Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету Киришүү



бет1/19
Дата23.02.2016
өлшемі1.52 Mb.
#11437
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету
Киришүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ишинин приоритеттүү багыттарын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында (мындан ары - ТӨУС) аныкталган 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому) ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
28-февралындагы № 110 токтому менен бекитилген 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планынын алкагында макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана стратегиялык багыттарга жана приоритеттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды иш жүзүнө ашырды. Мында стратегиялык тармактарды өнүктүрүү максатында бизнестеги жана улуттук масштабдагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруудагы тоскоолдуктарды жоюуга жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө көп көңүл бөлүндү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) отчетунда 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги параметрлери, экономиканын ар түрдүү тармактарынын ар бирин өзүнчө алганда өнүктүрүүнүн тенденциялары көйгөйлөрдү жана жетишкендиктерди көрсөтүү менен чагылдырылган. Коопсуздукту, коргонуу мүмкүнчүлүгүн жана укуктук тартипти камсыздоо, бирдиктүү мамлекеттик укуктук саясатты ишке ашыруу жана Конституцияны жана мыйзамдарды аткаруу боюнча ишти уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен өз ара кызматташтыгы боюнча Өкмөттүн 2014-жылдагы ишинин негизги жыйынтыктары баяндалган.

2014-жылда жүргүзүлгөн, макулдашылган экономикалык саясат дүйнөлүк экономикада, анын ичинде негизги соода-өнөктөш өлкөлөрдө- Россия Федерациясында, Казакстанда уланып жаткан басаңдоо жагдайынын терс таасирине карабастан, өлкөдө макроэкономикалык жана социалдык стабилдүүлүктү жана экономиканы өнүктүрүүнүн белгиленген оң динамикасын сактоого мүмкүндүк түздү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (мындан ары - УСК) алдын ала баалоосу боюнча 2014-жылдын жыйынтыгында өлкөдө экономикалык өсүш 103,6 %ды түздү. Бекитилген параметрлердин алкагындагы социалдык милдеттенмелер аткарылды. 2014-жылы бюджеттин тартыштыгы 2013-жылдагы ички дүң продуктунун көлөмүнө карата 0,7 %га каршы, 0,5 %ды түздү.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын
10-октябрындагы № 75 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Евразиялык экономикалык биримдикти түзүүнү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралар планы («жол картасы») активдүү ишке ашырылды. Улуттук мыйзамдарды ЕАЭСтин ченемдик укук базасына шайкеш келтирүү боюнча масштабдуу иш жүргүзүлүп, анын алкагында 112 ченемдик укук актыга (38 мыйзамга жана башка
74 ЧУАга) өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кошулуусу тууралуу келишимге 2014-жылдын 23-декабрында кол коюу отчеттук жылдын башкы жаңылыгы болду. 2015-жылдын 1-январынан тартып, постсоветтик мейкиндикте ЕАЭС - ири интеграциялык бирикме иштеп баштады, ал товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, капиталдарды жана катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы эмгек ресурстарын эркин жүгүртүүнү камсыз кылат. Кыргызстан бардык жол-жоболорду аяктагандан кийин,


2015-жылдын май айында ЕАЭСке толук кандуу мүчөсү болоору күтүлүүдө. Республика үчүн бул экономикалык интеграциянын жаңы баскычы.

Өкмөттүн бардык чөйрөлөрдө жүргүзүп жаткан реформалары негизги максатка жетүүгө - элдин жыргалчылыгын жогорулатууга жана өлкөнүн экономикасын өнүгүүнүн туруктуу векторуна чыгарууга багытталган.

Өзүнүн программаларын аткаруу процессинде Өкмөт Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өкмөттүк эмес уюмдардын секторлору, бизнес-коомчулук менен тыгыз кызматташты. Бул ишкерлерге ылайыктуу шарттарды түзүү жана колдоо, экономиканын ар түрдүү секторлорунда өндүрүштү стимулдаштыруу, стратегиялык тармактарды өнүктүрүү боюнча улуттук масштабдагы инвестициялык долбоорлорду жылдыруу боюнча иш-чараларды максималдуу ишке ашырууга жардам берди. 2014-жылы 15 долбоор ишке ашырылды, анын ичинен 7 долбоор агроөнөр жай комплексинде, 4 долбоор энергетика секторунда, 4 долбоор транспорт жана коммуникация чөйрөсүндө.

2014-жылы Өкмөт парламентке 144 мыйзам долбоорун киргизди (2013-жылга салыштырмалуу 22 %га көп). Биргелешкен конструктивдүү иштердин натыйжасында бүгүнкү күнгө карата 62 мыйзам кабыл алынды.



1. Кыргыз Республикасын 2014-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүү жөнүндө
1.1 Негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр1
1.1.1 Ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү
2014-жылы Кыргыз Республикасынын социалдык экономикалык өнүгүүсү дүйнөлүк экономиканын басаңдоосу уланып келе жаткан терс таасирдин, региондо геосаясий жана геоэкономикалык чыңалуу (Россияга каршы экономикалык санкцияларды киргизүү, башка валюталарга салыштырганда АКШ долларынын курсунун чыңдалган эсебинен валюта рыногундагы тартыштык жана нефтиге карата дүйнөлүк баанын кескин түшүп кетүүсү) шарттарында өттү. Ушундан улам жылдын ичинде Кыргыз Республикасында экономикалык өсүштүн басаңдоо жана инфляциянын деңгээлинин өсүш тенденциясы байкалды (1-табл.).

1-таблица

2014-жылдын башынан тартып макрокөрсөткүчтөрдүн өсүш темптеринин динамикасы

(пайыз менен)






янв.

янв.-

фев.

янв.-март

янв.-апр.

янв.-май

янв.-июнь

янв.-июль

янв.-авг.

янв.-сент.

янв.-окт.

янв.-нояб.

янв.-дек.

ИДП

108,6

105,5

105,3

105,0

104,1

104,1

104,1

104,4

103,8

103,7

103,5

103,6

Өнөр жай

120,3

108,5

109,1

109,4

106,6

107,6

108,8

108,6

105,1

102,3

99,5

98,3

Айыл чарбасы

100,7

100,8

100,9

101

100,6

99,8

98,3

98,2

98,5

99,2

99,2

99,4

Курулуш

145,5

146,5

132,9

130,4

126,7

122

121,3

122,2

121,8

123,8

125,6

124,9

Кызмат көрсөтүүлөр

102,9

102,5

102,1

101,8

101,8

101,9

102,5

102,8

103,0

103,3

103,6

104,1

КБИ

мурунку жылдын декабрь айына карата, %

100,5

101,2

103,4

104,4

105,4

105,9

105,0

104,5

105,0

106,8

108,9

110,5

мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата, %

103,6

103,8

104,7

105,4

105,9

106,3

106,6

106,7

106,8

107,0

107,3

107,5

2014-жылдын жыйынтыгынын негизги натыйжасы болуп, экономиканы өнүктүрүүнүн оң динамикасын жана өлкөдө макроэкономикалык, социалдык туруктуулукту сактап туруу эсептелет.

УСКнын алдын ала баалоосу боюнча, 2014-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн экономикалык өсүшү 103,6 %ды түзүп, ИДПнын номиналдык көлөмү 397,3 млрд сом болду. ИДПнын дефлятору 107,9 %дын деңгээлинде түзүлдү.

«Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишкананы эсепке албаганда ИДПнын реалдуу өсүшү 4,6 %ды түздү, 2013-жылы мындай көрсөткүч 6,1 %ды түзгөн.

ИДПнын көлөмүн калктын жан башына эсептегенде 71,2 миң сомду түздү жана 2013-жыл менен салыштырганда 1,5 %га өстү.

Экономикалык өсүш курулуштун 1,57 жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн 1,94 деңгээлиндеги пайыздык пункттарынын оң салымы эсебинен камсыздалды. ИДПны түзүүгө терс салымдарын айыл чарбасы 0,09 жана өнөр жай 0,31 деңгээлиндеги пайыздык пункттары менен кошту.

Экономикада түзүлгөн тенденциялардын натыйжасында ИДПнын номиналдык структурасында товар өндүрүүчү тармактардын үлүшү
1,7 пайыздык пунктка азайып, 37,8 %ды түздү, кызмат көрсөтүү тармагынын үлүшү 1,5 пайыздык пунктка өсүп, 48,1 %ды түздү.

2-таблица



ИДПны түзүүчү секторлор боюнча структура жана өсүш темптери 2


Көрсөткүчтөр

2013-жыл, иш жүзүндө

2014-жыл, баштапкы иш жүзүндө

2014 -жыл

(күтүлүүлөр, №469 токтому)


Күтүлүүдөн өсүш темпи-нин четтөө-сү (+/-)

п.п.

млн

сом

өсүш темпи %

ИДПга карата % менен

млн

сом

өсүш темпи %

ИДПга карата % менен

ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү

п.п.

млн

сом

өсүш темпи %

ИДП

355294,8

110,9

100,0

397277,1

103,6

100,0

3,6

388813,7

104,5

-0,9

Айыл чарбасы

52007,6

102,7

14,64

58888,7

99,4

14,8

-0,09

58065,1

100,8

-1,4

Өнөр жай

65801,5

135,9

18,53

61741,3

98,3

15,6

-0,31

58504,0

105,1

-6,8

Курулуш

22466,5

116,4

6,32

29461,1

124,9

7,4

1,57

30004,9

117,5

7,4

Кызмат көрсөтүү

165603,7

104,8

46,61

191139,3

104,1

48,1

1,94

186391,7

103,6

0,5

Продуктуга жана импортко таза салык

49415,5

110,9

13,91

56046,7

103,6

14,1

0,50

55848,0

104,5

-0,9

2014-жылы ИДПнын иш жүзүндө түзүлгөн деңгээли 0,9 пайыздык пунктта күтүлгөн деңгээлге жетпей калды.

Жыл башынан бери экономикалык өсүштүн басаңдашынын негизги факторлору төмөнкүлөр болду:

- айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жагымсыз жаратылыштык-климаттык шарттар (жаздын кеч келиши, кургакчылык жана сугаттын жок болушу, суунун аз болушу), көлөмдүн 0,6 пайыздык пунктка азайышы;

- өнөр жай өндүрүшүнүн структурасында үлүшү көлөмдүн жарымын ээлеген (2014-жылы негизги металлдар өндүрүшүнүн көлөмү 46,5 %ды ээледи) негизги металлдардын өндүрүшү төмөндөгөнүнөн улам (өсүш темпи 93,6 %, 2013-жылы 183,6 %), өнөр жай өндүрүшүнүн динамикасынын олуттуу кыскарышы (1,7 п.п.);

- импорттун көлөмү азайгандан улам сооданын жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн да басаңдашы (95,7 %);

- региондо пайда болгон татаал геоэкономикалык кырдаалдардан улам (Россияга карата экономикалык санкцияларды киргизүү, чийки затка болгон дүйнөлүк баанын кескин түшүп кетүүсү, башка валюталарга салыштырганда АКШ долларынын курсунун чыңдалган эсебинен валюта рыногундагы тартыштык) инвесторлор күтүү позициясын ээлешти, чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы 1,6 эсеге кыскарды, ал эми капиталдын чыгуусу 24,6 %га күчөдү;

- 2013-жылдын жогорку экономикалык базасы (10,9 %га өскөн).

Таасир этүүнүн белгиленген факторлору жалпысынан максаттуу макроэкономикалык параметрлерге жетүүгө таасирин тийгизди, ал
2014-жылга 4,5 % деңгээлинде кабыл алынган. Мында, 2014-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү болжолдонгон 388,8 сомдун ордуна 397,3 млрд сом өлчөмүндө түзүлгөнүн (өсүш 8,5 млрд сом), ал эми 2013-жылы болжолдонгон 351,1 млрд сомдун ордуна 355,3 млрд сомду түзгөндүгүн (өсүш 4,2 млрд сом) белгилей кетүү керек. ИДПнын номиналдык көлөмүнүн өлчөмүнүн мындай динамикасы мурунку жылдардын бюджетин түзүү үчүн кабыл алынган көлөмдөргө туура келет. 2014-жылга белгиленген параметрлерге ылайык мамлекеттин социалдык кепилдиктерин толугу менен жана өз убагында каржылоо камсыз кылынды.

Экономикалык өсүштүн оң динамикасын камсыз кылуу 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны ишке ашыруу боюнча 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планынын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-февралындагы № 110 токтому) алкагында активдүү илгериледи, анын көпчүлүк бөлүгү бизнес үчүн чөйрөнү жөнөкөйлөтүүгө жана тоскоолдуктарды жок кылууга, стратегиялык тармактарды өнүктүрүү үчүн улуттук масштабдагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга топтолгон.

Белгилей кетсек, ТӨУС менен кабыл алынган макроэкономикалык туруктуулуктун сандык параметрлери орточо аткарылып жатат.

Мисалы, 2013-2014-жылдардын аралыгындагы экономикалык өсүштүн орточо темпи 107,3 %ды түздү, бул ЕАЭСтеги өлкөлөр арасында жакшы көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

Экономикалык саясаттын негизги багыттары болуп, тышкы карыздын ИДПга (ИДПга карата 60 %) карата жол берилген деңгээлинен ашпаган, бюджеттик тартыштыкты кыскартуу аркылуу макроэкономикалык туруктуулукка жетүү жана сактап калуу саналат. 2013-2014-жылдары бюджеттин тартыштыгынын өлчөмү максаттуу багыттан ашкан жок (ИДПга карата 5 %дан көп эмес) жана ИДПга карата 0,5-0,7 % диапазонду түздү, ал эми мамлекеттик тышкы карыздын деңгээли ИДПга карата орточо 47,4 %ды түздү (3-табл.).
3-таблица

ТӨУСдагы максаттуу параметрлери менен макроэкономикалык туруктуулуктун негизги сандык параметрлеринин иш жүзүндөгү маалыматтарына карата салыштырма таблица (2013-2017-жж.)


Көрсөткүчтөр

Өлчөө бирд.

2013-2017 -жылдарга ТӨУС максаттуу көрсөткүчтөрү

2013

2014

2015

2016

2017

2013-2014-жылдар үчүн орточо

иш жүзүндө

баштапкы иш жүзүндө

болжол

(14.08.14-ж. №469-токтом)

ИДПнын реалдуу өсүш темпи

%

7 %дан кем эмес

110,9

103,6

106,2

106,6

107,0

107,3

Керектөө баасынын индекси (КБИ)




мурунку жылдын декабрына карата

%

Интервал 5 %-7 %

(2015-ж.)



104,0

110,5

108,7

109,7

107,5

107,3

мурунку жылга карата

%

106,6

107,5

108,9

108,7

109,8

107,1

Бюджеттин тартыштыгы

ИДПга карата %

ИДПга карата 5 %дан көп эмес

0,7

0,5

3,2

2,5

2,1

0,6

Мамлекеттин тышкы карызы

ИДПга карата %

ИДПга карата 60 % чейин

43,8

50,9










47,4

Белгилүү болгондой, региондогу геосаясий жана геоэкономикалык чыңалуулар ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн экономикасын иштетүү үчүн татаал тышкы шарттардын түзүлүшүнө алып келди: дүйнөлүк чийки зат рыногунда баалар кескин арзандап жатат; мисалы, Brent маркасындагы мунайга болгон баа 46,54 %га арзандады (107,65 доллардан/баррель 57,54 долларга/баррель чейин); АКШ долларынын чыңдалышынан валюта курсунун түшүшү (2014-жылдын 31-декабрына карата рубль 71,89 %га, тенге - 18,7 %га, евро - 11,8 %га, белорусь рубли - 24,6 %га, кыргыз сому - 19,57 %га арзандады, орточо алганда АКШ доллары башка валюталарга караганда 25 % чыңдалды); инфляциянын деңгээлинин өсүшү тездеди (декабрга карата Россия Федерациясында 111,4 %ды, Казакстан Республикасында - 107,4 %ды, Белоруссияда - 116,2 %ды, Кыргыз Республикасында - 110,5 %ды түздү); капиталдын чыгышы күчөдү.

Дүйнөлүк экономикада экономикалык өсүштүн басаңдаган тенденциясы уланууда: 2014-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүшү 3,3 %ды, еврозонада - 0,8 %ды (болжолдонгон 1,4 %га каршы), ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдө: Казакстанда - өсүш 4,3 %ды (болжолдонгон 6 %га каршы), Россияда - 0,6 %ды (3 %га каршы); Белоруссияда - 1,6 %ды (2,5 %га каршы), Арменияда - 3,4 %ды (5,2 %га каршы) түздү.

Дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүү боюнча 2015-жылдын божомолдору мурун болжолдонгон 4 % өсүш 3,8 %га, еврозонада - апрелдеги болжолдоо 1,5 % менен салыштырганда 1,3 %га чейин төмөндөө тарапка кайрадан каралып чыкты. Ошондой эле, экономикалык өсүштүн деңгээлинин көрсөткүчтөрү Россияда (3,1 %дан (-) 3,0 %га чейин, Россия Федарциясынын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин 2015-жылдын 16-февралындагы маалыматы), Казакстанда (7,1 %дан 1,5 %га чейин, Казахстандын улуттук экономика министрлигинин 2015-жылдын 17-февралындагы маалыматы), Белоруссияда (3,1 %дан 0,2-0,7 %га чейин, Беларуссиянын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 23-январындагы маалыматы), Арменияда (5,5 %дан 0,4-2,0 %га чейин, Армениянын Борбордук банкынын 2015-жылдын 24-февралына карата маалыматы) төмөндөө тарапка кайрадан каралып чыкты.



4-таблица


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет