Ж. баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик улуттук университети кыргыз тили жана адабиятын



бет5/5
Дата10.06.2016
өлшемі0.57 Mb.
#127058
1   2   3   4   5




1) 1 гана сүйлөм мүчөсү жана 1 гана сөз түркүмү болот.

М: Кара кылды как жарган,

Кан Бакай сөзүн баштады.

(«Манас»)

Кара кылды как жарган- аныктооч, сын атооч.





1) Составындагы сөздөрдүн ар бири өз алдынча сүйлөм мүчөсү жана сөз түркүмү болот.

М: Эр эмгегин жер жебейт.

Эр-аныктооч; зат атооч; эмгегин-толуктооч, зат атооч; жер-ээ; зат атооч; жебейт-баяндооч; этиш.





2) 1 түшүнүктү элестүү атайт, туюндурат.

М: Кылычынын бал тамган; кыпча бел; ээн баш; төкпөй-чачпай айтуу; ж.б.






2) Эл турмушунун тажырыйбасынан корутундуланган түшүнүктү билдирет.

М: «Баланы жашынан,

Аялды башынан», ж.б.





3) Дидактикалык мүнөзгө ээ эмес.

М: бычакка сап болгондой; кылгылыкты кылуу; ичине кара таруу айланбоо; ж.б.






3) Дидактикалык мүнөзгө ээ.

М: «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» , «Кыздуу үйдө кыл жатпайт»; ж.б.






4) Тилде көркөм каражат болот.

М: «Канаттууга кактырбай,

Калкын жоодон сактаптыр.

Калын кыргыз коопсуз,

Жергесин душман баспаптыр.

Тумшуктууга чокутпай,

Туурун жоодон сактаптыр».

(«Карач-Көкүл баяны»)






4) Тилде сүйлөм же чакан чыгарма болот.

М:«Шодоконун бүркүтүндөй жутунба»;

«Жакшы менен жайлоого чыксаң,

Кудалашып түшөсүң.

Жаман менен жайлоого чыксан,

Кубалашып түшөсүң». ж.б.





Таблица 5
Фразеологизмдердин кепте колдонулушу


1. Өзгөртүүсүз колдонуу:

М: 1)Адамдын адамдан көңүлү үч журттай калса, аны менен жашоо кыйын го. (К.Ж.);

2)Уркуянын жылдызы түшүп, терең улутунуп койду. (М.У.)



2. Өзгөтүп колдонуу:

М: 1) Ушундай болот деп үч уктаса Танабайдын түшүнө кирди бекен? (Ч.А.)

2) Тамак чөпту көргөндө

Ачылды аттын кабагы. («Эр Төштүк»)



3. Жарыш колдонуу.

М: Ичке үзүлүп, жоон созулуп турган кез. Биз эртеден кечке кекиртегибизди талга асып, тишибиздин кирин соруп, айран уюур мезгилди күтөбүз.(М.Э.)




Таблица 6

Фразеологизмдин сөз менен синонимдик катышты түзүшү


Фразеологизм

Синоним сөзү

Жылан чакпай, жылкы теппей

себепсиз

Балтыр эти толо элек

жаш

Биттин ичегисине кан куйган

чыйрак

Шишке саяр эти жок

арык

Мурдун балта кеспөө

тоготпоо

Кубанычы койнуна батпоо

сүйүнүү

Беш өрдөгүн учуруу

калп айтуу

Өзү тойсо да, көзү тойбоо

ач көздүк

Башы жерге кирүү

уялуу

Адалдан түгү жок, ж.б.

жакыр,ж.б.


Эскертүү: Бардык эле фразеологизмдердин маанисин бир сөз менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. М: карышкырга кой кайтартуу; сагызган изи; таш түшкөн жеринде оор; ж.б.
Таблица 7

Фразеологиялык талдоо жүргүзүүнүн ыкмасы

  1. Сүйлөмдөн фразеологизмди таап, анын маанисин чечмелөө.

  1. Канча компоненттен тургандыгы аныктоо.

  1. Фразеологизмдин кайсы түрүнө кирээрин ажыратуу.

  1. Сүйлөмдө фразеологизмдин колдонулушуна анализ берүү.

  1. Фразеологизмди синоним сөз менен алмаштыруу.

  1. Сүйлөмдө кайсы сүйлөм мүчөсүнүн жана сөз түркүмүнүн милдетин аткарышын талдоо.

М: Эгиз кoзудай ээрчишип жүрөбүз деген эмелер эми бөлүнүшөбү? (Ш.Б.)



«Эгиз кoзудай» - «айрып алгыс, абдан окшош» деген маанини билдирет; 2 компоненттен турат; фразеологиялык бирдик; колдонууда өзгөрүүгө учураган эмес ; синоним сөзү- окшош; сүйлөм мүчөсү боюнча аныктооч, сөз түркүмү боюнча-сын атооч.
КОРУТУНДУ
Бул эмгекти жазуунун алдында буга чейинки фразеологияны изилдөөгө арналган кыргыз тилиндеги теориялык, методикалык жана практикалык изилдөөлөр менен таанышып, басма сөз беттеринен жарык көргөн макалаларды колдон келишинче чогултуп, анализ жасадык.

Эмгектин I бөлүмүндө кыргыз тилинин фразеологиясы тууралуу жазылган алгачкы макалалардан тартып, азыркы мезгилге чейинки ушул багытта жүргүзүлгөн илимий иштер кыскача талданды. Жалпы тил илиминде, анын ичинде түркологияда фразеология маселелерине арналган кээ бир эмгектерге токтолдук. Мектептерде фразеологияны окутуу иши кандайча жүргүзүлгөнүнө кененирээк баяндама бердик.

II бөлүмдө 1996-жылы 2-жолу басылып чыккан, азыркы учурда пайдаланылып жаткан «Кыргыз тилинин программасында» ХI класста фразеологияны окутууга бөлүнгөн он саат убакытты бөлүштүрүүнүн тематикасын сунуш кылынып, ал темаларды окуучуларга өтүүдө максималдуу эффективдүүлүккө жетүү үчүн стандарт эмес сабактардын формасын (сабак-лекция, сабак-диспут, сабак-конкурс), окутуунун ар кандай методдорун (проблемалык метод, өз алдынча иштөө методу, көрсөтмөлүүлүк метод, ж.б.) пайдалануу менен сабактардын үлгүсүн иштеп чыктык.

Х- ХI класстар үчүн «Кыргыз тили» окуу китебинин «Фразеология» бөлүмүн окутууга төмөнкүдөй кошумча материалдардын киришин сунуш кылабыз:



  • Фразеологизмдерге мунөздүү болгон туруктуулук белгисин окутуу;

  • Окуучулардын синтаксистик талдоолорду жүргүзүүдө фразеологизмдерге байланыштуу кездешүүчү тоскоолдуктарды жоюу үчүн фразеологизмдердин канча компоненттен турганына карабай, бир сүйлөм мүчөсү боло тургандыгын окутуу;

  • Фразеологиялык талдоонун үлгүсүн берүү;

  • Фразеологизмдерди кепте колдонууда айрым учурда маанини күчөтүү үчүн фразеологизм сөзү менен ага синоним сөздүн катар келиши жөнүндө маалымат берүү;

  • Тематикалык жактан ар түрдүү фразеологизмдерди кеңири берүү. (Окуу китебинде алкоо, каалоо-тилек айтууда колдонулган фразеологизмдер кирген эмес).

Ушул сыяктуу материалдарды жана кошумча каражаттарды кеңири пайдалануу менен практикалык сабактарды өткөрүү үчүн программадагы сааттардын саны дагы 2-3 саатка көбөйтүлсө жакшы болоор эле.

Эмгекте мектептерде фразеологиянын материалдарын окутууда азыркы учурда колдонулуп жаткан сөздүктөр, методикалык колдонмо, таблицалар жөнүндө сөз болуп, алардын практикалык маанисине баа берилди.

Жыйынтыктап айтканда, кыргыз тилинин фразеологиясын окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мугалимдерге:


  • Окуучуларга Х.Карасаевдин «Накыл сөздөр» эмгеги, анда берилген фразеологизмдердин чыгыш тегин окутууну, сөздүктү окуучулардын кыргыз элинин каада-салты, турмуш - тиричилиги, ырым-жырымы, адап-ахлагы жөнүндө маалыматтарын тереңдетүү максатында пайдаланууну;

  • Окуучулардын теориялык билимдерди өздөштүрүүсүн жеңилдетүү үчүн фразеологизмдерден мисалдарды кеңири камтыган табилицаларды көрсөтмө курал катары колдонууну;

  • Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, кругoзорун, таанып-билүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана ар кыл тематикадагы фразеологизмдерди кеңири өздөштүрүүсүнө жана аларды кептерине орундуу, туура колдонууга үйрөтүү максатында ар кандай кошумча көнүгүүлөрдү иштетүүнү сунуш кылабыз.

Тиркеме катары берилип, жаңыдан иштелип чыккан фразеологияны мектептерде окутууга байланыштуу кошумча каражаттар мугалимдер үчүн практикалык мааниси бар экендигине жана фразеологияны окутуунун сапатын жакшыртуу үчүн сабактарда, кружоктордо, семинарларда чыгармачылык менен колдонулат деген ойдобуз.


Пайдаланылган адабияттардын тизмеси:


  1. Абдулдаев Э., Сейдакматов К. Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү (Мектеп окуучулары үчүн).- Ф., 1990. -120 б.

  2. Актуальные вопросы методики преподования национального языка и литературы в школе и вузе (Тезисы докладов научно-практической конференции).- Ф., 1982

  3. Л.А.Введенская, М.Т.Баранов, Ю.А.Гвoздарев. Лексика и фразеология русского языка.- М.,1979

  4. Волина В. Фразеологический словарь. - М.,1997

  5. Вопросы фразеологии. - Ташкент: Фан, 1965

  6. Дыйканов К. Кыргыз тили таблица түрүндө.- Алматы, 1989

  7. Жалилов А. Кыргыз тили боюнча талдоонун түрлөрү. - Б.,-1995.- 19-б.

  8. Закиров С. Кыргыз тилинин макал-лакаптары.- Ф.: Мектеп, 1972.-112-б.

  9. Иманалиев К. Орто мектептерде кыргыз адабияты боюнча проблемалык окутууну уюштуруу иши.–Фрунзе: Мектеп, 1981.

  10. Исаев Д., Кудайбергенов С., Үсөналиев С. Кыргыз тили (6-7-класстар үчүн).- Ф.,1989

  11. Калдымолдоева А. Сөз айкаштарын окутуу боюнча методикалык колдонмо .(3-5- курстун студенттери үчүн).- Ф.,1989

  12. Карасаев Х. Накыл сөздөр. Б.,1995

  13. Кыргыз совет энциклопедиясы. Фрунзе, 1980.- 6- том.

  14. Кудайбергенов С., Жакыпов Ы., Мураталиев М. Кыргыз тили (10-класстар үчүн).- Ф.,1958.

  15. Кыргыз тилинин жана адабиятынын программасы (8 жылдык жана орто мектептер үчүн). -Ф.,1980

  16. Кыргыз тили жана адабиятынын программасы (4-10-класстар үчүн).-Ф.,1980

  17. Кыргыз тили жана адабиятынын программалары (4-10- класстар үчүн). -Ф.,1983

  18. Кыргыз тили жана адабиятынын программалары (5-11- класстар үчүн). -Ф.,1987

  19. Кыргыз тили боюнча 7-класстар үчүн факультативдик окуунун программасы. -Ф.,1987.

  20. Кыргыз тили программасы. (5-11- класстар үчүн).- Б.,1994

  21. Кыргыз тили программасы (5-11- класстар үчүн). Б.,1996

  22. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. -Ф.,1969

  23. Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү.-Ф., 1980

  24. Лобанова В.Г. Мастер на все руки. //Русский язык за рубежом, 1970, -№3

  25. Майрыков Д. Кыргыз тилинин грамматикасы (педагогикалык окуу жайлар үчүн).- Ф.,1954

  26. Мамытов Ж. Кыргыз тилинин фразеологиясы. //Мугалимдер газетасы, 1969, 5/ХII.

  27. Мукамбаев Ж., Осмонкулов А. Азыркы кыргыз тили (методикалык көрсөтмөлөр жана көнүгүүлөр жыйнагы).-Ф., 1976.

  28. Мукамбаев Ж. В.И.Лениндин чыгармаларындагы фразеологиялык байлыктар. //Эл агартуу, 1981, №4

  29. Назаров А. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин маанисин күчөтүүнүн жолдору. //Эл агартуу, 1982, №1

  30. Назаров А.П. Фразеологизмдердин арасына сөз же сөз айкашын кыстаруу. //Эл агартуу, 1983, №3

  31. Назаров А.П. Фразеологизмдердин натыйжалуулугун жогорулатуучу ыкмалар. //Эл агартуу, 1987, № 6

  32. Назаров А.П. Фразеологизмдер, алардын иденфикаторлорунун стилистикалык максаттарда катар колдонулушу. //Эл агартуу, 1989, № 3

  33. Орто мектептин программасы (4-10- класстар үчүн). //Мугалимдер газетасы , 1967, 23/V

  34. Орузбаева Б., Абдулдаев Э., Жапаров А. Кыргыз тили. -Ф., 1971

  35. Осмонкулов А. Мектептерде кыргыз тилин окутуу методикасынын илим катары өнүгүшү (1958-1988). –Б., 1992

  36. Осмонова Ж. Идиомалардын лексикалык варианттары. //Кыргызстан маданияты, 1970, № 5

  37. Осмонова Ж. Идиоманын синонимдери жөнүндө.// Мугалимдер газетасы, 1970, № 8

  38. Осмонова Ж. Кыргыз тилиндеги идиомалар жөнүндө. //Мугалимдер газетасы, 1970, №8

  39. Осмонова Ж. Кыргыз тилиндеги идиомалар.- Ф., 1972, 162-бет

  40. Русско-кыргызский фразеологический словарь. -Ф., 1977

  41. Сапарбаев А. Метафора менен фразеологизмдердин катышы. //Мугалимдер газетасы, 1973, 13/VI

  42. Сапарбаев А., Өмүралиева С., Эгембердиев Р. Кыргыз тили (10-11 –класстар үчүн). -Б.,1991, 1993.

  43. Сапарбаева А., Абдесов М., Жаманкулова Г., Мусаева В. Кыргыз тили боюнча билим берүүнүн мамлекеттик стандарты. //Эл агартуу, 1995,№3

  44. Сартбаев К.К. Эне тилин окутуу методикасынын методологиялык негиздери. //Эл агартуу,1986, №3

  45. Суранчиева Б.Фразеологиялык синонимдер. //Изв. Ан. Кирг.ССР, 1978, №2

  46. Токсоналиева Р. Эсептик маанидеги фразеологизмдер. //Эл агартуу, 1993, №5,6

  47. Чыманов Ж.А. Сөз маданияты жана фразеология.// Мугалимдер газетасы. 1988, 29/VII

  48. Эгембердиев Р. Фразеология – тил илиминин бир бөлүгү. //Мугалимдер газетасы, 1974, 9/1

  49. Эгембердиев Р. «Манас» эпосундагы фразеологизмдер.//Кыргызстан маданияты, 1976, 29/IV

  50. Эгембердиев Р. IХ класста фразеологизмдерди окутуунун өзгөчөлүктөрү. //Эл агартуу, 1976, №9

  51. Эгембердиев Р. Өнөр алды – кызыл тил. //Кыргызстан пионери, 1977, 25/III

  52. Эгембердиев Р. Фразеологизмы в эпосе «Манас»/ (Рукоп. канд. дисс.). - Ф., 1979

  53. Эгембердиев Р. Фразеология (6-класстарды окутуу). //Мугалимдер газетасы, 1988, 18-23-ноябрь

  54. Эгембердиев Р. Фразеологияны ХI класста окутуу (Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо). -Б.,1996

  55. Юдахин К.К. Кыргызча-орусча сөздүк. -Б., 1965


МАЗМУНУ

Киришүү ………………………………………………………….3
I бөлүм: Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин

изилдениши жана аларды мектептерде

окутуу тарыхынан:
1.1. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин

изилдениши…………………………………. …………5


    1. Окуу программаларында жана окуу китеп-

теринде фразеологияны окутуунун берилиши………15
П бөлүм: 11- класста фразеологияны окутуу:
2.1. Фразеологизмдердин мүнөздүү белгилерин

жана түрлөрүн окутуу……………………………………23
2.2.Фразеологизмдердин кепте колдонулушун

окутуу ………………………………………………………38


    1. Фразеологияны окутууга

байланыштуу кошумча каражаттар……………. ……..50
Көнүгүүлөр……………………………………………………...55

Фразеологизмдердин пайда болуу тарыхынан…………..60

Таблицалар………………………………………………........65

Корутунду ………………………………………… ……… ….70

Пайдаланылган адабияттар ………………………………..72

Акунова Айнура Рысбековна

XI КЛАССТА ФРАЗЕОЛОГИЯНЫ ОКУТУУНУН МЕТОДИКАСЫ
Окуу - методикалык колдонмо

Кыргыз тили мугалимдери жана студенттер үчүн


Редактору Элзат Сакеева

Компьютердик калыпка салган Гульнура Акунова

Корректору Элзат Сакеева



Терүүгө 05.11.2004-ж. Басууга 15.12.2004-ж. кол коюлду. Офсет кагазы №1. Кагаздын формасы 60х84 1/16 .Көлөмү 5,0 физ. басма табак. Нускасы 100. Заказдын номери 3/12.

ОсОО «Сүрөт басма салону» басма борбору



720011, Бишкек ш., Ж.Абдрахманов көчөсү, 175.



1Виноградов В.В. Основные понятие русской фразеологии, как лингвистической дисциплины. Китепте: Труды юбилейной научной сессии ЛГУ. - Л., 1946. - 45-69-б.

2 Ларин Б.А. Очерки по фразеологии. Китепте: Очерки по лексикологии, фразеологии и статистике. – Л., 1956.- 200 б.

3 Архангельский В.Л. О понятии устойчивой фразы и типах фразеологии. Китепте: Проблемы фразеологии. - М.: Наука, 1964.- 102-125- б.

4 Ожегов С.И. О структуре фразеологии. Китепте: Лексикографический сборник. – М., - 1957. - 31-53- б.

5 Бабкин А.М. Русская фразеология, ее развитие и источники.- Л., - 1970

1 Шанский Н.М. Фразеология современного русского языка.- М.: - ВШ, 1969

2 Молотков А.И. Фразеология русского языка и принципы их лексикографического описания. Китепте : Фразеологический словарь русского языка. – М.,- 1967

3 Кенесбаев С. Казак тилинин тиянактуу сєз тиркестери (Докт. диссертация).- Алмaта, 1944

4 Рахматуллаев Ш.У. Грамматические особенности образование глагольных фразеологических единиц современного узбекского языка..- М., - 1952

1 Тихонов А. Конференция по вопросам фразеологии. //Русский язык в национальной школе.- Москва, 1959.- №6

2 Муратов С.Н. Турк тилдериндеги туруктуу сєз тизмектери. Китепте: Вопросы фразеологии.- Ташкент: Фан, 1965.- 136-140 –б.

1 Юдахин К.К. Кыргызча-орусча сєздїк. - Москва,1965.

2 Юдахин К.К. Кыргызча – орусча сєздїк. - Москва,1965.

3 Кыргыз тилинин тїшїндїрмє сєздїгї. – Фрунзе,1969

4 Жапаров А. Грамматическая структура словосочетании в современном литературном кыргызском языке (Автореферат канд. дисс.).- М,1955.- 23 б.

5 Шїкїров Ж. Кыргыз тилиндеги фразеологиялык айкалыштар жєнїндє. К.:Труды института языка и литературы АН Кыргызской ССР.- Фрунзе, 1956.- Вып.7.- 29-36-б.

1 Осмонова Ж. Идиоманын макал-ылакап менен карым - катышы. //Известия АН Киргизской ССР, 1969.- № 2.- 75-79-б.

2 Осмонова Ж. Кыргыз тилиндеги идиомалар жєнїндє.// Мугалимдер газетасы,1969.- 27.IХ.

3 Осмонова Ж. Идиомалардын лексикалык варианттары. //Мугалимдер газетасы,1970, № 8, 4 - б.

4 Осмонова Ж. Идиомалардын синонимдери жєнїндє. // Кыргызстан маданияты,1970, № 5, 10 - б.

5 Осмонова Ж. Кыргыз тилиндеги идиомалар. Фрунзе: Мектеп, 1972.- 161- б.

1 Мамытов Ж. Кыргыз тилиин фразеологиясы. // Мугалимдер газетасы. 1969.- 5- декабрь

2 Сапарбаев А. Метафора менен фразеологизмдин катышы. // Мугалимдер газетасы. – 1973.- 13 - июнь.

3 Мукамбаев Ж. Идиомалар, учкул сєздєр. Мугалимдер газетасы. 1974. – 9- январь

4 Суранчиева Б. Фразеологиялык синонимдер. Известия АН Киргизской ССР. – 1978. - № 2. – 81-87-б.

5 Эгембердиев Р. Фразеология – тил илиминин бир бєлїгї. // Мугалимдер газетасы.-1974.-9-январь

6 Эгербердиев Р. Єнєр алды-кызыл тил . // Кыргызстан пионери.-1977.- 25- март

7 Эгембердиев Р. «Манас» эпосундагы фразеологизмдер. // Кыргызстан маданияты .- 1976.- 29- апрель

1 Мукамбаев Ж. В.И.Лениндин чыгармаларындагы фразеологиялык байлыктар.// Эл агартуу,1981, №4, 56-58-б.

2 Назаров А.П. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин маанисин кїчєтїїнїн жолдору.// Эл агартуу,-1982, №1,48-51- б.

3 Назаров А.П. Фразеологизмдердин арасына сєз же сєз айкашын кыстаруу.// Эл агартуу,1983,№3, 51-54-б.

4 Назаров А.П. Фразеологизмдердин натыйжалуулугун жогорулатуучу ыкмалар.// Эл агартуу,1987, №6, 53-55 –б.

5 Назаров А.П. Фразеологизмдер, алардын иденфикаторлорунун стилистикалык максаттарда катар колдонулушу. //Эл агартуу,1989, №3.55-57-б.

1 Мукамбаев Ж., Осмонкулов А. Азыркы кыргыз тили. -Фрунзе:Мектеп, 1976.-27-68-б.

2 Чыманов Ж.А. Орто мектептерде фразеологизмдерди окутуунун айрым маселелери. Китепте: Актуальные вопросы методики преподавания национального языка и литературы в школе и вузе.- Фрунзе,1982.- 75-76-б.

3 Чыманов Ж.А. Сєз маданияты жана фразеология.// Мугалимдер газетасы,1988,29-июль.

4 Калдымолдоева А. Сєз айкаштарын окутуу боюнча методикалык колдонмо.- Фрунзе,1989.- 12-15-б.

5 Токсоналиева Р. Эсептик маанидеги фразеологизмдер // Эл агартуу.- 1993.- № 5,6.- 78-79- б.


6 Эгембердиев Р. IХ класста фразеологизмдерди окутуунун єзгєчєлїктєрї.// Эл агартуу,1976, № 9, 14-16- б.

7 Эгембердиев Р. Фразеология. // Мугалимдер газетасы,1988,18-23- ноябрь

1 Эгембердиев Р. Фразеологизмы в эпосе «Манас» (Кандидаттык диссертация.) – Фрунзе,1979. –17-18-б.

2 Кудайбергенов С, Жакыпов Ы, Мураталиев М. Кыргыз тили.- Фрунзе, 1958.

3 Майрыков Д. Кыргыз тилинин грамматикасы.- Фрунзе, 1954.

4 Кудайбергенов С, Жакыпов Ы, Мураталиев М. Кыргыз тили.- Фрунзе, 1958,2-б.

1 Кудайбергенов С., Жакыпов Ы, Мураталиев М. Кыргыз тили. – Фрунзе, 1958.- 14-б.

2 Кудайбергенов С., Жакыпов Ы, Мураталиев М. Кыргыз тили. – Фрунзе, 1958.- 15-б.

3 Орто мектептин программасы. IV-Х класстар їчїн. Кыргыз тили.// Мугалимдер газетасы, 1967, 23-май

41971-72- окуу жылы їчїн 8 жылдык жана орто мектептер їчїн кыргыз тилинин жана адабиятынын программасы.- Фрунзе, 1971.

1 Орузбаева Б., Абдулдаев Э., Жапаров А. Кыргыз тили. – Фрунзе: Мектеп, 1971. – 36-б.

2 Эгембердиев Р. 1Х класста фразеологизмдерди окутуунун єзгєчєлїктєрї.// Эл агартуу,1976, № 9, 14-16-б.

3 Кыргыз тили жана адабиятынын программасы. - Фрунзе : Мектеп, 1980.- 15- б.

4 Осмонкулов А. Мектептерде кыргыз тилин окутуу методикасынын илим катары єнїгїшї (1958-1988). - Бишкек, 1992. – 51- б.

1 Кыргыз тили жана адабияты программасы (IV-Х класстар їчїн). Фрунзе :Мектеп, 1983.- 23-б.

2Орузбаева Б., Абдулдаев Э., Жапаров А. Кыргыз тили. Фрунзе: Мектеп, 1971. -110 – б.

3 Исаев Д., Кудайбергенов С., Їсєналиев С. «Кыргыз тили». – Фрунзе: Мектеп, 1980

4 Кыргыз тилинин жана адабиятынын программасы (V-ХI класстар їчїн).- Фрунзе: Мектеп, 1987

1 Эгембердиев Р. Фразеология.// Мугалимдер газетасы,1988,18-23/ХI

2 Сапарбаев А, Ємуралиева С. , Эгембердиев Р. Кыргыз тили (10-11 – класстар їчїн). - Бишкек : Мектеп, 3-б.

1 Сапарбаев А., Ємїралиева С, Эгембердиев Р. Кыргыз тили (10-11-кл. їчїн). –Бишкек : Мектеп, 1993.- 207-213-б.

2 Кыргыз тили боюнча 7-10 - кл. їчїн факультативдик окуунун программасы. – Ф.,1987.- 57 – б.

3 Кыргыз тилинин программасы (5-11- класстар їчїн). - Бишкек : Мектеп, 1996

1 Эгембердие Р. Фразеологизмы в эпосе «Манас» ( Рукоп. канд.дисс.).- Фрунзе 1979.- 23-27- б.

2 40-б.

1 Иманалиев К. Орто мектептерде кыргыз адабияты боюнча проблемалык окутууну уюштуруу иши. – Ф: Мектеп, 1981.

1 Кыргыз тилинин фразеологиялык сєздїгї.-Фрунзе:Илим,1980.-163- б.

2 68-б.

3  Кыргыз тилинин фразеологиялык сєздїгї.- Фрунзе: Илим,1980. -298- б.

1 Сапарбаев А, Ємуралиева С., Эгембердиев Р. Кыргыз тили Х-ХI- класс. -Б.,1993.- 169-б.

2 176-б.

1 176-б.

1 Ж.Чыманов . Сєз маданияты жана фразеология.// Муг.газетасы, 1988, 29.VII

1 Карасаев Х. Накыл сєздєр.-Бишкек,1995.-4-бет.

2 Кыргыз тилинин фразеологиялык сєздїгї.-Фрунзе, 1980.-4-бет.

1 Карасаев Х. Накыл сєздєр . -Б., 1995.- 3-б.

1Карасаев Х. Накыл сєздєр. - Б.1995.- 145-б.

1Карасаев Х. Накыл сєздєр. - Б.1995.- 5-б.


1 Дыйканов К. Кыргыз тили таблица тїрїндє. – Алматы , 1989.- Таблица № 218-220



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет