КПСС БКнын алдындагы партиялык контроль комитетинин чечими.
№ 139 п 102 1956-жылдын 30 июну.
Уразбеков Абдукадырдын делосу (1918-жылдан бери КПССтин мїчєсї п.б. № 1350942)
А. Уразбековду партиянын катарынан чыгаруу жєнїндєгї Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин 1937-жылдын 15-сентябрындагы токтомун жокко чыгаруу жєнїндєгї Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин 1956-жылдын 21-майындагы чечимине макулдук берилсин.
КПСС БКнын алдындагы
Партиялык контроль
Комитетинин тєрагасы: Н. Шверник
( А.Уразбековдун єздїк делосу.БМА.КРСД.Ф.10.Оп.15.Д.2801.Б.33. Тїп нуска.)
А. Орозбековдун ак жерден, караланып, жалган жалаага кабылып, анын курмандыгы болгондон кийин 20 жылга жакын убакытта акталды. Ал єзї эле эмес їй-бїлєсї, жакындары, тууган-туушкандары, жолдоштору, бирге иштешкендери, санаалаштары да куугунтукка алынды. Кандуу репрессия учурунда айрым суу жїрєктєр А. Орозбековдун атын атоодон да чочуп калышты. А. Орозбеков бїт ємїрїн, бар кїчїн сарптап єзї курган коомдун курмандыгына єзї туш болду. Жада калса ага єзї курган єлкєдєн єзїнє гана таандык жер да тийбеди. Ак кепинделип кємїлїп, жаназа да окулбады. Алардын кай жерге кємїлгєнї да белгисиз. Кээ бир адамдардын айтуусу боюнча Ала-Арча кєрїстєнїндєгї чуўкурга тїндєсї єлїктєрдї алып келип ыргытышканда биринчи болуп "аксакалды" кєрдїм деген кароолдун айтканы бар, бирок аны изилдеген адам жок. Ата-бейиттеги 139 адамды изилдеп, тактап, аларды кайра кепиндеп кємїп, инсандык парзыбыздан кутулдук. Ал эми булардын алдындагы инсандык парзыбыз дагы эле карыз бойдон турат.
Кыргыз Республикасынын туўгуч Президенти А.Орозбековдун туулган кїнїнє карата мааракелери аксакалдын туулуп єскєн районунда їч жолу єткєрїлдї, 100 жылдыгына арналган мааракеде туулган жеринде музей ачылды, туулган жерине, айыл єкмєтїнє ысымы берилди, Бишкектеги бир кєчє А.Орозбековдун ысымында. А. Орозбековдун атак даўкына, абройуна, кылган кызматына, Кыргыз мамлекетине сиўирген эмгегине бул нерсе єтє эле жупуну эмеспи деген ой келет. Эмне їчїн биринчи єлкє башчысынын мааракеси республикалык деўгээлде, єлкєнїн борборунда єткєрїлбєйт, єзї жашаган їйї музейге айландырылбайт, эгерде эстелиги борбор шаардын чок ортосунан орун алса, илимий конференцияда анын ишмердїїлїгїнє, ємїр жолуна баа берилип, ємїр баяны, ишмердїїлїгї, окуулуктарга киргизилсе жаштарыбызга чон таалим-тарбия болбойт беле деген ой кєўїлдєн кетпейт.
Єзїбїздї-єзїбїз баалап, барктап, єз тарыхыбызды єз муундарыбызга єзїбїз калтыра албасак, анда биздин улут экенибизден, мамлекетїїлїгїбїздєн не пайда.
К.Ахмедов.-Баткен областынын мамлекеттик архивинин директору.
А. Кадыров. БатМУнун Гуманитардык факультетинин деканы.
Олжобай Каратаев,
тарых илимдеринин доктору,
профессор
Кыргыз уруулары
Оў канат
Оў канат - кыргыздардын уруулук ири бирикмесинин аталышы. Генеалогиялык маалыматтар боюнча Оў канаттагы багыш, саяк, черик, моўолдор, мунгуш, баарын, суу мурун, коўурат, баргы, бєрї, жору, кара багыш, сарттар (адигине уруулук тобу) уруулары кирет. Кыргыздардын уруулук топторго бєлїнїшї оболу кытай жыл баяндарында чагылдырылган. Оў канат жана Сол канат кыргыздардын генеалогиялык схемасы 16-к. Сейф ад-Дин Аксыкентинин "Мажму ат-Таварихинде" баяндалган. Оў канат кыргыз уруулары санжыралык маалыматтарда Ак уулдан тарашат. "Мажму ат-Таварих" боюнча "Ак огул (уул) ибн Боз оглан, ибн Кекте-миш, ибн Долон, ибн Дамбур, ибн Газы бий, ибн Сары бий, ибн Сагын бий, ибн Кафланг бий, ибн Шїкїр бий, ибн Мары бий, ибн Темин бий, ибн Кулу бий, ибн Арсланг бий, ибн Гуз хан, ибн Лур хан, ибн Ана-л-хак". Аскердик-саясий жана чарбалык-экономикалык керектєєлєрдєн улам келип чыккан уруулук топторго бєлїнїї салты байыркы хунну доорунан белгилїї. Бул салт байыркы тїрктєргє, моўголдорго, андан соўку ойротторго (жуўгарларда), каракалпактарга, тїркмєндєргє да мїнєздїї кєрїнїш болгон. Учурда тїркмєндєрдє "боз ок", "уч ок"; туваларда "оў чак", "сол чак"; кара калпактарда - "он тєрт ру" жана "арысы коўурат" деген уруулук топтордун жиктелїїсї сакталып келет. Оў, сол, борбор болуп бєлїнїї принциптери байыркы "согуштук демократия" дооруна барып такалат. Байыркы кытай тарыхчысы Сыма Цян. "Ши-цзи" хуннулар мамлекеттик башкаруу системасында оў, сол, борбор системасын кабыл алышып, сол канатка чыгыш, оў канатка батыш хунну уруулары кирээрин айтат.
Сол канат
Сол канат - кыргыздардын уруулук ири бирикмесинин аталышы. Генеалогиялык ж.б. жазма маалыматтар боюнча Сол канатка чоў багыш, басыз, мундуз, саруу, кушчу, култай, жетиген, тєбєй уруулары кирет. Бул уруулук бирикме 16-к. Сайф ад-Дин Аксы-кендинин "Мажму ат-Таварихинде" чагылдырылат. Сол канат уруулар легендарлуу Куу уулдан тарайт. "Ку огул Солдун келип чыгышы: Ку огул ибн Сары Буга бий, ибн Лаклак бий, ибн Атан бий, ибн Абул бий, ибн Кувай бий, ибн Кункайды бий, ибн Нахаш, ибн Кенже Мурат, ибн Бай Мухаммед, ибн Сары Мухаммед бий, ибн Суйундук бий, ибн Назар бий, ибн Жарам бий, ибн Михран бий, ибн Нури бий, ибн Кемин бий, ибн Дервиш бий, ибн Мунин бий, ибн... бий, ибн Дауле бий, ибн Гуза аз-Дин Клыч, ибн Лур Бузург, ибн Анал хак. Уруулардын белгилїї бир топ, канаттарга бєлїнїїсї байыркы хунну доорунан белгилїї. Хуннуларда оў же сол канат аскерлердин башчысы, башкы командачысы бугу ("бугуг") деген титул менен аталганы маалым. Байыркы кытай булактары (Хань династиясы, "Ши-цзи" б.з.ч. III- б.з. III кк.) хуннулардын аскердик башкаруу системасында оў, сол, борбор принциптери сакталаарын, сол канат - чыгыш хунну уруулары, оў канат - батыш хунну урууларына ажыраарын чагылдырат. Байыркы огуздар Боз ок, Уч ок деп аталган уруулук бирикмелерге (24 уруу) бєлїнїшкєн. Бул дуалдык бєлїнїї азыркы тїркмєндєрдє сакталып келет. Каракалпактар "он тєрт ру" (уруу) жана "арысы конграт" деген эки канатка бєлїнїшєт. Чынгыз хан жана анын мураскорлору монгол тилдїї урууларды жана жаўыдан баш ийдирилген элдерди Барунгар жана Зюнгар (Жунгар) деген эки топко (канаттарга) бєлїп башкарышканы маалым. Мындай башкаруу принциби аскердик жана чарбалык-экономикалык керектєєлєрдєн улам келип чыккан. Аскер жыйноодо жана согуш аракеттеринде бул аскердик-чарбалык система єзїнїн артыкчылыгын кєрсєткєн. Мындан сырткары, жайыт бєлїштїрїїдє жаўы конушка орун которууда, салык жыйноодо ж.б. башкаруу системасында кєчмєн уруулар, элдер їчїн єзгєчє тартипти орнотууга кємєк берген. Оў, сол, борбор принцибиндеги аскердик чарбалык бєлїнїїлєрдїн башаты "согуштук демократия" мезгилине барып такалат.
Ичкиликтер
Ичкиликтер - кыргыздын эў ири їч уруулук бирикмелеринин биринин аталышы. Тарыхый, даректїї жазма булактарда, (генеалогиялык) санжыра маалыматтарында "булгачылар" деген ат менен да белгилїї. Кыргыздын єз алдынча уруулук тобу катары 16-к. Сайф ад-Дин Аксыкентинин "Мажму ат-Таварихинде" баяндалат: "...Ушундан соў алар (Мир Жалил маулан) салт атчан жолго чыгышты. Арадан бир топ убакыт єтїп Салус-бек Бул(а)гачинин жерине келишти. Алты уулу менен конокту сый-урматка бєлєгєн Бул(а)гачи ыйык Мир Жалил Маулан Агзамдан балдарына бата берїїнї суранды, жооп иретинде алкоо алышты. Алар алты уруу болуп калды: бостон, теит (тейит), жоо кисек (жоо кесек), дєєлєс, хыдыршах (кыдырша), кангды (каўды)...". Бул тарыхый булактагы маалыматтарды кыргыздардын айрым урууларынын ислам динин расмий кабыл алышы катары тїшїнїї зарыл. Арийне Ичкиликтер уруулук тобунун курамындагы уруулардын келип чыгыш теги байыркы хунну, эзелки Кыргыз, Тїрк каганаттары, Караханийлер доорлору менен тереў байланышкан. Ошондуктан бул уруулук топтордогу уруулардын келип чыгышы соўку доорлор менен гана байланышы бар деген кєз караш илимий негизсиз. Ичкиликтер уруулук тобунда кыргыз этносунун пайдубалын тїптєгєн этнокомпоненттер арбын. Этностук аталыш "борбор", "борбордук" маанисин тїшїндїрїп, мындай уруулук бирикмелерге бєлїнїї чыныгы аскердик жана чарбалык-экономиалык зарылчылыктардан улам гана келип чыккан. Маселен, орто кылымдардагы огуз-тїркмєн урууларынын жайгашкан аймагынын борбордук бєлїгїн ээлеген "бозок" (борбор) уруулук бирикмеси "ич огуз" деп аталганын "Коркуд атамын китеби" эпосу да чагылдырат. Бїгїнкї кїндє ичкиликтер уруулук тобунун курамына тємєнкї уруулар кирет: найман, кесек, жоо кесек, тейит, кыпчак, бостон, каўды, коўурат, бєксє, дєєлєс, чапкылдык, ават, кыдырша, оргу, нойгут. Бул уруулук топтун єкїлдєрї Баткен, Ош, Жалалабат облустарында, кошуна Єзбекстандын Наманган, Анжиян, Фергана, Навои, Жизак, Сырдарыя, Ташкент аймактарында, Чыгыш Туркстанда (КЭР), Тажикстанда (Жергетал, Мургаб, Шаартуз, Пролетар, Hay аймактары), Афганистанда (Кичи Памир, Чоў Памир), Тїркияда жашап келишет.
Байас ТУРАЛ
Биздин бул макалада козгой турган маселе, ал кыргыз менен монгол санжыраларындагы окшоштуктар тууралу. Б.а. Кыргыздын Оў Канатына тиешелїї кээ бир уруулардын келип чыгышы монгол санжырасында айтылгандар менен бирдей экенинде. Ал окшоштуктар тїпкї тотемдик белгилерде эле эмес, тїпкї эненин атына байланышкан уламыш-мифтерде да сакталган. Анда сєз ирээти менен болсун.
КЫРГЫЗ жана МОНГОЛ САНЖЫРАЛАРЫНДАГЫ ЖАЛПЫЛЫКТАР
"ГАО МАРАЛ" жана "БУГУ ЭНЕ"
Рашид-ад-Дин менен Санан Сецендин жазгандары боюнча Чынгыздын атасы Есугей баатыр кыят-боржигин менен ага тектеш нирун урууларынын башчысы болгон. Есугейдин атасы - Бартан баатыр, анын атасы - атактуу Кабул-хан.
Ошентип санжыра боюнча, Чынгыз хандын 12-муундагы атасы - Бєртє-Чино("кєк бєрї"), энеси - Гао-Марал("сулуу марал")1 деп айтылат.
* * *
Мына ушул жерде, кыргыз санжырасы боюнча да, бугу уруусунун энеси - марал2 экени эске тїшєт.
Санжыра боюнча: Ак уул, андан Адыгине, Тагай, Наалы эже. Тагай бийден: Богорстон, Койлон, Кылжыр (єз аты - Сарбагыш), ордо аялынан3 Карачоро.
Кылжырдан: Орозбакты, Дєєлєс.
Орозбактыдан: Арыкмырза, Мырзакул, Асанмырза, Карамырза, Токочмырза.
Мырзакулдан: Алсейит, Тынымсейит.
Алсейиттин биринчи саруу аялынан: Ардам, Токтоке;
экинчи аялы-Бугу энеден: Жамангул, Бапа.
їчїнчї калмак аялы - Чежимжандан: Туума-Кашка4.
* * *
Кыргыз санжырасында айтылган уламыш боюнча кайберендин тилин, сырын билген бир касиеттїї адам ушул Ала-Мышык тоосуна келип, дїйнєдєн кайткан экен. Єзї менен кошо ээрчип жїргєн бир уулу менен бир кызы сыягы кеч кїз болуп, айылга тїшє албай, тоо арасында бир їўкїрдє кыштап калышат.
Ушул убакта жогоруда биз сєз кылган Орозбактынын Асанмырза менен Карамырза деген эки уулу Ала-Мышык тоосуна аў уулап чыгышат. Бир жерге келгенде тоонун боорунан созулуп чыгып жаткан кєк тїтїндї кєрїшєт. "Бул жерде бирєє бар окшойт" дешип, тїтїн чыгып жаткан жерге жакын келишсе, їўкїргє бугулар кирип-чыгып жатышыптыр. Карамырза мылтыгын алып, бирин атып жиберет. Ошол убакта ачуу кыйкырган кыздын їнї чыгат. Кирип барышса, бугунун терисин кийинишкен бир кыз, бир улан. Окко учуп єлгєн бир тууганын кучактап бир кыз ыйлап отуруптур. Ыйлап отурган кыз "кимиўер аттыўар" деп сурайт. Карамырза моюнуна алганда, кыз алаканын тетири жайып: "Тукумуў жїзгє жетпесин, жїзгє жетсе да, кїзгє жетпесин" деп бата кылып жиберет.
Эки бир тууган єлгєн баланын сєєгїн ошол жерге жашырып, кызды алып келип агасы - Арыкмырзага беришет. Аялы айла амал менен кызды "аялы ит багып кеткен" Алсейитке нике кыйдырат.
Нике кыйылган соў, кыз Алсейиттен їч нерсени суранган экен. "Биринчиси: Мен жуунуп жатканда їйдєн чыгып кетип, артыўызды кылчайып карабаўыз" дейт. "Экинчиси: Турмушта ар кандай болот, урушуп калсак, башыма урбаўыз". "Їчїнчїсї: Мен киммин, кайдан келдим, эмне кылгам, тегим ким экенин сурабаўыз"5 .
Алсейит кызга їйлєнгєндєн кийин иши оўолуп, даражасы єскєн экен. Бирок, ал "эмне їчїн минтип айтты" деп, жуунуп атканда шыкалап карайт да, кыздын башында мїйїзї бар экенин кєрєт. Ошентип, ал биринчи шартын бузуп коюп, кийин анын айынан "тукумунун кєзї кароо" болуп калыптыр.
Кыз жашы єйдєлєп барганда, "мїйїздїї байбиче" деген атка конуп, анын олуялыгынан улам Алсейит калмак кызы - Чежимжанга їйлєнїп, ушунчалык кєп жана мыкты тукумга ээ болгон экен.
Санжыра боюнча, адагенде Алсейит дїйнєдєн кайтып, анан Бугу эне кєз жумат. Балдары Жамангул менен Бапа бардык зыйнатын жасап, эртеў жерге коебуз деген кїнї сєєктї таппай калышат. Мезгил кеч кїз экен. Эртеў менен карашса, сєєк жаткан їйдєн жылаў аяк аялдын изи чыгып, жаўы кыламык жааган карга 4-5 кадам аттаптыр да, андан нары эч кандай белги жок6...
Ошентип, кыскартып айтканда, дал ошол Мїйїздїї энеден Бугу уруусу тарайт.
* * *
Жеке менин пикирим боюнча, марал(бугу) бир эле бугу уруусунун эмес, Оў Канатка тиешелїї кєпчїлїк кыргыз урууларынын энеси сыяктанат? Болгону, бугу уруусу єзїнїн ушундай аталышынан улам "тїпкї эне" тууралу уламышты унутпай сактап калган. Эгер адыгине тукумунан чыккан "бєрї" менен бугу уруусунан чыккан "маралды" кошсок, анда єйдєдє Чынгыз хандын 12-муундагы атасы тууралу айтылган мифке туш болобуз. Балким бул жєн гана окшоштуктур? Бирок кандай болгон учурда да илимий изилдєєгє ала турган тема экенин эстен чыгарбашыбыз керек.
Жогорку айтылгандарды башкы тарыхый булак болгон "Монголдордун ыйык баяны"7 да тастыктайт.
Анда: Чынгыз хандын тїпкї атасы Кєктїн эрки менен жарык дїйнєгє келген Борте-Чино, энеси - Гао Марал деген болгону айтылат. Алар Деўизди кечип єтїп, Бурхан - Халдундагы Онон дайрасын бойлоп, кєчїп-конуп жїрїшкєн. Алардын урпагы Бата-Чиган8 делет.
АЛАН -ЭХЕ (АЛАН КЄЄ)
"Монголдордун ыйык баянында" Алан -Кєє9 эне тууралу дагы бир мындай уламыш бар:
Тїпкї ата Борте-Чино менен тїпкї эне Гао Маралдан Бата-Чиган10 экенин жогоруда кеп кылдык. Анын уулу - Тамача. Анын уулу - Хоричар Мерген. Анын уулу - Ажам Борол11. Анын уулу - Сали Хача. Анын уулу - Еке Нидун. Анын уулу - Сим Сочи. Анын уулу - Харчу.
Харчунун уулу Борчигидай Мерген Монголчин-гао деген аялга їйлєнгєн. Анын уулу Тороголчин Байандын аялы Борохчин гаонун Боролдой Суйалби деген боз улан кызматчысы жана дагы Дайир, Боро деген эки кїлїк аты12 бар болчу.
Тороголчинден: Дува Сохор жана Добун Мерген деген эки уул.
Дува Сохордун маўдайында жалгыз гана кєзї болуп, їч кїндїк жолдогу келаткандарды кєрчї. Бир кїнї Дува Сохор иниси Добун Мерген экєє Бурхан Халдун тоосуна чыгып, этекти карап отурса, Тенгелик суусун бойлой бир журт кєчїп келаткан болот. "Ошол топ менен жабык арабанын ичинде бир сулуу келатат, барып сураштырып кєрчї, ким экен" дейт Дува Сохор инисине. Добун Мерген барып сураштырса, ал атактуу тектен чыккан Алан Кєє деген сулуу кыз экен.
Анын теги мындай болчу: Кол-Баргучин-токумдун13 башчысы Бархудай Мерген кызы Баргучин гаону, Хори-Туматтын нойону Хорилартай Мергенге берген эле. Арабада келаткан Алан Кєє дал ошол Хорилартай Мергендин Баргучин гаодон Хори-Тумат аймагындагы Арих-Усун14 деген жерде тєрєлгєн кызы болчу.
Хори-Тумат жеринде мергенчилердин айынан уруулар арасында чатак чыгып, Хорилартай Мерген єзїнїн "хорилар"15 деп аталган уругу менен бєлїнїп, аўга мол атактуу Бурхан Халдун тоосун карай кєчїп келаткан эле. Дал ушул жерде Добун Мерген16 хори-туматтык Хорилартай Мергендин кызы - Алан Кєєнїн колун сурап, кєп єтпєй эле ага їйлєндї.
Ошентип, Алан Кєє Добун Мергенден: Бугунотай жана Белгунотай деген эки уул тєрєдї.
Ушул учурда Дува Сохор дїйнєдєн кайтып, анын тєрт уулу Добун Мергенден бєлїнїп кетишти да, кийин "тєрт урук Дорбен улусун"17 тїзїштї.
Бир кїнї Добун Мерген ууга чыгып, токойдон їч жылдык бир бугу атып алып, шишкебек кылып жеп отурган уранхайлык адамга жолукту. Добун Мерген олжо сурады эле, тигил бугунун терисин, анан бир аз эт кесип алып, калган этин бїт ага берди. Жолдо келатса, уулун ээрчиткен бир бечара учурады. "Сен кимсиў" деп сурады эле, тигил: "Мен - Малик Байат18" деген болом, бирок атыма жараша бай эмес, кедей жашайм, мага этиўден берсеў, мен баламды сага берейин" деди. Добун Мерген этинин жарымын кесип берип, баланы їйїнє алып кетти. Малик Байат ошентип Добун Мергендин їйїндє кызмат кылып калды.
Арадан бир топ убакыт єтїп, Добун Мерген дїйнєдєн кайтты. Кїйєєсї єлгєндєн кийин Алан Кєє кимден экени белгисиз, дагы їч уул тєрєдї. Алар: Бугу - Хадаги, Бухату - Салжи жана ак кєўїл Бодончар эле.
Кийинки їч баланын кимден болгонун билишпеген Белгунотай менен Бугунотай апасы Алан Кєє тууралу акырын сїйлєшїштї: "Апабыз їч уул тєрєдї, а бирок їйдє же атабыздын бир туугандары, же жакын кишилерден эч ким жок. Бир гана эркектен Малик Байат жїрєт. Демек їч бала ошондон болуу керек".
Бул сєз акыры Алан Кєєгє да угулду. Бир кїнї ал балдарын чогултуп алып, анан мындай деди: "Силердин шектенгениўердин негизи бар. Бирок, чынында мындай: Кїндє кечинде, кїн батып ай чыга электе бир сары чач нурлуу киши келип, ичимди сылайт. Анын колдорунан чачыраган нур менин ичиме кирет. Анан ай батып, кїн чыга электе силкинет да, сары итке айланып чыгып кетет. Ар нерсени айтып, оозуўарга келгенин оттой бербегиле. Бул їч бала теўирдин эрки менен жарык дїйнєгє келди. Келечекте алардын ким болорун азырынча эч ким билбейт. Карапайым эл, качан алар хандардын ханы, бектердин беги болгондон кийин анан тїшїнєт19"
Мына болгон санжыра-уламыш ушул.
* * *
Эми ушул уламыш-миф боюнча єз пикирилерин айткан адамдардын сєздєрїнє кєўїл буралы.
Абулгазы Бахадур: "Алангу їч уул тапты. Улугунун аты Бугун Катаган20, Барча Катаган эли анын насилинен турур. Экинчисинин аты Бусак Жалчы21. Жалжут эли анын насили туру. Їчїнчї уулунун аты Буданчар22 (Бууданчаар?). Аны хан кєтєрїштї"23 дейт.
Демек, нурдан тєрєлгєн балдардын улуусу - Бугун Катагандан кийин катаган уруусу тараган. Бул тууралу Ыйык Баянда да: "Белгунотай - Белгунот, Бугунотай - Бугунот, Бугу Хатаги - Хатаги, Бухуту Салжи - Салжиут, Бодончар - Боржигин уруусунун тїп аталары болуп калды24" деп айтылат. Сыягы, "Манас" эпосунда байыркы кыргыз урууларынын бири катары айтылган катагандар жєнїндєгї монгол санжырасында баяндалган биринчи кабар ушундай.
"Манас" эпосунда катаган уруусу менен кыргыз бир атадан25 экени тууралу маалымат берилип, негизинен катагандар кыргыз экени бизге жакшы маалым. Бирок тїпкї атасы ким экени кеп кылынбайт. Эпосто айтылган "їч уруунун" тїп атасы - Кыргызбы, же Манаспы - белгисиз?
Е. И. Кычанов: Чынгыз хандын тїпкї теги Алан Кєєнїн кичїї уулу Бодончардан тарайт. Монголдор нирундар жана дарлекиндер болуп эки канаттан турушкан. Алан Кєє менен Добун Мергендин биринчи эки уулунан тарагандар "нирундар"("тазалар") деп аталып, алар салжиуттар менен хатакиндердин ата-бабалары болуп саналат. Ал эми кичїї уул Бодончардан тарагандар боржигиндер деп аталышкан. Алар тигилерден айырмаланып, чачтары сары, кєздєрї кєк адамдар болгон. Чынгыз хандын сырткы кєрїнїшї да ошолорго окшош эле.
Чын эле алардын тукумунда сары чач, кєк кєз адамдар кєп болгон. Ошондуктан Алан Кєє єзїнїн кийинки їч уулун кыргыздан тєрєгєн деген ойлор айтылып жїрєт. Бул ойду П. Рачневский да жактап, Малик Байаттын тїпкї теги тїрк жана Бодончардан тараган Чынгыз хандын чыныгы ата-бабасы26 дейт.
НААЛЫ ЭЖЕ
Биздин изилдєєлєр Алан Кєєнїн ысмы кыргыз санжырасында "Наалы эже" формасына єтїп айтылып калганын кєрсєтїїдє. Ал санжыра боюнча мындай: Илгери Кєкє, Тахир деген эки уул Тїркстандын Ак-Дєбє деген жеринен качып келет. Алардын атасы Кылыч хан деген болуптур. Ал кезде Адыгине, Тагай Оштун їстї жагындагы Керме-Тоо, Сары-Белде турушкан. Хандын баласы болгону їчїн Адыгине, Тагай Кєкєгє єзїнїн маакулдугу менен Наалы эжесин алып беришет27.
С. Аттокуровдун маалыматы боюнча, ушул эле китепте, Тахир эмнеге экени белгисиз, Кєкєгє таарынып, казактын ичине кирип кетет да андан жалайыр уруусу тарайт.
Наалы эже Кєкєдєн бир уул тєрєп, атын Муўуулдур койот. Могол, моўол аталган уруу ушундан.
* * *
Белгилїї тарыхчы окумуштуу С. Аттокуров жогорку аўыз кептен кыргыздын "могол" уруусунун келип чыгышын кєрєт. Ал минтип жазат: "Моўолдор уруусу могол империясы кулай баштаган мезгилде кыргыз чєйрєсїндє пайда болгон. Экинчиси "жаўы" уруулардын бири"28. Демек, ал байыркы кыргыз уруусу эмес. Кыргыз ичинде пайда болгон "жаўы" уруу. Тарыхта Монгол империясы кыйрай баштаган мезгил 15-16к.к. туура келет. Демек, Кыргыз ичинде могол уруусу дал ушул мезгилдерде пайда болгон.
Андан нары автор сєзїн улантып, минтип жазат: "Махмуд Чурас моўолдорду тїз эле Кыргыз Мухаммеддин небереси катары берип отурганы бекеринен эмес. Муну чындык катары кароого болот. Ал байыркы кыргыз этносунун курамында болгон эмес. Алардын тїпкї аталарынын бири кыргыз болгонуна карабастан кийин моўголдук бийлик кылуучу чєйрє менен аралашып, анан кыз алып, кыз беришїї жолу аркылуу кыргыздар менен кудаа сєєк болуп кетишкен. Ошол себептен Монголстан кыйраганда алар таекелерине, тїпкї тегине келип баш калкалашы мїмкїн"29.
* * *
Белгилїї санжырачы Жапар Кенчиевдин варианты боюнча, Долон бий єлїп, маўгулдар кыргызды камчыга ченеп бєлгєндє, Акуул ат жалын тартып минип, элге аралашып калган мезгил экен.
Акуулдун байбичеси бугу уруусунан чыккан Сурмакаш деген кєзї ачык, олуя чалыш аял болуптур. Ал єзї Акуулдан: Наалы эжени, Адыгине менен Тагайды кєрїптїр. Єзїнєн кийин Атбашынын Чечтєбєсїн жердеп турган катагандын кара сакал урусуунан Акуулга дагы бир аял алып берет. Андан Муўгуш тєрєлєт30.
Бир кїнї жоо менен болгон салгылашта Акуул кайтыш болот. Адыгине, Тагай, Муўгуш жаш, Наалы эже чачын тєбєсїнє тїйїп, мал кайтарып, аштык айдап инилерин асырап багып чоўойтот. Їч уулдун ичинен Тагай тири карак чыгып, кырк жигит кїтїп, бат эле эл оозуна алынып калат.
Ошол учурда Кебез Тоонун бери жагы, Пияз Тоонун ары жагында Ак-Чий деген жерде жашап турган нойгуттардын ханы Кылыч хандын Болот хан деген уулу болот. Ошол Болот хандын Кєкє, Тайыр деген эки уулу бар экен. Экєєсї теў келишкен эр азаматтар болуп єсїшїптїр. Эми эр жетип келатканда, энеси єлїп калып, Болот хан башка бир аялга їйлєнєт. Эрке токол эки балага ашык болуп, кепке келтире албагандан кийин, "балдарыў мага тийишти" деп аларды ханга жамандайт. Болот хан єлтїрє турган болгондо, балдары билип калышып, качып чыгышат да, Тагай бийге келип туруп калышат.
Наалы эже Кєкєнї кєрїп жактырып, ага баш кошот. Экєєнєн кыргыздын моўолдор уруусу тарайт31.
* * *
Негизинен Кыргыз санжырасы боюнча, Кєкє, Тайырдын теги нойгут эли.
Кыргыз санжырасынын дээрлик баарында Наалы эже 32 жашка чыкканда эшигинде кызмат кылып жїргєн Кєкєгє турмушка чыкканы айтылат32. Андан моўолдор уруусу тамырлап єсєт.
БЄРЇ жана МАРАЛ эне.
Биз Кыргыз элинин Оў Канаты менен Монгол элинин келип чыгышына байланышкан уламыштарды салыштырып жатканыбыздын себеби, андагы кєптєгєн окшоштуктардын бар экендиги себеп болууда.
Мисалы, жогоруда айтылгандай, Кыргыз элинин Оў Канатына тиешелїї уруулардын кєбї негизинен Бугу эненин балдары. Сыягы, алардын жалпы жана байыркы патриархалдык тотем аты - Багыш.
Уламышты дагы кыскача кайталасак, Асан мырза жолдоштору менен Ала-Мышык тоосуна ууга чыгышып, анын Талды-Булак деген жеринен бир кызды таап алышат. Кыздын башында мїйїзї болот. Кызды Мырзакулга алып беришет33.
Башка бир вариантта Асанмырза менен Карамырза бугу энени 4-5 жашар кыз кезинде Ала-Мышык тоосунан таап келишип, жеўеси Арыкмырзанын аялына беришет. Ал аны єз кызындай багып чоўойтуп, Алсейитке нике кыйдырдат34.
* * *
Уламыш боюнча монголдор болсо, Бєрї(Борте-Чино) менен Бугу энеден(Гао - Марал) тарайт. Бирок, монголдордо Борте-Чино ким болгону, Гао Марал кимдин кызы экени айтылбайт?.. Тїпкї теги тууралу эч кандай кабар жок. Менимче, ал кабар бир аз єзгєрїлгєн формада кыргыз санжырасында айтылып отурат.
Балким бул сюжеттин тїпкї чындыгында Адыгиненин "бєрїсї" менен Тагайдын "бугусунун" кошулуу тарыхы жатат.
Бул жерде эки элдин(бугу жана монгол) теў энелери марал(бугу), монголдордун атасы - "Бєрї", бугулардыкы - Мырзакул же Алсейит. Бирок санжырада Асан Мырзанын эмне їчїн сыртта калып калганы белгисиз? Анткени, менин жеке байкоомдо анын "асан" деген ысмында байыркы тїрк тилиндеги "бєрїнїн" маанисин билдирген сєз жаткансыйт? Ал: "Асан" - "Асян"(Асьян-шад - Асан-мырза)- "Ашан" - "Ашин" - "Ашина" формаларында айтылуусу толук мїмкїн. Ошентип менин жеке пикиримде, кыргыз санжырасындагы Асан мырза - ал тїрк санжырасындагы - "Асян-шад", монгол санжырасындагы Борте-Чино.
Экинчиден, Мырзакулдун35 ысмы да, Алсейиттин36 ысмы да алардын тектїї адамдар экенинен кабар берип турат.
Достарыңызбен бөлісу: |