Кыргыз тили байлыгым



бет1/3
Дата02.01.2022
өлшемі23.41 Kb.
#453572
  1   2   3
Тарбиялык саат


Тарбиялык саат

Тема: Кыргыз тили - байлыгым.

Куратор 6е: Чалпаков Улан Сарсенбекович.

План

Сабактын темасы: Кыргыз тили - байлыгым.

Сабактын максаты:

1.Билим берүүчүлүк максаты:

Окуучулар кыргыз тили жөнүндө жалпы маалымат алышат жана



2. Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Сүйлөө кебин арттырып, адабий тилдин нормасын сактоого, логикалык ойлорун өстүрүп, эне тилди даңктаган көркөм окууларды, макал-лакаптарды айтууга жетишет.

3.Тарбиялык максаты:

Эне тилин барктоого, сүйүүгө тарбияланышат.



Сабактын жабдылышы: Интернет булагынан алынган видео, электрондук доска, проектор, ноутбук, дептерлер жана сүрөттөр.

Сабактын формасы: Диалог-сабак

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын методу: Интерективдүү метод

Сабак аралык байланыш: Адеп, кыргыз тили, адабият.

Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу

2. Теманы түшүндүрүү

4. Теманы бышыктоо

5. Баалоо

7. Үйгө тапшырма



Мугалимдин кириш сөзү

Урматтуу окуучулар! Кыргыз тилибиз - биздин эне - тилибиз. Биз үчүн улуу тил, ыйык тил. Улуу тилде Манас атабыз ураан чакырып, эли - жерин коргоп келген. Бабабыз Бакай Накыл сөзүн баян эткен. Каныкей энебиз бешик ырын ырдаган. Бизда энебизден ак сүтү менен бирге алдей ырын укканбыз. Энени ааламды баккан жерге теңегени бекеринен эмес. Дүйнөдө эч жандын энеге теңдеши жогу чын. Эне тилди сүйүү ар бирибиздин парзыбыз. Кыргыз Республикасынын эне тили - кыргыз тили. Кыргыз тили - көрөңгөлүү тил. Ал тарыхтын байыркы түпкүрүнөн агып чыгып, нечендеген боготторго карабай, келечекти көздөй татыктуу жол таап, бүгүнкү күндө Мамлекеттик тилге айланды. 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили Жогорку Кеңеш тарабынан мамлекеттик статусуна ээ болду. Азыр кыргыз тили Эгемендүү Кыргызстандын улуттук тили. Анын сөз казынасы дүйнөдөгү башка тилдерден эч кылышпайт. Мамлекеттик статус алганыбызга быйыл 30 жыл болот. Мамлекеттик тил майрамы катары жылда 23-сентябрда өзгөчө иш чаралар аткарылат. Анын далили катары биз бүгүнкү "Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун" аттуу тарбиялык саатты өтүп жатабыз. Элди түбөлүктүү мамлекет катары тааныткан анын тили. Кыргыз тилинин тагдыры - кыргыз улуттун тагдыры. Тилди сактасак, улутту сактайбыз.



Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет