ДАВЛЕТАЛИЕВ САЛКЫНБЕККЕ
Жактырамын Таласымды, калкымды,
Жашыл токой, жайлоосунда салкынды.
Бир башымда толгон-токой өнөр бар,
Билишеби тууган элим баркымды?
Жазып келем, ырдап келем калкым деп,
Жан эриткен айтып берем алтын кеп.
Башкаларын мындай койо туралы,
Баалайт мени догдур иним Салкынбек.
Ишеним бар ар бир айткан сөзүндө,
Илбериңки, куулугу жок көзүндө.
Эмгек, күчүн берип кетип баратат,
Эр-азамат жигиттердин көчүндө.
Ала-Тоонун астын казсаң алтын көп,
Жигиттер чак жашап жаткан калкым деп.
Ата-Журтун ардактаган, сыйлаган,
Атаң көрү, көп болсо дейм, Салкынбек.
Нечен адам өлүктөрүн көргөнсүң,
Жийиркенбей кескилеп да көнгөнсүң.
Өлүмүнүн так себебин көрсөтүп,
Акыйкаттуу анализин бергенсиң.
Кыргыздагы «кыйтырлык» жок инимде,
Кызууланган жаман сөз жок тилинде.
Жаманга да, жакшыга да, душманга,
Жакшылыктын баарын каалайт дилинде.
Мага жагат апыр-тапыр мүнөзүң,
Жабык болбой ачык, шайыр жүрөсүң.
Купшуңдаган куйту адам аз жашайт,
Кудай буйруп, жүз жыл өмүр сүрөсүң.
Өзүм болсом кыргыздардын акыны,
Өмүрдүн да келет тура акыры.
Баякеңдин кап-кап толгон ырлары,
Басылбастан текчелерде жатыры.
Жамыраган көп өнөр бар өзүмдө,
Жан сергиткен жылуулук бар сөзүмдө.
Эңсегеним: чыгармалар мен жазган,
Элге жетсе көзүм тирүү кезинде.
13.02.2011
ЖАЙЛООБАЕВ ШАКИРБАЙГА
Өмүрдө жетимиш жыл артта калды,
Өткөн чакка карасам сереп салып.
Жамандары жадымда сакталбады,
Жакшы адамдар элеси эсте калып.
Элүү жети жылында1 онду бүтүп,
Трактордун курсунан билим алдым.
Шакирбай агай берген сабактардан,
Темир-тезек дүйнөгө кирип алдым.
Жээрде чачын оң жакка кыйгай тарап,
Колуна лекция жазган албай барак.
Ак боз жигит чыбыгын колго алып,
Берчү эле трактордон бизге сабак.
Мемиреген класста укчу элек,
Анын чыккан жагымдуу коңур үнүн.
Арадан жарым кылым өтсө дагы,
Кулагыма угулат күнү бүгүн.
Кара түстүү костюм-шым кийээр эле,
Галстукту жакага илээр эле.
Сыны чыккан ичи жок орто боюн,
Зыңкыйтып түптүз алып жүрөөр эле.
Уурданып агайымды караар элем,
Ушундай болсо экем деп самаар элем.
Өзүм билбес жакшы адам сапаттарын,
Ушу гана кишиден табаар элем.
Жакшы адам тышы дагы, ичи дагы,
Жактырган чоңу дагы кичи дагы.
Сыпайы мүнөзүнө башын ийип,
Сыйлаган «душман» болгон киши дагы.
Трактордун окуусун бешке аяктап,
Жакшы иштеп, байгелерди алып жүрдүм.
Изин кууп Шакирбай агайымдын,
Инженер окуусуна барып кирдим…
Учкан куштай алмашып улам жылдар,
Улгайып баратканым сезип жүрдүм.
Бир күнү эле Бишкектин көчөсүнөн,
Билим берген агайды кезиктирдим.
Кемирип жээктерин суулар агып,
Асмандан нечен булут көчсө дагы,
Шакирбай агайымды тааный койдум,
Арадан жарым кылым өтсө дагы.
Акырын агайымды кепке тарттым,
Артта калган өмүрүн айтып берди.
Жашоо-турмуш, кызматы, эмгек жолу,
Жакындап көз алдыма кайтып келди.
Өкмөт менен партия берген ишти,
Өксүтпөй убагында так аткарып.
Өзүнүн көмөчүнө күлдү тартпай,
Өзгөчө таза жана ак аткарып.
Тартынбай таштак жолдуу болсо дагы,
Тагылган кызматтарга барып берди.
Булганбай, азгырылбай арам ишке,
Буйруган сыйлыктарын алып келди.
Баш кошуп өз элинин бир кызына,
Жубайы жети бала төрөп берди.
Жарым кылым жашаган өмүр жолдо,
Жаман айтпай бир-бирин жөлөп келди.
Жуп болушуп, элүү жыл бирге жашап,
Жубайы түбөлүккө көзүн жумду.
Шаттанган шайыр жылдар күңүрттөнүп,
Шакирбай сезип жүрдү өзүн муңдуу.
Аракет кыл, мокобой карылыкка,
Андайлардан ажалың алыс качат.
Калдайып эл-журтуңдун арасында,
Кадимкиңдей жүрө бер калыс жашап.
ЖУМАБЕКОВ САБЫРБЕККЕ
Бала болуп сен төрөлүп, чоңойдуң,
Мекен кылып, Сатыкейдей айлыңды.
Азыр болсо бүтүн дүйнө бүт билет,
Атак-даңктуу доктор болгон дайныңды.
Бала кезден намыскөйсүң тырышкан,
Тартынбаган таш көтөргөн жумуштан.
Өзүң чакан, чыканактай болсоң да,
Өжөрлөнө өгүз кирпич куюшкан.
Абдан мыкты бүттүң айыл мектебин,
Андан кийин чоң илимди беттедиң.
Билимиңди улантмакка дагы да,
Бир топ жылы кыргыздардан четтедиң.
Өз элиңдин ишенимин актадың,
Отуз жашта докторлукту жактадың.
Сенчелик жаш доктор болгон адамды,
СНГден издеп такыр таппадым.
Оорулардын түрлөрү бар жүздөгөн,
Орун алып, дене-бойдон түшпөгөн.
Өмөктөтүп бел бүктөгөн кеселден,
Өзүңө окшош дарыгерлер түздөгөн.
Бири бутум, бири болсо колум дейт,
Бири муунум, бири болсо белим дейт.
Сынып кеткен, чыгып кеткен сөөктү,
Сага окшогон адис гана желимдейт.
Тегиздедиң бир калыпка келтирип,
Теңизбайдын тетирленген буттарын.
Жакшы болуп эмканадан чыкканча,
Жанындагы керебетте «уктадың».
Эмкананы буга чейин тейледиң.
Эми болсо министр ордун ээледиң.
Мындай ишке барганыңа түшүнбөйм,
Мынча неге бул орунду мээледиң?
Айнып кетип, оңго-солго барбагын,
Арабаңдын божусун түз кармагын.
Түп көтөрө кыргыз сени макташаар,
Түзүктөсөң саламаттык тармагын.
2.01.11
ЖУМАШЕВ ЧКАЛГА
Айыл жерде төрөлүшүп катталган,
Айрымдары эске бекем сакталган,
Колхозубуз Чкаловдо туулуп,
Бир уулубуз Чкал деген атты алган.
Чкал курбум, аман-эсен барсыңбы?
Баратасың кенен таштап арышыңды.
Жай олтуруп, мына эми кириштим,
Берейин деп ырдан бүткөн карызымды.
Көзүң тосток, сары чийкил бала элең,
Эч ким менен тытышпаган жан элең.
Эмгек десе кичинеңден тырышкан,
Бул жагынан бир кишилик бар элең.
Кой багам деп чокоюңду суу кылдың,
Койлоруңду өз кол менен куудурдуң.
Карай бербей төлдөп жаткан койлорду,
Катыныңа бир топ бала туудурдуң.
Келатасың өмүр бою кой багып,
Келиштире өздөштүрдүң ал жагын.
Өзүңө окшош жаны тынбас эмгекчил,
Өз аялың жана дагы балдарың.
Чкал курбум, аман болсун алганың,
Аман жүрсүн келин-кесек, балдарың.
Бала-Чычкан, Суусамырдын жайлоосун,
Батпай оттоп жүрсүн баккан малдарың.
Чкал курбум жылкы, койго, уйга бай,
Казакбайың күүлөргө бай, ырга бай.
Кыргызымдын белдүү уулу Чкалды,
Обон созуп, кантип турам ырдабай.
Барып калсам үйүңө да кирермин,
Чоо-жайыңды толугураак билермин.
Жооп кылып ушул жазган ырыма,
Тартуулаган аргымагың минермин.
ЖОШЫБАЕВ СЕЙТХАНГА
кардиохирург, медицина илимдеринин доктору
Камыр-жумур келе жатат бир жашап,
Калың кыргыз арасында бир казак.
Жасап жаткан эмгегине баа берип,
Жарашар дейм аны мактап ырдасак.
Адамдардын ден соолугун ойлогон,
Ахунбаев агабызды жолдогон.
Ал дегениң Жошыбаев Сейтхан,
Абдан кылдат жүрөктөрдү сомдогон.
Жаш чагыңдан түшүрбөдүң баркыңды,
Жалпы кыргыз билет бийик даңкыңды.
Жашаш үчүн кыргыздарда түбөлүк,
Жар кылыпсың Жумгал кызы Салкынды.
Акыйкатта кардихирург алпысың,
Алып келдиң миң сан адам алкышын.
Ушул барктан, ушул даңктан түшүрбөй,
Уланта бер өмүрүңдүн аркысын.
Ажыратып агы менен карасын,
Адамдардын жактырбайсың аласын.
Канча өнөрдүн кагып келем тизгинин,
Казак калкы менин болот нагашым1.
10.04.2002
ИБРАЕВ БООБЕККЕ
(60 жашта)
Жактырам көп жигиттен бир өзүңдү,
Жактырам оор-салмак мүнөзүңдү.
Аракты таштаган деп уккан элем,
Ал «итти» оозуңа албай жүрөсүңбү?
Ичимдик таланттарды чалып жыккан,
Ичимдик сазга ээрчитип барып тыккан.
Өзүңө окшош эрки күч азаматтар,
Өнөрүн өрдү көздөй алып чыккан.
Бир саатта бир кадам шилтеп коюп,
Бир кылымдык Бокем да жашка жетер.
Жоргоңду анча-мынча тездетпесең,
Жол боюна Күлсүнүң1 таштап кетер.
11.09.1995
ИСАЕВ КЕҢЕШБЕККЕ
Адамдарда ар кыл түркүн мүнөз бар,
Арам жүргөн, бирин-бири алдаган.
Куу-шумуң жок, күлүп койгон жылмайып,
Кудай сага токтоолукту арнаган.
Келишимдүү боз костюм-шым кийинип,
Мектеп жакка ойлуу басып келчү элең.
Даярданып сабактарга эң жакшы,
Жоопторду жалаң бешке берчү элең.
Онду бүтүп, улантпады окууну,
Ошол го дейм Кеңешбектин катасы.
Билим алса балким доктор болмоктур,
Бирок болду он баланын атасы.
Кыз кыялдуу жаркылдаткан кабагын,
Кымбат баалуу Арзан аттуу аялың.
Төрөп-түшүп, эне болду бактылуу,
Бешөөсү кыз, бешөө эркек баланын.
Алыс жакта артта калды жаш чагың,
Антсе дагы жаш жигиттей басканың.
Ташбакалар жашайт экен үч жүз жыл,
Ташбаканын жүрүшүнөн ашпагын.
Мен сүйгөн кыз агасысың Турардын,
Карыса да ага көңүл бурармын.
Арзаныңдын чайын ичип, нанын жеп,
Ардакталган конок болуп турармын.
Сага окшошсо адамдардын мүнөзү,
Бейкуттукта жашайт эле Жер шары.
Акырында бата кылып айтарым,
Алган жарың Арзан менен тең кары.
29.10.2008
ИСАКОВ АБДЫКАСЫГА
Жашыл токой, Таластын тээ башында,
“Жаңы-Турмуш” деген чакан айлың бар.
Атаң сенин Ысак болгон чоң молдо,
А кишини көрүп калган жайым бар.
Ал жарыктык касиеттүү киши эле,
Өзү улук башкаларга кичи эле.
Алалантып кедей дебей, бай дебей,
Адамдардын бардыгына түз эле.
Талаша бер эмгекчинин таламын,
Териштирип жакшысын да, жаманын.
Берешендик пейилиңден өксүбөй,
Берекелүү толуп турсун табагың.
Өңү өчпөй, асманыбыз көк болсун,
Өмүр бою төгөрөгүң төп болсун.
Өз боюна өлчөп ичкен аракты,
Өзүңө окшош кыргыздарым көп болсун.
Салбырабай жигит деген шар болсун,
Сагындырып, жарпың жазган жар болсун.
Сабаттуу да, сабырдуу да, салмактуу,
Сага окшогон кыргыздарым бар болсун.
Жигит деген жоо өткөрбөс чеп болсун,
Жигиттерге жакшы айтылган кеп болсун.
Өйдө-төмөн сөздүн башын чаргытпай,
Өзүңө окшоп убадага бек болсун.
Чала кылбай өз ишине так болсун,
Чаң бастырбай, көңүл дайым шат болсун.
Санаасында таруудай да кири жок,
Сага окшоп ич дүйнөсү ак болсун!
Санап өткөн касиеттин бардыгы,
Эркин аттуу уулуңда бар экен.
Кыргыздарча “кыйтырлыгы” билинбей,
Кыргыз десе жанын кыйчу жан экен.
Эркин уулум, тартыпсың сен атаңды,
Азырынча көрө элекпиз катаңды.
Аман болсун, алган жарың, балдарың—
Айтып турам ак тилектен батамды.
2011-жыл
ИШИМОВ АЛИСУЛТАНГА
Жарым кылым жашап келем шаарда,
Башым ооруйт машиналар чуусунан.
Көкүрөгүң ышка толуп капкара,
Көңүл айныйт газ жыттанган уусунан.
Батталышат аш казандын каттары,
Пайдасы аз хлор кошкон суусунан.
Барган сайын жашым улам өйдөлөп,
Бала кезим эске түшөт дайымга.
Жыргап ойноп жүрчү элек куушуп,
Жылаңайлак жазда, күздө, жайында.
Жаратканым өмүр берсе экинчи,
Жашоомду өткөрмөкмүн айылда.
Шаар жердин ызы-чуусун укпаган,
Шамалдаган таза абадан жыттаган.
Мезгилинде жаз, жай, күзү, кышында,
Мемиреген тынч түнүндө уктаган.
Айран ичкен, кымыз ичкен, эт жеген,
Алисултан, жашооңо суктанам.
Өкмөт берген кызматына барбадың,
Чоң кызматтын чоң папкесин албадың.
Султан иним, качып барып шаардан,
Жашаганга айыл жерин тандадың.
Малың багып, жериң айдап, дан сээп,
Өткөрө бер өмүрүңдүн калганын.
Айылымда Кара-Ойдо жашаган,
Ар биринин өтөп жаткан иши бар.
Ала-Тоолук кыргыз элдин сыймыгы,
Акын агам Байдылданын изи бар.
Аркалаган ашып-ташкан көп өнөр,
Анан дагы Казакбайдай киши бар.
Агаң болсо жаза берсин ырларын,
Ача берсин жашоо, сүйүү сырларын.
Коштоп кармап, дирилдетип күү чалсын,
Комуз менен домбуранын кылдарын.
Анда-санда конок болуп кеткенге,
А сен болсо айыл жерден жылбагын!
25.08.2008
КАН КУДАМ ТОПЧУКЕГЕ
(Топчубек Тургуналиев70 жашта)
Жетимиш жаш желкеден алган экен,
Жетимишке Топчукем барган экен.
Жерге эңиштеп, бел бүгүп, бутун сүйрөп,
Жетимиш жаш бирөөгө арман экен.
Жегени аш, тың басып, кан кудамдын,
Жетимишке барганы жалган экен.
Келебиз канча жылдар куда болуп,
Көрбөдүк башың ооруп жатканыңды.
Сендеги кайнап турган ички кубат,
Денеңе кайрып турат жаш чагыңды.
Сербейтип сакал-мурут койдурупсуң,
Сен эмне, карылыкка шашканыңбы?
Жаңы бийлик жакшылап иштеп кетсе,
Мурунку кыйшык жолду түздөп кетсе,
Сенин кылар иштериң калбай калып,
Сын айтчу башка өлкөнү издеп кетпе.
Жаңы-жаңы саясий күрөштөр бар,
Жашоону уланта бер дагы көпкө.
Кыргыздын Баатыры деп наам берип,
Алсаң болмок Нобелдин сыйлыгын да.
Ошондо түбөлүккө атың өчпөй,
Жүрмөксүң кыргыз элдин сыймыгында.
Ал сыйлыктар жазылып турса керек,
Келечек тагдырыңдын буйругунда.
17.11.2011
КАСЫМБЕКОВ ТӨЛӨГӨНГӨ
(60 жашта)
Алгачы жүрдүң жан багып,
Ата-энең берген нанды жеп.
Асан-кайгы тартканбыз,
Адам болбой калды деп.
Анан жаза койдуң да,
«Адам болгум келетти».
Киши санга кошулдуң,
Кирбийген жигит элеттик.
Ырбайып арык болсоң да,
Ычкынып катуу тырыштың.
Жаныңды тиштеп оозуңа,
Жараттың «Сынган кылычты».
Андан кийин «Келкелди»,
Аздектеп жаздың шашылбай.
А бирок аның кор болуп,
Ай-жылдар жатты басылбай.
Калпты неге жаздың деп,
Капшыра кармап жакаңы.
Өзгөртүп кайра жазгын деп,
Өзүңдү жарга такады.
Асабыз дарга дешсе да,
Алардын тилин албадың.
Алптыгың, Төкө, ушунда,
Андай калпка барбадың.
Эң жакшы болду журтуңа,
Эл депутат болгонуң.
Жалпы кыргыз калкынын,
Жамаатын катуу колдодуң.
Кылычың сынса мейличи,
Калем сабың сынбасын.
Кагаз бетин из кылып,
Кадамы такыр тынбасын.
Алтымыш жаш эмине,
Алчаңдап турган аргымак.
Алданып калбай жемине,
Алдыга карай каргымак.
1991-жыл
КАЧКЫНАЛИЕВ БАТЫРБЕККЕ
Жолдошу карындашым Салыйканын,
Эң улуу күйөө балам Батырбегим.
Өзүңө баасын берген таразалап,
Угуп ал кайнагаңдын айтар кебин.
Бирөө бар акылы пас чалакайым,
Баштаган иши бүтпөй, бири калат.
Баа берген ар бир ишке акыл салып,
Бала кезден сен өстүң тири карак.
Кай бирөөлөр жашоонун сырын билбей,
Оң жол турса, терс кетип чеки кылат.
Ал эми күйөө балам Батырбегим,
Акыл менен бир сомду эки кылат.
Чоңдорго башың ийип жүгүнбөдүң,
Турмуштун каарына бүгүлбөдүң.
Жаманчылык жакалап турган чакта,
Жапа чегип, жашоодон түңүлбөдүң.
Жаңылбай териштирип ак-карасын,
Жашоону акыл менен башкарасың.
Ал деген адамдагы чоң касиет—
Айтканыңды айткандай аткарасың.
Баккан малың эселеп төлүн берсин,
Жараткан узак жашоо өмүр берсин.
Ооруу, сыркоо, кеселден алыс болуп,
Өлгөнүңчө жайдары көңүл берсин.
Мал-жаның корооңдо толуп турсун,
Айдоо жердин түшүмү болуп турсун.
Айтылбай кокус келер кырсыктардан,
Алла Талам калкалап коруп турсун.
Салыйка карындашым экөөңөр,
Сак-саламат жашоону уланткыла.
Бараанду чал-кемпирден силер болуп,
Балдарды дагы көпкө кубанткыла.
17.08.2008
КАУХАР ЖЕҢЕМЕ (КЕБЕР)
(80 жашта)
Улуу того чыкпаган бар, чыккан бар,
Улар үнүн укпаган бар, уккан бар.
Сергек акыл Кебер жеңе, сага окшоп,
Сексен жашка чыкпаган бар, чыккан бар.
Аялзаттын чоң милдетин аткарып,
Өзүң болдуң он баланын энеси.
Антсе дагы көз алдыңда тургандыр,
Алымкулдай жан курбуңдун элеси.
Байкем кетти бул дүйнөдөн эртерээк,
Балдарына жарты өмүрүн калтырып.
Көп баланы багуу оор түйшүгүн,
Каухар жеңем өз мойнуна артынып.
Бардыгынан бөлүп айтар бир сөзүм,
Балдарыңдын жамандыгын көрбөгүн.
Алдуу-күчтүү, акылыңдан айныбай,
Алып жүргүн карылыктын өрнөгүн.
Эми дагы канча жылдык өмүр бар,
Эч ким билбейт тирүүлүктүн мөөнөтүн.
Көп балаңдын чайын ичип, нанын жеп,
Көрө бергин карылыктын дөөлөтүн.
Каухар жеңе, байкоо салып карсам,
Кемпир эмес, келин сындуу турушуң.
Токсон жылдык тоюңдагы шарапка,
Малынса дейм менин дагы мурутум.
10.11.2007
КАДЫРКУЛОВ КУШАНГА
Барбай калдың жогорку окуу жайына,
Бала кезден ишкердигиң сезилди.
Жаш чагыңдан мал артынан сен түшүп,
Жашоодогу тагдыр жолуң чечилди.
Өмүр бою аралашып мал менен,
Өтүгүңдүн тамандары тешилди.
Мал четинде жайы-кышы бастырып,
Канча аттын туяктары кетилди.
Өрүш-өрүш колхоз малын өстүрүп,
Отоо чөпсүз чарбагыңда гүл өндү.
Жашоодогу өйдө-ылдыйга карабай,
Жакшы бактың ач калтырбай бүлөңдү.
Эми мен да мурутумдан жылмайып,
Эске салам жалын жаштык кезимди.
Аппак сулуу Кеңешгүлдү талашып,
Ай да, Кушан, кетиргенсиң эсимди.
Айыл кызы экөөбүзгө буйрубай,
Алып кетти, кала бердик кур жалак.
Каңырыкты түтөткөнбүз экөөбүз,
Кайтаралбай, колубузду булгалап.
Антсе дагы буйруганга үйлөндүк,
Алар менен жашаганды үйрөндүк.
Бактылуулук—ата болуу эмеспи,
Балдар төрөп берди алар сүймөнчүк.
Желдей сызып, мезгил тыным токтобой,
Жетип келдик жетимиштин кырына.
Оюмда бар китеп кылып чыгаруу,
Не төлөйсүң Казакбайдын ырына?
2.11.2008
КАЧИБЕКОВ КУШУБЕККЕ
Билимдүү десе билимдүү,
Бир туугандай күйүмдүү.
Топурабай жөнү жок,
Токтоо турум-жүрүмдүү.
Кубанамын тапканга,
Кушубектей инимди.
Таластын суусу шар агат,
Тамылжып нурдуу таң атат.
Чыдамдуу жигит сага окшош,
Чыгармалар жаратат.
Аргымак аттай чаалыкпас,
Арышың арбып баратат.
Көмүлүп калган тарыхты,
Көк жигит гана каза алат.
Икир-чикир жолотпой,
Иргеп алат тазалап.
Даректүү тарых баянын,
Таланттуу адам жаза алат.
Баатырлар изин изилдеп,
Барбаган жериң калбады.
Араладың калтырбай,
Ала-Тоонун аймагын.
Калың катмар тарыхтын,
Калпып алдың каймагын.
Алыскы жол, кой дедик,
Ага да болбой оолугуп.
Кыдырып келдиң Кытайды,
Кыргыздар менен жолугуп.
Көк жалдык кылып Кушубек,
Ишмердигиң билгиздиң.
Жүз баласын кыргыздын,
Алыскы жаткан Алтайдын,
Окуусуна киргиздиң.
Жетим-жесир карыпка,
Тийип жатат жардамың.
Суусамырга үй тигип,
Эс алдырып жатасың,
Детдомдун жетим балдарын.
Бүтүрдүң жазып биринчи,
Бүргө баатыр, Сатыкей,
Эр Солтоной баянын.
Ушунуңдан жазылбай,
Уланта бергин аягын.
Аман жүрсүн иним деп,
Бата тилеп өзүңө,
Алаканым жаямын.
25.03.2010
КУБАТ БИЙ
Кушчулук Кубат бийде акыл болгон,
Кубат бий кубаты зор баатыр болгон.
Куу чиренген бийликтин кулу болбой,
Кубат бий эл ичине жакын болгон.
Башкарган Анжиян калкын убагында,
Болгону он сегиз жаш курагында.
Аскер курап, согушка машыктырган,
Ала-Тоо жигиттери–курамында.
Кокон ханы, Бухара эмири да,
Курч жигит Кубат менен эсептешип.
Кырдаал чыкса Кубаттан акыл сурап,
Конокко чакырышкан кезектешип.
Миң жети жүз кыркынчы жылдарында,
Калмактар Ташкен шаарын камап кирген.
Кубат бийдин эр жүрөк жигиттери,
Калмактарды кылычтап айдап бирден.
Акыры ордо ханы жана эмирдин,
Амалдуу куйтулугу өсүп жеткен.
Ачуусуна чыдабай хан Кубатбек,
Анжияндан Алайга өтүп кеткен.
Кашкар, Жаркент жана да Үч-Турпандан,
Калмакты кырып-жоюп тыйпыл кылган.
Эли-журтун башкарып аким болуп,
Эки жылдай Кашкарды бийлеп турган.
Ал кийин Алай жакка кайтып келген,
Сактаган кыргыздардын биримдигин.
Көр түбүнө узаткан жакындары,
Көрө албай Кубат бийдин тирүүлүгүн.
Кыргыз эли сыйлашат арбагыңды,
Кыргыздарга тийгизген жардамыңды.
Кыргыздын жигитине өрнөк болсун,
Кырк атан-төө көтөргүс салмагыңды.
18.02.2010
КЕРИМКУЛОВА СВЕТЛАНАГА
(кудагыйым 60 жашта)
Алла буйруп, беш эркек, беш кыз болуп,
Айдың көл аймагында төрөлдүңөр.
Көшүлтүп жээкке урган шарпылдагы,
Көл терметкен бешикке бөлөндүңөр.
Ошондо кыргыз Муса кыздарына,
Орус кыздар аттарын энчилеген.
Өз ичинен жалынып кудайына:
“Орустай терең билим берчи” деген.
Ар кимдин тагдыр жолу ар башкача,
Алла берген өмүрдү жашадыңар.
Барып калсаң баркылдап тамак бышып,
Баарыңардын толтура казаныңар.
Беш кыздын арасынан, Светлана,
Кең чүйлүк Медетбектин жары болдуң.
Кам көрүп, чүйгүмдөтүп тамак берип,
Кан тамырда жүгүргөн каны болдуң.
Турмуштун өйдүк-сөйдүк жолдорунда,
Түйшөлтпөй, түз бастырып жөлөп келдиң.
Апа болуу милдети да унутулбай,
Асель менен Диасты төрөп бердиң.
Билим алып, Бишкекте иштеп калып,
Чүй боору жерим болду, элим болду.
Баш кошуп, кенже уулум Сардар менен
Асель бизге ыймандуу келин болду.
Алыш-бериш салтында колуң кенен,
Биз барганда төрүңдө орун белен.
Даамдуу тамактарды иче берип,
Беш килого семирем толуп денем.
“Бечара” машинамдын бели ийилип,
Берекелүү кешикти салып алам.
Түрлөнтүп бир четинен жей беремин,
Түгөнөт бир жумада барып араң.
Өтө керек балдарга билим берүү,
Өмүрүңдү мектепке байландырдың.
Еврейдин башкарган окуу жайын,
Үлгү болор мектепке айландырдың.
Коллективде тартипти бекем кармап,
Коркутуп-үркүтпөстөн башкарасың.
Уруш- жаңжал чыгууга жол бербейсиң,
Убагында салмактап ак-карасын.
Аман бол, урпактарың аман болсун,
Медет кудам жаныңда караан болсун.
Атамбаев башкарар алдыдагы,
Акыйкат, адилеттүү заман болсун!
КУРМАНАЛИЕВ ЖУМАТАЙГА
Кызын алып, күйөө болгон баланы,
Башканы кой, Байгамбар да сыйлаган.
Ажал келип, мойнун кылыч кесерде,
Ал экөө бирин-бири кыйбаган.
Өмүрдөгү кыйын кезең учурда,
Бири-бирине жөлөк болуп келишкен.
Каатчылык турган кезде жакалап,
Бир тоголок данды теңге бөлүшкөн.
Күйөө балам, көрдүң турмуш дүйнөсүн,
Көрүп келдиң түрү суук түрмөсүн.
Андан бери өтүп кетти нечен жыл,
Азыр болсо өзүң курган үйдөсүң.
Сен билесиң болом жакын кайнагаң,
Көп өнөрдүн тизгиндерин кармаган.
Кийинки эле он-он беш жыл ичинде,
Миң сап ырлар инсандарга арнагам.
Эрте кетти-кырк элүүнүн сереси,
Эсте турат Эшенкулдун элеси.
Азыр сенин түбөлүктүү жубайың,
Ал агамдын таштап кеткен Керээзи.
Мага таза тилегиң да, жүрөгүң,
Талантымды бааларыңды билемин.
Өз төрүңдө конок болуп олтуруп,
Өнөрлөрдү бир төксөм деп жүрөмүн.
Буйруп калса ушул жайда барармын,
Комуз, домбура күүлөрүнөн чалармын.
Кубандырып өзүң менен Керээзди,
Кучак-кучак алкыштарың алармын.
Жуматайым, Керээз менен аман бол,
Журтчулукка, үй-бүлөңө караан бол.
Жүз кыр талант байкем качан келет деп,
Жүрө бергин, күтө бергин карап жол.
23.01.2005
Достарыңызбен бөлісу: |