Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету Киришүү



бет10/19
Дата23.02.2016
өлшемі1.52 Mb.
#11437
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   19

Социалдык чөйрө




      1. Социалдык коргоо жана пенсиялык камсыздоо

Отчеттук мезгилде калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жарандардын социалдык корголбогон категорияларынын абалын жакшыртууга багытталган максаттуу иштер жүргүзүлдү.

Мамлекеттик жөлөкпулдар. 2015-жылдын 1-январына карата мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулардын саны 385,0 миң адамды түздү. Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды (АҮАБЖ) алуучулардын саны 307,9 миң адамды түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 8,4 %га азайган, бул жөлөкпулдарды даректүү дайындоону күчөтүү боюнча белгилүү бир чараларды жүргүзүү менен байланыштуу. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды (АБСЖ) алуучулардын саны 77,1 миң адамды түздү, алардын ичинен: ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (ДМЧА) -77,9 %, улгайган жарандар - 2,6 %, багуучуларынан ажыраган балдар - 19,5 %.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык коргоонун деңгээлин жогорулатуу максатында 2014-жылдын 1-ноябрынан тартып кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү (КМК) 640 сомдон 705 сомго чейин (10 %) жогорулатылган. Мында, «2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоонун өнүктүрүү стратегиясын» ишке ашыруунун алкагында КЭТКнын өлчөмү 370 сомдон 705 сомго чейин (335 сом же 90,5 %) жогорулатылган.

Жалпысынан республика боюнча АҮАБЖнын орточо өлчөмү
13,4 %га жогорулады жана 553 сомду түздү. АБСЖнын орточо өлчөмү 2405,0 сомду түздү.

Отчеттук мезгилде мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы 4297,9 млн сом суммасына акча каражаттары каржыланган, алардын ичинен АҮАБЖны төлөөгө 2047,7 млн сом, АБСЖга 2250,2 млн сом каржыланган.

Социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү. Ай сайын жарандардын 25 категориясына жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар төлөнөт. Акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү жашаган регионуна карабастан 1000 сомдон 7000 сомго чейин белгиленген, бул мыйзамдарда белгиленген жеңилдетилген кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына ылайык келет.

2015-жылдын 1-январына карата жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсацияларды алуучулардын саны 51,0 миң адамды түздү. Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды төлөөгө республикалык бюджеттин каражаттарынан жалпы 1296,6 млн сом суммасында акча каражаттары каржыланган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын
30-апрелиндеги № 98 «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына үстөк акы белгилөө жөнүндө» Жарлыгы менен Жеңиш күнүнүн 69 жылдыгына карата өмүр бою берилүүчү стипендияга 3000 сом өлчөмүндө үстөк акы белгиленген. 2014-жылдын
1-майынан тартып өмүр бою берилүүчү стипендиянын жалпы өлчөмү 6000 (алты миң) сомду түздү. Үстөк акыны эсепке алуу менен стипендияны жалпы 81,7 млн сом суммасында 1,2 миң адам алган.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 69 жылдыгына карата ардагерлерге 5тен 10 миң сомго чейинки өлчөмдөрдө бир жолку берилүүчү акчалай жөлөкпул төлөнгөн. Бул максатка республикалык бюджеттен 43,8 млн сом суммасында акча каражаттары бөлүнгөн.

Иштегендерди социалдык камсыздоо. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 37,5 миң адамды түздү, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуучулар 34,3 миң адам (өсүш - 2,6 %), расымдык жөлөкпул алуучулар 3,2 миң адам (11,1 %га азайган).

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү 7233,1 сом. Расымдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3609,3 сом.

Жалпы каржылоо суммасы 289,2 млн сом, анын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 276,4 млн сом, расымдык жөлөкпул 12,8 млн сом.

Социалдык тейлөө. 2015-жылдын 1-январына карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын (ДМЧА) саны 162,4 миң адамды түздү, алардын ичинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар 27,4 миң адам.

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин системасында 15 социалдык стационардык мекеме (ССМ) иштейт, аларда 2350 камкордукка алынгандар багылат, анын ичинен улгайган адамдар жана ДМЧА - 747, психоневрологиялык диагноз менен 1169 чоң адамдар жана 434 бала.

ССМлардагы камкордукка алынгандар үчүн жашоо шарттарын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин ССМларында жашаган кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар үчүн тамактануу ченеми эки эсе жогорулатылган.

2014-жылдын 1-январынан тартып социалдык кызматкерлердин айлык акысы 2 эсеге - 3800 сомдон 6500 сомго чейин жогорулатылган.

Отчеттук мезгилде ССМлар 263,9 млн сом суммасына каржыланган.

2013-2016-жылдарда Кыргыз Республикасынын интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу планын ишке ашыруунун алкагында Покровкадагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык интернат-үйүн жана Сокулуктагы карылар жана майыптар үчүн жалпы типтеги интернат-үйүн кайра профилдөө боюнча иштер жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде улгайган жарандарга, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, алардын ичинде балдарга, көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттары бекитилген (2014-жылдын 8-июлундагы № 381).

Протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо жана майыптык коляскаларды чогултуу боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. 2014-жылы жалпы 14839 адам протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылынган. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА) санаториялык-курорттук дарыланууга 1950 жолдомо берилген (өсүш 10 %). Реабилитация курстарынан 550 ДМЧА өткөн, алардын ичинен 31 ДМЧ балдар.

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин демилгеси боюнча, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен республикада биринчи Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлөлүк типтеги балдар үйү ачылды (Шопоков шаары).

Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөөлөрдү жана балдары колдоо. 2014-жылы планга ылайык жер-жерлерде турмуштук оор кырдаалда туш болгон 14,3 миң бала аныкталган.

Отчеттук мезгилде ата-энесинен камкордугусуз калган 2156 бала аныкталган, алардын ичинен асыроого 643 (29,9 %), камкордукка жана көзөмөлдүккө 1013 (47 %), асырап алуучу үй-бүлөлөргө 6 (0,2 %), интернат мекемелерине 438 (20,3 %) бала берилген. 56 (2,6 %) баланын иши каралуу стадиясында турат.

Үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдардан чыгаруу максатында үй-бүлөлөр менен жеке иштөө пландары (ҮЖИП) түзүлгөн. Түзүлгөн ҮЖИПлары 3279, алардын ичинен 294ү (8,9 %) ишке ашкан жана контролдон алынган. Баланы коргоо боюнча иштелип чыккан жеке пландардын саны 647, алардын ичинен 481и (74,3 %) ишке ашкак жана контролдон алынган, калгандары боюнча иш жүргүзүлүүдө.

2014-жылы эл аралык асыроо кызматтарын көрсөткөн 11 чет элдик уюм аккредитациядан өткөн.

Балдардын үй-бүлөдө укуктарын камсыз кылуу максатында фостердик (асырап алуучу) үй-бүлөлөрдү киргизүү боюнча иштер башталды. Отчеттук мезгилде 11 үй-бүлө тандалып алынган, алардын 6сы менен келишим түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болгон ата-энесинин кароосуз калган балдарды кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлдү. 2014-жылы Россия Федерациясынын Москва шаарынан жана Москва облусунан 17 бала кайтарылды. Жалпысынан 2012-2014-жылдары Кыргызстанга 44 бала кайтарылган.

ЮНИСЕФтин колдоосу менен, 2011-жылдан 2014-жылга чейин «Зомбулуксуз мектеп» пилоттук долбоору ишке ашты. Долбоор республиканын 20 мектебинде ишке киргизилген.

Балдарда жана үй-бүлөөдө турмуштук оор кырдаалды алдын алуу жана болтурбоо максатында 22 пилоттук региондо Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөөлөрдү жана балдарды аныктоо, коштоо тартиби боюнча убактылуу жобону пилоттоштуруу жүргүзүлдү. Пилоттоштуруунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо жана коштоо тартиби боюнча жобону жана Үй-бөлөдө турмуштук оор кырдаалды болтурбоо боюнча алдын алуучу иштерди жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» токтомунун долбоору иштелип чыкты.

Медициналык-социалдык эксперттик комиссияларды (МСЭК) реформалоо. ДМЧАларды эмгек жана жумуштуулук чөйрөсүнө интеграциялоо максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жалпы дүйнөлүк принциптерин киргизүү менен МСЭК системаларын реформалоо башталды. Реформанын алкагында райондор аралык МСЭКтин төрагаларынын курамы 30 %га алмаштырылды. Республикалык МСЭ борборунун комиссиясынын жыйындар залында экспертизаларды жүргүзүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн видеобайкоо жүргүзүү камералары орнотулду. 4 пилоттук райондор аралык МСЭК аныкталды (Ысык-Көл облусунун Каракол ш., Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары, Чүй облусунун Жайыл району, Ош облусунун Кара-Суу району). Пилоттук МСЭКтерде майыптуулукту аныктоонун жаңы методикасын апробациялоо боюнча иштер башталды.

Отчеттук мезгилде иштелип чыккан «Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы» (СЖКМС) программалык камсыздоону ишке киргизүү боюнча күчөтүлгөн иштер жүргүзүлдү. Бирдиктүү маалыматтык система калкка көрсөтүлгөн социалдык кызматтардын сапатын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Орточо айлык номиналдуу эмгек акы. 2014-жылы бир кызматкердин орточо айлык номиналдуу эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 12435 сомду түздү, 2013-жылга салыштырмалуу 8,8 %га өсүү менен анын керектөө бааларынын индексин эсепке алганда эсептелинген реалдуу өлчөмү 1,2 %га өстү.

Улуттук банк тарабынан белгиленген валюталардын расмий курсуна жараша 2014-жылы бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 231,8 АКШ долларын түздү.

2014-жылы 2013-жылга салыштырмалуу республика боюнча жалпысынан бюджеттик чөйрөдө эмгек акынын өскөндүгү белгиленди.

2015-жылдын 1-январына карата жалпысынан республика боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акыны төлөө боюнча карыздардын жалпы суммасы 0,3 %га азайды жана 319,7 млн сомду түздү.



26-таблица

2013-2014-жж. социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү10




Көрсөткүчтүн аталышы

Өлчөө бирдиги

2012-жыл

2013-жыл

Иш жүзүнөн четтөө %

1

Номиналдык эмгек акынын орточо айлык өлчөмү (чакан ишканаларды кошпогондо)

сом

11430

12435

108,8

2

Жашоо минимуму

айына / сом

4599,2

4981,5

108,3

3

Ишке жарамдуу калктын жашоо минимуму

айына / сом

5139,7

5563,2

108,2

4. Мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулардын саны (болгон калкка карата)




АҮАБЖ

миң адам

336,2

307,9

91,6




АБСЖ

миң адам

74,8

77,1

103,1

5. Кепилденген минималдык киреше (КМК)




КМКнин өлчөмү

сом

640

705

110,2




Кедейликтин эң төмөнкү чегине карата КМКнин өлчөмүнүн катышы

%

47,3

52,1

110,1

6. Мамлекеттик жөлөкпулдардын орточо өлчөмү




АҮАБЖ

сом

487,4

553,0

113,5




АСБЖ

сом

2405,7

2405,0

100,0

7. Мамлекеттик жөлөкпулдардын орточо өлчөмүнүн катышы




Баланын эң төмөнкү жашоо минимумуна карата АҮАБЖ

%

12,5

13,0

104,0




Жашоо минимумуна карата АСБЖ

%

52,3

48,3

92,4


Жашоо минимумунун өлчөмү. 2014-жылдын IV кварталында жашоо минимумунун өлчөмү 5261,22 сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,7 %га, мурунку кварталга салыштырмалуу 6,1 %га өстү. Жашоо минимумунун орточо жылдык өлчөмү 2014-жылы 4981,51 сомду түздү жана 2013-жыл менен салыштырмалуу 8,3 %га өстү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 %ды, азык-түлүк эмес товарлардын үлүшү 16 %ды, кызмат көрсөтүүлөрдүкү - 17 %ды жана салыктардын үлүшү 2 %ды түздү. Азык-түлүк себетинин энергетикалык баалуулугу 2101 ккал деңгээлинде түзүлдү, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
22-октябрындагы № 609 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» токтому кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү 2008-жылдын 23-январындагы № 22 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө» жана 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомдоруна толуктоолор киргизилди. Бул токтомдор менен мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгегинин жогорку жана сапаттуу натыйжалары үчүн дем берүүчү төлөмдөрдү жылдык жана жарым жылдык иштин жыйынтыгы боюнча эки айлык орточо эмгек акыдан ашык эмес өлчөмдө берүү укугу берилди.

Уюмдардын өндүрүштүк зарылдыкка байланыштуу жашаган жерин алмаштырууга муктаж болгон кызматкерлерин социалдык колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын


26-декабрындагы № 738 «Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган уюмдар тарабынан жумушкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун жабуу тартибин бекитүү тууралуу» токтому кабыл алынган.

Пенсиялык камсыздоо. Алдын ала маалымат боюнча 2014-жылы планда 21917,2 млн сом болсо 22052,6 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналган, т.а. план 100,6 %га аткарылган. 2013-жылга салыштырмалуу жыйымдардын өсүшү 107,9 %га түздү, же 1603,5 млн сомго көп жыйналды.

Түшүүлөрдүн өсүшү чарба жүргүзүүчү субъекттерден, жеке ишкерлерден камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшүнүн эсебинен, ошондой эле учурдагы камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча төлөөчүлөр менен максаттуу иш алып барууну, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мөөнөтүнөн кечиктирилген карыздарды өндүрүү боюнча иштиктүү чараларды күчөтүү менен көбөйдү.

Аскер кызматкерлерине пенсиялык төлөмдөргө берүүгө, жеңилдетилген пенсияларга, пенсияларга үстөк акыларга жана электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү түрдө бөлүнүүчү каражаттар 2014-жыл үчүн толук көлөмдө 15322,7 млн сом суммасында түштү.

Пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү 31900,3 млн сом өлчөмүндө каржылоого керектелүүчү сумма толук өлчөмдө каржыланды. 2014-жылдын 31-декабрына карата пенсияларды төлөө боюнча карыздар жок.

2015-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 590,3 миң адамды түзөт, алардын ичинен «Кыргызпочтасы» МИнин филиалдары аркылуу пенсияларды алуучулар - 390,6 миң адам же жалпы санынын 66,2 %ы, республиканын коммерциялык банктары аркылуу пенсияларды алуучулар - 199,7 адам же 33,8 %.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2014-жылы 1592,2 млн сом суммасында, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду - 193,6 млн сом суммасында каржыланды.

Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-октябрындагы


№ 564 токтомуна ылайык пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү 250 сомго жогорулатылды, 1-топтогу майыптуулук боюнча өлчөмү 4400 сомго жетпеген пенсиялардын өлчөмү 4400 сомго жеткирилди, 4400 сомдон ашкан пенсиялар 300 сомго көбөйтүлдү.

Пенсионерлердин жалпы санынан 9,0 миңге жакын адам 1-топтогу майыптуулук боюнча пенсия алышат. Алардын пенсиясынын орточо өлчөмү камсыздандыруу стажына жараша 1800 сомдон 4109 сомго чейинки өлчөмдө. 1-топтогу майыптар негизинен эмгекке жарамсыз, өз алдынча жүрө алышпайт жана дайыма башкалардын жардамына муктаж. Бул категориядагы жарандар коомчулуктун жана мамлекеттин өзгөчө көңүл буруусун талап кылат.

Ошондуктан, бул категориядагы жарандар пенсияларынын өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун эквиваленттүү деңгээлине жеткирилди. 1-топтогу майыптардын пенсиялары 300 сомдон 2500 сомго чейин жогорулатылды. Бул чара калктын эң аялуу катмарларын социалдык жактан коргоого мүмкүндүк берди.

Жылдын жыйынтыгы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 4600 сомду түздү. 2014-жылдын 1-октябрынан баштап пенсияларды жогорулатууга жалпы кошумча керектөө Пенсиялык фонддун финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша Пенсиялык фонддун каражаттарынан 450 млн сомду түздү. Республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылынган жок.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча жашоо минимумуна жетпеген пенсия алуучулардын саны 339 миң адамды (жалпы санынын 57,5 %ын) түздү.

Ошентип, акыркы 4 жылда пенсиянын орточо өлчөмү 3760 сомдон 4600 сомго чейин же 22,3 %га, ал эми пенсионердин жашоо минимумуна карата 95,6 %дан 103,7 %га чейин жогорулатылды.

Өкмөттүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 токтому менен «Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясы» жактырылды, анда Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан пенсиялык системасынын адилеттүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде пенсиялык камсыздоого республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу, камсыздандыруу принцибин күчөтүү үчүн пенсияларды чектөө жана индексациялоо саясатын өзгөртүү максатында Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан пенсиялык системасынын негизги параметрлерин реформалоонун андан аркы этаптарынын алгылыктуу багыттары аныкталды.

Айылдык товар өндүрүүчүлөр жана жеке ишмердик иш жүргүзгөн жеке жактар тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрү белгиленген өлчөмдөрдө эмес, орточо бир айлык эмгек акыдан төлөнө турган ченемдерди белгилеген «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору иштелип чыкты (2015-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан үчүнчү окууда кабыл алынды).

Кыргыз Республикасынын жарандары-эмгек мигранттарынын пенсиялык камсыздоо маселеси боюнча Россия тарап менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүүдө, ошону менен бирге социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Келишимдин долбоору даярдалууда.


      1. Эмгек рыногу, жумуштуулук жана миграция11

2014-жылы республикага туруктуу жашоого 3,9 миң адам келди жана 11,6 миң адам кетти, калктын миграциялык агымы - 7,7 миң адамды


(2013-жылы - 7,2 миң) түздү. Мурункудай эле, калктын миграциялык активдүүлүгү азайгандыгы байкалууда. Мында, калктын республика ичиндеги миграциясынын көлөмү кыскаргандыгы (4 %га) белгиленди.

Кетүүлөрдүн интенсивдүүлүгүнүн кыйла жогорку деңгээли Чүй облусунан (10 миң жашоочуга 44 адам) байкалууда, бул кетүүлөрдүн интенсивдүүлүгүнүн республикалык орточо көрсөткүчүнөн олуттуу жогору (2,2 эсеге), Бишкек шаарынан кеткендердин деңгээли бир аз төмөн (10 миң жашоочуга 36 адам).

Калктын иш менен камсыздалышы. 2015-жылдын 1-январына карата жумуш издеп иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын органдарында каттоодо турган жумушсуз калктын саны 93,0 миң адамды түздү жана 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,3 %га азайды, ал эми катталган жумушсуздардын саны 58,3 миң адамды түздү жана
0,3 %га кыскарды.

Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 52,1 %ын аялдар түздү. Катталган жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калкка карата 2,4 %ды түздү.

Республика боюнча 2015-жылдын 1-январына карата расмий (катталган) жумушсуздардын деңгээли 2,4 %ды түздү, мында эң жогорку деңгээл Нарын облусунда (7,1 %), ал эми эң төмөнкү деңгээл Чүй облусунда (1,5 %) байкалды.

ТӨУСтун негизги максаттуу көрсөткүчтөрүнө ылайык жыл сайын 70 миң жумушчу орундары түзүлүшү керек. 2014-жылдын январь-сентябрынын жыйынтыктары боюнча республикада 84358 жумуш орундары (2013-жылдын январь-сентябрында - 84595, ал эми 2013-жылы - 110951 жумуш орундары) түзүлдү.

Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү. 2014-жылы иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы кызмат көрсөтүүлөргө кызматын 192,2 миң адам кайрылган, бул 2013-жылга салыштырмалуу 32 миң адамга көп. Кайрылгандардын ичинен 80,5 миң адам жумуш издегендер катары катталган, 111,7 миң адам консультациялык кызматтарды алышты.

Ишке менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын көмөгү менен 2014-жылдын январь-сентябрында 48,1 миң адам ишке орноштурулган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21 %га көп (39,7 миң адам). Ишке орноштурулган жарандардын жалпы санынын 43 %ын жаштар түзөт.

Калкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү максатында иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан эмгек рыногунда активдүү чаралар ишке ашырылды, аларга: убактылуу иш менен камсыз болуунун сунуштоо (акы төлөнүүчү коомдук жумуштар), окутуу, кайра окутуу, эмгек рыногунда алардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жумушсуздардын квалификациясын жогорулатуу, республиканын экономикасынын ар кандай тармактарындагы иш берүүчүлөр сунуш кылган бош орундарга ишке орноштуруу кирет.

2015-жылдын 1-январына карата активдүү чаралар менен (кесиптик окутуу, акы төлөнүүчү коомдук жумуштар, чакан кредит берүү) 34,3 миң жумушсуз жаран камтылган.

Жумушсуздардын ичинен кесиптик окууга жана кайра окууга
8,1 миң адам жөнөтүлдү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 11 %га көп, кесиптик окууга жөнөтүлгөндөрдүн 59,3 %ын жаштар түздү. Кесиптик окуудан кийин ишке орношкондор 73 %ды (6,0 миң адам), алардын ичинен 57,7 %ын жаштар түздү.

Эмгек рыногундагы чыңалууну азайтуу үчүн иш менен камсыз кылуунун активдүү саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп республиканын региондорунун социалдык инфратүзүмдөрүн жакшыртууга багытталган убактылуу иш менен камсыз кылуу катары акы төлөнүүчү коомдук иштерди жүргүзүү саналат. 2014-жылы акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 24,9 миң жумушсуз адам жиберилген, бул 2013-жылга


(21,1 миң) салыштырмалуу 18 %га көп.

Жеңилдетилген чакан кредиттерди 1294 адам алды, бул өткөн жылга караганда 36 %га аз. Бул көрсөткүчтүн азайышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 100 «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомунун демөөрчүлүк жардамын оптималдаштыруу жөнүндө» токтомунун негизинде «Ала-Тоо Финанс» МКАнын жоюлушунун натыйжасында болду. Бишкек (соода жана коомдук тамактануу чөйрөсү), Ош (соода жана коомдук тамактануу чөйрөсү) шаарларынан жана Ош (этти жана сүттү кайра иштетүү), Чүй (соода жана коомдук тамактануу, калкты тирчилик тейлөө чөйрөсү), Нарын (соода жана коомдук тамактануу, этти жана сүттү кайра иштетүү чөйрөсү), Талас (соода жана коомдук тамактануу, калкты тирчилик менен тейлөө чөйрөсү) облустарынан тышкары, бардык облустарда алынган микрокредиттер айыл чарбасына жумшалды.

Миграциялык саясат. Эмгек ресурстарынын балансын сын көз караш менен талдоого негизделген эксперттик-аналитикалык баалоолор боюнча, Кыргыз Республикасынын 350дөн 700 миңге чейинки жараны ар кандай сезондук жана ишкердик иштерди республикадан тышкары жактарда ишке ашырышууда.

Кыргызстандык эмгекчи - мигранттардын көпчүлүгү Россия Федерациясына - 585,5 миң жаран, Казакстан Республикасына - 80 - 85 миң, өнүккөн алыскы чет өлкөлөргө 30 миңге чейин (ар кандай маалыматтар боюнча) кыргызстандык барат.

2014-жылдын 1-декабрына карата Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин аймактык органдарына Россия Федерациясынын Федералдык миграциялык кызматынын (мындан ары Россия Федерациясынын ФМК) чет өлкөлүк жарандардын тизмесинде маалыматтарынын бар экендигин билүүгө 31,8 миң адам кайрылган, алардын ичинен 9737 адам кара тизмеге түшүп калган.

Россия Федерациясынын ФМКсынын «кара тизмесине» түшүп калган Кыргыз Республикасынын жарандарынын арыздарын кароо боюнча Россия Федерациясынын ФМКсы менен жетишилген макулдашуунун натыйжасында, азыркы учурда белгиленген тартипте 2000ден ашык адам кара тизмеден чыгарылган, алардын ичинен 1139 адам Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жардам менен чыгарылган (калгандары Россия Федерациясынын ФМКсына түздөн-түз кайрылышкан).

2014-жылы чет өлкөлүк жумушчу күчтөрүн тартуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 23 жыйыны өткөрүлдү жана 2231 арыз каралды. Эмгек квотасы белгиленген 1713 юридикалык жана жеке жактардын ичинен 12031 адам чет өлкөлүк адистерди тартуу укугуна уруксаат алды,

Чет өлкөдө ишке орношууга көмөктөшүү. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору (мындан ары - Борбор) эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын цивилизациялуу эмгек миграциясына көмөктөшүү, ошондой эле квалификациялуу адистерди жана юридикалык сабаттуу эмгек мигранттарын даярдоо максатында жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды жана консультацияларды туруктуу негизде берип турат. Борбордун артыкчылыктуу милдети катары эмгек мигранттарын легалдаштыруу, келип чыккан көйгөйлөрдү жөнгө салуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү саналат.

Борбор тарабынан Борбордун россия багытында үзгүлтүксүз иш алып баруусун камсыз кылууга, күтүлүүчү өзгөрүүлөрдү эске алуу менен максаттарды жана милдеттерди корректировкалоого багытталган бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: кесепеттерди божомолдоо жана Кыргызстандын ички эмгек рыногунун кызыкчылыктарын эске алуу менен иштөө моделин түзүү, маалыматтык таратылуучу жана стационардык материалдарды адаптациялоо, миграция институттары, эл аралык уюмдар жана Россия Федерациясындагы өнөктөштөр менен Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр жана алардын Кыргызстандан миграция агымдарына тийиши мүмкүн болгон таасирлери жөнүндө маселелер боюнча консультациялар.

Борбордо потенциалдуу эмгек мигранттарынын, иш берүүчүлөрдүн жана бош орундарынын маалыматтар банкын түзүү иши жүргүзүлүүдө. 2014-жылы Борборго 7955 адам кайрылган, алардын 2691и аялдар.

Борбор тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын Корея Республикасында, Россия Федерациясында, Казакстан Республикасында жана Бириккен Араб Эмираттарында ишке орноштуруу боюнча чоң иштерди жүргүзүүдө.

Кайрылмандар жана этностук кыргыздар менен иш алып баруу. Республика боюнча берилген кайрылман күбөлүгүнүн саны 2073 түзөт. Ошону менен бирге, виза ачуу жана визанын мөөнөтүн узартуу үчүн улутун ырастаган 3607 маалымкат берилди. Мындан сырткары, 6860 этностук кыргыздарга ар тараптуу консультациялар берилди.

Жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана укуктук жардам берүү максатында 2014-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдында Этностук кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча коомдук кеңеш түзүлгөн.

2014-жылдын 19-ноябрынан 25-ноябрына чейин Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүү уюштурулду. Министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнөн, врачтардан жана ЖМКдан турган экспедиция тарабынан 60 тонна (туз, шекер, ун, жылуу кийимдер, дары-дармек, ж.б.у.с.) көлөмдө гуманитардык жүк жеткирилди.




      1. Саламаттык сактоо12

2014-жылы республиканын туруктуу калкынын саны 118 миң адамга, же 2,1 %га көбөйдү жана 2015-жылдын 1-январына карата 5895 миң адамды түздү. 2014-жылы калктын санынын республикалык деңгээлден жогору өсүшү Бишкек шаарында, Баткен жана Ош облустарында түзүлдү.

2014-жылы демографиялык кырдаал төрөт көрсөткүчүнүн өсүү тенденциясы менен мүнөздөлдү, ал 1000 адамга 27,7 түздү (2013-жылы - 27,2). Натыйжада калктын табигый өсүшү 126,2 миң адамды түздү, же 1000 адамга 21,6 (2013-жылы - 21,1). Төрөлгөндөрдүн жалпы санынан бир жашка чейинки 3268 ымыркай чарчап калды же 1000 тирүү төрөлгөн наристеге 20,2 (2013-жылы -19,9).

2014-жылы 1000 адамга карата өлүмгө учуроонун жалпы көрсөткүчү 2013-жылдагы деңгээлдегидей эле калды жана каза болгондордун саны 1000 адамга карата 6,1 түздү. Каза болгондордун жалпы санынын жарымын кан айлануу системасынын оорулары - 50 %ды түздү, 11 %ын шишик оорулары, 9 %ын өлүмдүн тышкы себептери, 7 %ын тамак сиңирүү органдардын оорулары жана 6 %ын дем алуу органдарынын оорулары түздү.

Ымыркайлар өлүмүнүн негизги себептери болуп перинаталдык мезгилде пайда болгон абал эсептелет, андан 2014-жылы 2195 ымыркай чарчап калган, же бир жашка чейинки курактагы балдар арасында чарчап калгандардын жалпы санынын 67 %ын, өсүшүндөгү тубаса кемтиктерден 483 бала (15 %ы), дем алуу органдарынын ооруларынан 349 (11 %ы) бала чарчап калды.

Балдар (5 жашка чейинки) өлүмүнүн коэффициенти бир аз төмөндөгөнү байкалууда, 2013-жылга салыштырмалуу бул коэффициент 0,3 %дык пунктка төмөндөдү алдын ала маалыматтар боюнча 2014-жылы 1000 тирүү төрөлгөндөргө карата 23,0 түздү (2013-жылы - 23,3).

Энелер өлүмүнүн көрсөткүчтөрүнүн кескин жогорулашы коркунучтарды туудурууда. Анткени 2014-жылы энелердин өлүмү 100 миң тирүү төрөлгөн балдарга карат 47,6 түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 32,2 %га көбөйгөн (100 миң тирүү төрөлгөн балдарга карат 36,0). Энелердин өлүмүнүн себептеринин түзүмүндө биринчи орунда кан агуулар - 32,8 %, экинчи орунда гипертензивдик бузулуштар - 16,4 %, үчүнчү орунда - септикалык кабылдоолор турат -11,5 %. Экстрагениталдык оорулардын үлүшүнө 21,3 % туура келди.

Энелердин өлүмүнө таасирин тийгизген жагымсыз факторлордун бири болуп ички жана тышкы миграциянын өсүшү саналат. Энелер өлүмүн талдоо каза болгон ар бир аялдын бешинчиси мигрант болгондугун -


21,2 % көрсөттү, Бишкек жана Ош шаарларынан, Чүй облусунан миграцияга аялдар көп кеткен (Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облусунан келгендер). Мигрант - аялдар медициналык кызматкерлердин көзөмөлүсүз калууда, бул алардын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Анткени 2008-жылы өлгөндөрдүн ичинен -10у, 2014-жылы -17си мигрант (21,2 %).

Өзгөчө айыл жергесинде жашаган аялдар тобокелчиликке кабылышат, бул региондордогу саламаттык сактоо уюмунун начар инфратүзүмүнө байланыштуу.

2014-жылы эне жана баланын өлүмүн алдын алуу жана азайтуу боюнча белгилүү бир иш-чаралар жүргүзүлгөн, алар жалпысынан жогоруда аталган көрсөткүчтөрдү, кырдаалды жакшыртуу үчүн жетишсиз болуп калды.

Дүйнөлүк банк тарабынан пилоттук региондордо төрөт үйлөрүнүн жана саламаттык сактоонун баштапкы звеносунун медициналык персоналына ишинин жыйынтыгы боюнча эмгек акы төлөө схемасы менен «Саламаттык сактоо мекемелерин жыйынтыктарга негизделген каржылоо» долбоорун ишке ашыруу жүргүзүлүүдө. Гранттын көлөмү 11 млн АКШ долларын түзөт.

Перинаталдык жардамды жакшыртуу программасын ишке ашыруунун алкагында эмчек гана эмизүү, төрөт үйлөрүндө жылуулук режимин сактоо, ымыркайлардын вакцинациялоо, шашылыш акушердик жардам регионалдык принциптери менен «Натыйжалуу перинаталдык багуу» программасын ишке киргизилүү жүргүзүлүүдө.

Энелердин өлүмүнүн учурларынын өсүшү белгиленген жерлерде практикалык жардам көрсөтүү үчүн адистердин (анестезиолог, акушер-гинеколог, неонатолог) командасынын региондорго (Баткен, Нарын облустары) баруулары жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан квартал сайын бардык региондордо энелердин өлүмүн азайтуу боюнча комиссиянын жыйындары өткөрүлүүдө (кечиктирилгис акушердик жардамды уюштурууда кемчиликтер бар дарылоо - алдын алуу мекемелердин жетекчилерине тартиптик жаза көрүлөт).

27-таблица




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   19




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет