5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет16/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   12   13   14   15   16   17   18   19   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Токтоолук 
Жөнөкөйлүк 
- сабырдуу; 
- жоомарт; 
- ойчул; 
- кичипейил; 
- жөнөкөй; 
- сылык; 
- чынчыл; 
- намыскөй; 
- уяттуу ж.б. 
- жоопкерчиликтүү; 
- сылык; 
- чынчыл; 
- убадага бек; 
- кең пейил; 
- боорукер; 
- карапайым; 
- намыстуу; 
- тыкан ж.б. 
Окуучулар буларга өз алдынча жооп издеп, өз пикирлерин таратылып берген А4 
форматындагы кагазга жазышат. Мугалимдин көрсөтмөсү менен жазгандарын 
жанындагы шериги менен талкуулайт. Бири-биринин ойлорун толукташат. Андан 
соң эки топко бөлүнүп отурушат. Ар бир топко бирден флипчарт жана түстүү 
маркерлер берилет. Окуучулар жазган барактарын экиге бөлөт. Барак айрылганда 
жарымында «Токтоолук», экинчи жарымында «Жөнөкөйлүк» жөнүндө жазгандары 
калышы керек. Ар бир топ чогулган идеяларды жалпылап таанытымга 
(презентацияга) даярданышат.
Талкуунун натыйжасында эки топ бул сапаттарга мүнөздөмө беришет. 
№1 «Токтоолук»: 
Токтоолук – бул адамдык жакшы сапаттардын бири. Эч качан шашпаган, ыксыз 
күлбөгөн, ачуусу анча-мынчага келбеген, бир сырдуу адамды токтоо деп айтабыз.
№2 «Жөнөкөйлүк»: 
Жөнөкөйлүк – бул башкалардан айырмаланбай, бой көтөрбөй жүрүү. Өзүнүн 
артыкчылыктарын башкаларга көрсөтпөө. Жөнөкөй адамдар башка бирөөлөргө 
кыйынсынбайт, менменсинбейт.
Тарбиялык саатты жыйынтыктоо: 
Мугалим: Окуучум, жөнөкөй жана токтоо адам болуу деген ураан сенде 
калыптансын. Мектепте окуп жүргөн бир окуучу аябай шок болуп, сабагын окубай, 
мугалимдерин какшатып, ата-энесин да тажатат. Жадап бүткөн атасы: «Уулум, сен 


24 
такыр адам болбойсуң,» - деп айтат. Атанын сөзүнө ушунчалык намыстанган уулу, 
ошол күндөн тартып өзгөрө баштайт. Сабакты эң жакшы окуп, мектепти алтын 
медаль менен аяктайт. Жогорку окуу жайга тапшырып, аны кызыл диплом менен 
бүтөт. Тилеген максатына жетип, чоң кызматта иштеп калат. Алдында машинасы, эки 
кабат үйү, байлыгы бардык нерсе жетиштүү. Ошол бала бир күнү креслодо чалкалап 
отуруп бир учур атасынын «Уулум, сен адам болбойсуң» деген сөзүн эстеп, машина 
жөнөтүп, айылдагы атасын алдырат. Атасын ордунан туруп тосуп алат. 
Жайгашкандан кийин атасына кайрылып: «Ата, бир убакта сиз мени адам болбойсуң 
деген элеңиз. Мына, адам болот деген ушу, бардык нерсем жетиштүү. Телегейим 
тегиз. Эми эмне дейсиз,» - дейт. Атасы уулун бир топко үнсүз тиктеп турат да: «Балам, 
туура сен бардык нерсеге жетишипсиң, бийлик, байлык, баары бар. Эч кемчилдигиң 
жок. Бирок, сен дагы эле адам болбопсуң,» - деп ордунан туруп чыгып кеткен экен.
Мына көрдүңбү окуучум, текберликтин арты кандай болоорун. Сен кандай 
ийгиликтерге жетишпе ата-энеңдин эмгегин эсиңден чыгарба, эң негизгиси токтоо, 
жөнөкөй адам болушту унутпагын. Инсан деген улуу атка татыктуу болгун.
Төмөндөгү ырды жаттап, пайдаланып жүргүлө: 
Өскөн багып түбөлүктүү жай көрөт, 
Өйдөсүнбөйт башкалардан байтерек. 
Ою бийик, өзү жерде жашаган, 
Улуулукка жөнөкөйлүк шай келет. 
Изи калат өтсө далай замандар, 
Узап барат жай шилтеген кадамдар. 
Сын көз менен түптүз көрөт дүйнөнү, 
Токтоо мүнөз жөпжөнөкөй адамдар 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   12   13   14   15   16   17   18   19   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет