Акматов Кыялбек Камутовичтин Орто мектепте акын-жазуучулардын өмүр баянын чыгармалары менен биримдикте окутуунун илимий


«V-VIII класстарда акын-жазуучулардын өмүр баяны тууралуу



Pdf көрінісі
бет4/6
Дата01.10.2022
өлшемі338.26 Kb.
#461725
түріДиссертация
1   2   3   4   5   6
1577606346 - 3-оппонент Орозова Г.

«V-VIII класстарда акын-жазуучулардын өмүр баяны тууралуу 
маалымат берүүнүн методикасы» деп аталган 3-главанын биринчи бөлүмү 
жазуучулардын кыскача биографиясын адабияттык окуу курсунда окутуунун 
мазмунун жана технологияларын ачып берүүгө арналат. Экинчи бөлүмүндө 
акын-жазуучулардын өмүр баянынан маалымат берүүнүн дидактикалык 
принциптери көрсөтүлөт.
Мында автор педагогикалык ишмердүүлүгүн кеңири чагылдырып, кыргыз 
жазуучуларынын бир тобунун өмүр баянын чыгармалары менен биримдикте 
окутуунун заманбап ыкмаларын, каражаттарын жана жолдорун иштеп чыккан. 
Алар 
практикалык 
баалуулугу 
менен 
мектеп 
мугалимдерин 
өзгөчө 
кызыктырары бышык.
Жогорку 
класстарда 
акын-жазуучулардын 
өмүр 
баянын 
чыгармалары менен биримдикте окутууга арналган кийинки главада
автобиографиялык чыгармаларды окутуу, чыгармаларды талдоодо анын 
авторунун жашаган доору, заман, жазуучулардын инсандык сапаттары 
тууралуу окуучулардын билимин жогорулатуу проблемалары каралып, бул 
багытта Т.Сатылгановдун VIII класста өмүр жана чыгармачылык жолун «Кош, 
апаке», «Айланган тоонун бүркүтү», «Эңсеген элим, аманбы» деген ырлары 
менен 
биримдикте 
окутуунун 
методикасы 
иштелип 
чыгып, 
Касым 
Тыныстановдун «Академия кечелери» аттуу пьесалар түрмөгүнө байланыштуу 
автордун репрессияга тартылышы тууралуу тарыхый окуялар талдоого алынат. 
«Акын-жазуучулардын 
өмүр 
баянын 
окуп-үйрөнүүдө 
биографиялык- 
документалдык чыгармаларды пайдалануунун жолдору» деген бөлүмдө 
«биографиялык-документалдык чыгарма» деген түшүнүккө аныктама берилип, 
X класстарда Алыкул Осмоновдун өмүр жолун жана «Отуз жаш», «Өмүргө», 
«Дүнүйө», «Адамга», «Чын жолдош», «Сүйүү жана мен», «Сулууга», «Аялга» 
деген ырларын, 
«Жеңишбек», «Майдын түнү», «Махабат» поэмаларын 
окутууда Кеңеш Жусуповдун «Ыр сабындагы өмүр» деген документалдык- 
биографиялык эссесин пайдалануунун ыкмалары жана жолдору сунуш
6


кылынат. Диссертацияда андан ары Жеңижоктун өмүр баянын чыгармалары 
менен биримдикте окутуунун технологиялары иштелип чыгып, сабактын 
жүрүшү көрсөтүлөт. «Акын-жазуучулардын биографиясын окутууда аймактык 
материалдарды пайдалануу» деген кийинки бөлүмдө адабий крайтаануунун 
окуучулардын адабий-теориялык билим алуудагы мааниси чагылдырылат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет