлеринин диний сезимдерин мазактоого;

е) порнографияны таркатууга;

ж) уят деп эсептелген сөздөрдү колдонууга;

з) граждандык жана улуттук этиканын нормаларын бузуп, мамлекеттик символиканын атрибуттарын (герб, желек, гимн) мазактаган материалдарды таратууга;

и) инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө;

к) жалган маалыматты атайылап калкка жарыялоого жол берилбейт.

к) жалган маалыматты атайылап калкка жарыялоого;

л) салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарга карата оң мамилени калыптандырууга жол берилбейт.

Достарыңызбен бөлісу:

©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет