Бекказы Элебесов Армандуу махабат


ТАГДЫР (драма) КАТЫШУУЧУЛАР



бет4/6
Дата09.06.2016
өлшемі0.57 Mb.
#125784
1   2   3   4   5   6

ТАГДЫР

(драма)

КАТЫШУУЧУЛАР:

  1. ЖАМАЛБҮБҮ жаш курагы орто жа курагы

  2. ЖЫЛДЫЗ курбусу жаш курагы орто жа курагы

  3. БЕКБОЛОТ Жамалбүбүнүн күйөөсү

  4. УРКАЛЫЙ Жылдыздын күйөөсү

  5. ЭСЕН Жамалбүбүнүн сүйлөшкөн жигити

  6. САПАР Жылдыздын сүйлөшкөн жигити

  7. БЕККАЗЫ иниси жаш курагы орто жаш курагы

  8. САГАЛЫ Жамалбүбүнүн атасы

  9. ЖҮЗҮМКАН Жамалбүбүнүн энеси

  10. АЯН Жамалбүбүнүн кайын энеси

  11. АЙЫМКАН Жылдыздын кайын энеси

  12. ЖАНА БАШКА КАТЫШУУЧУЛАР Жамалдын ага-жеңеси, Бекболоттун туугандары.

КӨШӨГӨ I

Биринчи сүрөт

Кеч күз. Ноябрь айы жаңы эле жаңырган. Таң жаңыдан куланөөк салып келаткан убак. Областык оорукананын тегерегинде караандар. Терезеден катуу ооруулулар жаткан реанимация палатасынын ичи жарык болуп тургандыктан, палатанын ичиндеги койкада өлүм менен өмүрдүн ортосунда өлүм менен кармашып, эс-мас абалында кыйналып жаткан Жамалбүбү көрүнөт. Терезенин сыртында бир кишинин карааны келип оорулууну карап турат.

Капилеттен шамаал пайда болуп, түнкү жым-жырттыкты бузуп, томсоруп турган оорукананын имаратынын терезелерине келип урунуп, ичиндегилерге, “Турбайсыңарбы, түрүүлүктүн дагы бир таңы атып келе жатат. Бул таңды көрүүгө ашыккыла! Эртеңки таңды кээ бирөөң көрбөй калышың ыктымал” –дегенсип табыш чыгаргандай болгондо, табыштан уламбы Жамалбүбү эсине келип, көзүн ачып, башынын катуу ооруп жатканын сезип, догдурларды жардамга чакырайын десе, үнү чыкпаган соң, көзүнүн кыйыгы менен “Жарыкчылыкты дагы бир жолу көрөр бекемин” –дегендей терезеге көз жүгүрттү. Терезенин капкара көөдөй болуп карарып турганын көрүп, жылт эткен үмүтү жалп өчкөндөй болуп суз тарта түшүп кыйналган үнү менен,

ЖАМАЛБҮБҮ: Аттиң ай, жарыкчылыкты бир көрсөм арманым болбойт эле го.

ҮН: Миң күнкү караңгылыктан бир күнкү жарыкчылык артык демекчи, адам баласы күндөлүк көр тирлик менен алек болуп жүргөндө жашоого зарыл нерселерди эстен чыгарып, баркына жетпей “колдо бар алтындын баркы жок” дегендей пенделик кылат окшобойбу. Жамалбүбү элүү эки жаш курагына келгенче канчалаган таңды тосподу дейсиң. Ошол учурда таңды ушундай күтүп, ушундай барктады бекен ким билет. Качан гана башына күн түшүп, таңды экинчи көрөөр көрбөсү арсар болуп жатканда анын баркы билинген чыгар. Ушул жарыкчылык сыяктуу абанын, суунун жана башка адамдын жашоосуна зарыл нерселердин баары качан гана башка оорчулук түшкөндө даана билинет окшобойбу. Адамзат жашоосунда көр тирлик менен алышып жүргөн учурда, канчалык акыл эстүү болсо да зарыл болгон жакшы нерселердин баарына эмне үчүн аяр мамиле кылып, кадыр баркына жетпейт болду экен.

Жамалбүбү терезени телмирип тиктеп жатып, терезенин агара баштаганын көргөндө өңүнө билинер билинбес жылмайу пайда болду. Терезеден карап турган Бекказы, эжесин дагы эле карап турат.



ЖАМАЛБҮБҮ (кудайга ыраазы болуп): Оо Кудайым таң агарып келе жаткан турбайбы. Дагы бир таңды көрсөттүңбү?!

ҮН: “Үмүт аягында өлөт” дегендей жашоого үмүт кылдың окшойт. Турмуштун жыргалын жаңы эле көрө баштап, уул-кызыңды жакында эле үйлөнтүп, эл катарында болуп ээрдиң ашка тие баштабады беле. Карапайым малчынын үй-бүлөсүндө төрөлүп, эс тартып мектепке окууга киргенден баштап, жалпы эле малчылардын балдарындай болуп, эрте жаш тайыңдан түйшүк тартып, ата-энең жайкысын жайлоодо, кышкысын айылдын четиндеги кашарларда мал багып жүрүшкөндө, балдардын улуусу болгондуктан, айылдагы үйдө сиңдилериңе, инилериңе баш көз болуп, ата ордуна ата, эне ордуна эне катары аларды багуу мойнуңда болду. Кенедейиңен күйдүм быштым болуп, чоң аялдардай жумуш аткарып бир туугандарыңды багып, киркечелерин жууп, тарбиялап, огород жайдын жумуштарын жасап, окууңду окуп, баарына жетишүүгө туура келди. Ушундай оор түйшүк тартып, турмуштун запкысына калып чоңойгон элең. Сезимтал, намыскөй, адептүү, иштемчил, ак көңүл, боорукер болчусуң. Ушундай жакшы сапаттарыңа жараша өңдүү, түстүү2 да болуп, өз боюңду тыкан алып жүрчүсүң. Кандай гана кийим кийбегин өзүңө жарашып калчу. Окууңду да жакшы окуп, курбу кыздарыңдан калышпай, классыңдың алдыңкы кыздарынын катарында жүрчүсүң. Акыл эстүү болуп жакшы чоңойуп жатканыңдан уламбы ата-энең да кеңешип турушчу. Бир туугандарың да айтканыңды угушчу. Өзгөчө бир туугандарыңдын ичинен Бекказы экөөңдүн жаның бирге болчу. Бири-бириңден эч нерсе жашырбай, сырдаш болуп, ушул күнгө чейин сүйлөшүп турчу элеңер.

Бала чагыңда тарткан азап тозокторуң аз келгенсип, кийин канчалаган кыйынчылыктарды башыңдан өткөрбөдүң. Буга чейин кандай жашап, турмуш менен күрөшүүдө ар кандай кыйынчылыктарга карабай адамкерчилик жакшы сапаттарыңды сактап калганың туурасында өткөн жашооңдон соз болсун.



Сахна караңгылайт.

Экинчи сүрөт.

Айсыз караңгы түн. Жаан катуу жаап, чагылган чартылдайт. Шөлбүрөп суу болгон он эки жаштардагы Бекказы темтеңдеп басып, үйдүн терезесине келип, терезени тыкылдатат. Терезеден жарык күйүп, Жамалбүбү эжесинин караанын көргөндө,



БЕККАЗЫ: Эже мен келдим... ( дегенге араң жарап, буркан-шаркан түшүп ыйлай баштайт).

Инисин үнүнөн таанып, Жамалбүбү тышка чуркап чыгып,



ЖАМАЛБҮБҮ: (кучагына кысып) Айланайын Бекеним эмне болуп кетти? Ушундай жаанда, караңгы түндө тоодон кантип келдиң? (инисинин ыйлап жатканын, сууга салган чычкандай болуп шөлбүрөп, суу аралаш баткак болгонун көрүп, зээни кейигенден ыйлап кирди)

Эки бир туугандын ортосундагы чыныгы сүйүүнү, достукту, таза тунук сезимдерди даңазалагансып чагылган жарк этип, экөөнө жарык кылып, көрүп алгыла дегенсийт.

Эки бир тууган үйгө кирип, кийимдерин алмаштырып кийинип, чайга отурушканда,

ЖАМАЛБҮБҮ: Бекен мынча эмне башыңа күч келди. Караңгы түндө жаанга карабай, коркпой тоодон кантип жалгыз келдиң? (инисин жалооруй карап, бир чети аяп, бир чети таң калгандай сурады)

Бекказы жашын араң эле токтотуп,



БЕККАЗЫ: Эжеке сизди алакачабыз деп жатышканын угуп, сизге эскертейин деп келдим.

Жамалбүбү инисинин өзү үчүн ушундай азап тозокко кайыл болуп келгенине ого бетер боору ачып,



ЖАМАЛБҮБҮ: Бекеним алтыным, ырысым, минтип жаанда караңгыда келип, азап тартпай эле, эртең деле келсең болмок экен.

БЕККАЗЫ: (Бекказынын эсине жолдо көргөн азап-тозоктору, корккондогу түшүп, ызасына чыдабай ыйлап жиберип) Эжеке бир абышка атамдарга келип, “кызыңар мектептеги окуусун бутүрүп жатыптыр, келин кылып алайын деп келдим” –десе, атамдар макул болуп, “анда ала качып кете бергиле” –дешкенин угуп, сизге эскертип, Таштанды тайкем келсе да эшикти ачпаңыз дейин деп келдим. Алар эртең кечинде Таштанды тайкем менен келип, ала качып кетмей болуп жатышат.

Бекказы ыйлап айтып жатканда Жамалбүбү кунт коюп угуп,



ЖАМАЛБҮБҮ: Бекен эми алар алакача алышпайт. Мен эртең менен Караколго бир жылдык бухгалтердин окуусуна тапшырганы кетем.

Жамалбүбү кимдергедир ачуусу келгендей болуп, чечкиндүү айтып, терең ойго чөмүлүп кеткенде, ыйлап аткан Бекказынын да санаасы тына түшкөндөй болуп, ал дагы ойго чөмүлүп кетти. Бир топтон кийин,



БЕККАЗЫ: Эже сиз эмне үчүн Фрунзеге барып, чоң окууга тапшырбайсыз?

Ал, эжеси окуусун буткөндө элдин кыздарындай болуп, чоң окуудан окуп, зыңгырап келип-кетип турса деп ойлочу.



ЖАМАЛБҮБҮ: Билбейм, азыр таанышы жок болсо чоң окууга өтүшү кыйын деп жатышат. Анын үстүнө үй жага каралашып, жума сайын келип-кетип турганга жакыныраак Караколдон эле окуганым оңго деп ойлондум. (ойлонуп отурган инисине) Бекен эмнени ойлоп отурасың?

БЕККАЗЫ: Эже эмне үчүн кыздарды чыркыратып өз ойлоруна койбой ала качып кетишет?

ЖАМАЛБҮБҮ: (үнүн муңайым чыгарып) Алакачкандар карөзгөй, эч нерсени түшүнгүлөрү келбеген адамдар. Сен кийин колукту алганда сүйлөшүп аласыңбы?

БЕККАЗЫ: Ооба эже, мен колуктумду сүйлөшүп алам. Эч убакта алакачып албайм. Сүйлөшкөн кызым макул болмойунча үйгө алып келбейм. (чечкиндүү айтканда эжеси кубанып)

ЖАМАЛБҮБҮ: Туура кыласың, кыздар да бирөөнүн баласы. Элдин баары эле сендей калыс, боорукер болушса кана, анда жакшы болбойт беле.

БЕККАЗЫ: Эже эмне үчүн кыздардын ата-энеси, биртуугандары алакачып алууга макул болушуп, эгер алакачып кетсе, кызын кайра алып келишпейт.

ЖАМАЛБҮБҮ: Бекен алакачуу илгертен бери салтка айланып, көнүмүш адат болуп калган турбайбы.

БЕККАЗЫ: (Эжесинин жообуна канагаттанбай тактап түшүнүп алуу үчүн) Эже бул адамбаласын өз оюна ээ кылбаган жаман адатты чоңдор да эмне үчүн тыя алышпайт? Алардын да кыздары бар да.

ЖАМАЛБҮБҮ: Алардын кыздарын алакачышпайт. Алакачышкан зөөкүрлөр алардан коркушат. Алар өзүлөрүнүн алдары жеткен кишилердин кыздарын алакачышат. Ошон үчүн алакачуу, түшүнүгү аз, боору таш адамдардын колдорунан келет.

Эжесинин жообуна эми гана канагаттанып, Бекказынын кыжыры кайнап, колуктуларын алакачып келгендерди көз алдына элестетип, алардын бардыгына жек көрүү сезими пайда болуп, алардын аялдарын аяп боору ооруду.



БЕККАЗЫ: Эже сиз этият болуңуз, бирөөлөр алакачып кетишпесин. Мен эртең менен тоого кетейин, энем оорукчан болсо, атам да качып кетет деп ачуусу келип капаланып жатат го. Кыздар энеме жардам берип, Конокказы абам экөөбүз атама жардам берип, кой кайтарышып жатканбыз. Каникулга чыккандан бери атам, кышка чөп, отун камдап, койлорду Конокказы абам экөөбүз эле кайтарчубуз. Мен барбасам ал жалгыз жетише албайт.

ЖАМАЛБҮБҮ: Бекен туура кыласың. Ата-энеңе таарынганда эмне, алар деле бир нерсени ойлоп, мени алакачууга макулдугун беришсе керек.

Эжеси ойлуу карап калганда, Бекказы ичинен канчалык ата-энесине таарынып жатканы менен эжесинин сөзүнөн улам кайра жазылып кетти.

Алар сүйлөшүп отуруп, таңдын кандай атып кеткенин билбей калышты. Терезенин жарык болгонун көрүп Бекказы ордунан турду.

БЕККАЗЫ: Эже мен тоого кетейин, жакшы калыңыз.

ЖАМАЛБҮБҮ: (тура калып) Бекен жакшы барагой, тоодогуларга салам айтып беттеринен өөп кой.

Экөө кучакташып өбүшүп, Бекказы эшикти көздөй басат.

Көшөгө жабылат.

КӨШӨГӨ II

Биринчи сүрөт

Кыштын күнкү түн. Кара-Кол шаарынын көчөөсүндөгү столбодогу электр жарыгынан улам кинотеатрдын тегереги көрүнүп турат. Кинотеатрдан Жамалбүбү, Жылдыз, Эсен, Сапар төртөө чыгып, ар кайсыларды сүйлөшүп, күлүп жайнап келишип, обочороокто турган скамейкага отурушат. Жамалбүбүнүн Кара-Кол шаарына келип, бир жылдык бухгалтердик школада окуп жатканына жарым жылча убакыт болуп калган.



ЭСЕН: Келгиле эртең дем алыш күнү биз дагы Жети-Өгүз курортуна барып, тоолорго чыгып келели. Биздин тоолор индиянын тоолорунан ашпаса кем калышпайт.

ЖЫЛДЫЗ: Эсен туура айтат, барса эмне экен, бизге кинодогуларчүлөп эс алып келген жарашпайт бекен.

САПАР: Туура айтасыңар, барса баралы. Жамалбүбү сен эмне унчукпайсың? (күлүп) Эсендин сунушуна кошулгуң келбей турабы?

ЭСЕН: Жакен суранам, эми макул десең? (Эсенге кошулуп берки экөө тең жаалап кетишкенде)

ЖАМАЛБҮБҮ: (ичинен көңүлү келбей турса да үчөөнүн көңүлдөрүн кыя албай) Мейли барса баралы.

САПАР: Кыздар биздин таанышканыбызга эки, үч айдын жүзү болсо да силерди Эсен экөөбүз квартирабызга конокко чакырып, жашап жаткан үйүбүздү эмдигиче көрсөтө элекбиз. Ошондуктан силерди бүгүн конокко чакыралык деп даярданып койдук. Эми эки иштен бир иш эртең менен Жети-Өгүз курортуна бара турган болуп жаткандан кийин таң атканча отуруп, жолго эртең менен чогу чыгып кетпейлиби?

ЖАМАЛБҮБҮ: Чакырганыңарга рахмат, азыр бара албайбыз, дагы бир күнү күндүзгүгө чакырсаңар шартыбыз келип калса барып, квартираңарды көрүп, конок болуп кетээрбиз (деп кесе айтканда).

ЭСЕН: Андай болсо мейли. Азыр бара калгыла деп кыздарды кыйнаганыбыз болбос.

САПАР: (күзгүгө каранып жасанып, түзөнүп жаткан Жылдызга карап) Жылдыз анда өзүң эле барасыңбы? Квартирабызда Эсен экөөбүздөн башка киши болбойт. Үчөөбүз Жамалбүбү менен эртең автобекеттен жолугабыз.

Сапар Жылдызга жалооруй караганда, Жылдыз Сапардын көңүлүн кыя албай, жок же ооба деп айта албай туруп калат.



ЖАМАЛБҮБҮ: (Жылдызга ачуусу келип) Сен эмне, булар менен чогу барайын деп турасыңбы? Жүрү квартирабызга кеттик. Эртең менен эле автобекеттен жолуксак болот да.

ЖЫЛДЫЗ: Сапар суранып жатпайбы. Сен барып эс ала бер, мен булар менен барбасам болбойт ко.

ЭСЕН: Андай болсо силер бара бергиле. Мен Жамалбүбүнү квартирасына жеткирип коюп артыңардан барайын.

САПАР: Жүрү Жылдыз, биз бара берели. (Жылдызды колдон алып жетелеп чыгып кетет) -

Эсен менен Жамалбүбү орундарында отуруп калышат.



ЭСЕН: (Жамалбүбүнүн колдорун кармалап) Жакен үшүп кеткен жоксуңбу? Эгер үшүбөсөң бир азга олтура туралычы. Сени менен бирге болуу мен үчүн зор бакыт. Сен жанымда турганда дүнүйөм түгөл болуп, мага эч нерсенин кереги жоктой сезилет. Сени бир азга көрбөй калсам эле сагына берчү болдум. Сенден башка мени эч нерсе кызыктырбайт. Сен жокто турмушум супсак болуп, баардыгы көңүлсүздөй, сенсиз жашоо кызыксыз.

ЖАМАЛБҮБҮ: Эсен мен деле сени көрбөй калсам сагына берчү болдум. Бирок өтө ысыган бат муздайт эмеспи. Адегенде алдыга койгон максаттарыбызга жетип, окууларыбызды бүтсөк, андан кийин дайыма чогу болобуз.

ЭСЕН: Жакен сен кандай акылдуусуң. Сенин сөздөрүңдү укканда көп жашап токтолуп калган адамдын акыл насаатын угуп жаткандай болуп, өзүңө жолуктурган кудайыма ыраазы болуп, өзүмдү бактылуу сезем.

ЖАМАЛБҮБҮ: Эсен күн суук болуп турат. Суукка урунуп калып жүрбөйлү. Жүрү эми мени квартирама жеткирип коюп, тигилерге барбасаң алар да күтүп калышат.

ЭСЕН: Жакен менин оюмдагыдай болсо сени жанымдан чыгарбайт элем. Айла жок колдоруң муздап калыптыр. Жеткирбесем суукка урунуп калчудайсың. Анда эмесе кеттик.

Экөө орундарынан туруп, басып жөнөшкөндө сахна караңгылайт.



Экинчи сүрөт

Жети-Өгүз курорту. Асман ачык күн тийип турат. Айлана чөйрө аппак карга чулганган. Бул жерден курорттун имараттары, четтерин муз каптаган шар аккан чоң суу, карагайлуу тоолор анын ары жагында уламышта катып калган жети өгүз, Жети-Өгүз деп атын алып жүргөн жети аска тоолор, алардан кийин уламышта эки сүйүшкөн жаштар бири-бирине кошулбай калганда кайгыдан тоо жарылып кетип, жарылган жүрөккө окшоп калган жарылган жүрөк тоосу (сүйүшкөн жаштар барып табынып турушат), бир сөз менен айтканда баары алаканга салгандай көрүнүп турат.

Тоонун боорунда өскөн карагайлардын арасында Эсен менен Жамалбүбү келе жатышат. Өйдө чыгып келишкенге экөө тең күйүгүп калышкан.

ЖАМАЛБҮБҮ: Эсен, токтоп эс алып, Жылдыздарды күтпөйлүбү?

ЭСЕН: (кылчайып карап, Жамалбүбүнүн күйүгүп калганын көрүп) Бир жолу чокуга чыгып, эс алсакпы дедим эле. Мейли эс алганча Сапар менен Жылдызды күтсө күтөлү. (колун коё берип обочорок барып отурат)

Бир азга эс алышып демдери басылганда, Жамалбүбү Эсендин тердегенин көрүп, тамашалагысы келдиби жердеги кардан уучтап алып, мойнуна салып жиберип качып жөнөйт.



ЭСЕН: Эх (ичиркенип тура калып эки аттап кууп жетип, Жамалбүбүнү баса жыгылат)

ЖАМАЛБҮБҮ: Тур дейм, тур! (жанталашып төшкө койгулап жибергенде)

ЭСЕН: (тура калып Жамалбүбүнү колунан тартып тургузууга жардам берип жатып) Жакен эмнеге мынча коркуп кеттиң же мага ишенбейсиңби?

ЖАМАЛБҮБҮ: (дагы эле таарынычы жазылбай) Сен аябай олдоксон экенсиң, сени менен өйдө чыкпайм. Жүрү кайра Жылдыздарга баралы.

ЭСЕН: Мына чокуга аз эле калды. Ушунча чыгып алып кайра түшөбүзбү. Жүрсөң эми чокуга чыгып андан кийин кайра түшөлү (жалооруй карайт).

Жамалбүбү коркуп калса керек.

ЖАМАЛБҮБҮ: Мен эми мындан ары чыкпайм. Менин тилимди алсаң Жылдыздарга баралы. Алар кайда жүрүшөт болду экен.

Эсен чокуга чыккысы келип турса да Жамалбүбүнүн көңүлүн кыя албай, макул болууга аргасыз болот.



ЭСЕН: Жакен сен чарчаган окшойсуң. Мен сени жөө бастырбай көтөрүп алайын. Чокуга чыккың келбесе анда кайра ылдый түшүп Сапар менен Жылдызды издейли.

Эсен Жамалбүбүнү жерден тап-так көтөрүп алып, ылдый көздөй басат.

Сахна караңгылайт.

Үчүнчү сүрөт

Жамалбүбү менен Эсен жарылган жүрөктүн жанында үн сөзсүз тоону карап турушат. Алар бул жерге жаңы эле келишкен болчу.



ЖАМАЛБҮБҮ: Эсен бул жерди касиеттүү жер дешет. Бири-бирин сүйүшкөн жаштар бул жерге келип, каалоолорун айтып, тилек кылышса кудайым ошол тилектерине жеткирет экен.

ЭСЕН: Жакен кел анда бири-бирибизге жакшы тилектерибизди, каалоолорубузду айтып, кудайдан сураналы.

Экөө чөгөлөп, колдорун боорлоруна алып отурушат.



ЭСЕН, ЖАМАЛБҮБҮ: Оо Кудайым, экөөбүздү... (тоонун далдаасынан)

ЖЫЛДЫЗ менен САПАР: Баа!... (чыга калышканда)

Эсен менен Жамалбүбү чоочуп кетишип орундарынан тура калышат.



ЖЫЛДЫЗ: Ой силер кудайга жалынабыз деп, молдо болуп кетип жүрбөгүлө.

Сапар да күлүп коштоп кетет.



ЭСЕН: Биз жаңыдан эле кудайга жалынып, каалоо, тилектерди айтышалы деп жатсак, силер кайдан чыга калдыңар?

Эсен менен Жамалбүбү жактыра бербегендей кабактарын бүркөп, кудайга жалынып, тилектерин айтып бүтпөй калышканына өкүнүшкөндөй болушат.



САПАР: Биздин бул жерге келгенибиз качан. Тоого чыккыбыз келбеген соң, силерди баары бир бул жерге келишет деп күтүп жатканбыз. Силердин келатканыңарды көрүп, чоочутуп тамашалайлы деп жашынып калганбыз.

ЖАМАЛБҮБҮ: Бул жердин касиеттүү жер экенин билген эмес белеңер. Эгер билсеңер минтип тамаша кылмак эмессиңер. Келгиле эми деле кеч эмес, каалоо тилектерибизди айтышып, кудайдан тиленели.

ЖЫЛДЫЗ: Эй Жамалбүбү тигинде акыркы автобус келе жатат. Биз кудайдан тиленгенче автобус кетип калса бул жерге түнөмөк белек. Жүргүлө кеттик.

Жылдыз менен Сапар кол кармашып алып чуркап жөнөшкөндө, Жамалбүбү менен Эсен айласыздан алардын аркасынан ээрчий басышат.

Көшөгө жабылат.

КӨШӨГӨ III

Биринчи сүрөт

Жаздын күнү. Тоонун этегиндеги кашардагы үйдүн ичинде Жамалбүбүнүн ата-энеси Сагалы менен Жүзүмкан ар кайсыны сүйлөшүп чай ичип отурушат. Тыштан айылда мектепте окуп жүргөн Жамалбүбүнүн иниси Бекказы кирет. Аны көрүп ата-энеси эмне кабар алып келди дешкендей болушуп карап калышат.



БЕККАЗЫ: (кабагы салыңкы, ыйлап басылган түрү бар) Ата-эне, Жамалбүбү эжемди күйөөгө ала качып кетишиптир. Мына бул катты Жамалбүбү эжем кошунанын баласынан бердирип жибериптир. (төш чөнтөгүнө колун салып, төрт бүктөлгөн ак баракты сууруп чыкканда)

ЖҮЗҮМКАН: Кана өзүң эле окуп берчи.

БЕККАЗЫ: (ак баракты ачып, катты окуй баштайт) Саламатсыздабы ата-эне, мени кечирип койгула. Мен эч нерседен капарым жок эле Жылдыз деген дос кызым турмушка чыкканынан, чогу окуган кыздар болуп, учурашалы деп барсак, күйөөсүнүн теңтушуна зордук менен жоолук салып, үйүнөн чыгарбай жатышат. Мен аны мурда эч качан көргөн эмесмин. Үч күнгө чейин силерди күтүп, абийирим менен калууга аракет жасайм. Тезирээк келип мени бошотуп кеткиле, -деп кызыңар Жамалбүбү.

Катты угушканда ар кимиси өздөрүнчө ойго батып отуруп калышты. Бир топтон кийин гана,



ЖҮЗҮМКАН: Антип олтурбай атса барган жери жайсыз болуп калган го. Ал шордууну чыркыратып таштап койбой чыгарып келбейлиби? (көзүнүн жашын сүртүп абышкасын суроолуу карады)

САГАЛЫ: Баягынын кызы күйөөдөн чыгып келиптир деп жаманатты боло албайм. Эртең элдин бетин кайсы бетим менен карайм. Бир босогону аттагандан кийин ал жердегилердин да каргыш илкиши болот. “кыздын барар жери күйөө, буудайдын барар жери тегирмен”, “таш түшкөн жеринде оор”, “отурган кыз орун табат” дегендей барган жеринен чыкпасын. Эгер чыгып келсе топурагымды түйүп берем, экинчи балам дебейм. Кызыңа ошентип кат жазып берип, куугунчуларды жибер. (бакылдап ордунан турайын деп жатканда босогодо ыйлап турган Бекказы)

БЕККАЗЫ: Ата эжемди зордоп ала качып алышып, үйүнөн чыгарбай жатышкан турбайбы. Эжем катка чыгарып кеткиле деп жардам сурап жаткандан кийин барып чыгарып келеличи (атасына жалооруй карайт).

САГАЛЫ: Сага сөздүн эмне кереги бар! Бала деген баладай эле болгону жакшы. (Жүзүмкан бир жагынан чыгабы деди окшойт аттап буттап тышка шаша-буша чыгып кетет)

БЕККАЗЫ: (энесине карап) Эне силер эмнеге эжемди чыгарып келели деп айткан жоксуңар? (энесин таарынгандай карайт)

ЖҮЗҮМКАН: Геки сен азыр кичирээк болгондуктан, турмушту али жакшы түшүнө элексиң. Турмуштун өзүнүн жазылбаган мыйзамдары бар. Ошого ылайык ар бир элдин үрп-адат, каада-салттары болот. Кыргыз элинде илгертен бойго жеткен кыз, бирөөнүн босогосун аттагандан кийин кайра чыкчу эмес. Кайра чыкса каргышка калып, бактысыз болуп калат дешчү. Атаң бир чети туура айтат. Айыл боюнча эч кимдин кызы күйөөдөн чыкпаса, биз чыгарып келсек эл журтка жаманатты болгону атпайбызбы. “уят өлүмдөн катуу” деген кеп бар, кантейин багына жазганы ошо болсо көрбөскө чарасы барбы. Азыр айылга барып, сага ага-жеңесин кошуп, кат жазып берип куугунга жиберейин. Сен угуп көргөндөрүңдү эжеңе айта бар. Барган жеринин босогосун кайра аттап, каргышка калбасын. Эми мынча болгондон кийин ошол жерден агарып, көгөрүп багы ачылсын.

Бекказы энесинин айтканын кунт коюп угуп, ал дагы тагдырга баш ийгенсип, ыйын токтотуп, мостойуп туруп калат.

Сахна караңгылайт.

Экинчи сүрөт

Маңдайда эки бөлмөлүү кичинекей балык-жон үй. Бир жак капталында бир бөлмөлүү аш-үй, андан улай чакан мал сарай. Короонун бир капталы бак, көчөө жак кире бериши кашаа менен тосулган. Короодо жашы жетимиштен өтүп калган бүкүрөйгөн кемпир, көчө жактан келаткан Жамалбүбүнүн иниси Бекказы менен чогу келишкен аял, эркекти утурлай басып,



КЕМПИР: Айланайын кудалар кулдугубуз бар, кириңиздер. (Ийилип жүгүнөт).

Баргандар үй жайдын кебетесин көрүп иренжий түшүшөт.



ЖАМАЛБҮБҮНҮН АГАСЫ: Кулдугуңуз кудайга. Биз Жамалбүбүнү кууп келдик эле. Өзү менен жолугуп сүйлөшмөйүнчө үйгө кирбейбиз.

КЕМПИР: (Бөжөңдөп чуркап барып, үйдүн эшигин ачып). Ай балам төркүндөрүң келиптир.

ЖАМАЛБҮБҮ: (Үйдөн чуркап чыгып) Жакшысыңарбы аба, жеңе... (Чала-була учурашып, алардан өтүп барып, Бекказыны кучактап, үн сөз жок ыйлап киргенде)

БЕККАЗЫ: (Ыйлап). Эжеке ыйлабаңызчы.

Эки бир туугандын эзилишип ыйлап жатышканын көргөндөр карагылары келбей, зээндери кейип тескери карап кетишет.



ҮН: Буларды мындай кейишке алып келип, колу, буттарын жипсиз байлап, каран түнгө салып жаткан тескери үрп-адаттарды беттерине кармап, мажбурлап жаткандар адамдардын өзүлөрү эле эмеспи. Адамдар бири-биринин зар-муңун, кайгысын көп учурда көрүшсө да, түшүнүшкүлөрү келбей, кайдыгерлик кылып, өз баштарынан өтүп жатпагандан кийин болушкулары келбей коймой адаттары бар. Качан гана өз баштарына ушундай кайгы түшкөндө “Каап, бекер кылыптырмын”, дегенде кеч болуп калганын билишет болду бекен. Деги эле адамзат бирине бири эмне үчүн кыянаттык кылышып, жолтоо болушат болду экен. Кайра бирине бири жардам берип, жөлөк-таяк болуп жашашпайбы. Ушунча акыл сезими менен ушундай жөнөкөй эле нерсени кантип түшүнүшпөйт, деген ойго кетесиң. (Үн жоголот).

Бир топтон кийин Жамалбүбү тагдырын өзгөртүп жиберчүдөй, маанилүү нерсе эсине түшө калгандай болуп, тура калып Бекказынын ийиндеринен мыкчый кармап, көздөрү менен теше тиктеп,



ЖАМАЛБҮБҮ: Кана Бекен, айтчы үйдөгүлөр эмне деди.

Бекказы эжесинин суроосуна жооп бере албай, тили байланып калгандай болуп, көздөрүнөн жашын шорголотуп, төш чөнтөгүнөн катты сууруп чыгып эжесине сунду.

Жамалбүбү катты алып, ичинен шаша-буша көз жүгүртүп окуп чыкты да, жаштыгы жана сүйүүсү менен биротоло коштошуп жаткансып, Бекказыны кайрадан бооруна кыса кучактап алып шолоктоп ыйлап кирди. Алардын муң зарын асмандан кудайым көрүп, жашып кеткен сыяктуу нөшөрлөп жаан төгүп жиберди. Аңгыча болбой тегерегиндеги үйлөрдөн басып келишкен туугандарынын бири,



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет