Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Исаковна Отунбаеванын 7-Апрель Элдик Революциясына арналган салтанаттуу жыйында сүйлөгөн сөзү Урматтуу мекендештер!



Дата27.06.2016
өлшемі52 Kb.
#161199
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Исаковна Отунбаеванын 7-Апрель Элдик Революциясына арналган салтанаттуу жыйында сүйлөгөн сөзү
Урматтуу мекендештер!
Эртең Элдик Апрель революциясына бир жыл толуп олтурат. Бул жыл кыргыз тарыхына кылымга тете жыл катары кирээрине, ушул бир жыл аралыгындагы ири саясий окуялар ачык-айкын мисал болуп берет. Эгерде биз артыбызга кылчайып, абай сала турган болсок, былтыркы жыл соңку кыргыз тарыхындагы эң оор, эң драмалуу жыл болду. Элибиз башынан өткөргөн 7–апрель, азырга дейре биздин адамдык кан тамырыбызды зыркыратып, жүрөгүбүздү ачуу чындык эзип келет... Элге бүлүк түшүп, капсалаңдуу күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Мына арадан бир жыл өтүп кетсе да былтыркы Апрель окуяларына ар кандай өңүттөн баа берилип, саясий серепчилер ар кандай көз караштарды, позицияларды, ой-жүгүртүүлөрдү билдирип келет.
Кыргыз ыңкылабы дүйнөлүк аренада бир кылка бааланбастан, бир кыйла саясий талаш- тартыштарды жаратты. Бирок, ойлордун, саясий божомолдордун көп түрдүүлүгүнө карабастан, бардык саясий серепте кыргыз ыңкылабы соңку тарыхтын өзгөчө феномени катары бааланып олтурат. Былтыркы 7-апрелде Ак үйдөн атылып жаткан октордон аянтта ондогон адамдар набыт болуп, жүздөгөндөр жарадар болуп жатканын дүйнөлүк СNN, Евроньюс, Аль-Жазира көрсөтүштү. Бирок, эл аралык реакция начар эле болду. Окуялар ички бир карама-каршылыктарга таандык деп чектелишти.

Биздин окуялар Ливиядан, Тунистен, Мароккодон жүз миңдеген качкындарды Европа өлкөлөрүнө сүрүп алып келген жок эле. Сөзсүз, Биздин Батышка керектүү кара май, газ бере турган булактарыбыз жок болгону да маалым.


Бир жыл өтпөй Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка өлкөлөрүндө болуп жаткан авторитаризмге каршы көтөрүлүштөр Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуянын ролун жана маанисин ачык аныктап, биздин басып өткөн жолубузду ошол өлкөлөргө мисал катары болгонун биз азыр угуп-билип жатабыз.
Февраль менен март айларында мен Европа жана Америка өлкөлөрүнө расмий сапар менен барганда алардын жетекчилери былтыркы окуяларды даана түшүнүп, азыркы дүйнөнүн ири процесстеринин башатында тургандыгына жогору баа берип жатышат. Бийликке келип, үч айдан кийин жаңы Конституция референдумда кабыл алынып, жарым жылдан кийин парламенттик шайлоо тынч, ирээттүү түрдө өткөнүнө дүйнө жүзү жогору баа берген.
Кээ бир аналитиктер айткандай, Кыргызстан революциялардын гана Мекени эмес, эң оболу саясий эволюциянын өлкөсү катары таанылып жаткандыгын тана албайбыз.
Арийне, акыркы 20 жыл аралыгында кыргыз соңку саясий тарыхында эки жолу эл көтөрүлүп, бийликти кулатты, жек көрүндү бийлик башчыларын өлкөдөн сырт кууп чыкты. Эмне үчүн Кыргызстанда мындай чукул саясий бурулуштар, өзгөрүүлөр болуп жатат?. . Бийлик менен эл, эл менен бийлик мамилеси акыркы жыйырма жылда эмне үчүн мынчалык чыңалып кетти?..
Бул процессти кандай деп бааласак болор эле? Бул суроого жоопту биз элибиздин азыркы тарыхынан гана эмес, өткөн карт тарыхынан издесек болот, кыргыздын терең табиятындагы демократиялык дух, элдик эрк, бийликке, башкарууга болгон нукура улуттук көз караш биздин улуттук түшүнүгүбүздүн, менталитетибиздин өзгөчө мамилелер системасын, туруктуу түзүмүн жараткан. Улуттук аң-сезимибизде бийликке жана башкарууга карата түпкүлүктүү, уюткулуу түшүнүгүбүз да, туюмубуз да, көз карашыбыз да калыптанган. Орто Азиядагы демократиялык биринчи жана жалгыз аралча болуп аталганыбыз да жеке адамдан эмес, жетекчиликтен эмес, дал ушундан болуп жатат!
Улуттук дух эч качан, эч убакта бийликке тизе бүгүп, кол куушуруп, жагынып көргөн эмес. Ошол эле учурда биздин элдик башкаруу түзүмүбүздө чыныгы элдик бийликтин, б.а. демократиянын нукура элементтери болгон. Өлкөнүн өзөгү - эл, бийликтин ээси да – эл. “Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат”.
Мындай таамай айтылган акыл кеп, накыл кеп башка элдерде сейрек учурайт. Демек, бүгүнкү өлкөбүздөгү болуп жаткан окуялардын жана өзгөрүүлөрдүн тамыры терең кеткен, анын учугу элибиздин улуттук байыркы духунда турат.
Акыркы 20 жылдагы бийликтин чоң жаңылыштыгы, мына ушундай духу күчтүү элдин белин бийлик күчү менен сындырууга жасаган аракетинде, акыры барып ал ошол бийликтин көрүн казып берди...
Дүйнө жүзү Кыргызстан саясий стагнациянын өлкөсү эмес, ал биринчи кезекте саясий жандуу процесстин өлкөсү экенин эми сезе баштады. Акыркы саясий окуялардын сабагы бизди көп нерсеге үйрөттү, бирок, бул процесстерден мамлекеттүүлүк менен демократиянын дөөлөттөрүн коргоп калуунун чоң саясий сабагын өздөштүрдүк. А, балким, бүгүнкү экономикалык кризистен да бул саясий сабактын өрнөгү алда канча жогору турат деп баалар элем.
Биз өлкөбүздө фундаменталдуу демократиянын дөөлөттөрүн туруктуу камсыз кылмайын, өлкөдө системалуу өзгөрүүлөрдүн секиригин жасай албайбыз. Атуулдук эркиндик орномоюн, биз экономикалык бардар коомду түзө албайбыз, себеби, туруктуу демократиянын кепилдиги – демократиялык системалардын, иниституттардын кеңири иштеши менен тыгыз байланышкан. Былтыркы саясий өзгөрүүлөргө баа берүүдө ар кандай саясий критерийлер, көз караштар, баалар айтылып келет.
А чынында 2005-жылкы революцияда саясий лидерлер алдыда туруп, күрөштүн башында болушса, 2010-жылкы революцияда бардык лидерлер камакта отурушту. Бул жагдайды кай бир саясатчылар сын катары айтып жатышат, силер жок болчусуңар деп. Бирок, биз калыстык үчүн айтышыбыз керек, миңдеген мекендештерибиз, айрыкча жаштар Атамбаевди, Текебаевди, Сариевди жана башка лидерлерди түрмөдөн бошотуу талабы менен чыгышты, агылып борбордук аянтка келе башташты. Келген элге карата ок атыла баштаганда гана бийликтен түңүлүп, өлүмдөн коркпой тике туруп, окко көкүрөктөрүн тосуп, акыры бийликтин кулашына жетишишти.

Бул күрөштүн кыймылдаткыч күчү жаштар болду, жаштарыбыз өздөрүн Манастын тукуму экендигин чындап далилдешти.

2005-жылы Ошто, Жалал-Абадда, Таласта, Нарында эл кандай көтөрүлсө, былтыркы апрелде дагы бардык жерде карапайым эл көтөрүлдү, жер-жерлерде элдик бийлик орноп, Ак үйдө отургандардын бийликти сактап калам деген үмүтүн үздү.

Ошол себептен, мазмуну боюнча – саясий, мүнөзү боюнча – элдик ыңкылап деп айтаар элек. Тарых сабагы бизге эки ирет бул саясий бүтүмдүн чындыгын далилдеп отурат.

Элдин кызыкчылыгы менен, элдин санаасы менен, элдин көйгөйү менен гана жашаган бийлик гана элдин колдоосуна ээ болоорун турмуш чындыгы көрсөттү.
Тарых уулу – турмуш таалими дейт. Бүгүнкү жана келечектеги бийликке бул 2005- жылдагы Март жана 2010-жылдагы Апрель окуяларынын улуу сабагы бизди эч качан демократиялык туруктуу принциптерден тайбоого жана аны кынтыксыз системалуу саясат катары алып жүрүүгө тарбиялап олтурат. Биз дагы бир жолу элибиздин улуу күч экендигине гана эмес, бийликтин ээси эл экендигине тереңирээк түшүндүк жана элдин майтарылгыс духуна ишендик.
Урматтуу жыйындын катышуучулары!
Мына бүгүн 7-апрелде өз өмүрлөрүн Мекен үчүн кыйган Баатырларга таазим этип жатып, биз демократияга таазим этебиз, себеби аны коргоп калуу өлүмдөн да, өмүрдөн да өйдө турган улуу нарк, улуу дөөлөт экендигин түшүнүп турабыз. Бирок, ачык айтып коеюун, мына ушул 87 кырааныбыздын айланасында да ар кандай саясий чайкоочулук жүрүп, алардын октон жалтанбаган, өлүмдөн коркпогон, керек болсо эркиндик үчүн башын сайып койгон эрдигине көлөкө түшүргөн айрым саясатчылардын сөзүн саясий ыймансыздык деп баалар элем.
Алар – элибизге эң ыйык, эң бийик – Демократиялуу Кыргызстанды коргоп берди жана сактап калды. Алардын өмүр баасы ушул ыйык түшүнүктөр менен бааланат.
Урматтуу мекендештер!
Биз тарыхый тандоо жасадык – бул элдик бийликке негизделген конституциялык реформа, парламенттик башкаруу системасы. Биринчи кадам жасалды. Өлкөдө демократиялык ачык шайлоо өтүп, жаңы коалициялык өкмөт иштеп жатат.

Ар бир министрликтерде байкоочу коомдук кеңештер түзүлүп, облустарга барсам, эмне себептен ар бир тармакта, облуста, райондо ушундай кеңештер түзүлбөй жатат деп эл сурап жатат. Эркин гезиттер канча маселелерди көтөрүп, кыңыр иштердин бетип ачып жатат, бир дагы гезитке сүр көрсөткөн жокпуз. Телевидение иштеп жатат, Ошко болгон иш сапарымдын учурунда өкмөттү курч сындап жаткан 7-каналдын ачылышына катышып келдим.

46 тоо-кен тармагындагы компаниялар бюджетке берип жаткан акчаларын көрсөтүшү керек, биз ошондой эл аралык программага кирдик. Аларда аудит жүргүзүлүп жатат. Жогорку Кеңеш ушул демилгелерди колдоп берсе туура болот эле. Эл – бийликтин ээси деген принцип кыймылга келип жатат. Мурдагы бийликтин катасын кайталабоого эл өзү көзөмөл кылып жатат.
Азыр “Мегаком” компаниясынын тегерегинде чоң ызы-чуулар болуп жатат. Парламенттик комиссия өзүнүн жыйынтыктарын да элге жакында жарыялайт. Азыркы жетекчилерге бир топ сындар бир тараптуу дарыядай чогулуп жатат. Кечээ радиодон угуп калдым: бир аксакал айтып жатат, Отунбаеванын да кыңыр иши бар экен деп. Тыянак жасабай туруп, баарын угалы, ар тараптын сөзүн сындайлы, анан баа берели...Даяр ашка келгендерге караганда биз 2005-жылы да, 2010-жылы да өмүрүбүздү канжыгага байлап, режимдерге ачыктан-ачык тайманбай күрөшүп, ушул балдардын мүрзөлөрүндө ант бергенбиз. Ант биз үчүн, мен үчүн ыйык!

Биз демократиялык багытты тереңдетип, башкарууну тынымсыз реформалашыбыз керек. Ырас, реформаны эң оболу ошол реформаторлордун өзүнөн баштообуз зарыл. Эл бийлик үчүн эмес, бийлик эл үчүн иштей турган мезгил келди.


Жакында боло турган президенттик шайлоолордо чыга турган талапкерлер ушул ачуу тарыхый сабактарды унутпаса. Көбүнчөсү бийликтин төбөсүндө туруп өзүн көрсөткөн адамдар болот – буга шек жок. Четтен, көчөдөн келген талапкерлер депутаттыкка деле өтпөй жатпайбы...Эл эки революциядан өтүп, эми курч, кооз сөзгө, бир берилген курсак тое турган каражатка алданбайт деген үмүттө болуп туралы. Мурун алдап, элдин байлыгын тоногондор да жаңылбасын – элдин акыл-эси тунук, эч ким эчтекени унуткан жок!
Урматтуу мекендештер!
Байыркы кытай акылманы Конфуцийден сураган турбайбы, өлкөнүн кубатын кантип арттырса болот деп. Ал анда кыска эле “Алдабагыла!” деп жооп берген экен. Кандай кыска, бирок, мааниси терең жооп!

Бул жооп азыр да өзүнүн маани-маңызын жоготкон жок деп эсептеймин. Ошону менен бирге биздин өлкөбүздүн өнүгүү формуласы эки гана сөз менен туюнтуларын өзүм үчүн аныктадым: Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн эки принципти карманышыбыз керек: биринчиси – алдабайлы, экинчиси – уурдабайлы.

Мурдагы бийликтин трагедиясы элин алдап, элинин байлыгын уурдагандан келип чыккандыгын баарыбыз билебиз. Билип туруп, алардын катасын кайталоо ал саясий ыймансыздыкка жатат. Эл 2010-жылы апрелде бир гана бийликке эмес, саясий ыймансыздыкка да каршы чыккан! Себеби, биздин саясий кризистердин түпкүрү саясий ыймансыздыкта жатат. Бүгүн аруулануунун, тазаруунун тарыхый щарты келди!


Урматтуу мекендештер!
Биз, мына ушул ыйык Күндө элибиздин эркиндиги, азаттыгы үчүн шейит кеткен кыраандарыбызга эстутумубузда гана таазим этип гана тим болбостон, келечекке үмүт менен карагыбыз келет. Биз, Эркиндикти – адам баласынын жашоосунун фундаменталдуу дөөлөтүн колубузга алдык, ошону менен бирге өлкөнүн демокартиялык өзөгүн негиздедик.

Биз, өлкөнү туруктуу өнүгүүсүнүн кепилдигин мыйзам бийлигинен көрөбүз, бийлик монополиясын жоюп, коррупция менен криминалга аеосуз күрөш жүргүзөбүз, демек, 7 –апрелдин идеалдарын турмушка ашыруу үчүн мындан ары күрөш улана берет, анткени, биз чыныгы демокартиялык, нукура демократиялык, эркин жана азат Кыргызстанда жашагыбыз келет!


Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Эркиндиктин жана демократиянын Күнү менен куттуктайм, баарыңыздарга бекем ден-соолук, тынчтык, бейкутчулук, үй-бүлөлүк бакытты каалайм.



Ала- Тообуз бийик, элибиздин эркиндигинин түбөлүгү түз болсун!
Көңүл бурганыңыздарга ырахмат.

Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет