Акматов Кыялбек Камутовичтин Орто мектепте акын-жазуучулардын өмүр баянын чыгармалары менен биримдикте окутуунун илимий



Pdf көрінісі
бет3/6
Дата01.10.2022
өлшемі338.26 Kb.
#461725
түріДиссертация
1   2   3   4   5   6
1577606346 - 3-оппонент Орозова Г.

«Акын-жазуучулардын 
өмүр 
баянын 
окутуу боюнча 
илимий 
изилдөөнүн материалдары жана методдору» деп аталган 2-главада 
и л и м и й  
и з и л д ө ө н ү н м а т е р и а л д а р ы н
талдоого алат. Мында автор азыркы учурда адабий 
билим берүү боюнча мамлекеттик стандартка таянат. Ага ылайык 
5-7- 
класстарда автор тууралуу кыска тана айтылат, автордун сүрөтү, туулган жылы 
жана урунттуу чыгармалары тууралуу тана кабарланат. 8-9-класстарда автор 
тууралуу, анын алдыда окулуучу чыгармасына байланыштуу маалымат берүү 
ишке ашырылат. Бул класстын окуучулары цифралар жана фактылар менен 
иштөөдөн кыйналгандыктан материалдар кызыктуу берилгени максатка 
ылайык келет деп жазат автор. «10-11-класстарда жазуучунун биографиясы
коомдук ар кандай ишмердиги, чыгармачылык өсүү процесси толук үйрөтүлөт. 
Ар бир чыгармасынын жеке өзүнүн тагдырындагы жана кыргыз адабиятынын 
тарыхындагы орду так көрсөтүлүүгө тийиш. Өмүр баянды үйрөтүүдө, автордун 
чыгармачылык жүзү, индивидуалдуу өзгөчөлүгү, жеке почерки конкреттүү 
мисалдар менен чагылдырылат. Жазуучунун өмүр жолун маалыматтар менен 
толтуруп салуу туура эмес, кызыктуу баяндар, ошол автор тууралуу 
башкалардын пикирлери да керек». Мындай ойго кошулуу - мектептик билим 
берүүнүн сапатын жогорулатат.
Ушул бөлүмдө мамлекеттик стандарт, окуу программалары талдоого 
алынуу менен акын-жазуучунун өмүр баянын үйрөнүүнүн шарттары сунуш 
кылынат. Алар: акын-жазуучунун адабият дүйнөсүндөгү жана жалпы кыргыз 
коомундагы орду; анын чыгармачылыгынын кыргыз маданиятындагы ролу 
жана салымы; анын чыгармачылыгынын жалпы адабий процесстеги мааниси; 
жазуучунун ички дүйнөсү; акын-жазуучунун адамдык касиети; автордун 
граждандык жүзү; жазуучулардын биографиясын стандарттуу түшүндүрүп, 
схолостикага айландырбоо; авторлордун өмүр баяндарынын китептен китепке, 
класстан класска окшош кылып көчүрүп жүрө бербөө, б.а., ыксыз кайталабоо; 
ар бир эле акын же жазуучунун өмүрү азыркы окуучуларга идеал боло берет 
деп түшүнбөө ж.б.
4


Диссертанттын эсептөөсүндө IX класста 12 автор дун өмүр баяны 
тууралуу маалымат берилип, X класста 18, XI класста 13 акын-жазуучунун 
өмүрү жана чыгармачылыгы атайын бир сааттык көлөмдө кеңири үйрөнүлөт. 
Демек, изилдөөчүнүн эмгеги ушунча сандагы сабактарда колдонууга 
ылайыктуу.
Автор изилдөөнүн теориялык методдору катары төмөнкүлөрдү көрсөтүп, 
алар аркылуу алынуучу натыйжалар белгиленет:
1. Материалдарды анализдөө.
2. Анализденип алынган материалдарды синтездоо.
3. Ар түрдүү көрүнүштөрдү, түпгүнүктөрдү салыштыруу.
4. Материалдарды жалпылоо.
5. Илимий булактарды үйрөнүү методу.
Бул методдор иште кандайча колдонулгандыгы автор методист тарабынан 
баяндоого алынат.
«Тажрыйбаларды талдоо жана жыйынтыктоо, аларды иште колдонуу 
методу» деген параграфта акын-жазуучулардын биографиясын чыгармалары 
менен биримдикте окутуу боюнча Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы
лицейдин 
мугалими 
Гүлнара 
Султангазиеванын 
Алыкул 
Осмоновдун
\
лирикаларын IX класста сабак-диспут формасында окутуу боюнча, Бишкек 
шаарындагы №5 гимназия мектебинин мугалими Айгүл Батыркулованын IX 
класста өтүлгөн «Молдо Кылыч - жазгыч акын» деген сабагында долбоор 
жактоо, 
кластер 
түзүү, 
Венндин 
диаграммасын 
толтуруу 
сыяктуу 
инновациялык 
ыкмалары, 
Бишкек 
шаарынын 
мугалими 
Зейнегүл 
Байсалбекованын XI класстагы «Алыкул менен кездешүү» деген сабагында 
окуучулар 
менен 
мугалимдин 
философиялык-интеллектуалдык 
таймаш 
сабактары ж.б. сабактары талдоого алынат. Изденүүчү бул сабактардын 
маанисин жана технологияларын изилдөөчү катары талдап, аларга баа берип, 
илимий ишине материал катары эффективдүү колдоно билген.
5




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет