180
Калия Кулалиева
КӨҢҮЛ АЙТУУ КАТЫ
Көңүл айтуу каты – кайгылуу окуяга байланыштуу, жабырлануучу тарапка көңүл
айтуу, кайгысына ортоктош болууну билдирүү үчүн жазылган кызмат каттардын
бир түрү.
Көңүл айтуу каттардын тексти эгер ал эл аралык же жалпы республикалык
маанидеги
маселе боюнча болсо, гезит-журналдарга жарыяланат жана массалык
маалымат каражаттары аркылуу берилет. Көңүл айтуу катын жазууда сөздөрдү
кылдаттык менен тандоо керек, чын көңүлдөн чыккан ал сөздөр жабырлануучуга
күч-кубат бергидей касиетке ээ болушу керек.
1. Көңүл айтуу катына мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары:
байланыштуу кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз, … байланыштуу терең
кайгыруубузду кабыл алыңыздар, … байланыштуу Сизге чын жүрөктөн
кайгыга ортоктош экенибизди билдиребиз, … боюнча Сизге терең
кайгыбызды билдиребиз, … жөнүндө кабар биз үчүн абдан чоң кайгы болду
ж.б.
Достарыңызбен бөлісу: