Печенектер жана Кыргыздар.
Жогоруда биз «печенек» этнониминин келип чыгышын жана «печенек» деген эмнени тъшъндърёрънън вариаттарын талдадык.
Этнонимия менен бирге эле этногенетикалык изилдёёлёрдё уруулук атрибуттар: тамгалар (алардын аталыштары), дарактар, куштар, ураандар чоь ролду ойнойт. Этнонимикалык салыштыруулар кылдаттык менен изилденген тарыхый шартта жъргъзълъп, буга тил жана этнографиялык кёрънъштёргё башланышкан материалдар кошумча далил катары талап кылынат.
Эгерде уруулук кёрсёткъчтёр – тамга, куш, дарак, ураан же болбосо алардын бир бёлъгъ, этнонимден сырткары, дал келишсе, анда этнонимдик параллелдердин генетикалык келип чыгышы далилденген десек болот.
Анда эмесе биз азар печенек жана кыргыз урууларынын жалпычылыктарын карап кёрёйлък.
Огуз-търкмён дастандарында (шежере) Печенек Кёк хандын экинчи уулу (биринчиси Байындыр) катары белгилъъ болуп, Сол канатка кирген78. Ал боз ъйдън ичинде хандын сол жагына отуруп, сол сан этин (сол каптал) алган. Анын ёзънчё тамгасы жана тотем кушу болгон (№1, таблицаны карагыла).
Кыргыздар да Оь жана Сол канат деп бёлънъшёт79. Кыргыздардын Сол канатына: Саруу, Кушчу, Кытай, Мундуз, Басыз, Тёбёй, Жетиген уруулары кирет.
Биз булардын ичинен Саруу уруусу (кирген уруктарды) менен печенектердин тамгаларын салыштырып кёрёйлък.
Саруу уруусунун: алакчын, беш каман, жети уруу, кырк уул, келдей, мачак, колпоч, бош моюн ж.б. уруктарынын тамгалары печенек урууларынын IX – XVII кылымдардагы тамгалары менен дал келишип турат. Ошондой эле №1. Таблицада Печенек жана Саруу урууларынын (уруктарынын) тамгалары орхон, енисей, талас жазууларындагы H, R, S, V тамгалар менен окшоштуктары бар экендиги дана кёрсётългён.
Таблица № 1.
Печенектердин онгону(тотем кушу), жеген жилиги жана тамгасы.
Авторлор
|
Аталышы
|
Тотем кушу
|
Жеген жилиги
|
Тамгасы
|
Саруу80 уруусуна кирген уруктардын тамгалары
|
Махмуд Кашгари81,
IX к.
|
Беченек [Печенек] - жасоокер
|
Шумкар
|
|
,
|
, ,
,
|
Рашид-ад-дин82,
XIV к.
|
Бичинэ [Бедженэ] –иштерман
|
Шумкар
|
Сол каптал
|
|
,
|
Абу-л-Гази83,
XVII к.
|
Бечене – тырышчаак
|
Ала шумкар
|
Сол сан эти
|
|
|
Язынджи-Оглу-Али84, XVIII к.
|
Бичене –согушчан жоокер
|
Шумкар
|
Сол каптал
|
|
,
|
Орхон-Енисей85 жазууларындагы H, R, S, V – там-галар, V-VII кк.
|
Kängäräs (кенгерес)
|
|
|
|
|
Эмесе биз печенектердин шаары Саркелден (Sarkel) табылган археологиялык буюмдар: идиш-аяк, карапа жана кыштардагы белгилер менен таанышып, аларды кыргыз урууларынын тамгалары менен салыштырабыз.
Саркел шаары хазарлардын шары деп, атайын адабияттарда айтылганы менен, кёёбъраак ал печенектерге тиешелъъ. Себеби Саркел алгач Хазар мамлекетин коргоочу чеп катыры курулган, анда хазарлар жалдаган печенек жоокерлери турган. Хазар мамлекети кулагандан кийин эки кылымга чейин печенектердин колунда калат. Саркел орус княздарынын колуна ёткёндён кийин деле, ал жерде орустар жалдаган печенек жоокерлери турган.
«Саркел» хазар тилинде «Ак ъй» дегенди берет, ал эми грек жана орус жыл наамаларына «Белая Вежа» деп тъшкён. Бирок академик Н. Я. Марр мындай деп жазат: «Хазарстандын «борбору» Sarkel’ди, биз мындай гана т ъшънёбъз, бул сарлардын шары, же har’лардын, б. а. sar бул Sarkel’де аныктооч эмес, бул чоь уруу аты…»86. Метрополит Пимен 1389 жылы Москвадан Истамбулга жасаган саякатында «Серклей» шаарын жана «Сарыхозин падышанын улусун» эскерет87.
Саркелден табылган идиш-аяк, карапа жана кыштардагы белгилер кыргыз урууларынын, ёзгёчё Сол канаттагы Саруу уруусуна кирген уруктардын тамгалары менен дал келишет (№ 2. Таблицаны кара).
Бул археологиялык табылгаларда кёбънчё: кёёкёр тамга, ай тамга, жаа тамга, кёсёё тамга, босого тамга белгилери; ошондой эле орхон, енисей жана талас рундарына окшогон белгилер; грек тамгалары жана белгисиз белгилер кездешет88. Булардан ичинен бизди
кызыктырган белгилер, ёзгёчё Саруу уруусуна кирген:
Алакчын – ,
Жети уруу –,
Кырк уул – ,
Келдей –
Мачак –
Берен –
Колпоч –
Бёлёк чал –
Сакоо –
жана башка Саруу уруктарынын – , , , , , тамгалары болуп саналат.
Таблица №2.
Печенектердин Саркел калаасынан табылган археологиялык бумдардагы белгилер
|
Саруу урууларынын тамгалары
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
,
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
,
|
Биз жогоруда айтылган Тоголок Молдонун санжырасын эске алсак, андагы: «Губулдун алты уулу бар, ъчънчъсу Пичене. Пиченеден Саруу деген эл»89 – дегенин далилдедик десек болот.
Демек, жогоруда тарыхый, археологиялык жана элдик оозэки (санжыра) чыгармалар аркылуу иликтелген «печенек» этноними, алардын каракалпак, търкмён, казак, орус элдеринин этногенезиндеги чоь ролу, кыргыз уруулары менен тыгыз байланышы бар экендигинде шек жок. «Печенектердин тил жана этнографиялык жактан търктёрдён келип чагышында эч кандай къмён жок90» - деп, эчак эле окмуштуулар далилдешкен, бирок алар кыргыз урууларынын бири экенин жогоруда кёрсётългён илимий фактылар жана далилдёёлёр тастыктап турат.
Достарыңызбен бөлісу: |