Бекказы Элебесов Армандуу махабат



бет6/6
Дата09.06.2016
өлшемі0.57 Mb.
#125784
1   2   3   4   5   6

КӨШӨГӨ VI

Биринчи сүрөт.

Арадан жыйырма жылдай убакыт өткөн. Колхоздун мурунку талаастаны. Машина, тракторлор көрүнбөйт. Мурунку тоют даярдаган цех менен жем киргизген склаттын ордунда чоңүй салынган. Короодо жигули автомашинасы токтоп турат. Сарайдын тегереги толгон төрт түлүк мал. Советтер союзу тарап, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуп, менчиктештирүү саясаты жүргөндө, Жамалбүбү талаастанын чогусу менен менчике чыгарып сатып алган. Короодогу жайкы чай ичкен чайканада Жамалбүбү менен Бекболот чай ичип отурушат. Самтырап кийинген Уркалый келип, отургандарга,



УРКАЛЫЙ: Атсалоом алейкум, жакшысыңарбы? Тамагыңар таттуу болсун.

БЕКБОЛОТ: Алекума салам. (Үнүн акырын чыгарып, бул эмне келди дегендей кылат).

ЖАМАЛБҮБҮ: Кел чай ич.

УРКАЛЫЙ: (Өтүп, Бекболоттун катарына отурат). Жамалбүбү жүз грамм арак берсең, сообума калар элең. Кечээ катуу ичип койуптурмун. Башым жарылып кетчүдөй болуп, жүрөгүмө тамак барбай жатат. (Куюлган чайды кайра жылдырып, жалооруй карайт).

ЖАМАЛБҮБҮ: Кой ай, деген киши жок болуп, өз кара жаныңа ээ боло албай калдың го. Жылдыз болсо да кой ай дейт беле. Аракты таштоого аракет кылып, бирөөлөргө жардамчы болсоң да оокатыңды кылсаң боло. (Туруп, четтеги шкафтан бөтөлкөнүн түбүндөгү аракты стаканга куят).

УРКАЛЫЙ: (Стаканды шып тартып жиберип), Рахмат Жамалбүбү, “аял жакшы эр жакшы дегендей”, Бекболоттун багы бар экен. Сенин аркаң менен бала-чакалуу болуп, уул үйлөп, кыз чыгарып, укум тукуму өсүп, минтип айылдын алды болуп, элге кадыр барктуу, дөөлөттүү карылардан болуп отурасыңар. Сен, Жылдыз болсо кой ай дейт беле дейсиң, Жылдыз көзүнүн тирүүсүндө эле мени аракка көндүрүп, бүт оокат жайымдын баарын саттырып, бала төрөп берип багып чоңойтмок турсун, кийинки кезде өз кара жанын бага албай, көчөөдө басып калып, ушул эле арактын айынан өлбөдү беле. Жылдыз убагында сенчүлөп оокат кылалы, балалуу болуп багып чоңойтолу, арак ичпе дегенде мен деле Бекболоттун ордунда отурбайт белем. Менин Бекболоттон эмнем кем эле. Убагында колхоздо шопур болуп, күркүрөтүп таап келип турбадым беле. Эми кана, ошол жыйган тергендерим? Аягында эч нерсе калбай калганда, үйүмдү саттым. Эми карыган кезде алы күчтөн тайыганда коколой башым эле калды. Эми менин аяна турган эмнем бар? Эми мындан ары мени көрбөйсүңөр. Баш оогон жагыма кетем. Атайын силер менен бир жолу коштошойун деп келдим. Мындан ары догумду артып, баш жазгыла деп келбейм. Куй, калганын бир жолу ичип алып кетейин. (Ый аралаш айтчу сөздөрүн айтып жатканда Бекболот менен Жамалбүбү жаш тайынан чогу өсүшкөнгө боорлору ооруду окшойт алар да жашып кетишти).

Жамалбүбү арак куйуп жатканда,



БЕКБОЛОТ: Эми Уркалый, жакшы бар. Кайда жүрсөң аман жүр.

Уркалый кеп сөзгө келбестен стакандагы аракты шып тартып жиберип, ордунан туруп, темтеңдей басып, келген жагын көздөй кеткенде, Жамалбүбү менен Бекболот артынан ээрчий карап, ойлонуп отуруп калышат. Алардын эсине Уркалый, Жылдыз болуп, чогу жүргөн кездери түштү окшойт.



ЖАМАЛБҮБҮ: Кайран гана куу турмуш, адам баласына эмнени гана көрсөтпөйт. Башында ким ойлоптур, аягы ушундай болот деп.

БЕКБОЛОТ: Аларды ойлоп эмне кыласың. Андан көрө ден-соолугуңа карасаң боло. Капалансаң ооруп каласың.

ЖАМАЛБҮБҮ: Булардын тагдырына кантип кайдыгер карай алам. Жаш-тайыбыздан теңтуш болуп жүрүп, тең арып, тең карысак, бир үй-бүлөдөн артына из калбай жок болуп кеткени жатса, мындайды кудайым пендесине бербесин. Менин деле оорум күндөн күнгө күчөгөндөн күчөп баратат. Бар боломбу, жок боломбу ким билет. Жаман айтпай өтүп кетсем, артымда жерге жээгим, силер бала-бакырам, кылган эмгектери эл арасында айтылып калар.

БЕКБОЛОТ: Эмне деп жатасың. Көп эле киши сахарный диабет менен ооруп, көп жылдар бою жашап жүрбөйбү. Сенсиз менин көргөн күнүм эмне болот. Балдар го чоңойушту. Алар өз күндөрүн өзүлөрү көрүшөт. Сен өзүң үчүн жашабасаң да, мен үчүн жашашың керек. Сенсиз жашоо кыйын. Сага жолуктурган тагдырыма ыраазымын.

ЖАМАЛБҮБҮ: (Күлүп). Эмне мынча коркуп кеттиң. Мен бүгүн эле өлүп калайын деп жатыптырмынбы? Мен деле күн көрүп, суу ичсем экен деп тиленип жатам. Укол алып, даары иччү убагым келди. Мен барайын. (ордунан туруп, чайканадан чыгып, үйүн көздөй басат).

Сахна караңгылайт.



Экинчи сүрөт.

Сагалынын эски үйү. Анын катарында бышкан кирпичтен салынган чоң үй. Эки үйдүн ортосунда темир дарбаза. Короонун тегереги гараж, аш-үй, мал кирген сарайлар. Майда курулуштардын артындагы агоротто алма бактар. Үйдүн бөлмөсүндө Сагалы, Жамалбүбү, Бекказы үчөө сүйлөшүп отурушат.



САГЫЛЫ: Жакен бала бакыраңдын дендери сакпы, жакшы турушабы? Жашоо турмушуң кандай өтүп жатат. Кептен салып отур балам.

ЖАМАЛБҮБҮ: Кудайга шүгүр, жашоо турмушубуз жаман эмес. Эл катары оокат кылып жатабыз. Бекболот жумуштар чыгып үйдө калды. Жыргал менен Алтынбекти оорукчан деп окууга албай койгондон кийин бирөө үй жумушуна жардам берип, бирөө мал кайтарып талаада. Ырысбек колуктусу кетип калгандан кийин атасынын аркын тартып, өзүнчө оокат кылып кете албачудай болгондуктан, айылдагы үйдү бекитип коюп, берки талаастанындагы үйүбүзгө өзүбүз менен чогу алып алганбыз. Ырахат Жети-Өгүздүк жигитке турмушка чыкпады беле, алар жакында уулдуу болушту. Мырзабек жакында кыздуу болгонунан чоң энебиздин атында атын Айым деп койдум. Негизги түйшүк Мырзабек менен колуктусунун мойнунда. Калгандарыбыз аларга жардам берүүдөбүз. Айрыкча мен тилим эле сүйлөгөнү болбосо, колумдан оор түлүк жумуш келбей оору менен эле кармашып калдым.

САГАЛЫ: “Балам, өлгөндүн эле өз шору” дегендей энең адеп өлгөндө кошо өлчүдөй болдум эле. Андан бери көз ачып жумгуча он-чакты жыл өтүп кетти. Бирок жашоо турмушубуз дагы эле уланып жатат. Тирүү кишинин жашоосу улана берет тура. Энең да жашоонун айынан күйүгүп, бышыгып жүрүп, ушул кант диабет оорусуна чалдыккан эле. Акыры анын түбүнө ушул оору жетти. Энеңерди тартып, күйүп-бышып жүрүп, Бекказы экөөң да ушул ооруга чалдыктыңар. Эми өлбөгүдөй оокат жайыңар турат. Ооруну күчөтүп жибербей, догдурга убагында көрүнүп, даарылансаңар боло. Эми ичээримди ичтим, жээримди жедим, силердин жаманчылыгыңарды көрбөй өлсөм экен, деп кудайымдан бассам турсам тиленип отурам. Жакен айланайын балам. Сени көргөн сайын “барган жериңден чыкпай отур”, деп убалыңа калып, оорукчан болуп калганыңа себепкер болдумбу деп өзүмдү жемелей берчү болдум. Эми кеч болсо да мени кечирип кой балам.

ЖАМАЛБҮБҮ: Ата мен сизди ошондо эле кечиргемин. Ал кезде эл ата-бабалардан бери келаткан каада-салт, үрп адаттардан чыга элек болчу. Сиз жалгыз, элден чыгып кете алмак эмессиз.

БЕККАЗЫ: Эже ата-бабаларыбыз бизге каада-салт,үрп-адат кылып жакшынакай эле асыл мурастарды калтырган. Кийинкилер ошол ата-бабалардан калган асыл мурастарды тескери буруп, алакачуу кийин эле пайда болуп, адатка айланып кеткен. Мурда алакачпай эле башкошкондор бири-бирин жактырып калса, жеңелеринен ата-энелерине айттырып, ата-энелери арага жуучу салып, эгер макул болушса, кудалашып, убадалары бекигенден кийин гана үйлөнүшкөн. Совет өкмөтү орногондон кийин ошондой тескери үрп адаттар кичинеден пайда боло баштаса, азыр союз чачырап, мамлекет өз алдынча эгемендүү мамлекет болгондон бери кой ай деген киши жок, кыргыздар өздөрүбүздүн менталитетибизге туура келбеген жолду тандап, батышты туурап, базар эканомикасына өткөндөн бери жан дүйнөнүн байлыгынан материалдык байлыкты жогору коюу саясатынан улам, акча табуу ушул экен деп, ата-бабалардан калган асыл мурастарды унутуп, ыйман, ызат, адеп-аклак, абийиринен бери акчага сатылып, элдин көпчүлүгү бузулуп баратышканы аз келгенсип, азыркы кээ бир жаштар эне тилинде сүйлөгөндөн уялышып, кыргыздар менен кыргыздар башка тилде сүйлөшүп жатышпайбы.

САГАЛЫ: Туура айтасың балам, ошол ата-бабалардан калган асыл мурастардан тайдырып, элди туура эмес жолго баштагандар далай адамдардын убалына калды. Ошол бузукулардан кудайым сактасын. Ушунча элди кудайым куру жазды дейсиңерби, арасынан элди оң жолго баштаган уул кыздар чыгаар.

ЖАМАЛБҮБҮ: (инисине карап). Бекен өзүңдүн жашоо турмушуң кандай?

БЕККАЗЫ: Эже Толкун экөөбүз колубуздан келишинче жети баланы багып чоңойтуп, тарбиялап өстүрүп жатабыз. Улуу кызым Мээрим өзүңүз билгендей Сары-Дөбөлүк жигитке турмушка чыгып, бир уулдуу болушкан. Экинчи кызым Ширин Кара-Колдо университетте мугалимдин окуусун окуп жатат. Эң кичүүсү Нуруландан башкасы мектепте окуп жатышат, окуулары жакшы. Толкун өзүм иштеген жерде дүкөнчү болуп иштеп жатат. Техсервис област боюнча быйыл биринчиликти алды. Ушул иштеримди көрө албагандар бут тосуп, ишиме жолтоо болуп жатышат. Ага карабай айылдагы менин ишимди баалагандар, айылдын кезексиз курултайын өткөрүп, айыл өкмөтүнүн башчылыгына көрсөтөбүз деп жатышат.

ЖАМАЛБҮБҮ: Бекен ушундай заман өзгөрүп, элдин көпчүлүгү бузулуп, кошоматчылар, эки жүздүүлөр көбөйүп, чоңдордон калыстык кетип турган учурда “Чындыктын тузу ачуу” дегендей чындыкты бетке айтып, так, таза иштеп кетишиң кыйын болуп калат ко,анын үстүнө убагында даарыланып ден соолугуңа да карашың керек. Өзүңдүн эмне кылайын деген оюң бар?

БЕККАЗЫ: Эжеке өзүңүз аткандай азыр эл арасында эки жүздүү кошоматчы, акчага сатылгандар көбөйүп, чоңдордун жүргүзгөн саясаты туура эмес болгондуктан, бир чети мындай жооптуу кызматтан иштегим келбей кетет. Бир чети карапайым, ак ниет, жакшы адамдарды ойлосом, элим үчүн кызмат кылып, алардын турмушунун оңолушуна аз да болсо салымымды кошуп, терс көрүнүштөргө сокку ургум келет. Эгер шайланбай калсам, тоодон какыраган таш баскан жерден үч гектар жер алып койгом. Ошол жерди иштетип, ал жерге бак тигип, адамдын жашоо-турмушуна сабак болоорлук китеп жазсамбы деген ойдомун.

ЖАМАЛБҮБҮ: Бекен алдыга койгон ой тилегиң жакшы экен. Ылаым эле ошол тилеген тилектериңе жет.

САГАЛЫ: Толкундун чайы кайнаса керек жүрүгүлө тиги үйгө кирели.

Үчөө тең орундарынан турушканда сахна караңгылайт.



Үчүнчү сүрөт.

Кайрадан алгачкы көрүнүш. Электр жарыктары өчүп, таң атып, жерге жарык кирген. Областык оорукананын тегерегинде адаттагыдай эле ары бери баскан кишилер. Палатанын ичиндеги койкада өлүм менен өмүрдүн ортосунда кыйналып жаткан Жамалбүбү көрүнөт. Терезенин сыртында топтошкон кишилер. Алардын арасында Бекболот менен Бекказы жүрөт. Баары тең палатанын ичинде ооруп жаткан Жамалбүбүнү карап турушат.

Ары жактан үн угулат.

ҮН: Ошентип бир адамдын айынан бир үй-бүлө чачкын болуп, тукуму уланбай, коломтосунан от күйбөй, тукум курут болуп, артында из калбай калса, ошол эле учурда дагы бир адамдын аркасы менен чачылган үй-бүлө чогулуп, тукумдары уланып, бир эле эмес, эки жерден коломтого от күйүп, артында өлбөс өчпөс эмгеги, турмуш менен күрөшүүдө терс көрүнүштөргө каршы сокку урууда, кыйынчылыктарга карабай адамдык жакшы сапаттарын сактап калууга сабак болуучу өрнөктүү өмүрүнөн изи калды. Адамдар адам болуп жаралышканы менен баары бирдей болбогондуктан, “беш кол тең эмес, деген сөз калса керек. (Үн жоголот).

Жамалбүбү дем алганын токтотуп, суналып жатып калды. Ошондо ары жактан медсестра келип, бетин жаап чыгып кеткенден кийин гана терезеден үмүт кылып тургандардын үмүттөрү үзүлүп, ыры-чуу түшүп ыйлап калышты.



БЕКБОЛОТ: Жамалбүбү мени артыңа жалгыз таштабай кошо ала кет! (Бакырып ыйлайт)

БЕККАЗЫ: Эжеке! Эжекемден айрылдымбы? Эсил кайран эжекем ай! Ээрдиң жаңы эле ашка тиерде ушуну көрмөк белең!? Бешенеңе жазылган тагдырың ушундай болсо керек. Эгер өз колуңда болгондо узак өмүр сүрүп, бактылуу болот элең го. Эх тагдыр! Кантейин!.. (Боздоп ыйлайт)

Сахнадан көрүнбөй калат.

Сөөктү алып кетишкенден кийин Бекказы жалгыз келип, эжесине арнап жазган “Ак куу элең” деген ырың окуйт.

БЕККАЗЫ: АК-КУУ ЭЛЕҢ

Түндөсүн түштөн чоочуп ойгонгомун,

Түшүмдү унутсам деп толгонгомун.

Кайра-кайра эске түшүп унута албай,

Таң атканча тынч ала албай кор болгомун.

Түшүмдө көп ичинде жүрүптүрмүн,

Аң уулап атып жатса күлүп жүрдүм.

Бир кезде ок жаңылып ак-куу түштү,

Өзгөрттү этке айланып аппак түрүн.

Эртең менен жүрөгүм алеп-желеп,

Бир орунга тура албай баскым келет.

Көп убакыт өтпөстөн жээним келип,

Жамал эжем катуу ооруп бальницада деп.

Эжекем деп ичимен кыйкырып алдым,

Билбей калдым көзүмөн жаш тамганын.

Үмүт деген жоошутуп алдайт тура,

Балким айыгып кетээр деп алаксыдым.

Ошол замат капаланып жолго чыктым,

Эжекемди аман көрсөм деп ашыктым.

Менден мурда баргандардан сураштырсам,

Үстүнө кийирбейт деген жоопту уктум.

Айлабыз жок терезеден шыкааладык,

Жолугуп жүздөшүүгө кире албадык.

Дем алып жаткандыгын көрүп алып,

Тирүү экен айыгат ко деп кайраттандык.

Тагдырдын жазганына кайдан көндүк,

Жамандык ойго келбей үмүттөндүк.

Укол сайып чыккандардын жолун тосуп,

Кандай деп акыбалын сурап турдук.

Эртеси эртең менен күн чыгаарда,

Өлдү деген жаман кабар угулганда,

Билинди түшүмдөгү ак-куу экениң,

Кайра келбес сапарыңа узаганда.

Эжеке салыштырсам ак-куу элең,

Көңүлүң ак, баардыгына пейилиң кенен.

Кезигип кеңеш сурап калганымда,

Айтууга ар убакта акылың белен.

Тунубуз туубуз элең көк асаба,

Туурасын айтуучу элең кайда барба.

Тилдесең кың дебестен көтөрчү элек,

Чындыкты таамайлап бетке айтканда.

Калыс элең кара кылды как жарган,

Жалтайлап көз карабай бетке айткан.

Кантели арабыздан учуп кеттиң,

Учур жок эске түшсөң жашыбаган.


  • Кош бол эжеке! Кудайым сизге бейишин берсин. Артыңыздан сиз

жөнүндө жакшы сөздөр айтылып кала берерине ишенем. Сиз жакындарыңыздын жүрөгүндө түбөлүккө сакталып кала бермекчисиз.. (Ыйлап туруп калат).

Көшөгө жабылат.



МАЗМУНУ
Баш сөз.........................................................................................................3
Аңгемелер

Армандуу махабат.......................................................................................7

Жамалбүбү..................................................................................................31

Намыс..........................................................................................................68


Пьеса

Тагдыр .......................................................................................................102




© Бекказы Элебесов, 2013



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет