Журнал 2009-жылдан чыга баштады. Эки айда бир жолу жарык кєрєт. Тарыхый-даректїї илимий-популярдуу журнал



бет3/7
Дата27.06.2016
өлшемі6.12 Mb.
#159908
1   2   3   4   5   6   7

Єзбекчеден которуп,

тїшїндїрмє жазган

Султан Абдыракманов

Абдыкадыр Орозбековдун туулган кїнїнїн 120 жылдыгына карата



Кыргыз Республикасынын Єкмєтїнїн атайын кабыл алган №125 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын кєрїнїктїї саясый жана мамлекеттик ишмери Абдыкадыр Орозбековдун 120 жылдык мааракесин 2009-жылдын ноябрь айында єткєрїї белгиленген.

Совет бийлигин жана Кыргыз мамлекетин тїптєєдє советтик-партиялык иштерди жогорку деўгээлде аткарып, СССРдеги ири масштабдагы мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын ошол кездеги биринчи Президенти болгон. Ал бул кызматта он жыл эмгектенген.

А.Орозбековдун 120 жылдык мааракесин жогорку деўгээлде єткєрїїгє кємєк кєрсєтїї максатында "Тарыхый мурас" журналы А.Орозбеков жєнїндє материалдарды окурмандарга їзгїлтїксїз жарыялап турмакчы.

Абдыкадыр Орозбеков

Кыргызстандын биринчи Президенти
Орозбеков Абдыкадыр (1889-1938 жж.)- советтик- партиялык, мамлекеттик, саясый ишмер, Маргалаў уездинин Охна кыштагында туулган. 1918-жылдан ВКП (б) мїчєсї. Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыўдоо їчїн кїрєшкєн, граждандык согуш мезгилинде катардагы жоокерден отряд командирине жана саясый жетекчиге чейин кєтєрїлгєн. Совет бийлиги орногондон кийин Кызыл Гвардия отрядынын командири болуп туруп, Фергана шаарынын ишканаларын, шаардын чет-жакаларында коргонууну уюштурган.

А.Орозбеков Фергана облустук жумушчулардын жана солдаттардын депутаттыгына, ошондой эле Маргалаў уездик жана шаардык аткаруу комитетинин президиумуна шайланган.

Совет бийлигинин активисттеринин ємїрїн басмачылардан сактоо їчїн коммунист Орозбеков кїжїрмєн дружина тїзїп, ага єзї командир болгон.

А.Орозбеков контрреволюциячыл кїчтєргє каршы кїрєшїї їчїн єз ыктыяры менен Кызыл Армиянын катарына кирген.

А.Орозбековдун жетекчилиги менен тїзїлгєн куралдуу отряддар 1919 -1920-жылдарда Фергана єрєєнїнєн, Чимион жана азыркы Кадамжай жактан чыккан корбашчылар Кєршермат, Ашар, Иргам, Эдигар Жаржат, Зулкадам, Мойдун, Ярмат-Максум, Нурмаш сыяктуу башчылык кылган басмачылардын топторун талкалаган.

Кыргыз жана єзбек элдеринин улуу инсандарынын ортосундагы достук мамиленин єнїгїшїнє, эл достугунун бекемделишине чоў кєпїрє болгон .

Басмачылардын негизги максаты Кызыл -Кыядагы шахтыны талкалоо болгон. Ал жетектеген отряддын мїчєлєрї бул тапшырманы да кїжїрмєндїїлїк менен ишке ашырышкан.

Жалпысынан айтканда А.Орозбеков тїштїк Кыргызстандын бардык ири басмачыларынын кїчтєрїн талкалоого катьшкан. Совет бийлигин сактоого жана аны бекемдєєгє активдїї кїрєшкєн.

Коммунист Орозбеков Совет бийлигинин эў орчундуу участокторунда: басмачылар менен кїрєшїїдє, Советтик жооптуу кызматтарда жана партиялык милдеттерди бир эле учурда бардыгын жогорку деўгээлде аткаргандыгы менен єзгєчєлєнїп турган.

Абдыкадыр Орозбеков акылы тунук, кєп татаал маселеде єзїнїн кеўири ойлогон табигый зиректиги менен айырмаланып турган инсан болгон. Тарыхый татаал мезгилде душман менен досту аныктай албай жїргєн учурларда да ал дайыма кєп проблемаларды карапайым элдин кызыкчылыгы менен карап чечкен.

1919-1923- жылдары айылдын, Чимион жана Вуадил райондук революциячыл комитеттин, 1923-жылдын 23-декабрынан Мархамат райревкомунун, андан кийинчерээк райаткомунун тєрагасы болуп иштеген.

1924-жылдан баштап А.Орозбеков советтик- мамлекеттик иштер менен катар партиялык иштерге да активдїї аралаша баштаган. Ушул эле жылдын декабрь айынан баштап партиянын Кыргыз обкому тарабынан чакырылып, Ош округдук ревкомунун жер бєлїмїнїн башчылыгына дайындалган.

Абдыкадыр Орозбеков граждандык согушка катышып, басмачыларды жок кылууга кошкон эмгеги їчїн Советтердин 7 жылдык юбилейинде Алтын белги менен сыйланган.

1925-жылы мартта округ комитетинин жооптуу секретары, ал эми облустук партиялык конференцияда обкомдун аткаруу бюросунун мїчєсї болуп шайланган.

1925- жылы Кыргыз областтык жумушчу, дыйкан жана солдат депутаттар советтеринин уюштуруу съездине делегат болуп, 1925-жылы 31-мартта облустук аткаруу комитетинин пленумунда облустук аткаруу комитетинин Президиумунун тєрагалыгына шайланган. Абдыкадыр Орозбеков - ири масштабдагы мамлекеттик ишмер болгон жана бул кызматта он жыл эмгектенген.

Орозбеков бїткїл россиялык Советтердин Съездине делегат болуп шайланып, кийин СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК), Союздук советтин жана бюджеттик комиссиянын мїчєсї болгон.

Бїткїл россиялык аткаруу комитетинин Президиуму 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРнин тїзїлгєндїгї жєнїндє токтом кабыл алган.

Ошентип, Кыргыз АССР БАКтын Президиумунун тєрагалыгына А.Орозбеков, Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советинин тєрагалыгына Ж.Абдрахманов (1904 - 1937-жж.) шайланышкан. Ал 1927-1937- жылдары Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин тєрагасы болуп иштеген.

А.Орозбеков Кыргыз АССР БАКтын тєрагасы катары єлкєдєгї жер-суу реформасына, кедей-кембагалдардын жашоо тиричилигин жакшыртуу маселелери, чарбалык иштерди жїргїзїї, кулактарды тап катары жоюу, колхоздоштуруу, маданий курулуштун проблемаларын жана башка маселелерди чечїїдє жетектеген.

А.Орозбеков ээлеген кызматы менен жана социалисттик идеяларды ишке ашыруучу инсан катары дагы ошол мезгилдеги кабыл алынган Конституциялардын негизги авторлорунун бири болгон.

А.Орозбеков бешинчи "Граждандардын укугу жана шайлоо системасы" кичи комиссиясына жетекчи болуп шайланган.

1937-жылы репрессияга кабылып, жалган айып менен Т. Айтматов, Ж. Абдрахманов жана башка ушул сыяктуу мамлекеттик ишмерлер сыяктуу атууга єкїм кылынган. 1956- жылы акталган.

Тїркстан Республикасынын Алтын белгиси (1924-ж.), Эмгек Кызыл Туу ордени (1932-ж.), аты-жєнї жазылган курал менен сыйланган. Анын ысымы менен

совхоз, Фрунзе районундагы Охна кыштагы, Фрунзе шаарындагы кєчє аталган.



Даярдаган

Данияр Шабданов,

«Эркин Тоо», 17-апрель 2009-жыл..
Ардактуу аксакал

Баткен чєлкємї совет доорунда борбордон алыстыгы, жер шартынын татаалдыгы, социалдык инфраструктуранын начардыгы, элдин жашоо деўгээлинин тємєндїгї менен, кыргыз-тажик, єзбек-кыргыз ортосунда жер-суу, чек ара масаелелери боюнча талаш-тартыш, жаўжал, конфликт боюнча белгилїї болгон. .

Алтын бешик аймагы аталган бул аймак тээ илгертеден бери эле єзїнїн атактуу эл, журт башчылары, азамат уулдары менен даўкы чыгып келген. Кокон хандыгын негиздєєгє олуттуу салым кошкон кыргыздын Баткендин нойгут уруусунан чыккан Нарбото бий болгон. 1874 -1876-жылдардагы Фергана єрєєнїндєгї элдик кєтєрїлїшкє башчылык кылган, 1875-жылдын октябрынан 1876-жылдын 2-мартына чейин Кокон мамлекетинин ханы болгон Полотхан Исхак Молдо Асан уулу Кадамжай районунун Охна кыштагында туулуп єскєн.

Советтик Кыргызстандын алгачкы пайдубалын тїптєп, тїндїгїн кєтєрїп анын єнїгїшїнє биринчилерден болуп, салым кошуп, мамлекеттин башчысы болгон белгилїї инсандар Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов, Исхак Раззаков, Тєрєбай Кулатов, Абсамат Масалиев ушул Алтын бешик аймагынын уулдары болушкан.

Тагдырдын ташборлугубу же жазмыштын буйругубу булар пешене тер тєгїп, жанын оозуна тиштеп, канчалык азап-тозок менен кїндєп-тїндєп курган граждандык согуштун, басмачылардын, корбашылардын кандуу огунан єлбєй карапайым калктын ишенимине кирип, єздєрї канын - жанын берип, єздєрї курган системанын курмандыгына єздєрї кабылып олтурушпайбы.

Ооба Абдыкадыр Орозбеков менен Мурат Салихов єз эмгектеринин їзїрїн кєрїї ордуна кара жалаа жабылып, душмандан да кєрбєгєн кордукту кєрїп, адам пендеси чыдабаган кыйноону баштан єткєрїштї.

Кыргыз Республикасынын Саясий архивинен А.Орозбековко тиешелїї эки дело колума тийгенде єтє баалуу, колго тийгис єзгєчє байлыкка туш болгондой болдум да, бата тилеп, саргайган барактарды єтє этият барактап, кєз жїгїртє баштадым.

Кадрлар боюнча єздїк барак 1936-жылы 10-ноябрда толтурулган экен, тыбыштык єзгєрїїлєрбї же орусташтыруу саясатыбы ошол мезгилде эле Уразбеков Абдыкадыр деп бардык графалар орус тилинде сыя менен жазылыптыр.Кир АССРинин Кызыл-Кыя районунун Охна кыштагында 1889-жылы туулган. Ата - энесинин социалдык абалы дыйкан. Октябрь революциясына чейин єз атасы байлардын колунда жалданып иштеп жїрїп, 1898-жылы єлгєн, єгєй атасы -Хакимбай байда, Каюм Молдодо жалданып иштеп жїрїп, 1909-жылы, энеси 1917-жылы єлгєн. Социалдык абалы жумушчу. Партиялуулугу ВКП (б)нын мїчєсї ВЛКСМдин ж.б. партиялык уюмдардын катарында болгон эмес. 1917-жылдан профсоюздардын мамлекеттик мекемелер союзунун мїчєсї. Билими самоучка. 1927-жылы Ташкентте ВКП (б) Орто Азия бюроусунун алдындагы партиялык -советтик тїзїлїш боюнча їч айлык курсту бїткєн.

Эмгек ишмердїїлїгї боюнча 1898-жылдын октябрынан баштап, 1907-жылдын декабрына чейин Фергана уездинин Скобелев шаарында Назармухамедов Хакимбай ажы аттуу кулактын колунда малчы жана мардикер, 1907-жылдын декабрынан 1908-жылдын ноябрына чейин Мулла Каим кулактын мардикери, 1908-жылдын ноябрынан 1912-жылдын май айына чейин Шакиров Гапурдун набайканасында алгач шакирт, кийин мастер, 1912-жылдын майынан 1915-жылдын июлуна чейин Фергана уездинин Кокон шаарындагы Капкаев Исмаилдын набайканасында башкы мастер, 1915-жылдын июлунан 1916-жылдын июлуна чейин Андижан шаарындагы Мамедовдун набайканасында башкы мастер, 1916-жылдын июлунан 1917-жылдын июнуна чейин Фергана уездинин Скобелев шаарындагы Януловдун набайканасында башкы мастер, 1917-жылдын июнунан 1918-жылдын ноябрына чейин, мастерлердин, жумушчулардын жана кызматчылардын Фергана союзунда башкы мастер, 1918-жылдын ноябрынан 1920-жылдын августуна чейин Кызыл гвардиянын Фергана штабында алгач кызыл гвардиячы, кийин командири болгон. 1920-жылдын августунан 1922-жылдын августуна чейин Маргалаў уездинин алгач ревкомитетинин, кийин райаткомунун тєрагасы, 1922-жылдын августунан 1923-жылдын декабрына чейин Їч-Коргондогу райондук ревкомитеттин тєрагасынын орун басары, 1924-жылдын декабрынан 1925-жылдын февралына чейин Ош шаарында округдук жер бєлїштїрїї бєлїмїнїн башчысы, 1925-жылдын февралынан ушул эле жылдын мартына чейин Оштогу ВКП (б) нын округдук комитетинин катчысы, 1925-жылдын мартынан 1927-жылдын февралына чейин Фрунзе шаарында Кыргыз Автономия облусунун областтык аткаруу комитетинин тєрагасы, 1927-жылдын февралынан азыркы мезгилге чейин Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин тєрагасы деп жазылган

1898-жылы атам єлгєндєн кийин, деп жазат єзїнїн ємїр баянында:- энем дагы бир кембагал адамга турмушка чыкты. Ошол эле жылы биз їй-бїлєбїз менен Фергана областынын биринчи Шура айылына кєчїп барып Хакимбай Назармухамедов деген татардын жумушун аткара баштадык. Биз їй-бїлєбїз менен анын пахта талаасында иштеп, кышында малын бакчубуз. 1907-жылы мен Мулла Каим деген єзбектин колунда иштей баштадым, анда да ушундай эле жумуш болду. 1909-жылы Фергана шаарындагы Шакиров Гапурдун набайканасына алгач шакирт болуп иштей баштадым, ушул жылы єгєй атам єлїп, їй-бїлєнїн бардык тїйшїгї менин мойнума жїктєлдї.

Шакировдо тєрт жыл иштеп 1912-жылы Кокон шаарына Кепкаев Исмаилдын набайканасына которулуп, анда 1915-жылга чейин иштедим. 1915-жылы Андижанга келип Мамедовдун тїрк-грек набайканасында иштей баштадым. Бул жыл Россиялык падышалык самодержавиенин немецтер менен болгон империалисттик согуш мезгилине туш келип, ал согушка аскерге жарактууларды мобилизациялоо башталды, буга мени менен иштегендердин кєпчїлїгї туш болгондуктан, ага каршы агитация иштери башталды. Мен жаштыгымдан турмуштун кыйынчылыктарын кєп кєрїп, кедейчиликтин, мардикерчиликтин азап-тозогун єз башымдан єткєргєндїктєн саясий жактан кєз карашым калыптанып бул кыймылга катыша баштадым, аларды узатуу учурунда бунт чыгып, эки магазин талкаланып,банк имаратынын айнектери сынып, тополоў башталды, бунт уездин жандармдары жана начальниги тарабынан басылды. Менин бул бунтка катышкандыгым жєнїндє билгенден кийин менин кожоюнум Мамедов єзї жана мен жєнїндє кооптонуп, мени Ферганага андагы кесиптештери Янулов менен Алексеевке жєнєттї.

Октябрь революциясына чейин революциялык ишмердїїлїгї їчїн репрессияга туш болгонбу деген суроого:- 1917-жылы 1-январдан баштап Фергана шаарындагы улуттук набайканалардын башчыларына эмгек акыны жогорулатуу, жекшемби кїндї дем алыш деп жарыялоо боюнча талап коюшкан жумушчулар стачка жарыялашып, ал тєрт кїнгє созулду. Набайкана башчысы- губернатор Ивановдун буйругу менен мен акыркы болуп камакка алындым. Жумушчулар мастерсиз иштебейбиз деп талап коюшкандыктан эки кїндєн кийин мени бошотушту, биздин эмгек акыны жогорулатуу жана жумасына бир кїндї дем алыш деп жарыялоо жєнїндєгї талабыбыз орундалды,- деп жазган.

Армиядагы кызматы деген бєлїмдєн: эски армияда болгон эмес, Кызыл гвардиянын катарында 1918-1920 ж.ж. болгон. Кызматы алгач катардагы жоокер, кийин бандиттерге каршы милициялык отряддын уюштуруучусу жана командири. Граждандык согушта салгылашууларга катышканбы: - "Шура-Ислам" улуттук буржуазиялык партиясынын куралчандары менен тїнкї саат 2 де салгылашуу учурунда (анда мен дружинниктердин отрядында болчумун) ушул уюмдун министри жана кол башчысы Уфа губерниясынын генералы Чанышевдин уулун колго тїшїрїп, Фергана облусунун Скобелев шаарындагы чепке тапшырдык, ал анда атылды. 1918-жылдан баштап Фергана єрєєнїнїндє басмачыларга карата милициянын жана кызыл гвардиянын отряддарында Молдо Мады корбашы, Кєршермат, Мойдын, Нурмат, Алияр, Эргеш, Ядгар, Ярмат Максум аттуу басмачылардын топтору менен салгылаштым.

Єзїнїн ємїр баянында дагы минтип жазганы бар:- 1920-жылы мен Чимион ревкомунун тєрагасы болуп дайындалып, андан кийин эле ушул райондун аткаруу комитетинин тєрагасы болуп шайландым. Бул кызмат менен кошо басмачыларга каршы кїрєшїї боюнча Їчилтиктин мїчєсї болуп шайландым. Бул кызматта басмачыларды жок кылуу боюнча операцияларга жетекчилик кылдым. Корбашы Кєршерматтын жана Алиардын басмачылар тобун жок кылуу боюнча Ушаковдун бригадасы менен бирге Вадил, Чимион райондорундагы , Алты-Арык, Чемпион,Пукесек-Бостон волосторундагы операцияларга активдїї катыштым.Эргеш, Ядгар ж.б. корбашылар совет бийлиги тарабына єтїштї.Бул мезгилде алардан кєптєгєн курал-жарак,пулемот,мылтык,ок-дары, ат, ж.б. мал-мїлк алынып, атайын бєлїмгє єткєрїлдї. Бул мезгилде мен Кызыл армияны камсыздоо боюнча уполномочен да болдум.

1920-жылдан баштап ВКП (б) нын Чимион, Їч-Коргон, Мархамат райондук комитетинин, Кыргыз Автономиялуу облусунун Ош округдук комитетинин, ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун, ВКП (б)нын Орто Азия бюросунун Аткаруу Комиссиясынын мїчєсї болуп шайланган. 1925-жылдан баштап ССР Союзунун Борбордук аткаруу комитетинин III-IV-V-VI чакырылыштарында мїчє болуп, ал эми VII чакырылышында ушул эле Комитеттин Президиумунун мїчєлїгїнє кандидат болуп шайланган.

Чет тилдерден билбейт, СССР элдеринин тилдеринен єзбек, орус тилдерин жакшы билет.

1922-жылдын 14-июлунда Чимион районунан мени Їч-Коргон районуна ревкомдун тєрагасынын орун басары кылып которушту. Ревкомдун мурдагы курамы камакка алынгандыгына байланыштуу, бул райондогу ишти жєнгє салуу, Ярмат, Нурмат Миўбашы корбашылар менен кїрєшїї милдети турду.Менин жетекчилигим менен Алтай отрядынын жана атайын бєлїмдїн начальниги Зелексондун жардамы менен басмачылардын тобу жоюлуп, башчылары колго тїшїрїлдї. Мындан кийин мен райондук борбордо жана жер-жерлерде советтик бийликти чыўдоо боюнча конкреттїї чараларды кабыл алдым.

1923-жылдын 23-декабрында Мархамат райондук ревкомунун тєрагасы болуп дайындалдым жана ошол эле райондук аткаруу комитетинин тєрагасы жана шаардык аткаруу комитетинин мїчєсї болуп шайландым. Мында мен 1924-жылдын декабрына чейин иштеп, советтик аппаратты чыўдоо, коомдук кедей-кембагалдар уюмдарын тїзїї, аларды ошол кезде эў кїчтїї таасир эткен байлардын жана дин єкїлдєрїнїн таасиринен арылтуу бонча бир топ иштиктїї аракет жасадым.

Бул жерде мен "Кошчу"(кембагалдар уюму) союзунун эки партиялык ячейкасын уюштурдум жана бул уюмдун катарын тазаладым.

1924-жылдын декабрь айында Орто Азия республикаларын кайра бєлїштїрїїгє байланыштуу мен кыргыз кызматчысы катары Кыргыз ВКП(б)нын обкомуна чакырылдым да, Ош округдук жер бєлїштїрїї бєлїмїнїн башчысы болуп дайындалдым. 1925-жылдын мартында Ош округдук 1 конференцияда ВКП(б)нын округдук комитетинин жооптуу катчысы болуп шайландым, Ош округдук Кенешинин 1 съездинде округдук аткаруу комитетинин Президиумунун мїчєсї жана Кыргыз автономиялуу областынын Кеўешинин 1 съездине делегат болуп шайландым. Областык 1 партконференцияда ВКП(б)нын обкомунун бюро мїчєсї болуп шайландым.

Кыргыз автономиялуу областынын Кеўешинин 1 съездинде областтык Аткаруу комитетинин тєрагасы, Советтердин ХII чакырылышынын Бїткїл россиялык съездине делегат,ССР Союзунун 3-чакырылышынын БАКнын мїчєсї, ССР Союзунун Советинин жана Бюджеттик комиссиянын мїчєсї болуп шайланган. Мындан тышкары ошол эле мезгилде Орто Азиядагы ЭКОСО уюмунун Президиумунун мїчєсї жана Пишпек шаардык Кеўешинин мїчєсї болгон.

Областтык Аткаруу комитетинин тєрагасы катары єлкєнїн тїштїк бєлїгїнє (Ош, Жалал-Абад кантондору) иш сапары менен барып, жергиликтїї уюмдардын саясий жана чарбалык абалын иликтеп, советтик бийликти чыўдоо боюнча бир топ иштерди аткардым.

1926-жылы єлкєнїн тїндїк бєлїгїндє саясий-чарбалык компаниялар - айыл Кеўештерин тїзїї, райондоштуруу, тємєнкї бийлик органдарынын иш-аракеттерин кїчєтїї, кєчмєн, тоолуу жерлердеги ишти жєнгє салуу боюнча ж.б. иш-чаралар менин жетекчилигим менен жїргїзїлдї.

1927-жылы Кыргыз Автономиялуу областынын Автономиялуу Республика болуп тїзїлгєндїгїнє байланыштуу Советтердин Бїткїл Кыргыз республикалык 1 съездинде Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин тєрагасы болуп шайлангам. Бїткїл Союздук Кеўештердин IV съездине делегат болуп катышып, анда Улуттар Кеўешинин мїчєсї болуп шайлангам. 1929-жылы Бїткїл Кыргыз республикалык II, 1931-жылы Бїткїл Кыргыз республикалык III Кеўешинин съезддеринде Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин тєрагасы болуп кайра шайлангам. Советтердин Бїткїл Россиялык съездинин 14 жана 15 чакырылышында жана Советтердин Бїткїл Союздук Кеўешинин 5, 6 чакырылышында Союздун Улуттар Борбордук Аткаруу Комитетинин мїчєсї болуп шайлангам.

Бул мезгилде менин тїздєн-тїз кийлигишїїм менен бир топ саясий жана чарбалык иштер аткарылды. Атап айтканда жер-суу реформасы, бай- манаптардын мал-мїлкїн ортолукка алуу, кедей-кембагалдарга, мардикер, чейрекерлерге жер, айыл чарба шаймандарын берїї, ашынган бай-манаптарды Кыргызстандын чегинен тышкары жактарга жєнєтїї, социалисттик тїзїлїшкє кедерги болгон уруучулук їрп-адаттарды жоюу, 1930-жылдары жер-жерлерде коллективдешкен айыл чарбасын тїзїї, алыскы райондордо жана айыл-кыштактарда колхоздук тїзїлїштї єнїктїрїї, анын материалдык базасын чыўдоо, кетирилип жаткан кемчиликтерди оўдоо, жер айдоо, себїї, оруп- жыйноо ж.б. болчу.

«Жаўы Кыргыз алфавитинин Єнєктєштїк боюнча иши» деген графада 1926-жылдан азыркы учурга чейин жаўы кыргыз алфавитинин борборунун тєрагасы болгом.

Борбордук комитетинин тєрагасы болуу менен бирге мен жаўы алфавитти тїзїї, басма ишин рационалдуу уюштуруу, иш кагаздарын жїргїзїї, окутуунун усулдарын иштеп чыгуу, кыска мєєнєттїї окууларды уюштуруу, жалпы эл массасын окууга тартуу, кыргыз тилин окутуу ж.б. маселелерди чечїїгє жетекчилик кылгамын.

1930-жылдын август айында Ош округунда басмачылык кыймылдын кїч алгандыгы менен коомдук-саясий абал оорлошту. Бул басмачылык кыймылдын уюштуруучулары бай- манаптар жана дин єкїлдєрї болчу. Алар колхоздорго каршы, кооперативдерди талкалоо, советтик кызматкерлерди жок кылуу, укуктарды кайра калыбына келтирїї деген ураандар менен чыгышкан болчу. Басмачылардын башында Гаип жана Ярмат Максум болчу.

1930-жылдын 14-декабрында Кыргыз БАКнын єкмєттїк комиссиясынын Президиумунун токтому менен басмачыларга каршы кїрєшїї боюнча єкмєттїк Їчтїктїн тєрагасы болуп дайындалдым. Менин жетекчилигим, Кызыл Армиянын чек ара жана ыктыярдуу отряддардын, жер-жерлердеги жалпы элдердин активдїї катышуусу менен кыска мезгилде басмачылар топтору жоюлуп, эл тынч жашоо жолуна тїштї.

Саясий-чарбалык компанияларды жїргїзїї, басмачылар менен кїрєшїї мезгилдеринде менин ємїрїмє коркунуч туулган учурлар да болбой койгон жок. Мисалы: 1931-жылдын октябрында ВКП (б) Кыргыз обкомунун Аткаруу бюросунун токтому менен пахта жыйноо жана даярдоо компаниясын кїчєтїї жана жаўыдан уюшулган басмачылык кыймылды жок кылуу боюнча тїштїк Кыргызстанга жєнєтїлдїм. 1931- жылдын 28-октябрында Ош шаарына келип бир райондук кызматкерди жаныма алып пахта тапшыруу боюнча артта калган Аравандын пахта талааларына жєнєдїк. Ош шаарынан 18 км. чыккандан кийин тоолуу жол боюнан 12 куралчан басмачылар тобуна туш болдук, алардын бешєє мылтыктарын сунушуп, менин кол кєтєрїїмдї сунуштады. Мен кїтїїсїздєн аларга карай маузерден ок чыгарып, аларды будуў-чаўга тїшїрдїм, алар жарадар болгондоруна карабай качууга мажбур болушту. Андан ары бир километр жїрїп токойдун четинде колхозчуларды туткунда кармап турушкан 30 бандитке жолуктук, маузер менен аткылап, колхозчуларды таштап качууга аларды мажбурладым. Бир аз жїргєндєн кийин алар биздин алдыбыздан дагы тороп чыгышты, бир колхозчу экєєбїз тынбай аткылап олтуруп, Араванга жеттик, басмачылардын огунан ат кошчу курман болду.

Мен мектепте окуганым жок, революциядан кийин кыргызча сабаттуулукка жана орус тилин їйрєнїїгє єз алдымча окудум, Ташкентте партиялык-советтик тїзїлїш боюнча їч айлык курсту бїттїм. Тємєнкї билимим менен жалданма жумушка бала кезимден аралашкандыгымдан Кеўеш єкмєтї їчїн революциялык жолго тїштїм, мен бул иштердин баарын партия менен єкмєттїн жетекчилиги менен аткардым жана алардын жетекчилиги менен социализмди куруу ишине акыркы кїчїмє чейин жумшаймын, деп аяктаган ал єз ємїр баянын. 1925-жылы Октябрь революциясынын 7 жылдыгына карата Алтын значок, 1932-жылдын март айында Єзбек ССРинин БАКнын Эмгек кызыл туу ордени, 1932-жылдын январында Кыргыз АССРинин БАКнын Грамотасы, "Маузер" ок атуучу куралы жана мотоцикл менен сыйланган.

Їй -бїлєлїї, їй-бїлє мїчєлєрї 6 жан. Фрунзе шаарынын Карл Маркс кєчєсїндє №57 їйдє жашайт деп дареги жазылган. (А.Уразбековдун єздїк делосу. БМА.КРСД.Ф.10.Оп.15.Д.2801.Б.1-16,32-41.Тїп нуска.)

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбордук Мамлекеттик архивинен алынган Россия коммунисттик (большевиктер) партиясынын мїчєсї катары тїзїлгєн партиялык делодо кирилл тамгасы менен кошо араб арибинде кыргызча кошо жазылган графалар, берилген єздїк барагы, РКП БКнын каттоо бєлїмїнїн єздїк барагы, РКП мїчєлєрїн Бїткїл россиялык каттоо, РКП Кыргыз партуюмдарын каттоо баракчалары менен тааныштым.

1924-жылы 2-октябрда Маргалаў шаарында толтурулган РКП мїчєлєрїн Бїткїл россиялык каттоо баракчасында партияга 1918-жылы 6 августта Скоблев шаарында єткєн, Маргалаў шааркому тарабынан берилген партбилеттин № 384579. Эмгек акы деген бєлїмдє негизги ставкасы 40 руб. Акыркы айдагы эмгек акы 40 руб. деп жазылган.

1925-жылы ВКП (б) Орто Азия бюросу тарабынан отузчуларга катышкандыгы їчїн катуу сєгїш жарыяланып, ал 1934-жылы ВКП (б) Кыргыз обкомунун комиссиясынын чечими менен алынып салынган.

Ал эми 1925-жылы толтурулган РКП Кыргыз партуюмдарын каттоо баракчасында саясий деўгээли орто, эмгек акы 180 руб. деп кєрсєтїлїп, їй-бїлєлїї, аялы экєє гана жашайт, ден соолук абалы орто, физикалык жактан жетишбестиги жок деп жазылган.(А.Уразбекодун партиялык делосу. БМА.КРСД.Ф.10. Оп.15.Д.2800. тїп нуска.)

...Орозбеков їстїндєгї ак костюму менен камакка алынган экен. Дээрлик 1938-жылга чейин ушул костюм їстїнєн тїшпєгєндїктєн, кири кабатталып, тїсї да єзгєрїп кеткен. Он кишиге эсептелген камерада 40-50 киши цементтин їстїндє бири-бирибизге жабышып, чєгєлєп олтурабыз. Бутту сунганга ылаажысы жок. Камерадагы абал айрыкча жай кїндєрїндє сасып, адам чыдагыс абалга жетчї. Сыртка белгиленген убакта гана катуу кєзємєл астында чыгарчу. Кєп учурда ага да уруксат берилбей калчу. Ошондуктан зарыл болсо эшик алдына коюлган идишке даарат кылууга туура келер эле. Кыш келип суук андай азап, кордоолдордун їстїнє, бут ооруулары, жарааттар тамырлардын тартышуусу сыяктуу жанды жеген ооруулар кошулчу. Онтоп, зар какшоолорго кулак салган бир да адам жок.

Бир кїнї кезектеги сурактан соў Орозбековду камеранын эшигин ачып туруп, ичкериге тїртїп жиберишти. Бут коєрго жердин жоктугунан ал адамдардын їстїнє келип жыгылып тїштї. Мен анын жанына келдим. Эс учунан танып ал єзїн кармай албады. Жаткыралы десек жай жок. Эмне кылуу керек? Айласын таптык. Їч адам катар отуруп, кучагыбызга алып, бир кыйладан кийин эсине келтирдик.

Орозбековду 61 кїн тик тургузуп суракка алышкан болчу. Кєп убакта тергєє таў атканча жїргїзїлїїчї. Адамдык касиетин жоготкон тергєєчїлєрдїн ырайымсыздык мамилелеринен улам анын ден-соолугу кїндєн-кїнгє начарлап, буттары шишип, кєгєрїп єзїн кармап тура албай калар эле. Аны ийне сыяктуу мык кагылган Вена cтулуна жарым жылаўач тїрдє зордук менен олтургузушуп, электрдин тогуна улашкан. Мындай кыйноодо ар кандай эле адам тергєєчїлєрдїн айтканын кылып, жасабаган айыпты да жасадым деп мойнуна алып жиберчї. Бирок Орозбеков бул кыйноолорго да чыдап, жалган жалааны мойнуна алган эмес. Ал мына ушундай чыдамкай, эрктїї адам болгон.

Кала берсе алгачкы кїндєрї тергєєчїлєргє моюн сунуп, єнєгїн бербеген. Тергєєчї: "Сен эл душманысыў",-дегенде "Сен єзїў душмансыў"-деп, аны бир уруп жыгылткан. Ошондо тєрт милиция аны кармап туруп тепкилешкен экен. Улам кїн єткєн сайын тергєєдє кєрсєтїлгєн азап-тозоктон анын алы-кїчї кетип, ден соолугу начарлап, рухий жактан да жїзєўкїрєгєн. Бирок эрки майтарылган эмес.

Аксакалдын 100 жылдык мааракесинде кызы Эркингїлдїн эскерїїсї:-"Он эки жашка толуп баарын тїшїнїп калган чагым. Мектепте окуучумун. Атам кїн сайын мектепке жєнєєрдє маўдайымдан єєп "жакшы оку" деп эркелетчї. Ошол кайгылуу кїнї да ошентти. Бирок эмнегедир жумуштан келбей калды. Себебин билгенибиз да жок. Тїн жарым болуп, шаарда эл аягы тынчыган маал болсо керек. Їйїбїзгє жат адамдар кирип, баары жокту аўтарып тинтий башташты. Энем Єзгєрїш экєєбїздї койнуна алып, эмне болгонун тїшїнбєй калтырап коркуп олтурдук.

"Орозбеков эл душманы"-дешти. "Душмандын" їйїнєн душмандык кыла турган шектїї эч нерсе таппай їйдїн ичин чак-челекей чачып, китептердин арасынан кандайдыр бир "жашыруун кагаз" барчылап издешти. Їйдєгї эмеректердин баарын актылап конфискациялашты да кетишти. Ошол бойдон атабызды жоготуп, кєрбєй калдык. (И.Исаков.Абдыкадыр Орозбеков. Кадамжай-1995 19-20, 52-бет.)

А.Орозбековдун уруусу жоокесек, чоў аялы Авахан байбиче татар кызы болгон, андан кызы Эркингїл 1925-жылы туулган, уулу Єзгєрїш 1927-жылы туулган, кичїї аялы Адалат, андан кызы Кимэль. Адалат апа Кара-Шоролук найман кызы болгон, бир кыздан башка бала тєрєгєн эмес, А.Орозбековдун кєзї єткєндєн кийин Азиз Токтобаевке башын байлап, ємїрїнїн акырына чейин бактылуу жашашкан. Кимэль Азиз акенин фамилиясында єскєн. А.Токтобаевдин партиянын Ташкент обкомунун биринчи катчысы кызматынан бошогондугунун себеби да "эл душманынын" перзентин асырап, чоўойткондугу болуу керек.

Ошентип Абдыкадыр Орозбековдун бїткїл ємїру, ишмердїїлїгї Улуу Октябрь Революциясы жана Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын тїзїлїшї, тїптєлїшї, калыптанышы менен тыгыз байланышкан. Анткени ал Фергана єрєєнїнїдєгї бардык революциялык кыймылдарга, эў негизгиси Маргалаў, Фергана, Ош шаарындагы кедей-кембагалдар арасында т.а. бардык окуялардын чордонунда болуп, анын суугуна тоўуп, ысыгына кїйїп, казанында кайнап, такшалып, курчуп чыкты. Єзїнїн бардык кїчїн, тажрыйбасын, бїт ємїрїн революциялык ишке жумшады, єлкєбїздїн булуў-бурчтарына чейин ат менен, араба менен, душмандардын курчоосунда калгандыгына карабастан кара жанын канжыгасына байлап коюп барды. Єзїнїн атайын билими болбогондугуна карабастан жаўы социалисттик коомду куруу ишине баш-оту менен берилип иштеди. Карапайым калк арасында, коомчулукта єзїнїн калыстыгы, келечекти кєрє билгендиги менен элди ишендирмек тургай аларды шыктандырып да турду. Кыргыз, єзбек, тажик аралаш жашашкан аймактардагы улуттук маселелерге калыстык мамиле жасады, ферганалык єзбектердин, їч-коргондук тажиктердин арасында чоў абройго ээ болду, Їч-Коргон району, андагы кыштак, колхоз Орозбековдун атын алышкан.

Абдыкадыр Орозбеков Кыргыз Республикасынын мамлекет болуп тїзїлїшїнє жана калыптанышына кыргыз элинин бїткїл советтик єлкєлєр менен бирге социалисттик коомду куруу ишине катышуусуна, анын басмачылар менен кїрєшїї, жер реформасын ишке ашыруу, колхоздоштуруу, райондорду тїзїї, айыл чарбасын, єнєр жайын єнїктїрїї, сабатсыздыкты жоюу, мамлекеттик тїзїлїштї чыўдоо ж.б. уюштуруу, чарбалык иштерине тикеден-тике салым кошту, анын башында турду. Кыргыз автономиялуу областын тїзгєндє кошуна єлкєлєр менен чек араларды тактоодо, айылдарды, райондорду бєлїштїрїїдє єтє чоў эмгек жасады. Автономиялуу областы автономиялуу республикага, аны союздук республикага айландыруу мезгили А. Орозбековдун жетекчилигине туш келди. Ал И.Сталин М. Калинин менен жекеме- жеке бир нече жолу сїйлєшїїлєрдї жїргїздї, аларды ынандырды, СССР Жогорку Кеўешинин сессияларында Кыргыз єлкєсїнїн келечеги, проблемалары, чечїїгє тийиш болгон маселелери жєнїндє бир нече билдирїїлєрдї жасады. Кызыл-Кыя, Караван, Їч-коргон аймактары Фергана уездине карап калган болчу. А. Орозбеков М. Сталинге чейин маселе коюп жїрїп, ал аймактарды акыры Ош уездине караткан.



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет