КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагында табигый шарттарда туруктуу же убактылуу жашаган жана өскөн, сейрек жана жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарларды, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүн\түрчөлөрүн сактоо жана санын турукташтыруу боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан күч-аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө” (5-статья), “Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу” (9 жана 21-статьялар), “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” (8 жана 23-статьялар) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенцияга ((§ 1) 6, 7, 8, 10, 14 жана 25-статьялар, Тараптардын VI Конференциясынын 7-чечими) ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндө сунуш кылынган Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Кызыл китебин алып барууну камсыз кылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн ___ ________
№ токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын
Кызыл китеби жөнүндө Жобо
Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Кызыл Китеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий документи, Кыргыз республикасынын жаратылышты коргоочу мыйзамдарынын маанилүү өтмө компоненти жана Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча Конвенцияга, жоголуп кетүү коркунучу алдында турган жапайы фауна жана флоранын объекттерин эл аралык соодалоо жөнүндө Конвенцияга (CITES) жана келгин жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо боюнча Конвенцияга (CMS) кошулуудан келип чыгуучу эл аралык милдеттенмелерди аткаруунун механизмдеринин бири болуп саналат.
Юридикалык өңүттө Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби (мындан ары – Кызыл китеп) – бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, өзгөчө коргоого алынган сейрек жана жоголуп кетүү коркунучу алдында турган жапайы жаныбарлардын, жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүнүн\түрчөлөрүнүн (мындан ары – түрлөр\түрчөлөр) тизмеси. Бул тизмеге ылайык басмакана ыкмасы менен даярдалган басылма (китеп) ченемдик укукту акты болуп саналбайт. Түр\түрчө басылма (китеп) жарыяланган учурдан тартып эмес, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтому күчүнө кирген учурдан тартып, Кызыл китепке киргизилген жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турган болуп эсептелет.
2. Кызыл китеп жөнүндө ушул Жобо (мындан ары – Жобо) анын түзүмүн жана мазмунун, Кыргыз Республикасынын аймагында табигый шарттарда туруктуу же убактылуу жашаган жана өскөн, сейрек жана жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүнүн\түрчөлөрүнүн (жоголуу тобокелдигин), ага киргизилген жана андан чыгарылган сейрек жана жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүнүн\түрчөлөрүнүн тизмесин (тизмегин) калыптандырууну, бекитүүнү жана таратууну, Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби боюнча атайын ведомстволор арылык Комиссияны уюштурууну жана иш-милдетерин, Кызыл китепти кайра басып чыгаруунун жана таратууну аныктайт.
3. Кызыл китеп ага киргизилген төрлөрдүн\түрчөлөрдүн санын турукташтыруу жана аларды жоголуп кетүү коркунучунан чыгаруу боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан күч-аракеттерди арттырууга багытталган маалыматтарды ирээтке келтирүү максатында, жана акыры аягында дүйнөлүк биологиялык ар түрдүүлүктү жана айлана чөйрөнү (жаратылыштык экотутумду) сактоо максатында уюштурулат жана жүргүзүлөт. Бул маалымат, алып айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагында табигый шарттарда туруктуу же убактылуу жашаган жана өскөн, жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүн\түрчөлөрүн коргоо жана калыбына келтирүү (кайра көбөйтүү) боюнча чараларды жана абалынын сыпаттамасын өзүнө камтыйт. Кызыл китеп ошондой эле табигый экотутумдарды сактоо, алардын туруктуу жашап туруусун колдоого алуу, илимий изилдөөлөрдү, мониторингди сарамжалдуу уюштуруу, калктын жана чечимдерди кабыл алуучу адамдардын арасында жаратылышты коргоо билимдерин үгүттөө, өсүп келе жаткан муунду экологиялык жактан тарбиялоо максаттарына дагы кызмат кылат.
4.Сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүнүн\түрчөлөрүнүн тизмеси Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо мамлекеттик органынын (мындан ары – республикалык мамлекеттик орган) тапшырмасы жана жеткечилиги алдында компетенттүү эксперттер тарабынан жанатүзүлөт, жана республикалык мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берилет. Тизме милдеттүү түрдө ар бир түр\түрчө үчүн (Кыргыз Республикасынын аймагындагы) жоголуп кетүү коркунучунун категориясын көрсөтүүнү камтыйт.
5. Кызыл китеп ага киргизилген жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрү\түрчөлөрү үчүн маалыматтардын дайыма толукталып туруучу электрондук базасы жана өзүнчө баракчалар түрүндөгү басылма версиясы же китеп менен коштолуп турат. Кызыл китеп ошол эле убакта Кыргыз Республикасынын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн мамлекеттик кадастрынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
Кызыл китеп мамлекеттик чечимдерди кабыл алуунун, анын ичинде ченемдик укуктук актыларды (ЧУА), программаларды, стратегияларды жана башка мамлекеттик документтерди иштеп чыгуунун илимий базасы болуп саналат.
6. Кызыл китептин басылма версиясы ага киргизилген жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүнүн\түрчөлөрүнүн тизмектерин, алардын биологиясы, көбөйүүлөрүнүн жана жашоо чөйрөлөрүнүн абалы тууралуу ишенимдүү фактылардын жана башка маанилүү маалыматтардын жыйындысын, аларды сактоо, калыбына келтирүү, өстүрүү (багуу) жана бул түрлөрдүн\түрчөлөрдүн мүмкүн болуучу пайдаланылыштары боюнча колдонуудагы жана сунушталган чараларды камтыган, ар бир түр\түрчө боюнча өзүнчө макалалар түрүндөгү маалыматтар баяндалган басылма болуп саналат.
7.Кызыл китепти жүргүзүү ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык республикалык мамлекеттик орган тарабынан координацияланат, техникалык жана финансылык жактан камсыз кылынат. Кызыл китепти усулдук жана маалыматтык жактан алып баруу Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (мындан ары – КР УИА) тарабынан камсыз кылынат, ал айлана чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органынын алдындагы мамлекеттик илимий-консультативдик огнан болуп саналат.
8. Кызыл китепти жүргүзүү үчүн республикалык мамлекеттик орган тарабынан КР УИА менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби боюнча туруктуу иштөөчү Комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамына республикалык мамлекеттик органдын, анын түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук баш ийүүдөгү бөлүмдөрүнүн штатынан адистер, КР УИА компетенттүү бөлүмдөрүнүн жана башка илимий мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле өзүнчө мыкты даярдыктагы окумуштуу-эксперттер, анын ичинде, өкмөттүк эмес коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кошулушат. Комиссия өзүнүн иштери жөнүндө республикалык мамлекеттик органдын жетекчилигинин алдында ар жыл сайын отчет берет.
9. Кызыл китеп жана ага киргизилген, ошондой эле андан чыгарылган сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучу алдында турган түрлөрдүн\түрчөлөрдүн тизмеси, ошондой эле материалдар бул тизмелерди даярдоонун кандай баскычында болбосун, кандай болбосун кызыкдар жактарга басма сөз басылмалары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана республикалык мамлекеттик органдын сайты аркылуу жеткиликтүү болуп саналат.
10. Кызыл китепти жүргүзүүгө байланышкан жумуштарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Жумуштардын бир бөлүгү, анын ичинде пландан тышкаркы талаа изилдөөлөрү республикалык мамлекеттик органдын атайын каражаттарынын, айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы инвестициялык каражаттардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
11. Түрлөрдү\түрчөлөрдү Кызыл китепке киргизүү бул түрлөрдү\түрчөлөрдү жана бүтүндөй биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жолундагы биринчи кадам болуп саналат, андан кийин сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучу алдында турган түрлөрдү\түрчөлөрдү, жана алардын жашаган жерлерин коргоо жана калыбына келтирүү боюнча олуттуу максат көздөөчү илимий жана практикалык жумуштар жүргүзүлөө башташы керек.
Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүн\түрчөлөрүн, ошондой эле табигый экотутумду – алардын жашаган жерлерин изилдөө жана КР УИА тарабынан сунушталган коргоо боюнча чараларды ишке ашыруу боюнча чараларды мамлекет тарабынан каржылоо болгондо гана анын натыйжалуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Республикалык мамлекеттик орган Кызыл китепке киргизилген бардык түрлөрдүн\түрчөлөрдүн иш жүзүндөгү абалдары жөнүндө ар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында отчет берет.
2. Жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүн\түрчөлөрүн статустарынын абалын категорияларга
(жоголуп кетүү тобокелдиги) киргизүү, түрлөрдү\түрчөлөрдү
бир категориядан башкасына которуу
12. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилүүчү жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүнүн\түрчөлөрүнүн коркунуч категорияларытизмелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берилгенге чейин биротоло белгилениши керек.
13. Тигил же бул түрдүн\түрчөнүн жоголуп кетүү коркунучтарынын категориялары Эл аралык жаратылышты коргоо бирлиги (мындан ары – ЭЖКБ) тарабынан сунуш кылынган биологиялык түрлөрдүн жоголуп кетүү тобокелдигинин принциптерин жана сандык критерийлерин пайдалануу менен жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы түрлөрдүн\түрчөлөрдүн заманбап абалдары жана көбөйүүсүнүн (көбөйүүлөрүнүн) абалындагы өзгөрүүлөрдүн мүнөздүү багыттары жөнүндө ишенимдүү маалыматтардын негизинде жана модификацияланган аймактык шарттарды эсепке алуу менен жекече аныкталат. ЭЖКБ Кызыл тизмесинде кабыл алынган Биологиялык ар түрдүүлүк тутумунун категориялары жана сандык критерийлери жөнүндө Конвенцияны бардык Тараптардын пайдалануулары Тараптардын VI Конференциясынын 7-Чечиминде каралган жана түрдүк ар түрдүүлүк компоненттеринин жоголуп кетүү тобокелдигин баалоону уинфикациялоого арналган. ЭЖКБ берген тигил же бул биологиялык түргө ааламдык жоголуп кетүү коркунуч категориясы Кыргыз Республикасындагы бул түрдүн жоголуп кетүү коркунуч категориясына дал келбей калышы мүмкүн.
14.Кыргыз Респкбликасынын аймагындагы тигил же бул түрдүн\түрчөнүн жоголуп кетүү коркунучунун категориясы ачык талкууланат жана кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн, анын ичинде коомдун өкүлдөрүнүн, ишмердиктери Кыргыз Республикасынын биологиялык ар түрдүүлүгү менен байланышкан ар түрдүү кесиптеги адистердин – биринчи кезекте илимий коомчулуктун ой-пикирлерин эске алуу менен белгиленет. Лимиттөөчү факторлор, коргоо чаралары (колдонуудагы жана сунушталган) дагы кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүн тартуу менен талкууланууга жатат.
Жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карандардын бардык көп түрлөрүнүн ичинен жоголуп кетүү коркунучун баалоону жүргүзүү кезегинде Кыргыз Республикасынын жана орто азия аймагынын тар эндемиктерине, аймактык же эволюциялык реликттерине, монофагдарына, ареалдары үзүлгөн түрлөргө\түрчөлөргө же көбөйүүлөрүнүн жыштыгы ачык азайып кеткен ЭЖКБ Кызыл тизмесине жана чектеш мамлекеттердин кызыл китептерине киргизилген, ошондой эле жоголуп кетүү коркунучу алдында турган жапайы фауна жана флоранын объекттерин эл аралык соодалоо жөнүндө Конвенциянын (CITES) жана келгин жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо боюнча Конвенциянын (CMS) колдонулушу кирген, өзгөчө биоценотикалык, илимий, маданий, эстетикалык, же чарбалык мааниси бар түрлөргө\түрчөлөргө артыкчылык берилет.
Иш жүзүндөгү маалыматтар, алып айтканда, анын тарыхый ареалынын чектериндеги анын бардык белгилүү жана\же болжолдуу жашаган жерлерин туура убакта (сутка, мезгил, жыл) адекваттуу изилдөөнүн натыйжалары дайындуу түргө\түрчөгө тигил же бул категорияны ыйгаруу үчүн негизги матераил болуп саналат. Изилдөө убакыттык көрсөткүчтөрүбоюнча түрдүн\түрчөнүн жашоо циклине жана экологиялык формасына ылайык келиши керек. Жалпы төрдө жоголуп кетүү коркунуч категориясы бир нече кртитерийлер (жалпы саны, репродуктивдүү жигердүү жандыктардын пайызы, айрым көбөйүүлөрдүн саны, ар түрдүү көбөйүүлөрдүн жыштыгы, ареалынын аянты ж. б.)
15.Кызыл китепке сандык критерийлери боюнча ЭЖКБ категорияларынын тутумуна ылайык жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн же козу карындардын түрлөрү\түрчөлөрү белгиленген төмөнкү үч жоголуп кетүү коркунуч категорияларынын кайсы-бирине киргизилүүгө жатат:
1) «КЫЙЧАЛЫШ АБАЛДА ТУРГАНДАР» (CR – critically endangered)
Түр\түрчө кандайдыр-бир критерийлер боюнча анын көбөйүү (көбөйүүлөрүнүн) абалы сандык сактан кыйла ачык-айкын ушул категорияга ылайык деп бааланганда «Кыйчалыш абалда тургандар» категориясында болуп саналат, жана ошондуктан ал жапайы жаратылышта жоголуп кетүүнүн өзгөчө жогорку тобокелдиги алдында турган катары каралат(Кыргыз Республикасынын аймагында).
2) «КОРКУНУЧТУУ АБАЛДА ТУРГАНДАР» (EN - endangered)
Түр\түрчө кандайдыр-бир критерийлер боюнча анын көбөйүү (көбөйүүлөрүнүн) абалы сандык сактан кыйла ачык-айкын ушул категорияга ылайык деп бааланганда «Коркунучтуу абалда тургандар» категориясында болуп саналат, жана ошондуктан ал жапайы жаратылышта жоголуп кетүүнүн олуттуу коркунучу алдында турган катары каралат(Кыргыз Республикасынын аймагында).
3) «АЛСЫЗДАР» (VU - vulnerable)
Түр\түрчө кандайдыр-бир критерийлердин көпчүлүгү боюнча анын көбөйүү (көбөйүүлөрүнүн) абалы сандык сактан кыйла ачык-айкын ушул категорияга ылайык деп бааланганда «Алсыздар» категориясында болуп саналат, башкача айтканда, ал көбөйүү абалынын өзгөрүүлөрүнүн заманбап мүнөздүү багыттарында жапайы жаратылышта жоголуп кетүү коркунучу алдында турган катары каралат(Кыргыз Республикасынын аймагында).
16.Кызыл китепке “кара” тизме тиркемесинде сандык критерийлери боюнча ЭЖКБ категорияларынын тутумуна ылайык жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн же козу карындардын түрлөрү\түрчөлөрү белгиленген төмөнкү эки жоголуп кетүү коркунуч категорияларынын кайсы-бирине киргизилүүгө жатат:
1) «ТОЛУК ЖОГОЛГОНДОР» (EX – extinct)
түр\түрчө анын акыркы жандыгы 1880-жылдан кийинки мезгилде өлгөнүнөн эч кандай негиздүү шектенүү калбаганда, түр\түрчө “Толук жоголгон” делип таанылат.
Анын белгилүү жана\же болжолдуу жашаган жерлери (сутканын, сезондун, жылдын) ылайыктуу убагында тыкыр иликтенгенде, анын тарыхый ареалынын чектеринде анын бир дагы жандыгы табылбаганда түр\түрчө “Толук жоголгон” деп таанылат. Иликтөө убакыттык көрсөткүчтөрү боюнча түрдүн (түрчөнүн) жашоо циклине жана биологиялык таризине ылайык келүүсү тийиш.
2) «ЖАПАЙЫ ЖАРАТЫЛЫШТА ЖОГОЛГОНДОР» (EW – extinct in the wild)
Ал өлкөнүн аймагында эркин эмес, мурдагы ареалдан же маданияттан тышкары натуралдашкан көбөйүү (көбөйүүлөр)шарттарында гана сакталып калганы белгилүү болгон, ал эми анынтарыхый ареалынын чектеринде белгилүү жана\же болжолдуу жашаган жерлери (сутканын, сезондун, жылдын) ылайыктуу убагында тыкыр иликтенгенде бир дагы жандыгы табылбаган түр\түрчө “Жапайы жаратылышта жоголгон” катары таанылат.
17. Сандык критерийлери боюнча ЭЖКБ категорияларынын тутумуна ылайык белгиленген төмөнкү төрт категориялардын кайсы-бирине киргизилген жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн же козу карындардын Кыргыз Республикасынын аймагында жашоочу (өсүүчү) түрлөрү\түрчөлөрү Кызыл китепке жатпайт, бирок алардын көбөйүүсүнүн, же айлана чөйрөнүн абалы начарлаган, же үзгүлтүксүз абалдарын кайра кароонун, же жаңы маалыматтар пайда болгон (алардын жоголуп кетүү коркунучун адекваттуу баалоо үчүн зарыл болгон) учурларда кийин соңу киргизилиши мүмкүн:
1) «КОРКУНУЧТУУГА ЖАКЫН АБАЛДА ТУРГАНДАР» (NT – near threatened)
Критерийлердин көпчүлүгү боюнча анын көбөйүүсүнүн абалы сандык жагынан «Кыйчалыш абалда тургандар», «Коркунучтуу абалда тургандар» же «Алсыздар» категорияларына ылайыктуу эмес деп бааланганда, бирок ошого жакын же жакынкы келечекте жогорку категориялардын бирине киргизилип калуу коркунучу бар түр\түрчө «Коркунучтууга жакын абалда тургандар» болуп саналат.
2) «АЗЫРААК КООПТОНУУ ЖАРАТКАНДАР» (LC – least concern)
Ал кеңири таралышы, салыштырмалуу көп саны менен мүнөздөлгөндө, жана баалоодо бир да критерий менен «Кыйчалыш абалда тургандар», «Коркунучтуу абалда тургандар» же «Алсыздар» же «Коркунучтууга жакын абалда тургандар» катары квалификацияланбаган түр\түрчө «Азыраак кооптонуу жараткандар» болуп саналат.
3) «ЖЕТИШСИЗ ИЗИЛДЕНГЕНДЕР» (DD – data deficient)
Статусунун абалын түздөн-түз же кыйыр баалоо үчүн Анын санынын жана\же ареалынын абалы жөнүндө болгон маалыматанын көбөйүүсүнүн\көбөйүүлөрүнүн абалына (Кыргыз Республикасында) түздөн-түз же кыйыр баа берүү үчүн жетишпеген түр\түрчө «Жетишсиз изилденгендер» («Маалыматтар жетишсиз») категориясына кирет.
4) «БААЛАНБАГАНДАР» (NE – not evaluated)
Анын анын көбөйүүсүнүн\көбөйүүлөрүнүн абалына ЭЖКБ критерийлери боюнча али бааланбаган түр\түрчө «Бааланбагандар» деп эсептелет.
18.Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган\өскөн жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүнүн\түрчөлөрүнүн көбөйүүлөрүнүн жана жоголуп кетүү тобокелдиктеринин абалын баалоо үчүн пайдаланылган ЭЖКБ тарабынан сунушталган жогоруда көрсөтүлгөн тогуз категория негизги (кыйла толук) схема катары каралат. Категориялардын жана критерийлердин бул тутуму практикада (Кыргыз Республикасынын аймагы үчүн) аймактык өзгөчөлүктөрдү, же жергиликтүү шарттарды, же айрым түрлөрдүн\түрчөлөрдүн, же алардын топторунун(мисал үчүн: омурткасыз жаныбарлар, суудагы организмдер, козу карындар) өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен модификацияланган түрдө колдонулат.
Сейрек жана жоголуп кетүү коркунучу алдында турган жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүнүн\түрчөлөрүнүн көбөйүүлөрүнүн абалынын көрсөткүчтөрү, жөнүндө маалыматтар Кызыл китепти жүргүзүү процессинде топтолот жана иштеп чыгылат, биоартүрдүүлүктүн абалынын жана жалпысынан айлана чөйрөнүн өзгөрүүсүнүн мүнөздүү багыттарынын индикаторлору катары пайдаланылат. Бул маалыматтар Кыргыз Республикасы тарабынан бир катар эл аралык макулдашуулар жана конвенциялар боюнча милдеттенмелерди аткарууда пайдаланылат.
3. Басылма Кызыл китептин түзүмү жана мазмуну
жана анын жарыяламалары
19. Кызыл китептин басылып чыгыралыштарынын түзүмү, мазмуну жана жасалгаланышы Кызыл китеп боюнча Комиссия тарабынан координацияланат жана иш жүзүндө ушул максаттар үчүн республикалык мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн Редакциялык кеңеш тарабынан ишке ашырылат.
20. Кызыл китеп ага киргизилген бардык биологиялык түрлөрдү\түрчөлөрдү камтыган бир томдон же эки томдон турат: жаныбарлар (1-том), жана өсүмдүктөр жана козу карындар (2-том). Ар бир том бир китеп же бир нече бөлүмдөр (бөлүмдөрдүн топтору, же өзүнчө бөлүмдөр боюнча) түрүндө басылып чыгарылат.
21. Кызыл китепке киргизилген түрлөр\түрчөлөр үчүн маалыматтар, милдеттүү түрдө төмөнкү пункттарды камтыган өзүнчө макалалар (очерк) түрүндө берилет:
- түрдүн\түрчөнүн латын, кыргыз, орус жана англис тилдериндеги аталышын;
- түрдүн\түрчөнүн тутумдук абалын;
- түрдүн\түрчөнүн Кыргыз Республикасыдагы жоголуп кетүү коркунуч категориясын жана (эгерде болсо) – түрдүн\түрчөнүн ЭЖКБ Кызыл тизмесиндеги жаратылышты коргоо статусун;
- түрдүн\түрчөнүн сөз жүзүндөгү сыпаттамасын (фотосүрөтү же сүрөтү), зарыл болгон учурларда ошондой эле организмдин өсүшүнүн мүнөздүү жаш-курактык жана сезондук өзгөчөлүктөрүнүн сыпаттамасы келтирилиши мүмкүн (куртчалары, салынган жумуткалары, куурчакчасы, касталары, гүлбүртүкчөлөрү, аял жана эркек гүлчөлөр, мөмөлөр) жана башка маалыматтарды;
- түрдүн\түрчөнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жана дүйнөдө таралышы (өткөндөгү жана азыркы) – Кыргыз Республикасынын схема-картасына түшүрүлгөн сөз жүзүндөгү сыпаттамасы түрүндө;
- түрдүн\түрчөнүн жашаган жерлеринин сыпаттамасы, белгилүү экотутумга (экотутумдарга) карата туура келгендиги;
- биологиясы, көбөйүүлөрүнүн абалы жана жашаган жерлери жөнүндө маалыматтар;
- түрдүн\түрчөнүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана дүйнөдөгү көбөйүүсүн, ошондой эле санынын динамикасын (өзгөрүүсүнүн мүнөздүү багыттарын) баалоо;
- лимитөөчү факторлор жана коркунучтар, түрлөрдүн жалпысынан же түрчөлөрдүн өзүнчө сандарынын жана ареалдарынын өзгөрүүлөрүнүн себептери;
- жасалма жол менен көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтар;
- түрдү\түрчөнү сактоо, калыбына келтирүү жана мүмкүн болуучу пайдаланылышы боюнча, ошондой эле негизги жашаган жерлерин сактоо жана трансчекаралык кызматташтык боюнча колдонуудагы жана сунуш кылынып жаткан чаралар, изилдөөлөрдү өнүктүрүү боюнча сунуштар.
Ар бир очерктин (макаланын) аягында автор-түзүүчүсү көрсөтүлөт.
22. Түрлөрдүн таксономикалык таандыктыгына ылайык очерктер системалык тартипте бөлүмдөргө топтоштурулат («кара» тизмеге киргизилген төрлөрдөн\түрчөлөрдөг тышкары). Ар бир бөлүм милдеттүү түрдө түрлөрдүн\түрчөлөрдүн аталышын, системалык тизмесин, киришме очеркти, маалыматтардын адабий жана башка булактарынын тизмесин, ошондой эле (эгерде болсо) сунуштарды жана кошумча жасалгаларды камтыйт.
Басылма Кызыл китептин (же томунун) чыгарылышынын башталышында бөлүмдөрдүн алдына баш сөз, киришүү (милдеттүү түрдө пайдаланылган аббревиатуралардын жана анда тексте эскерилген негизги топонимдерди жана мамлекеттик коруктарды жана жаратылыш парктарын белгилеп көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын жана чектеш райондордун физикалык-географиялык картасынын чечмеленишин камтыган) жана «кара» тизме – Кыргыз Республикасынын аймагында толук жок кылынган (1880-жылдан кийин жок болгон) түрлөрдүн\түрчөлөрдүн тизмеси берилет. Бөлүмдөрдүн тексттеринен кийин басылма Кызыл китептин (же томунун) чыгарылышы төрт (кыргыз, латын, орус жана англис аталыштарынын) алфавиттик көрсөтмөсүн, жасалгалардын авотролорунун, редакторлордун, котормочулардын тизмесин, ошондой эле (эгерде болсо) сунуштарды жана кошумча жасалгаларды камтыйт.
Басылма Кызыл китептин чыгарылышы зарылдыгына жараша ар түрдүү мөнүздөгү тиркемелер менен коштолот (мисалы, Кызыл китеп жөнүндө Жобонун текстти, Кызыл китептен чыгарылган түрлөрдүн\түрчөлөрдүн жана Кызыл китепке кирүүгө «талапкерлердин», ЭЖКБ Кызыл тизмесинен түрлөрдүн өзүнчө тизмелери, жана «жашыл» тизме – Кыргыз Республикасындагы саны калыбына келтирилген түрлөрдүн\түрчөлөрдүн тизмеси).
23. Кызыл китептин басылма чыгарылышынын үч нускасы мукабаланган түрдө – ар бир түр\түрчө боюнча өзүнчө барактар түрүндө даярдалат, алардын бир нускасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө, бир нускасы – республикалык мамлекеттик органда, жана бир нускасы – КР УИА сакталат. Кызыл китептин басылма чыгарылышынын бул наскалары расмий документтердин статусуна ээ болот жана Кызыл китептин расмий нускалары деп аталат.
Кызыл китептин расмий басылып чыгарылышында мазмундун окшош тексттери кыргыз жана орус тилдеринде, ошондой эле негизги маалыматтар англис тилинде берилет.
Кызыл китепти кайра басып чыгаруунун ортосундагы мезгилдерде сейрек жана жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүнүн\түрчөлөрүнүн тизмесине (тизмегине) жана алар жөнүндө маалыматтарга карата толуктоолор жана өзгөртүүлөр Кызыл китептин колдонуудагы расмий нускаларынын ар бирине бир убакта кандай болбосун ыкма менен киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, республикалык мамлекеттик орган жана КР УИА аны жаңылап туруу үчүн сейрек жана жоголуп кетүү коркунучу алдында турган түрлөр\түрчөлөр боюнча электрондук базага жеткиликтүүлүктүн тең укуктарын ээ болушат.
24. Кызыл китептин басылма чыгарылышынын бардык калган нускалары расмий документтердин статусуна ээ болушпайт. Кызыл китептин мындай басылма чыгарылыштары (кандай болбосун тилде, катуу же жумшак мукабаларда), Кызыл Китептин расмий нускаларына түзүмүжана мазмуну боюнча окшош түрдө жана тийиштүү тексттердин автор-түзүүчүлөрүнүн автордук укуктарын сактоо менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактар тарабынан кайра басылып чыгарылышы мүмкүн.
Ошондой эле Кызыл китептин илимий-популярдуу версияларынын жарыяланышына жол берилет. Илимий-популярдуу басылмалардын мазмуну Кызыл китептин расмий нускаларынын тексттериндеги маалыматтарды бурмалабашы керек. Кыйла түшүнүктүү баяндоодо балдар үчүн атайын Кызыл китептер (жалпысынан же жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын айрым топтору боюнча) чыгарылышы мүмкүн.
25. Кызыл китептин басылма чыгарылыштары Кызыл китептин расмий нускаларынын актуалдуу мазмунуна ылайык, он жылда бир жолудан кем эмес кайра басып чыгарылат.
26. Республикалык мамлекеттик орган тарабынан Кызыл китептин басылма чыгарылышынын нускасынын белгилүү бөлүгү КР УИА тармактык бөлүмдөрүнө, мамлекеттик китепканаларга, бажы органына, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо, кайра өндүрүү жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөлдөө жана көзөмөлгө алуу органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана ишмердиктери Кыргыз Республикасынын биологиялык ар түрдүүлүгү менен байланышкан башка жактарга жана республикалык мамлекеттик орган жана анын түзүмдүк жана ведомстволук баш ийүүдөгү бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүчү башка кызыкдар жактарга берүү (сатып өткөрүү) үчүн арналат.
27. Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүн\түрчөлөрүн натыйжалуу коргоо, аларды коргоо жана калыбына келтирүү, аларды пайдаланууну көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча иш чараларды ыкчам пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн, Кызыл китептин басылып чыгарылганына жана таратылганына карабастан республикалык мамлекеттик орган бир айдын ичинде сейрек жана жоголуп кетүү коркунучу алдында турган жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүнүн\түрчөлөрүнүн тизмесиндеги(тизмегиндеги) өзгөртүүлөр тууралуу жасалгалуу материалдарды расмий сайтка жайгаштырууну, ошондой эле мамлекеттик тилде тийиштүү маалыматтык телеберүүнү даярдоону жана жүргүзүүнү камсыз кылат.
4.Кызыл китепти жүргүзүүнүн негизги иш чаралары
28. Кызыл китепти жүргүзүү төмөнкү иш-чараларды жүгөгө ашырууда турат:
1) коргоонун, сактоонун жана калыбына келтирүүнүн атайын чараларына муктаж болгон жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүнүн\түрчөлөрүнүн көбөйүүлөрүн айкындоого багытталган илимий изилдөөлөрдү уюштуруу;
2) маалыматтарды (биология, көбөйүүлөрүнүн абалы жана жашаган чөйрөлөрү боюнча маалыматтарды кошуп алганда), ошондой эле атайын коргоого муктаж болгон жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүнүн\түрчөлөрүнүн (ушул Жобонун 13-пунктуна ылайык) жоголуп кетүү коркунучу категорияларын (өзгөрүүлөрүн) белгилөө максатында кызыкдар адамдардан тиешелүү сунуштарды жана чечмелөөлөрдү жыйноо, талдоо жана жалпылоо;
3жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүнүн\түрчөлөрүнүн жоголуп кетүү коркунучу категорияларын белгилөө (өзгөртүү) жана аларды Кызыл китепке киргизүү(же андан чыгаруу) тууралуу чечимдерди кабыл алуу;
4) Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүн\түрчөлөрүн сактоо, калыбына келтирүү жана мүмкүн болуучу пайдалануу боюнча, ошондой эле экотутумдарды кармап туруучу алардын негизги жашаган жерлерин сактоо боюнча, жана трансчекаралык кызматташуу боюнча атайын чаралар жөнүндө сунуштамаларды даярдоо;
5) Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрү\түрчөлөрү боюнча маалыматтардын электрондук базасын дайыма жаңылап туруу.
5. Кызыл китеп боюнча комиссиянын курамы жана иши
29. Кызыл китеп боюнча атайын ведомстволор аралык Комиссиянын курамы КР УИА менен макулдашуу боюнча, ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык, тогуз кишиден кем эмес жана он беш кишиден көп эмес санда түзүлөт, жана республикалык мамлекеттик органдын буйругу менен КР УИА Биология-жер кыртышы институтунун администрациясы менен макулдашуу боюнча бекитилет.
Комиссиянын биринчи отуруму республикалык мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан чакырылат, ошол отурумда Комиссия мүчөлөрүнүн ичинен андан ары иштөө үчүн Комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары жана жооптуу катчысы шайланат. Комиссия зоологиялык жана ботаникалык секцияларга бөлүнүшү мүмкүн, ар биринде шайлануучу жетекчиси жана катчысы болот.
Жумуштун натыйжалуулугунун жана чечимдердин компетенттүүлүгүнүн кызыкчылыктарында Комиссиянын курамы, төраганын орун басарын жана катчыны кошуп алганда, анын мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча Комиссиянын курамынын эң аз болгондо үчтөн экисинин колдоосу менен, Комиссиянын төрагасы бекиткен тийиштүү добуш берүүнүн жыйынтыгы менен өзгөртүлүшү мүмкүн.Төрага ээлеген кызматынан Комиссия мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча, Комиссиянын курамынын эң аз болгондо үчтөн экисинин колдоосу менен, республикалык мамлекеттик органдын жетекчиси бекиткен тийиштүү добуш берүүнүн жыйынтыгы менен алынышы мүмкүн.Төраганын кызматтан кетиши автоматтык түрдө Комиссиянын мурунку курамынын таратылышына жана ушул пунктта баяндалган тартипте, жаңы курамды түзүү боюнча жол-жобону деилгеленишине алып келет.
30. Комиссия өзүнүн ишин ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат, жана Биоартүрдүүлүк боюнча Конвенциянын Катчылыгынын, ЭЖКБ түрлөрүнүн жашап кетүүсү боюнча Комиссиянын жана жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөлөрү чөйрөсүндөгү эл аралык макулдашуулардын жана программалардын жетекчи документтерине карап багытталышат.
Комиссия өзүнүн ишин зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес уюштурулуучу отурумдарды өткөрүү аркылуу, жана секциялардын иштери аркылуу жүзөгө ашырат. Чечимдерди кабыл алуу үчүн секциялардын ишинин натыйжалары жалпы комиссиянын отурумуна киргизилет. Комиссияда кароо үчүн материалдарды даярдоо республикалык мамлекеттик органдын, КР УИА тармактык институттарынын администрациялары жана Комиссиянын төрагасы тарабынан камсыз кылынат.
Комиссиянын чечимдери каралып жаткан маселелер боюнча консенсуска жетишүүнүн негизинде, отурумдун ишине Комиссия мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмесинин катышуусунда гана кабыл алынат. Комиссия өзүнүн чечимдери жөнүндө республикалык мамлекеттик органды кабарландырат, ал аларды ишке ашыруу боюнча чараларды көрөт.
Комиссиянын иши боюнча зарыл документтерди жүргүзүү жана сактоо жооптуу катчы тарабынан жүзөгө ашырылат жана республикалык мамлекеттик орган тарабынан координацияланат.
31. Сейрек жана жоголуп кетүү коркунучу алдында турган жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүнүн\түрчөлөрүнүн тизмелерин түзүү, эксперттик баа берүүлөрдү өткөрүүнү уюштуруу (категорияларды ыйгаруу үчүн), бардык кызыкдар жактардын иш-аракеттерин координациялоо жана Кызыл китепти жүргүзүү боюнча башка маселелерди чечүү Комиссиянын жалпы иш-милдети болуп саналат. Комиссия ушул Жобонун 21-пунктунда саналганКыргыз Республикасынын аймагында тура калган сейрек жана жоголуп кетүү коркунучу алдында турган биологиялык түрлөргө байланыштуу маселелер боюнча жогорку компетенцияларга ээ, коллегиалдуу эксперттик орган болуп саналат.
Кызыл китеп боюнча Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан, илимий-изилдөө, билим берүү, коомдук жана башка уюмдардан өзүнүн иши үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды суратып алууга;
- Кызыл китеп боюнча Комиссиянын ишине кызыкдар болгон илимий, коомдук жана башкауюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле айрым адистерди тартууга;
- зарыл болгондо республикалык мамлекеттик органдын алдында Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын түрлөрүнүн\түрчөлөрүнүн, алардын жашаган жана өскөн жерлеринин көйгөйлөрүнө байланыштуу кошумча экспертизаларды, изилдөөлөрдү, талдоолорду, мониторингдик эсепке алууларды жана башка чараларды өткөрүү жөнүндө сунуштамаларды демилгелөөгө.
С. Атаджанов _______________
«___» _______________ 2014 г.
Достарыңызбен бөлісу: |