Күндөлүк сабактын планы
03.10.2023-окуу жылы
Мугалим: Кошоева Нуриза
Предмет: Кыргыз тили сабагында текстти колдонуунун технологиясы
Сабактын темасы: Тексттин темасын, ремасын жана маани-мазмунун, маңыз категорияларын окутуу
Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү
Сабактын формасы: Аралаш
Сабактын түрү: Салттуу сабак
Сабактын методу: Интерактивдүү, коммуникативдик
Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр, таблицалар
Сабак аралыш байланыш: Кыргыз тили, кыргыз адабият
Сабактын максаттары:
Компетенттүүлүк
|
Сабактын максаты
|
Көрсөткүчтөр
|
Маалыматтык
|
Билим берүүчүлүк: Текст жөнүндө түшүнүктөрү бекемделип, тексттин темасын, ремасын жана маанисин, маңызын, мазмунун үйрөнүшөт.
|
Окуучулар (студенттер) мугалимдин айтканын кунт коюп угуп, сабакка жоопкерчиликтүү мамиле кылып, активдүү катышса
|
Социалдык коммуникациялык
|
Өнүктүрүүчүлүк: Ой жүгүртүүсү, аң сезими, кабыл алуусу калыптанат. Тексттин түзүлүштөрүн жана ага тема коюуну үйрөнүшөт. Жазуу жана оозеки көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Сөз байлыктары өсөт.
|
Берилген тапшырмаларды туура аткара билишсе, тез тапкычтыгын өнүктүрүшсө
|
Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү
|
Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар (студенттер) өздөрүнүн оюн айтууга жана топ ичинде биримдикте иштөөнү, бири-биринин оюн сыйлап угууга үйрөнүшөт.
|
Тынчтыкты сактап, ар бир маалыматка, суроого көңүл буруп, кол көтөрүп жооп беришсе, топ аралык биргеликте иштешсе, бири-биринин оюн бөлбөй уга билишсе
|
Достарыңызбен бөлісу: |