Шерденүү башаты тереңде
...Акылга дыйкан, нускалуу сөздөрү, асыл муратты көздөгөндүгү, ынтымакты чыңдоого умтулгандыгы, акыл калчап иш жүргүзгөндүгү менен жумурай журтубуздун кадырлоосуна ээ болгон жазуучулардын, кашкөй журналисттердин бир даары мезгилдин өктөм талаптарына ылайык түйүндүү нерселерди курч коюп жатышат. Булардын тынчызданганы бекеринен эмес. Аялуу сезим-туйгуларга кабылганданбы, бир чети келечекте эмитен кам көрүү керек экенин сезгендиктенби Т.Мүлкүбатов, С.Байгазиев, Ш.Дүйшеев, А.Матисаков, Э.Эрматов, Б.Жумабаев, А.Алымбаев, М.Үcөнов, М.Тентимишев, А.Муратов, С.Рысбев, С.Раев, Б.Боркеев, Н.Капаров, Б.Сутенова, Т.Чороев, К.Сыдыкова ж.б. дил кайрыктарын, көкүрөктүн көйгөйүндө жүргөн ойлорун уюткулуу элимдин элегине коюшту...
Топчубай Суванбеков
1989-ж.6-июль
«Кыргызстан маданияты»
Женщины моего Кыргызстана
...Как плотоядная пищущая тварь я очень удивлен тому обилию моих талантливых коллег из числа женского легиона армии журналистов. Как они хорошо владеют пером! Мы, мужики, перед ними просто цыплята. Просто нам стыдно признать их превосходство. Особенно нехочет этого признать мой пегобородый друг Т.Эгембердиев. Я должен поименно признаться им в капитуляции. Илима Лайлиева, Кален Сыдыкова, Элла Таранова, Инна Шафрова, Рина Прижвойт, Галина Обласова, Үмүтай Мидинова, Толкун Наматбаева, Тамара Слащева, Элина Черняевская, Марина Сивашева, Елена Авдеева, Асель Оторбаева и другие. Разве можно так много и так талантливо, а?! В сравнении с нами, грубыми и неотесанными мужиками, на фоне нашей топорной работы женщины-журналисты просто восхитительны! Хоть бы притупились чуть-чуть, что ли!..
Кубан Мамбеталиев
1993-ж. 6 март «Республика»
«Публицист Кален»
... «Канткенде адам улуу адам болот?» Адамзаттын жашоо түйшүгү деген эмне? Кылымдарды карытып келаткан көчмөндөрдүн өзгөчөлүгү, улуулугу ар ойго салып түйшөлтөт. Жалпы эл мүдөөсүн, оюндагысын таасын чагылдырып, ар бир маселесине күйүп бышуу, аны чечүүгө аракеттенүү үлүшүн эл арасынан тандалган гана адамдарга ыроолонгон. Кара кылды как жарган калыс жазуучу публицист ким? Тарых барагына өз изин, көз карашын калтырган, мезгил менен тарыхын терең изилдеген түмөн түйшүктүү, жоопкерчиликтүү инсан. Кыргыз коомунда мына ошондой жаркын инсандын бири Кален дагы публицист жазуучу. Кылган иши эр азамат кырк жигиттин ишине татыган, ойлогон ою эл башкарган жетекчилерден ашса ашкан.
Эң ириде бийик акыл-эстин, ойдун ээси адам. Анан ал жашаган жаратылыш, анын эң ыйык улуу тили, тил сүйлөткөн көөнөрбөс дили, касиеттүү эли, эл ичинде улут энеси болгон аялзаты, кайра айланып келип эле аялзаты төрөгөн адамдын көртирлиги, саясаты, билими, маданияты, тарыхы, каада-салты, нарк-насили, асыл касиети жөнүндө орошон ойлорду айтып, булак көзүн ачкандай эл көзүн ачып, көкүрөгүн жылытып, сепилдей орноп калган туюк, тоң сезимдердин, туюмдардын дыңын бузуп келеткан публицист-жазуучу Кален залкар таланттардын уюгу болгон айтылуу Жумгалдын керемет кыздарындай ат кулагы менен тең ойлоп, тоого коюндаш өстү. Табигат тартуулаганбы же таңуулаганбы, анын бактысыбы же элдин бактысыбы кыргыздын кылым карытып келген тоолорундай бийик, мөңгүсүндөй тунук, тообуздай калканч болчу ойлорун кагазга түшүрүп эл башында турган көп жигиттердин көзү, сезими жетпеген маселелерди козгоп, курч калеми менен эл керегине жараган жоо саяр кызыбыз ушул — Кален!
Анын жеке интеллектуалдык деңгээли көкүрөгүн ачыштырып, жүрөгүн мыкчыган сансыз ой санаасы, көтөргөн маселеси ар кыл. Бир доордун чалгынын чалып, чамгарагын көтөрчү кудай берген талант. Мезгилдин күрөө тамырын кармай билген чыгаан журналист катары да, элинин эртеңи үчүн күйүп бышкан коомдук ишмер катары да журт көзүнө түшүп, жылдызы жанып келаткан талант зээндүүлөрдүн бири-Кален Сыдыкова. Календеги тагдырлаш катары суктанып да, кызганып да, сыймыктанып да белгилээр ал касиет - тынымсыз эмгек, изденүү жана кудай берген талант, гени мыкты дээр-зээн дээр элек. Шык тукумдун асыл байлыгы, ага талаш жок. Бирок, ал көптү окуду, көптү билүүгө ачкөздүк менен умулду, талбаган аракет менен кайрап, жанып турду. Кален дүйнөлүк тарыхты, адабият-маданиятты түбүнөн казды. Күнүмдүк эмес, түбөлүктүү түркүктөрдүн — элди, улуттун жаратылыштын улуу мыйзамдарын окуп билди, жүрөгү менен туйду.
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаев бир жолу Календин чыгармаларына баа берип келип «Календин байлыгы, артыкчылыгы — анын акыл-эсинин бийиктиги, калеминин курчтугу, эл турмушун мыкты билгендиги» деп таамай аныктама берген. Анын прогрессивдүү көз карашы Борбор Азиядагы орток саясатка дагы өз таасирин тийгизди. Ой жүгүртүүнүн бийик деңгээли анын бүтүндөй концепциялык сунуштарынын жыйынтыгынан көрүнөт. Ал универсалдуу ойчул, патриот журналист. Өз көз карашын коомчулуктун ортосуна кое билүү — бул өтө кооптуу жана жооптуу жумуш. Ал үчүн Личность болушуң керек. Календи новатор журналист катары тааныткан бир чыгармачылык тармагы — аялзат проблемасы. Аны өткүр жигиттей таамайлык менен ачып берди. Эне — тарбия, билим башаты экенин ким танат?! Эл кызы болгон Календин чыгармачылыгын ар тараптан изилдеп баа берүү келечектин иши. Календин элине бере турганы али алдыда.
Бүбүкан Досалиева
Эл Аралык Ч. Айтматов коомунун академиги
1994-жылы чыккан «Публицист
Кален» деген телефильминин
сценарийинен алынды
Кыргызды кырк кыз сактайт
Кырк кыз... Булар «Кыргыз рухундагы» досторубуздун кийин дайыны билинбей бараткан кырк кызы эмес. Булар азыр аттары атала баштаган «Асабанын» кырк чоросу да эмес. Бул кырк кыз кыяматта, кыянатта, бүгүнкүдөй кыйынчылыкта кыргызды сактап кала турган, даңктап ала турган - Кырк кыз. «Кыргыз» деген ат «Кырк кыз» дегенден калган деп карыялар төгүн жерден нускабаса керек.
Ооба, кыргызды Кырк кыз сактайт. Анткени, кыргыздын кыздары эч убакта клан-слан болуп бөлүнбөйт, алар алтын издеген да жок, жоготкон да жок, алар Бирштейнди билбейт, алар партократ-демократ болуп да бөлүнбөйт, алар 1991-жылы 19-августта путчаны колдогон эмес, акимдик атын минип өз элине манап болгон жок, алар депутат болуп алып сессияда «4 эрге тийиш керек» деп маселе койгон жок. Мына ошону үчүн алар Кыргыздын Кырк Кызы.
Сыдыкова Кален «Чар тарап» газетасынын башкы редактору
Саякбаева Канышай Эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары
Садыбакасова Шарипа «Кыргызстан» банкынын төрайымы
Сутенова Байма Кыргыз улуттук телерадиокомпания-сынын вице-президенти
Абылкасымова Майрамкан «Кыргыз эл акыны»
Акаева Майрам «Мээрим» эл аралык фондусунун төрайымы
Акматбекова Сагын «Ала Тоо айымдары» журналынын башкы редактору
Ачилова Рахат Философия илимдеринин доктору, профессор
Баекова Чолпон Конституциялык Соттун төрагасы
Болжурова Ишенгүл Тилдер, гуманитар университетинин проректору
Жакыпова Чынара Тарых илимдеринин доктору, профессор
Жалгасынова Дарыйка Кыргыз эл артисткасы
Кондучалова Күлүйпа Мамлекеттик ишмер
Күмүшалиева Сабира Кыргыз эл артисти
Күйүкова Даркүл СССРдин эл артисти
Орузбаева Бүбүйна Академик
Отунбаева Роза КРдын Англиядагы элчиси
Ташыбекова Жамал Кыргыз эл депутаты
Токомбаева Айсулуу СССРдин эл артисти
Токтокунова Самара СССРдин эл артисти
Түмөнбаева Жаңыл Чүй областынын кеңешинин төрайымы
Садыкова Саламат КРдын эмгек сиңирген артисти
Сыдыкова Замира «Республика» газетасынын баш редактору ж. б.
«Асаба», 1994-жыл, № 10.
Тамаша чыны аралаш
Кыз-келиндер жадырап,
Кызыл гүлдөй жаркыра.
Азыркынын кыздары
Шок жаралат турбайбы,
Бири ачка, а бири
Ток жаралат турбайбы.
Арак ичип шапар тээп,
От жаралат турбайбы.
Күйөөсүнө чоң чыгып
Ок жаралат турбайбы.
Ардактап турса кең мекен,
Атактуу болуш эмне экен.
Заңкылдап турса кең мекен,
Замира болуш эмне экен.
Кадырлап турса кең мекен,
Календей болуш эмне экен.
Бапестеп турса кең мекен,
Баекова болуш эмне экен.
Чыркырап турса чындыгың,
Чынара болуш эмне экен,ээ...
Анда эмесе туугандар,
Башына жоолук буугандар
Саксаламат болгула,
Бак таалайга конгула!
Эрнис Эшимканов, Кубат Оторбаев
1994-жыл, 8-март, «Асаба», №10
Каленге
«Даңазаң чыксын алыска,
Дайрадай толкуп көк ирим,
Көкөлөп көктөп ташкындап,
Ажарлуу жүрсүн көңүлүң!»
Гүлжамила Шакирова
1991-жыл, 22-май
Биздин Кален
Улуулукту көрө билип алдыртан,
Майдаланбай залкар ойлоп иш кылган.
Мээни чагып, эки сүйлөп олтурбай,
Менмесинген жигиттерди мыш кылган.
Жоокер болсо жоого кирип тартынбай,
Жоолашкандын бере билмек катыгын.
Калбаат сүйлөп, качан көрсөң пейли март,
Кален дайым сөздүн айтат ачыгын.
Акыйкатта бир-бириңе кең болуп,
Адамсыңбы, Адам бол! – дейт урааны.
Ар сөзүндө акыйкатка жол берген,
Биздин Кален селкилердин кырааны.
Кыйла өнөрүн үлгү кылып жүрүүгө,
Кыргызымдын кыздары үчүн Аскадай.
Бийлик күчүн көрсөтсө да айрымдар,
Бийик турат куду энебиз Даткадай.
Чечүүчү иште, чечкиндүү да, жөнөкөй,
Бир из салат баскан изин таптабай.
Майдаланып баратканда жигиттер
Кантип турам Кален кызды мактабай,
Кайраттуу адам, куду энебиз Даткадай.
Гүлжамила Шакирова, Ала Тоо фестивалынын лауреаты,
1999-жыл, 28-январь
Баамчыл, чечкиндүү
Календин чыгармачылыгына биздин кыз-келиндерге таандык назиктик, калемгерге тиешелүү баамчылдык, калемгер публицист катары чечкиндүүлүк бир деп айтсам болот. Календин чыгармачылыгы мезгилинде биздин коомчулукка чоң резонанс жараткан. Мисалы, өткөөл мезгил жаңыдан башталган учурда Календин ошол сенек мезгилдин бийлик кризистери жөнүндө жазган матералдары конкреттүүлүгү менен, учурдун демин сезе билүүсү менен, кайсы бир деңгээлде алдыдагы багыттарды көрө билүүчүлүгү менен айырмаланган болуучу. Ошол себептен бир топ конкурстарда ошол материалдары менен Кыргызстан журналисттер союзунун лауреаты болгонун билебиз.
Андан тышкары Календи адам катары да билем, адамдарга абдан түшүнүүчүлүк менен мамиле кылат. Жазган материалдарында бүтүндөй адамдын, коомдун, жаш мамлекетибиздин көйгөйү такай билинип турат. Ошол эле учурда Календи калемгер прозаик катары да жакшы тааныйм. Кален республикабыздын Журналисттер жана Жазуучулар союзунун мүчөсү. Бир топ аңгеме повесттери бар. Менин айтаарым: Календин чыгармалары эч кандай абстрактуу же академиялыктан турбайт. Конкреттүү, турмуштук сезилет. Менимче, Календин чыгармачылыгы жакшы пикирге татыктуу чыгармчылык. Өзү да абдан жооптуу кызматты аркалап жүрөт. Кален Сыдыкованын чыгармачылыгына, бааны өз замандаштары айтат болуш керек. Бүгүнкү күндө өз замандаш, калемгерлердин арасында Календин өзүнүн татыктуу орду бар.
Абдиламит Матисаков, жазуучу, журналист
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
1993-ж.
Калем кадыры
Эл арасында көп байкалбаган менен оозго алынган журналист кызыбыз Кален Сыдыкованын азыноолак эмгеги калыс таразанын тактыгы менен бааланат деген ишенимде турам. Анткени, Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп чыккандан бери басма сөз аркылуу коомдун жаралуу жерлерин жазган макалалары жана адабий чыгармалары «Түгөлбай ата» коомунун сыйлыгына татыктуу деп бааланып, эже-сиңди калемдештери тарабынан сунуш кылынып жатат. Албетте, ал жөнөкөй жерден чыккан жери жок. Анын эмгеги бирде болбосо да бирде топ жарып чыкмак. Кален сыяктуу журналистика бөлүмүн канча кыздар бүтүрүп чыгышпады, баары бирдей лекцияны угушкан, теорияны окушкан. Бирок баары тең элдин жүгүн курч калеми, жүрөктү тилген сөздөрү менен көтөрө билген журналист боло алышкан жок. Көрсө, билимден мурда ички өткүр сезим, табият берген талант болуш керек экен. Буларга талбаган өжөр эмгек кошулса майнабы чыкпай койбойт экен. Чыгармачылык иш боюнча талапташ болуп калган, сыртынан жакшы тааныш, бирок ички ой сезимдери али күнгө мага туңгуюк, бирде ачык, бирде түнт, ар дайым салмактуу кадам шилтеген Кален калемдешимде мына ушундай асыл, мыкты касиеттер бар.
«Ачык айтып, ак сүйлөйлү», «Айта турган кез келди», «Ленин улут тили жөнүндө», «Профессор Аттокуров, же маңкурттукка каршы күрөш» деген макалаларында коомубуздагы терс көрүнүштөрдү же элдин атын жоготууга алып баруучу рухий маңкуртчулукту сынга алган... Же «акыл сандыгы – тилдин», улуттук көркөм дөөлөттөрдүн тарыхый, философиялык функциясына өзүбүздүн ыкшоолугубуз, момундугубуз, кенебестигибиз менен доо кетирип, ата-бабалар менен урпактардын астында улуттук, керек болсо адамдык вазийпабызды аткара албай жаткандыгыбызды калыпка салынган ой жүгүртүүлөрдөн арыла албаса, келечек муундун тарбиячысы катары улуттук аң-сезимдин бийиктигине Кален радиодо иштегени башкы редактор, дегеле журналист катары кылым карыткан элдик ойлорду, аларды алып жүргөн талант ээлерин, маданий, улуттук көркөм дөөлөттөрдү, тагдыры эли менен тагдырлаш тарыхый инсандарды жалпы элге алып чыгып, өзүбүзгө гана таандык асыл сапаттарыбыздын кийинки муундарда көөнөрбөй улануусуна аракети зор болууда. Кабарчыларга тапшырма берип, өзү да эл аралай андай адамдардын эмгеги, таланты татыктуу баасын алсын деп жанын үрөөдө. Аны ырдаган ыры тарых күүсүн чалып, бирок өзү жашаган аймактан алыс узабай жүргөн төкмө, Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылынын жашоочусу Ади Өмүраалы уулу жөнүндөгү кыргыз радиосунун фондусуна алынган уктуруусу эле далилдеп турат. Ади абанын ырлары Календин эмгеги менен эми 80-жылдардын төкмө акындарынын чыгармачылыгы катары кийинки урпактарга кабар берип өз милдетин өтөйт. Андай таланттар эл арасында канча? Күнүмдүк көр тирликтен арылып муундар байланышы катары баалап, эл казынасына айланта билген журналисттерибиз саналуу болуп жатпайбы...
«Санжыранын сары сандыгынан» аттуу түрмөктөрү жалпы элибиздин маданий, интеллектуалдык асыл байлыктарынын көөнөрбөй сакталып калган нурларын чагылдырып турат. Алар Кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталып калса кийинки муундар алдында өз милдетин аткарат. Адамзаттын маданий мурастары менен эсептешпеген цивилизациянын жетишкендиктери ооздон-оозго өтүп келе жаткан мурастарын өз табиятында бузбай оозеки түрүндө сактап калууга кедергисин тийгизээри байкалууда. Мындан дагы бир топ мезгил өткөндөн кийин ал элдик чыгармалар алтын менен баалангыс байлык болору анык.
Ал эми элибиздин даанышман кызы Курманжан датканын акылмандыгын, аял болсо да эл башкарган чечкиндүүгүн аялдык ички акыл туюм менен баалап жазган «Алай кайрыктары» аттуу уктуруусу да алтын фондудан орун алууга татыкттуу болду. Демек, учурдагы көнүмүш көрүнүш эмес, элдин тарыхында орун ала тургандай, кийин публицистиканын тарыхында чыгарма катары калат.
Мына ушул айтылган бир эки чыгармасы эле Календин коомго, адамга, тарыхка өз жеке көз карашы, ой толгоосу бар экендигин далилдеп турат. Албетте, андай жеке көз караш тарыхты, илимий-тарыхый ачылыштарды, коомдогу өзгөрүү-өсүштөрдөн пайда болгон көз караштарды терең билгендигинен кабар берет.
Азыр Календин жашообуздун олуттуу маселелерин чагылдырган эки китеби каражаттын жоктугунан жарыкка чыга албай турат. Эгер элибиздин келечегин көрө билген, колунан иш келген бардар жигиттерибиз жардам кылса жарыкка чыгып, коомдо өз таасирин бере алат эле.
Журналисттер доор тарыхын жазгандыктан жүрөк өйүгөн ойлорун кенен жаза албасы белгилүү, дегеле адамдын кабыл алуусу, түкшүмөлү ар кандай болгондуктан көзгө сайылып көрсөтүлгөн айрым маселелер күнүмдүк көрүнүш катары бааланбай калган учурлар көп. Тескерисинче, ошол эле ойлор көркөм баяндоо же бир башка форма менен ишке ашырылса таасири күчтүү болгон учурлар арбын. Кален Сыдыкова өзүн түйшөлткөн мына ушундай ойлорун прозалык чыгармалар аркылуу да берип келе жатат. Анын «Кайрылуу», «Чоң эненин кубанычы», «Ыза» аттуу жана башка чыгармаларында биздин замандын олуттуу көрүнүштөрү жатык тил менен жакшы деңгээлде берилди. Албетте, аны бардыгы жогорку чеберчилик менен жазылды деп бир жактуу кароодон алысмын, такшалуунун жолу чексиз экендигин ким танат?
Б.Шүкүева
«Кыргыз туусу», 1993-ж.
7-декабрь, № 141 (20422)
Интеллектуалдык даярдыгы жетик
Ар бир мезгил өзүнүн адамын, өзүнүн бир инсанын тандап чыгарат. Биз азат мамлекет болдук деп жатабыз, биздин келечегибиз кандай же, эмне доорду башыбыздан кечирип жатабыз, ошондон улам келечекте кандай коом курабыз деген маселеде биз ойго чукак болуп турган учурда эл ичинен чыккан интеллектуалдык деңгээли, камылгасы бар адамдардын акылдуу сөзүнө суусап турабыз деп ойлойм. Мына ушул кенемтени менин баамымда жаңы чыккан журналисттерден, айрыкча, Кален өзүнүн ордун ээлеп, өзүнүн айтаар сөзүн айтып келатат.
Артыкча, мына бул «Азаттыктын азаптары» деп «Аалам» газетасына сандан санга чыгып орто жолдо токтоп калды, мына ушул маселеде Календин көз карашынын жетиктиги, баарынан да саясий деңгээлинин жетиктиги айрыкча баамдалып атат. Мында Календин интеллектуалдык даярдыгы айрыкча таамай көрүндү. Ал мейли тарыхка кайрылабы же болбосо динге кайрылабы, бүгүнкү күнү биздин турмушубуздун эмнени зарыл деп талаптап турса, ошол маселенин бардыгына чапчаң кайрылып, ошого өзүнүн деңгээлинен, өзүнүн бийиктигинен туруп элге керектүү сөздү айтып жатат.
Календеги бир мага жаккан нерсе -максимализм. Баягы кыргыздар айтат: «Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл» деп. Маселени эң чоң, талуу түбүнөн кармаганга аракет кылат да анан ошого карата позициясын билдирет. Албетте, аны менен дайым макул болбой, айрым маселеде талашууга болот, эң негизгиси оюңа от тамызгы берет, талашууга чакырат, сенин көңүлүңдүн тереңинде бугуп жаткан башка ойлорду дагы тутантат, өзүңдү активдүү маектеш кылат.
Чоюн Өмүралиев
публицист, философ, тарыхчы
1993-жыл
Каленге
Калеминен жакыраган шам жанган,
Сөздөрүнөн шекер тамган, бал тамган.
Кыргызыңдын бир таланттуу кызысың,
Эл тагдырын аркалоого аттанган.
Калыс болсун, узун болсун ошол жол.
Өмүрүңдө бактылуу бол, аман бол!
Субайылда Абдыкадырова
Кыргыз Республикасынын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер
27.12.1996-жыл
Каленге
Элдин жолу, Эне жолу ыйык жол,
Өз башыңдан өз мүдөөңдөн улуу бол!
Элиң сүйүп, элиң күтүп туруучу,
Уюм курдуң эми анын тайгылбаган кулу бол!
Гүлсайра Момунова
Кыргыз Республикасынын эмгек
сиңирген журналисти
23-май, 2000-ж.
Кызыкпыз
Бул айымдарды сиздер беш колдой билесиздер. Кыргыздын аттуу баштуу, белдүү, чыгаан деген кыздарынын жоон тобу. Өңгөнү айтпаганда хандан, бектен кайра тартпаган Замира, элим-жерим дегенде сай-сөөгү сыздаган Кален, жоктон барды жараткан Чынара, эр азаматтар менен тең талашып депутаттык мандатка ээ болгон Мира менен Рахат,...жагымдуу обону менен далайларды ыр дүйнөсүнө сугарган Каныкей... ж.б. чыгаан кыздарыбыз арбын. Келгиле, жан дүйнөңдү эзип тынчтык бербей жүргөн маселелердин тегерегинде сүйлөшөлү, ким эмнени кааласа, кайсыл суроого табити көбүрөөк тартса ошого жооп берсин...
Элмира Тезекбева
1995-ж. 8 март, «Аалам»
Аял, сен кимсиң
...Аялдыгын, бийиктигин, асылдыгын, кымбаттыгын сезген мезгил да келеер. Үмүт чиркин жашай берет эмеспи. Мындан оор турмушта жашап, анан кылымдардан кылымга унутулбай келе жатышкан Улуу Адам тукумун улаган Умай Эне болуп миң толгонуп, мээримин төккөн, алай дүлөй замандын Акыл Карачачы, Курманжан Даткасы болгон, жоого барсаң Каныкейдей уз, Жаңыл Мырза, Сайкалдай кыздар өткөн кырк амал кыялы менен бозойду боздоткон Үкөй, Мөөр, Аксаткын, Кишимжан болгон, Бүбүсара сымак бийлеп, Таттыбүбү, Мыскал өңдүү ырдап суйкайган жүзү менен нечендеген сүр жүрөк баатырды багынткан ошол мезгилдерден кыргыз аялзатын гана эмес, кийинки жашообузда биз сыймыктанган Ч.Жакыпова, Ч.Баекова, З.Сыдыкова, М.Акаева, К,Сыдыкова ж.б. эжелерибизди кантип айтпай кое алмакпыс? Кантсе да улуусуңар, сулуусуңар ардактуу аялдар. Таазим сага! Баш ийбегенде не...
Бактыгүл Асанова
1996-ж. 8-март, «Аалам»
Кыргыз басма сөзү
...Кален Сыдыкова, Замира Сыдыкова өңдүү жаңы феномендер ачылып чыга келди. Алар өткөөл мезгилдин эң актуалдуу маселелерин чагылдырган курч макалалары менен калайыктын көңүлүнөн түнөк таба алышты...
Айнур Жамангулова
1997-ж. 10-16 июль
«Республика»
Каленге
Жалгыз өзүң күрөшүп, жалгыз өзүң
Эс-акылсыз эркектин баары менен.
Бир шилтесең бир тобун кыйратасың,
Жаңыл Мырза эжеңдин жаалы менен.
Коркуп кетем кантет деп карап туруп
Карсылдашып күрөшкө чыкканыңда.
Каныкейби, Каленби тааный албай
Таң калам да, таң берем утканыңда.
Аял болуш кыйын ов, аял болуш
Сеникиндей жүрөктүн жаалы менен.
Жакшы жашайт бекен деп ойлой берем,
Тагдырынан табышкан жары менен.
Үрниса Маматова
14-сентябрь, 2001-ж.
«Тунук» газетасы
Өтө курч
Сынчылык аң-сезимиме жазуучу жана журналист Кален Сыдыкова кантип кирди? Элдин акыл-эсиндеги эски түшүнүктөрдү жокко чыгарып, жаңы турмуштук башталмаларды жан дүйнөгө сиңирүүгө маданият ишмерлеринин ичинен журналисттер, өзгөчө көзгө түшкөн, көңүлгө толгон Кален Сыдыкова жаңы доордун эң бир күчтүү жарчысы катары бүт үнү менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган, өтө курч, өтө проблемалуу публицистикалардын, макалаларын тартуулап, өзүндөгү күчтү, жөндөмдү эл алдында сынады. Бүгүнкү күн жана келечек туурасында ой жүгүрттү.
Кален Сыдыкованын «Касым Тыныстан уулу», «Курманбек баатырдын мүрзөсү...», «Профессор Аттокуров, же маңкурттукка каршы күрөш», «1916-жылдан улам», «Айтыла турган сөз эле» сыяктуу публицистикалык макалаларын, эл журт, ушундай эле мен да аябай көңүл бөлүү менен окуп жаттык. Чоң проблемаларды билгичтик менен көтөрүп чыккан, таптаза жаңыча ойлонуп, жаңыча жаза билген, эрудит, билим, темпераменти бар журналист. Журналисттик талант эки үч жылдын аралыгында калемдештерден суурулуп чыга келди, өзүнүн оригиналдуу жүзүн толук көрсөтө алды.
Жазуучу Календин журналист Календен айырмаланган өзүнчө көркөм тили бар. Экинчиден, сюжет түзүп, композиция куруунун жакшы техникасын билет. Үчүнчүдөн, образды ачууда керектүү детал, штрих, сүрөттөмөлөрдү чебер пайдалана алат. Демек, Кален Сыдыкова прозаик катары бышып жетилген. Өзүнчө дүйнө туюму бар, фантазияга эгедер жазуучу менин көз алдымда турду. Андагы көркөм талант жакшы таасирге ээ.
Оюмда: «таланттуу журналист кызыбыз кандай киши болду экен?» – деп жүргөндө жазуучу Меңди Мамазаированын «Кыргыз Туусу» газетасына «Кален» деп аталган чакан макаласы, журналист жана жазуучу инсандын портретин сөз менен жеткире ачкан, анын чыгармачылыгы, адамдык сапаты, моралдык турпаты, акылы, таланты жөнүндө айткандары жарыяланып калды. «Миң уккандан бир көргөн артык» дейт эмеспи. Таланттуу личность менен өзүм бетме-бет сүйлөшүп, ич дүйнөсүн көргүм келди.
Өтө жупуну, басмырт, сөзгө сараң, кылдат адам экен. Чыгармачылыгы жөнүндө ачылып сүйлөбөйт. Журналист же жазуучу деп ойлобойсуң, күндөлүк түйшүк менен алпурушуп, сүйлөшүүгө убактысы аз окшогон жөн бир жанга түспөлдөшүп кетет.
Асылбек Медетбеков
акын, сынчы
1994-ж.
Ойчул публицист
Мен «Чар тарап» газетасынын башкы редактору Кален Сыдыкованын чыгармачылыгын бир топ жылдардан бери жакындан жакшы билем. Публицистикалары өтө орчундуу, курч, өзгөчө элдин аң-сезимин демократияга карата ойготууда зор роль ойноду. Публицисттин атуулдук позициясы күчтүү, негизги өзгөчөлүгү коомдогу проблеманы мамлекеттик масштабда көтөрө алгандыгы. Коомчулукка туура келбеген шовинизмдин, улутчулдуктун субъективдүү жактарын кескин ашкерелөөдө, рухий жана социалдык жакырдануунун себептерин ачып көрсөтүүдө өзүнүн чоң чеберчилигин көрсөтүп кыргыз журналистикасына сапаттык өзгөчөлүктөрдү алып келди. Кыргыз радиосунун алтын фондусунда мыкты чыгармалары сакталып турганын да билем.
К.Сыдыкованын бардык публицистикаларында терең философия, эркин ой жүгүртүүчүлүк, аналитикалык масштаб мүнөздүү. Коомдук ишмер катары көптөгөн коомдорду уюштурууга негиз салгандардын бири, мыкты публицист, жакшы жазуучу катары эл арасында кадыр баркка ээ. Депутаттыкка татыктуу кыздарыбыздын бири деп эсептейм.
Дүйшөкан Муканбетова
Кыргыз Республикасынын
маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 1994-жыл.
Достарыңызбен бөлісу: |