Акматов Кыялбек Камутовичтин Орто мектепте акын-жазуучулардын өмүр баянын чыгармалары менен биримдикте окутуунун илимий


Биринчи глава «Мектептерде акын-жазуучулардын өмүр баянын



Pdf көрінісі
бет2/6
Дата01.10.2022
өлшемі338.26 Kb.
#461725
түріДиссертация
1   2   3   4   5   6
1577606346 - 3-оппонент Орозова Г.

Биринчи глава «Мектептерде акын-жазуучулардын өмүр баянын 
окутуунун теориялык-методологиялык проблемалары жана изилдениш 
тарыхына обзор, тарыхы жана учурдагы абалы» деп аталып, автор 
изилдөөгө алган түшүнүгүнүн байыркы башатына кайрылат. Уламыш боюнча 
«Манас» эпосун чыгармага айландырган баатырдын кырк чоросунун бири 
Ырамандын Ырчы уулу деп айтылып келерин, андан кийин легендарлуу 
Токтогул ырчы болгонун айтуу менен автор кыргыз элиндеги «Токтогулдай 
ырчы бол, Толубайдай сынчы бол» деген ылакап сөздүн маанисин чечмелейт.
2


Чыгармачылык жана биографиялык тагдыр байланышын Жусуп Баласагын, 
Балык Кумар уулу, Калмурза ырчы, Арстанбек ырчы ж.б. таланттуу 
адамдардын мисалында айтып берет.
Анын В.Г.Белинскийдин орус акыны А.С.Пушкиндин чыгармачылыгын, 
анын «Евгений Онегин» романын орус тарыхы жана акындын жеке жашоосу 
менен биримдикте изилдегенин мисал катары келтиргени абдан орундуу 
чыккан.
Бул главада теманын жалпы табияты, биографиянын ааламдашуу 
доорундагы тарбиялык, таалим берүүчүлүк функциясы, теманы мектепте 
окутууну изилдөөнүн философиялык, адабият таануучулук, педагогикалык, 
психологиялык негиздери ачып берилет. Изилдөөнүн ушундайча коюлушу 
жана проблеманын ушундайча чечилиши методологиялык жактан туура жана 
иштин системалуулугун, аргументтүүлүгүн камсыз кылат. Ушул главанын 
«Жазуучулардын өмүр баянын алардын чыгармалары менен биримдикте 
окутууда биографиялык маанилүү факторлордун таасирин эске алуунун 
зарылдыгы» аттуу экинчи парагафында окуучулар адабий чыгарманы окуу, 
талдоо процессинде төмөнкү нерселерди айырмалай билиши керектиги 
белгиленди:
• ар бир деталда автордун коз карашынын чагылдырылышы;
• автордун турмуш чындыгын чагылдыруу өзгөчөлүктөрү;
• автордун сүрөттөп жаткан окуяга, образга баа бериши;
• чыгармада аны жаратып жаткан кишинин жазуу манерасы, стили, 
формасы (автореферат, 11-бет).
Диссертант теманын тарыхын жана теориясын изилдөөдө методологиялык 
база катары эң биринчи орус жана дүйнөлүк адабиячылардын жана 
методисттердин эмгектерине таянат. Бул болсо изилдөөнүн жоболорунун 
ишенимдүүлүгүн тастыктайт.
3




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет