Ж. баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик улуттук университети кыргыз тили жана адабиятын



бет3/5
Дата10.06.2016
өлшемі0.57 Mb.
#127058
1   2   3   4   5

5) Жаңы теманы бышыктоо.

а) Жазуу жүзүндө көнүгүүлөрдү иштөө.

б) Сабакты оoзеки бышыктоо. Карточкалар менен иштөө.

6) Үйгө тапшырма берүү. Фразеологизмдер катышкан макал - лакаптардан жазып келүү. Морфологиялык, синтаксистик талдоолорду жүргүзүү.

7) Окуучулардын билимин баалоо.

2. Фразеологизмдин кепте колдонулуштарын окутуу.
Туура сүйлөп, туура жаза билүү - адамдын сөз маданиятынын негизги белгиси эмеспи. Ж.Чыманов «Өспүрүмдөргө сөз маданиятын үйрөтүү жеке эле туура сүйлөп, туура жазууга же ойду так, толук берүүнү, тил каражаттарын ыктуу пайдаланууну гана үйрөтпөстөн, баарыдан мурда эне тилин сүйүүгө, урматтап, баалоого үйрөтөт»1 – деп белгилегендей, фразеология боюнча сөз маданиятына үйрөтүүчү окуу китебиндеги «Фразеологизмдин кепте колдонулушу», «Фразеологизмдерди жарыш колдонуу», «Фразеологизмдердин сөз менен синонимдик катышты түзүшү, алардын кошумча маанилериндеги өзгөчөлүктөр» деген темалар окуучулардын кептеринде фразеологизмдерди орундуу, туура пайдаланууга үйрөтүү үчүн арналган.
5-САБАК
«Фразеологизмдердин кепте колдонулушун» окутуу үчүн сабактын диспут формасын сунуш кылабыз. Күн мурунтан окуучуларга окуган чыгармаларынан фразеологизмдер катышкан сүйлөмдөрдү жазып келүү тапшырылат. Мугалим өзү да ушундай он чакты карточка даярдап алуусу керек. Мисалы:

1-карточка: «Кой оозунан чөп албаган момун Өскөнбай эч жакка бурулбастан түз үйүнө келди. (Т.С.)

2-карточка: Атка минсе ак жолтой,

Атышкан жоого сан колдой.

Жортуп чыкса ак жолтой,

Жоого тийсе сан колдой.



3-карточка: Күнүнө таң заардан туруп мурда долбоорлогон айрым вариант, сүрөтчө - этюддарды кайра баштан эки-үч сыйра карап чыгам да, таңкы тынчтыкта аркы-терки басып ойлоном. ( Ч.А.)

4-карточка: Тамак-чөптү көргөндө,

Ачылды аттын кабагы. ( «Эр Төштүк»)



5-карточка: Ушундай болот деп, үч уктаса Танабайдын түшүнө кирди бекен? (Ч.А.)

6-карточка: Өзүңдөн жогору турган, келечекте сенден орун талаша турган неменин тамырына азыртан балта чап. (Ж.Мавлянов)

7-карточка: Кой оозунан чөп албаган, чөптөн башкага зыяны жок мындай адамдардын зулумдарга кор болуп жүргөнүнө ким күнөөлүү? (К.Ж.)

8-карточка: Ичке үзүлүп, жоон сoзулуп турган кез. Биз эртеден кечке кекиртегибизди талга асып, тилибиздин кирин соруп, айран уюур мезгилди күтөбүз. (М.Э.)

9-карточка: Адалдан түгү жок, итке минер томаяктар да малдуу кишилерден саан алышып мында көчүп келишкен. (Каимов)

10-карточка: Канаттууга кактырбай,

Калкын жоодон сактаптыр.

Калың кыргыз коопсуз,

Жергесин душман баспаптыр.

Тумшуктууга чокутпай,

Туурун жоодон сактаптыр.

(«Карач-Көкүл баяны»)

Мугалим № 5-таблицаны колдонуп, фразеологизмдер кепте өзгөртүүсүз, өзгөртүлүп жана жарыш колдонула тургандыгы жана эмне себептен мындай болоору жөнүндө теориялык билимдерди бергенден кийин, сабактын диспут бөлүгүнө өтөт. Окуучулардан өз ойлорун тартынбастан ортого салып, активдүү катышууларын эскертет.

Окуучулардын жазып келген мисалдарын талкуулашып, фразеологизмдер өзгорүүгө учурадыбы же жокпу? Эмне себептен өзгөрүүгө учураган? деген сыяктуу суроолор берилет. 1-карточкадагы фразеологизмдин мааниси фразеологиялык сөздүктүн жардамы менен «кой оoзунан чөп албаган» деген фразеологизм «кишиге өйдө карабаган, абдан жаш, өтө эле момун», «куулук-шумдугу жок, эч кимге жаманчылык кылбаган» деген адамдын мүнөзүн билдирет жана бул сүйлөмдө эч кандай өзгөрүүгө учураган эмес;

4-карточкадагы «кабагы ачылды» деген фразеологизм эпосто муун өлчөмүн туура түзүп, рифманы сактоо үчүн 1-ден ортосуна сөз кошулуу, 2-ден компоненттердин ордулары алмашылып, өзгөрүүгө учуроо менен колдонулду. «Жаркылдаган жайдары мүнөздө болуу, кубануу, көңүлү көтөрүлүү» деген маанини туюндурат;

8-карточкадагы «ачка болуу» деген маанини билдирген 2 фразеологизм - «кекиртегин талга асуу» жана «тиштин кирин соруу» сүйлөмдө айтылып жаткан ойдун маанисин күчөтүү максатында синоним фразеологизмдер катар колдонулду. Мындай жол фразеологизмдерди жарыш колдонуу деп аталат деген жыйынтык чыгуу зарыл.

Ушундай ыкма менен мугалим окуучуларды талкууга чакырат. Талаш-тартыштар аркылуу чындыкка жетишишет.

Окуу китептериндеги 21- жана 22- көнүгүүлөрдөгү 5тен сүйлөмдү доскага иштетип, калганы үйгө тапшырмага берилет.

Окуучулар фразеологизмдер дайым эле өзгөртүүсүз колдонулбастан, стилдик максатка ылайык (маанини күчөтүү үчүн, ыр саптарында муун өлчөмдү, же ыргакты сактоо үчүн) анын маанисин бузбай туруп, өзгөртүп колдонсо боло тургандыктарына ынанышса, өздөрү да кептеринде бул көндүм, адаттарга жетишишсе, сабак максатына жетти десек болот.




6-САБАК
«Фразеологизмдердин сөз менен синонимдик катышты түзүшү, алардын кошумча маанилериндеги өзгөчөлүктөр» деген теманы өтүүдө мугалим фразеологизмдер сөзгө эквивалент боло тургандыгын, бирок сөз затты, түшүнүктү өзүнүн лексикалык мааниси менен туюндурса, фразеологизмдер болсо аны образдуу, көркөм туюндуруусу менен өзгөчөлөнө тургандыгын мугалим 6-таблицадагы мисалдар аркылуу далилдеп, окуучуларга түшүндүрөт.

Мисалы: Жылан чакпай, жылкы теппей – себепсиз,

Балтыр эти толо элек – жаш,

Биттин ичегисине кан куйган – чыйрак,

Шишке саяр эти жок – арык,

Мурдун балта кеспөө – тоготпоо,

Кубанычы койнуна батпоо - сүйүнүү, ж.б.

Ушул темада окуу китебинде берилбеген төмөнкүдөй маалыматты окуучуларга бере кетүү ашыктык кылбайт деп ойлойбуз.

Кебибизде фразеологизмдерди ага синоним болгон сөздөр менен катар да колдонгон учурлар кездешет. Мындай ыкма айтайын деген ойдун элестүүлүгүн күчөтүү үчүн, сөз болуп жаткан объектиге көңүл ого бетер бурулуп, таасирлүү болуу үчүн пайдаланылат. Төмөнкү 2 сүйлөмдү салыштырсак:



  1. Ийне саяр жери, жок куу чепкенинин этек - жеңин күүп, Алибай бийди көзүнүн төбөсү менен карады. (А.Матисаков)

  2. Ийне саяр жери жок , жыртылган куу чепкенинин этек-жеңин күүп, Алибай бийди жактырбай, көзүнүн төбөсү менен карады.

1-сүйлөмдө «ийне саяр жери жок», «көзүнүн төбөсү менен кароо» деген фразеологизмдер колдонулса, 2-сүйлөмдө бул фразеологизмдер менен алардын синоними «жыртылган», «жактырбоо» деген сөздөр катар колдонулду.

Окуучулардын жаңы теманы өздөштүргөндүктөрүн 23-көнүгүүнү иштетүү менен бышыктап, текшерсе болот. Көнүгүүдө таблица берилип, анда синоним фразеологизмдер жана аларга маанилеш сөздөр баш - аламан берилген. Аларды маанилерине жараша туш-тушуна коюп жазып чыгуу керек. Мисалы: Кылдан кыйкым издөө. Жумурткадан кыр табуу-кыйкымчыл; Тили оозуна батпоо. Каны катуу – суусоо; Күн карама. Күн тийген жердин күкүгү - кошоматчы ж.б.

Мугалим сабактын аягында окуучуларга: «Фразеологизмдерге синоним сөз деген эмне? Дайым эле фразеологизмдердин маанисин бир сөз аркылуу берүүгө болобу? Эмне үчүн кепте фразеологизмдер менен синоним сөзү катар кездешкен учурлар болот?» - сыяктуу суроолорду берип, сабакты оoзеки бышыктайт. Үйгө тапшырма окуучуларга сабакта колдонулбаган фразеологизмдерден 10 мисал жазып, катарына синоним сөздөрүн жазып келүү тапшырылат. Аларды жарыш колдонуу менен сүйлөмдөр түзүлөт.

7-8- САБАК
Окуу китебинде фразеологиялык талдоонун үлгүсү берилген эмес. Фразеологизмдерди терең өздөштүрүү үчүн мындай талдоого окуучуларды машыктыруунун мааниси чоң. Р.Эгембердиевдин «Фразеологияны ХI класста окутуу» методикалык колдонмосунда жана А.Жалиловдун «Кыргыз тили боюнча талдоонун түрлөрү» деген эмгектердеги талдоолорго алымча - кошумча киргизүү менен төмөнкүдөй фразеологиялык талдоонун үлгүсүн сунуш кылабыз (№ 7 -таблица):


  1. Сүйлөмдөн фразеологизмди таап, анын маанисин чечмелөө.

  2. Канча компоненттен тургандыгын аныктоо.

  3. Фразеологизмдердин кайсы түрүнө кирээрин ажыратуу.

  4. Сүйлөмдө фразеологизмдин колдонулушуна анализ берүү.

  5. Фразеологизмди синоним сөз менен алмаштыруу.

  6. Сүйлөмдө кайсы сүйлөм мүчөсүнүн жана сөз түркүмүнүн милдетин аткаргандыгын аныктоо.

Мисалы: Эгиз кoзудай ээрчишип жүрөбүз деген эмелер эми бөлүнүшөбү? (Ш.Бейшеналиев)

«Эгиз козудай»- «айрып алгыс, абдан окшош)» деген маанини билдирет, 2 компоненттен турат. Фразеологиялык бирдик, себеби компоненттердин берген мааниси менен фразеологиялык маанинин ортосунда жакындык бар. Сүйлөмдө өзгөрүүгө учурабай, даяр көркөм сөз каражаты катары колдонулду. Синоним сөзү - окшош, сүйлөмдө сын атооч жана аныктоочтун милдетин аткарат.

Окуучуларды ушундай ыкма менен өз алдынча фразеологиялык талдоо жүргүзүүгө үйрөтүү менен жалпы фразеология бөлүмү боюнча алган билимдерин бекемдөөгө болот.

Мугалим окуу китебиндеги көнүгүүлөрдү иштетүү менен гана чектелбестен, кошумча каражаттарды пайдалануу менен ылайыктуу көнүгуүлөрдү тандап алып, ушул сабакта пайдаланса болот. Бирок кыргыз тилинде атайын мындай көнүгүүлөр жыйнагы азырынча жок. Кызыктуу көнүгүүлөр окуучулардын логикалык ой жүгүртүүлөрүн арттырып, теориялык билимдерин практика жүзүндө сыноого мүмкүндүк берет (Мындай көнүгүүлөр китептин аягында тиркеме катары берилет). Мындан тышкары окуучулар жаңы фразеологизмдерди үйрөнүп, айрымдарынын жаралуу тарыхын билишет. Ал үчүн мугалим Хусейин Карасаевдин «Накыл сөздөрүндөгү» фразеологизмдердин пайда болушу жөнүндөгү маалыматтарды колдонсо болот.
9 - САБАК
Предмет аралык байланыш. Бир предметти экинчи бир предмет менен байланыштырып өтүү окуучулардын белгилүү бир тема боюнча билим алуусун тереңдетип, кругoзорун, ага байланыштуу түшүнүктөрүн кеңейтет. Фразеология боюнча алган билимдерди ушул максатта өркүндөтүү үчүн бул сабакты адабият сабагы менен түздөн-түз байланышта жүргүзүү керек. Фразеологизмдер катышкан мисалдар элдик оoзеки чыгармалардан, акын-жазуучулардын көркөм чыгармаларынан келтирилет. Ошондуктан адабият менен байланыш ушул гана сабакта болбостон, фразеология боюнча алгачкы сабак башталганда эле жүргүзүлүп отурат.

«Фразеология» бөлүмү өздөштүрүлүп жаткан учурда кыргыз адабият сабагында заманыбыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармалары («Жамийла», «Ак кеме», «Гүлсарат», «Бетме-бет», «Кылым карытар бир күн» ж.б.) окулуп жатканын эске алып, окуу программасында предмет аралык байланышка бөлүнгөн 1 саатты Ч.Айтматовдун чыгармаларында кездешкен фразеологизмдерди ( ал эми алар абдан көп) талдоо менен ишке ашырсак, сабак пайдалуу да, натыйжалуу да болот. Бул сабак фразеологизмдер боюнча теориялык материалдар өтүлүп бүткөндөн кийин коюлгандыктан, окуучулардын билимдерин кайталоого, бышыктоого да шарт түзөт.

Төмөндө мындай сабактын болжолдуу үлгүсүн беребиз.

Сабактын темасы: «Фразеология» бөлүмүн адабият сабагы менен байланышта окутуу.

Сабактын максаты:


  1. Окуучулардын тексттен, сүйлөмдөн өз алдынча фразеологизмдерди табуусуна жетишүү; «Фразеология» бөлүмү боюнча билимдерин бышыктоо.

  2. Ч.Айтматовдун чыгармаларын үйрөнүү менен фразеологизмдердин маанисин чечмелөө жана аларды өз кептеринде, жазуу иштеринде колдонууга үйрөтүү.

  3. Окуучулардын көркөм адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу; ата-бабалардан калган сөздөрдү унутпоого, элибиздин каада-салтын урматтоого тарбиялоо.

Сабактын тиби: Өтүлгөн материалдарды кайталоо жана бышыктоо сабагы.

Сабактын жабдылышы: Ч.Айтматовдун китептеринен көргөзмө, фразеологиялык сөздүктөр, Х.Карасаевдин «Накыл сөздөрү», таблицалар, карточкалар.

(Мугалим тарабынан окуучуларга үйгө тапшырма катары жазуучунун «Кассандра тамгасы» романын окуп чыгып, андагы фразеологизмдерди дептерлерине көчүрүп, маанисин текшерип келүү алдын - ала тапшырылат).


Сабактын жүрүшү:

Сабак уюштуруу ишин жүргүзүү менен башталат. Бирок, башка сабактардан айырмаланып, мугалим сабактын максатын жалаң оoзеки ангемелешүү жана окуучулардын таблица, карточкалар менен өз алдынча изденүүсү аркылуу ишке ашырат. Ал үчүн биринчиден, мугалим сабактын жагымдуу атмосферасын түзүүсү керек, б.а. окуучуларды эркин пикир алмашууга чакырат. Мугалимдин Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы, же «Кассандра тамгасы» романы жөнүндө кыскача кызыктуу баяны, алар тууралуу мугалим менен окуучулардын ортосундагы суроо- жооптор мындай шартты түзүүгө көмөк болот . Мындан соң, чыгармада кездешкен фразеологизмдерди талдоого өтөт.

Мисалы: Ч.Айтматов тарабынан романдын эпиграфы катары алынган 2 цитатаны доскага жазып, фразеологиялык талдоо жүргүзөбүз.


  1. Кассандра Апполондун махабатын четке кагат, ошондо Апполон Кассандраны каарына алып, анын көзү ачыктык менен айткандарын эч ким ишенгис кылып салат … (Байыркы грек мифологиясынан)

  2. Жарыкчылыкка али келбеген, Асман алдында жасалып жаткан арам иштерди көрбөгөн жан гана тигил экөөдөн бактылуу. (Екклесиаст)

Андан соң мугалим окуучуларга доскага илинген 1-таблицага романда кездешкен фразеологизмдерди толтурууну тапшырат. Мисалы:

Фразеологиялык ширешме

Фразеологиялык

бирдик


Фразеологиялык

айкаш


1

2

3

Сиркеси суу көтөрбөй турган чактарда Жесси аны таштанды тарткыч деп шылдыңдап, анан баарын өрттөп жиберем деп опузалачу.

Ордоктун бул кызыктай жөндөмүнө бир туруп суктанса, бир туруп төбө чачы тик турарын Роберт Борк жашырчу эмес.

Жалгыз эле мага керекпи, чындап эле акыр заман келгенсип, эмне мынча сары санаага батам?!

Ушул жерден оoзунан ак ит кирип, кара ит чыгып, ажылдап жаткан бир катын дал бутага тийгизе айтты.

Бирок ал өзүн канчалык табалабасын санаасы ордуна келбеди, ал жанын коёрго жер таппады.

Ошентип дароо эле ток этер жеринен баштайын.

№2-таблицаны колдонуп окуу китебиндеги 140 - көнүгүүнү иштөө. Анда фразеологизмдердин кепте колдонулушуна талдоо жүргүзүү керек. Мисалы:



Фразеологизмдердин кепте колдонулушу


Фразеологизмдерди өзгөртүүсүз колдонуу

Фразеологизмдерди өзгөртүп колдонуу

Конституциянын жана азыркы закондордун бешик боосун Кудай бек кылсын…

Буга окшогон билдирүүнү газета бетине жарыялоо үч уктаса түшкө кирчү ишпи!

Мен Сиздин бул оюңузга да кошулам, мистер Борк, бул сүйлөшүү менин көзүмдү мурдагыдан да көбүрөөк ачты.

Мындай кадам жасоого баруу менен «Трибюн» кандай оор жүктү моюнга алып жатканын жакшы түшүнүп турам.

Сабактын акырында окуучуларга карточкалар таратылып берилет. Сүйлөмдөрдө кездешүүчү туруктуу сөз айкаштары табылып, алардын түрү, кепте колдонулушу боюнча ажыратылып, аныктамалары айтылат.

1-карточка: «Альфа-Бейсбол» спорт залында олтургандар ошол саатта дем тартышпай, Оливер Ордоктун чакырыгына -сөздөрүнө бир кишидей кулак түрдү.

2-карточка: Анан кыска жана катуу айттым.

3-карточка: Ассистент менен медсестра аны менин кабинетиме алып келишкенде, мен анын буга чейинки изилденишине көз жүгүртүп чыктым.

4-карточка: Мына ушунун баарын түшүнгөн Юнгер ар бир барактын башында: «Кудай жалгагырлар, факсты өчүрө көрбөгүлө!» деп жалынып отурат.

5-карточка: Жоболоң көз ачып-жумганча болду.

6-карточка: Мүнөздүү жагы, алдында акыркы күндөрү Кассандра тамгасы менен белгиленген кош бойлуу аялдар келе атышат.

7-карточка: Анын жети өмүрү жерге кирип баратканын Борк элестетти…

8-карточка: Эч ким ордунан кoзголбоду, эч ким лам деп оoз ачпады.

Сабакты жыйынтыктоо: окуучулардын билимин баалоо жана үйгө тапшырма берүү.




10- САБАК
Сабак – мелдештин максаты:

  1. Окуучулардын фразеология боюнча алган билимдерине байкоо жүргүзүү, кайталоо, бышыктоо.

  2. Окуучулар өз ара атаандашуу менен фразеологизмдерди канчалык өздөштүргөнүн, өз алдынча кантип изденишкендигине байкоо жүргүзүү, билүү.

  3. Окуучуларды ата-баба мурастарын, үрп-адат, каада-салттарын үйрөнүүгө, ыкчам ойлонуп, намыс алдырбоого тарбиялоо.


Сабак – мелдештин жабдылышы :

Командалардын аттары жазылган ленталар, командалардын фразеологизмдер жөнүндө чыгарган дубал газеталары, карточкалар, тапшырмалар салынган шариктер, баалоо үчүн көрсөткүчтөр.


Сабак –мелдештин жүрүшү :

Окуучулар отурган парталарына жараша 3 командага бөлүнөт. Мисалы: «Рабаят», «Санжыра», «Чечен» командалары. Конкурстун алып баруучусу жана калыстар тобу дайындалат. (Мугалим өзү алып баруучу болсо же калыстар тобуна кошулса да болот). Конкурс 6 тапшырмадан турат. Ар бир тапшырмалардан кийин калыстар тобу командалардын жоопторун баалап турушат.


1-тапшырма: Саламдашуу, команданын аты менен тааныштыруу. Өздөрүнүн чыгарып келген дубал газетасы боюнча обзор берүү.
2-тапшырма: «Фразеологизмдерди ким көп билет?»-деп аталат. Мында ар бир команда мүчөсү өз кезеги менен фразеологизмдерди айтышат. Эгерде команданын бир мүчөсү фразеологизм таппай калса, же туура эмес айтса, оюн токтолот.
3-тапшырма: «Идиомалардын маанисин чечмелөө»-деп аталат. Ар бир командага 3төн идиома жазылган карточкалар таратылып, алардын маанилерин ачып берүү талап кылынат (Кеңешүүгө 30 секунд берилет).

Мисалы :

«Рабаят» командасына: «Өз көмөчүнө күл тартуу; жибин тартып көрүү, түк күткөн сайын калтыроо»;

«Санжыра» командасына: «Жылын төө кылуу; жең ичинен сүйлөшүү; куйругуна калбыр байлоо»;

«Чечен» командасына: «Тил эмизүү, камырдан кыл суургандай, чычкан мурдун канатпаган».
4-тапшырма: «Фразеологизмдерге талдоо жүргүзгүлө»-деп аталат. Ар бир команда элдик оoзеки чыгармалардан, акын-жазуучулардын чыгармаларынан көркөм окушат. Калган командалар анда кездешкен фразеологизмдерди атап, бирөөнө фразеологиялык талдоо жүргүзүшөт.
5-тапшырма : «Фразеология боюнча суроолор» деп аталат.

«Рабаят» командасына: Фразеологиялык ширешме, бирдик, айкаш деген эмне? Мисал келиргиле.

«Санжыра» командасына: Фразеологизмдердин речте колдонулушу кандай? Мисал келтиргиле.

«Чечен» командасына: Фразеологизмдердин сөзгө синоним болушу. Окшош маанини билдирген фразеологизмдерден мисал келтиргиле - деген сыяктуу суроолор берилет.
6-тапшырма : «Команда башчыларынын таймашы».

Шариктердин ичине 2ден суроо бүктөлүп салынып, команда башчыларына таратып берилет. Андагы 2-суроого жооп команданын жардамы менен доскага жазылат.



«Рабаят» командасына:

  1. «Фразеология», «фразеологизм» деген эмне?

  2. Адамдардын мүнөзүндөгү оң сапаттарды чагылдырган фразеологизмдерди жазгыла. (М: ала-жипти аттабаган, ак жүрөк, жабуулуу кара инген, колунан көөрү төгүлгөн, колу жеңил ж.б.)

«Санжыра» командасына:

  1. Фразеологизмдин мүнөздүү белгилери кайсылар?

  2. Адамдын мүнөзүндөгү терс сапаттарды билдирген фразеологизмдерди жазгыла (М: колунан кокон тыйын келбөө, ак каптал, ак кол, саламга келбей калуу, тили узун, өпкөсү жок ж.б.)

«Чечен» командасына:

  1. Фразеологизмдердин макал – лакаптар менен жакындыгы жана айырмасы кайсылар?

  2. Алкоо, каалоо-тилек иретинде айтылган фразеологизмдерди жазгыла (М: Теңир жалгасын! Оoзуңа май! Көшөгөң көгөрсүн! Бешик бооң бек болсун! Кудай кут кылсын! ж.б.)

Мелдештин аягында жалпы жыйынтык чыгарылат. Мугалим тарабынан «Фразеология» бөлүмүн өздөштүрүүдө окуучулардын жетишкендиктери жана кемчиликтери тууралуу айтылып, сабак аяктайт.


Жыйынтыктап айтканда:

Программага ылайыкталып фразеологияны окутууга бөлүнгөн убакытта жогорудагы иштелип чыккан сабактардын үлгүсүн мугалимдер өздөрүнүн чыгармачылыгына жараша алымча-кошумчалар менен пайдаланышат деген ойдобуз. Фразеологияны мындан да тереңдетип окутуу үчүн дагы программага 2-3 сааттык убакыт кошулса, мугалимдин кошумча каражаттарды кеңири пайдалануу менен практикалык сабактарды өткөрүү, окуучулардын фразеологизмдердин маанисин түшүнүшүп, кептеринде ыктуу колдоно билүүлөрүнө жетишүүлөрү үчүн мааниси чоң болмокчу .


3. Фразеологияны окутууга байланыштуу кошумча каражаттар.
Мугалимдин «Фразеологияны» окутууда окуу китебиндеги материалдар менен чектелүүсү аздык кылат. Фразеологияны окутууга коюлган максатты толук ишке ашыруу үчүн кошумча каражаттарды кеңири пайдалануу керек. Аларга:

  1. Сөздүктөр;

  2. Методикалык колдонмолор;

  3. Таблицалар;

  4. Көнүгүүлөр жыйнактары кирет (азырынча кыргыз тилинде иштеле элек).

Булардын ар бирине өзүнчө токтолсок.

1) Академик Х.Карасаев: «Урматтуу жаштар! Тил байлыгыбыз - эки кабаттуу. Биринчи кабаты - шайдоот болот. Аны адамдын бардыгы эле билет. Экинчи, астынкы кабаты - кишинин баардыгына эле түшүнүктүү боло бербейт. Аны чечмелөө керек»1- деп белгилегендей, фразеологизмдер мына ушул тилдин экинчи кабатына кирип, окуучуларга аны чечмелөө менен гана түшүндүрө алабыз. Ал үчүн мугалимдерге фразеологиялык сөздүк эң негизги жардамчы болот.

«Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү» 1980-жылы «Илим» басмаканасынан 2000 нускада жарык көргөн. Сөздүк Э.Абдылдаев, А.Биялиев, А.Курманалиева, Т.Назаралиев, Ж.Осмонова, К.Сейдакматовдор тарабынан түзүлүп, 4000ден ашуун фразеологизмдерди камтыйт. Окумуштуу Ш.Жапаров: «Иштин максаты – элдик байлыкты элге тартуулоо, же болбосо элден алып, элдин өзүнө берүү.

Демек, атам замандан бери элде оoзеки түрдө жашап келген кенчти топтоп, кагаз бетине түшүрүп системага салып, сөздүк (жыйнак) түрүндө кайра казына ээсине –элге сунуш кылуу. Өз кезегинде мындай аракет элдин маданиятын жогорулатууга көмөк берет»-2 деп белгилегендей, сөздүк жарык көргөндөн эле жалпы коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынат.

Мугалим окуучуларга уккан, же окуган түшүнүксүз фразеологизмдердин маанисин чечмелөөдө, сабактарда көнүгүүлөрдү иштөөдө, үйгө берилген тапшырмаларды аткарууда сөздүктү пайдаланууну сунуш кылат. Сөздүк менен өз алдынча иштөөгө үйрөтүү аркылуу алардын сөз байлыгын өстүрүүгө, билбегенин билүүгө багыттайт. Ошондой эле окуу китебинде кездешпеген фразеологизмдер менен тааныштырат. Мисалы: алкоо, жакшы тилек, каалоону билдирүүчү фразеологизмдер. Алар сөздүктө абдан көп, тарбиялык мааниси да күчтүү. Алсак, Ак жалгасын! Ак жолуң ачылсын! Ак элечегиң башыңан түшпөсүн! Бешик бооң бек болсун! Иш илгери! Кудай жалгасын!» ж.б.у.с. фразеологизмдердин маанисин түшүндүрүү менен окуучуларды элдик каада-салтты, ырым-жырымдарды сыйлоого, бабалардан калган сөздөрдү унутпоого тарбияласа болот.



Дагы бир ушундай кызматты аткара турган эмгек Э.Абдулдаев, К.Сейдакматовдор тарабынан түзүлгөн «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү». Жогорудагы эмгектен айырмаланып, бул эмгек атайын мектеп окуучулары үчүн жазылып, 1990- жылы 7000 тиражда басылып чыккан.

Бирок, тилекке каршы, мектептерде бул сөздүктөр жетишсиз. Көпчүлүк мугалимдер фразеологияны окутууда бул каражатты колдонбогон учурлары да кездешет. Мындай көрүнүш, албетте, окуучунун билим деңгээлине таасирин тийгизбей койбойт.



Фразеологияны окутуудагы баалуу каражаттардын бири - Х.Карасаевдин «Накыл сөздөр» деген эмгеги. Көп жылдык изденүүнүн натыйжасында жаралган бул эмгек жөнүндө автор: «Бабаларыбыз бизге мурас кылып калтырган тил байлыгын чогултуу, анын түйүнүн чечүү менен өмүр бою алпурушуп келдим. Биринчи кезекте «Манастан» башка эл чыгармачылыгы, унутулуп бараткан макалдарды, жалпылап айтканда накыл сөздөрдү жыйноого, анын маанисин чечмелөөгө көп аракет кылдым. Билимдердин жетишинче чечмелөөгө, ар бир накыл сөздүн капкагын ачып илгерки маанисин тактоого чоң аракет жасадым»1 деп жазгандай, бул эмгекти пайдалануу менен айрым фразеологизмдердин тилде пайда болушуна кандай шарттар өбөлгө болгондугу жөнүндө кызыктуу окуяларды окуучуларга айтып берүү менен кыргыз элинин тарыхы, каада-салты, диний ишенимдери жөнүндө да кабар берилет.

Бул эмгектин 1-китеби 1982-жылы, 2-китеби 1987-жылы «Накыл сөздөр» (Тил казынасынан баян) деген ат менен жарык көргөн. 2 китеп кошулуп, толуктоолор менен «Сорос» фонду тарабынан 1995-жылы 2-жолу басылып чыкты.

Сөздүк «Адалдан түгү жок; азат бою тик туруу; Айт маарек болсун!; акка моюн сунуу; ак каптал болгон; ак кылуу; ак уруу; ак төөнүн карды жарылуу; ала жип аттабоо; алчы – таасынан жаңылбаган; асан кайгы, атка жеңил, тайга чак; ат кара тил болгондо; ат тезегин куратпоо; баса көктөө; бешенеге жазганын көрүү; жабуулуу кара инген; жең ичинен сүйлөшүү; жибин тартып көрүү; жүнүн жейт; жылын төө кылуу; ичтен чыккан ийри жылан; кабыргаңа кеңеш; какаганга-муштаган; камырдан кыл суургандай; кара жанды карч уруу; кол кабыш кылуу; көздүн чаары чыгуу; Көзүнөн чыксын!; куйругуна калбыр байлоо; Куш боо бек болсун!; күлү додо болбогон; кыр көрсөтүү; милдеттүү конок; оoзун аппак кылуу; өз көмөчүнө күл тартуу; изине чөп салуу; сиркеси суу көтөрбөө; сөөк агартуу; сөөк жаңыртуу; тебетейди көккө ыргытуу; тил эмизүү; төө басты кылуу; түк күткөн сайын калтырайт; үкүнүн уясына жолугуу; чаар баш; чөөчө каткыруу; чычкан мурдун канатпаган; шилекей алышуу; эски малдын көзундөй; эт менен челдин ортосунда ж.б. Фразеологизмдердин мааниси терең чечмеленип берилген. Алардын айрымдарын карап көрсөк:

«Жүнүн жейт»- «эң көп, жерге сууга сыйбайт, быкпырдай кайнайт» деген мааниде.

Көк токойдун кыргоолу,

Көптүгүнөн токойго,

Жүнүн жеп батпай кетиптир. ( «Карач , Көкүл баяны»)



Илгери кыргыздар малын кышында кар түшпөгөн, кары аз жерлерге оторлотуп, тоо бетиндеги чөптөрдү оттотуп бакчу. Айрыкча, кой кышында кыйын абалда кала турган. Айла кеткенде, жылкыны тескейге, кары калың жерге жайып, кар астындагы чөптү жылкыга тептирип откозо турган. Ошол жылкы тепкен кардын бетине чыгып калган чөпкө кой жайып өткөрчү. Албетте, бул айла кеткендин иши болор эле. Кар калың, же жайыт тарып, кой оттой турган жер болбой калганда, ачыккан кой жылкынын куйругун отоп жибере турган. Ал тургай биринин жүнүн бири жеп коёр эле. Мына ушул жутаган койлордун биринин жүнүн бири жегени анчейин накыл кепке айланып, бир нерсенин жыштыгын, көптүгүн, жер - сууга сыйбасын билдирип калган»1.
«Жылын төө кылуу»- өтө манчыркап калуу, кокурайып, өөдөсүнүп, башкаларды тоготпой калуу, текеберленүү. Менден кыйын ким бар деп, пейил күтүп калуу. Бул «жылды төө кылуу» жөнүндө мындай уламыш бар.

Жан-жаныбарлар чогулуп келе жаткан жылды тосуп чыгышат. Ар кимиси биринчи көрүп, алдыңкылардан болууга тырышат. Ал жаныбарлардын ичинен төө: «Менден бийик ким бар? Мен эле биринчи көрөт эмесминби»,- деп манчыркап, кокурайып мойнун сoзуп келе турган жаңы жыл жакты карап турат. Чычкан да кыбырап жылды тосот. Ал амал кылып, акырын төөнүн жонуна чыгат. Акырын жөрмөлөп отуруп, төөнүн кулагынын учуна барып отурат. Кокурайган аңкоо төө байкабай калат. Бардык жаныбарлар тирмээ карап, жылды эң биринчи көргүсү келет. Төө манчыркап, эрдин шалпайтып карап турат. Келе жаткан жаңы жылды төөнүн кулагынын учунда турган чычкан биринчи көрүп: «Тигине, жаңы жыл келди тигине»,- деп көрсөтөт. Ошентип, манчыркаган төө биринчи көрбөй, чычкан көрүп жар салат. Мына ушундан улам төөчө манчыркап, өөдөсүнгөн адамдан «Жылыңды төө кылба!» деген накыл сөз жасалган имиш.



Ушул сыяктуу фразеологизмдердин чечмелениши менен окуучуларды тааныштыруу - алардын тилди таанып билүүлөрүн өстүрөт.

«Кол жазмадан накыл сөздөрдүн түпкү чыгышын, алардын түз жана өтмө маанилерин, туюнтмаларын дагы бир сыйра тактап, даана туюнтуп алганыма кубандым. Ошол кубануу менен бирге ушул жашка келгичекти, элге тилди мыкты билген жазуучу атанып туруп, бир кыйла сөздөрдүн туюнтмасын жеткире билбегендигиме, кай бирин үстүртөн калпыс туюнуп жүргөнүмө өзүм уялдым»1 – деп көрүнүктүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков жазгандай, ар бирибиз үчүн эле сөздүн чыгыш тарыхын үйрөнүү пайдалуу, ал эми тилчи мугалим үчүн аларды окуучуларга үйрөтүү милдет да болуп саналат.
2) Фразеологияны окутууга арналган методикалык колдонмолор методисттер тарабынан жеткиликтүү иштеле элек. 11-класста фразеологияны окутууга арналган жападан жалгыз эмгек Р.Эгембердиевге таандык. Азыркы учурда мектептерде окутулуп жаткан 10-11-класстар үчүн «Кыргыз тили» окуу китебинин «Фразеология» бөлүмүнүн автору болгондуктан, аны окутуунун методикасын жазууда, окуу китебинде берилген материалдарды кандай окутуу керек, мугалим кандай кошумча маалыматтар менен тааныш болуусу зарыл, көнүгүүлөрдү кандай ыкма менен иштетсе эффективдүү болот, ушу сыяктуу методикалык сунуштары эң баалуу. Бирок методикалык колдонмо 100 нускада гана чыккандыктан мугалимдер үчүн жетишсиз.
3) К.Дыйкановдун «Кыргыз тили таблица түрүндө» деген эмгегинде фразеологияга байланыштуу 3 таблица камтылган. Алар: «Сөз айкалышы» («Словосочетание»), «Туруктуу сөз айкалышы» (Фразеология), «Өтмө маани» (идиома)1 деп аталып, аныктамалар, мисалдар берилген.

Бул таблицаларды фразеологияны окутууда мектеп окуучуларына колдонуу жетишсиздик кылат. Ошондуктан бул эмгекте берилген таблицаларды сабакта колдонууну мугалимдер үчүн сунуш кылабыз.


4) Кыргыз тилинде фразеологияга байланыштуу атайын көнүгүүлөр жыйнагы иштелип чыга элек. Валентина Волина «Фразеологический словарь» (Москва,1987), В.Г.Лобанова «Мастер на все руки» («Упражнение по фразеологии»), А.И. Молотков «От фразеологизма к фразеологизму» ж.б. көнүгүүлөр жыйнактарын өздөштүрүп, натыйжада төмөнкүдөй кошумча көнүгүүлөрдү иштеп чыктык.

Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет