КАЗАК, КЫРГЫЗ — ЭГИЗ БАЛА
(уламыш поэма)
Абалтан ирегелеш казак, кыргыз,
Асманда кошоктошуп жанган жылдыз.
Түк дагы өңүбүздө айрыма жок,
Түбүндө бир атанын балдарыбыз.
Казактар мекендесе талаа жерин,
Кыргыздар тоодо жашап калганыбыз.
* * *
Канакей, казак боорум, кыргыз журтум,
Казакбайдын кебине көңүл бургун.
Белгисиз уламышты айтып берем,
Бери болуп, кулагың түрүп тургун.
Бир адам эптеп качып чыккан экен,
Жоо чаап, мекенинде болуп кыргын.
Ай талаада кыбырайт өгүз гана,
Артына учкаштырган эгиз бала.
Каякка баратканын өзү билбейт,
Качкындын көңүлүндө чексиз санаа.
Токтошту, бир жагында бийик тоолор,
Бир жагында көз жеткис тегиз талаа.
Өрүш алды качкындар ушул жерден,
Өзөк жалгаш өзү да учур келген.
Өзөндө, жайык түздө, суу жыбылжыйт,
Өрүштөн атырылып агып келген.
Бут баспай, малдын тиши тийбеген жер,
Буралат бийик чөбү чыгып белден.
Суу жээгине балдары жата калды,
Суу ичип, суусундары өтө канды.
Белин чечип, карыя жеңилденип,
Бешимдеги намазга даарат алды.
Окуп болуп намазын, акырында
«О, Кудай, түбүн бер» деп колун жайды.
Ээндик, асман толо жылдыз жанган,
Эгиздер эбак эле уктап калган.
Карынын көзү ирмелбей ойго чөгөт,
Кападар, ичи толо муңдуу арман.
Мындан ары турмушу кандай болмок,
Мына ушуга көз жетпей, акылы айран.
Көзү илинди акыры анын дагы,
Көшүлүп байыз алды чалдын жаны.
Убайымдан арылып убактылуу,
Унутулду дилдеги кордук заары.
Түшүндө бир периште аян берди,
Турмушу кандай болот мындан ары:
«Адамзат, тагдырыңа кайгырбагын,
Артта калган азапка кайрылбагын.
Эгерде жер үстүндө тирүү турсаң,
Эгерим жакшы үмүттөн айрылбагын.
Жүдөсөң турмуш каарын көтөрө албай,
Жүрөгүңө бычакты сайдырганың.
Эмне болсо турмуштун баарын көрдүң,
Эзилишип бир жаткан жарды көрдүң.
Эң акыры элиңди тыйпыл кылган,
Элдешпес баскынчынын каарын көрдүң.
Эмки келер өмүрдө артыңдагы,
Эгиз туулган балдардын камын көргүн!
Эгиздин бирин жибер түндүк жакка,
Ээлик кылсын талааны алыс жаткан.
А беркисин жибергин тоо тарапка,
Асман тиреп, чокусун ак кар баскан.
Батамды ак ниеттен мен берейин,
Балдарың бакыт табат ошол жактан».
Бул адамдын өз аты Каскыр1 экен,
Балдарынын бир аты Казак болгон.
Кийин түшүп ичинен энесинин,
Кичүүсү Кыргыз деген атка конгон.
Ээрчишип эгиз козу сыяктанып,
Экөө жакында эле онго толгон.
Балдарын эртең менен жанына алып,
Балбылдап чыккан күндү карап турду.
Алгачкы алтын нурлар кубат берип,
Акырын бойго сиңип тарап турду.
Балдар менен коштошуу эске түшүп,
Байкуштун эт-жүрөгү канап турду.
–Казагым, кең талаага барып келчи,
Кандай турмуш бар экен, чалып келчи.
Билейин жашоо-турмуш болорлугун,
Бир ууч топурагын алып келчи.
Адамдын кеселине даба болор,
Ар түркүн чөбүн кошо таңып келчи.
–Кыргызым, кырка тоого барып келчи,
Кыдырып тоо арасын чалып келчи.
Тоодо да жашоо-тирлик болор бекен,
Топурагын тоонун да алып келчи.
Даба болгон адамдар өмүрүнө,
Дары-дармек чөбүнөн таңып келчи.
Кадам таштап алдыга жөнөй берди,
Казагы бетине алып талаа жерди.
Кыргызы да жол салды тоо тарапка,
Кылчактабай түз бойдон бара берди.
Уулдарын кетишкен эки жакка,
Узатып, өзү жалгыз кала берди…
* * *
Казак менен Кыргызын кырк жыл күттү,
Каскырдын сакалы өсүп бутка түштү.
Канчалык кайраттанып жашаса да,
Карылык алып койду болгон күчтү.
Карай берип, чел басып эки көзүн,
Карынын жарык көргөн күнү бүттү.
Башы жагын каратып кыбылага,
Чалкасынан кыймылсыз кары жатты.
Эки уулунун тагдырын биле албай,
Эки көздөн салаалап жашы акты.
«Аттигиниң бекерге жибердим» деп,
Абышканы түгөнбөс кайгы басты.
Сенек тартып эки кол, эки буту,
Сезими улам өчүп күңүрттөнөт.
Бир күнү талаа жактан, тоо тараптан,
Жер үстүн солкулдаткан дүбүрт келет.
Байкуш чал акылына кайра келип,
«Балдарым болсо экен» деп үмүттөнөт.
Акталып бөз жибиндей үмүттөрү,
Акырында балдары аман келди.
«Эсен-аман барсыңбы, атаке» деп,
Эгиздер эки жактан салам берди.
Алардын тааныш үнүн уккан менен,
Аттиң ай, жүзүн көрбөйт, жаман жери!
Эки жакка сунулуп эки колу,
Тең салмак табагындай таразанын.
–Апкелген топурактан салгыла,– деп,
Абышка жая берди алаканын.
Колундагы топурак жытын искеп,
Күчүнө күч кошулду абышканын.
Ал эми чөбү менен сүртүнгөндө,
Ачылыптыр кайрадан эки көзү.
–Айланайын балдарым, Казак, Кыргыз,
Айта турган атаңдын эмки сөзү–
Талаа, тоодон экөөң мекен таап,
Тагдырга ыраазымын эми өзүм.
Топуракты төккүлө жан-жагыма,
Чөбүңөрдү үстүнө таштагыла.
Топурак дөбө болуп, андан чыккан,
Чөбүнөн дары-дармек камдагыла.
Мен болоюн түбөлүк күзөтчүңөр,
Мен үчүн мүрзө камдап казбагыла.
Кайыптардын кызына башың кошуп,
Казак, кыргыз деген эл болупсуңар.
Бак конуп Улуу Талаа, Улуу Тоодон,
Балдарым, куттуу болсун конушуңар.
Көөнөрбөс салт-адатка айланткыла,
Жыл сайын ушул жерде жолугушар…
Деп айтып, чал айланды Асылташка,
Колдорун жайып коюп эки жакка.
Кош эмчектей Кош-Дөбө пайда болуп,
Боорунда дары чөптөр өсүп жатса,
Кош-Дөбөдөн Кош-Булак агып чыгып,
Тегереги айланды бейиш бакка.
Жыйылып казак жана кыргыз эли,
Жыл сайын Кош-Дөбөгө келип турган.
Атасы Асылташтан чыккан нурлар,
Айбат-күч урпагына берип турган.
Кор кылбай эли-журтун башкаларга,
Кол салган жоону сайып жеңип турган.
Кош-Дөбөнүн чөбүнөн дары жасап,
Оорулар айыгышкан кеселинен.
Кош–Булактын суусуна жуунгандар,
Кутулушкан жугуштуу чечегинен.
Башканы кой, булактын суусун ичип,
Балбан чыккан басалбас бечелинен.
Кезек-кезек сөөктү жаңыртышып,
Келин алмай, кыз бермей тоюн курган.
Эңиш, күрөш, ат чабыш, улак тартыш…
Эки эл мелдеш кылып оюн курган.
Алдырганы мөөрөйдү, чычалабай,
Акыйкат, адилдикке моюн сунган…
* * *
Асмандагы булуттар көчө берди,
Агылып көп замандар өтө берди.
Казак менен кыргыздын арасында,
Канчалаган майда уруу өсө берди.
Башчысы жок башкарган баягындай,
Баштагы ынтымактар өчө берди.
Кош-Дөбө, Кош-Булактар унутулуп,
Касиеттүү Асылташ эстен чыкты.
Өздөрүн эч теңебей башкаларга,
Өзүнчө хан, өзүнчө бектер чыкты.
Каратамын бүт элин дүйнөнүн деп,
Карабасып кай бири чектен чыкты.
Казактар өз ич ара кагылышты,
Кыргыз менен кыргыздар чабылышты.
Казак, кыргыз жоолошуп, найза сайып,
Канчасы көр топурак жамынышты.
Катындар кара жоолук салынышты,
Канча балдар атасын сагынышты.
Казак менен кыргызда биримдик жок,
Канча жыл калмактарга жем болушту.
Кызы күң, жигиттери кулга айланып,
Кылымдар ар нерседен кем болушту.
Кана айтчы, өткөн турмуш арасында,
Качан эле бирөөгү тең болушту?
Башына таяк ойноп кулдар өттү,
Бала эмизбей канча аял муңдап өттү.
Антсе да мезгил деген бир токтобой,
Арадан сапырылган жылдар өттү.
Акындар Абай менен Токтогулдар,
Азабын эки элдин ырдап өттү.
* * *
Акыр минтип азыркы заман келди,
Аз санда казак, кыргыз аман келди.
Талаа менен тоолордун көчмөн калкы,
Таанылып, дүйнө эли салам берди.
Биринчи Президенттерин эли шайлап,
Бийликтин бир канчасын аган берди.
Ала-Тоо салмагындай күчүбүз бар,
Алдыда кылар албан ишибиз бар.
Алтын саптуу, анан да алмаздай курч,
Атан төө, нар кескендей мизибиз бар.
Анткен менен эки элим, кечирип кой,
Али да майдалык бар, ичибиз тар.
Бирөөнүн ийгилигин көрө албайбыз,
Билбей туруп, келтире жамандайбыз.
Бирибизден бирибиз кыйынсынып,
Бир сөзгө көп убакта келе албайбыз.
Эгерде бир кишидей баш кошпосок,
Эгерим кыйындыкты жеңе албайбыз.
Атабыз Асылташты кайра тапсак,
Алтындай жаркыратып көркүн ачсак.
Көз жетпеген Ааламдан кубат алып,
Казак-кыргыз элине нурун чачмак.
Көрө албастык, майдалык, ичи тардык,
Көрүнбөй адамдардан өзү качмак.
Кош-Дөбөгө дары чөп данын чачсак,
Кош-Булактын тазалап көзүн ачсак.
Жыл сайын казак-кыргыз жыйын куруп,
Жыргап ойноп, той берип, көңүл ачсак.
Карым-катнаш, ынтымак өсө берсе,
Кыз-жигиттер өзүнүн теңин тапмак!
1993-жыл
КАРАБАШ МЕНЕН КЫЗЫЛБАШ
(поэма)
Кагазыма түшүрдүм казал кылып,
Карабаш Кудайберген кабарынан.
Таанылып эл-журтуна болуш болгон,
Таластын Кушчу деген тарабынан.
Кызыктуу кеп курамын казал кылып,
Кызылбаш Кудайберген кабарынан.
Таанылып эл-журтуна болуш болгон,
Таластын Саруу деген тарабынан.
Чачтары капкара экен Карабаштын,
Кызылбаштын чачтары кызыл экен.
Айтып берсем экөөнүн таржымалын,
Алардын окуясы кызык экен.
Ээрге батып-батпай атка минсе,
Экөө тең олбур мүчө киши болгон.
Көздөрүнөн чачырап от жагылып,
Көөдөнүнүн болоттой мизи болгон.
Болуштуктун камчысын чаба бербей,
Бул экөө эл-журтунун камын көргөн.
Жалаң эле бай-манап сөзүн укпай,
Жармачын, бечарасын–баарын көргөн.
Тегиз карап байына, кедейине,
Териштирип арамын, акыйкатын.
Эки болуш жашаптыр бейпилдикте,
Элине берип жакшы насыйкатын.
Кезинде кыз алышып, кыз беришип,
Кенен-кесир май аккан той өткөзүп.
Көзү өткөндө кадырман карыялар,
Кетишкен куран окуп, көз көрсөтүп.
Эки эл биригишип оюн куруп,
Эңиш, күрөш, жамбы атуу, улак тартыш.
Ат чабуу, тыйын эңмей, кыз куумайы,
Анан да чүкө салып, ордо атыш…
Эки болуш, эки элдин ортосунда,
«Эрегиштер» албетте болуп турган.
Биринен бири өтө мал өстүрүп,
Эгини оролордо толуп турган.
Келиштирген көптөгөн мечит салып,
Эл барган жума күнкү намазына.
Ич дүйнөсүн тазартып жаштайынан,
Ислам динин үйрөткөн баласына.
Эрегиштен көбөйгөн ар жыл сайын,
Мекеге барып келген ажы саны.
Байгамбардай сыйынып ажыларга,
Тазарган калк ыйманы улам жаңы.
Бир айылдан бир адам күнөө кылса,
Бүтүн айыл күнөөгө батат экен.
Жалгыз эле адамдан ыйман кетсе,
Жалпы айылдын ыйманы качат экен.
Дал ушинтип айтылган айдан ачык,
Шариаттын кайсы бир сүрөөсүндө.
Кудайга бүтүн эли жооп берет,
Күнөө–айып болсо эле бирөөсүндө.
Эгерде чыкса айылдан бир ыймансыз,
Энеси эмчегинин сүтүн кечкен.
Айыл ичин жүз багып карай албай,
Андайлар жер которуп көчүп кеткен.
Эл башчынын ыйманы таза болсо,
Элине көсөм болот, үлгү болот.
Эгерде ыйманы жок неме болсо,
Элине, наркы кетип, күлкү болот.
Болгон-толгон акылын айталбаймын,
Болуштар Кызылбаштын, Карабаштын.
Шек кылсам дилдеринин актыгына,
Шерт уруп, анда мени карабассын.
Жылуу-жумшак бир заман өткөн экен,
Жумурткалап торгойлор кой үстүндө.
Туу кылып, кең пейилдүү ата салтын,
Турмуштары өтүптүр той үстүндө.
* * *
Чатакташып суу үчүн эки жаман,
Чабышып бирин бири кетмен менен.
Катуу тийген кетменден анын бири,
Кайрылбай кете берди неткен менен:
Кызылбаштын элинин бир жигити,
Кыдырып арык бойлоп өйдө барат.
«Бербейм суу» деп кетменин кезеп коюп,
Берки жигит теңсинбейт өйдө карап.
Булгалайт бири-бирине кетмендерин,
Бул экөөнүн ачуусу чекке жетип.
Кызылбаш жигитинин кетмен мизи,
Беркинин баш сөөгүн кеткен тешип…
«Кан төгүлдү, канга кан!– деген чыкты,
Карабаш Кудайберген болушунан.–
Кегибизди алабыз, кечирбейбиз,
Кетмендеп көчүрөбүз конушунан».
Эч кимиси күнөөсүн мойнуна албай,
Эки эл бирин бири каралады.
Эми минтип чабышат экенбиз деп,
Эл ичин суук кабар аралады.
Ошентип күнөө кимде?—Кызылбашта.
Олтурат ал жарыктык ойго батып.
Олтургандар сөз күтөт, бирок болуш,
Ойдогусун чыгарбайт бойго катып.
Элин карап Кызылбаш бир оокумда,
«Элчиликке жеке өзүм барам– деди,–
Жан жөкөрдүн көбүнүн кереги жок,
Жаныма жалгыз жигит алам,– деди.
Карабаш Кудайберген аксым эле,
Каарын анын барып тыям,–деди.
Эгерде кун керек дей турган болсо,
Элим үчүн өз башым кыям» деди.
Болуш сөзүн уккандар чур дей түштү,
Болушпай анын жалгыз барганына.
«Андан көрө аттанып согушабыз,
Ата-баба сыйынып арбагына».
Кызылбаш эптеп элин тил алдырып,
Баарынан бата алып, минди атка.
Жардам тилеп кудайдан, ишти оңдо деп,
Жол тартты, жогорку эл—Кушчу жакка.
* * *
Калкынын билерманын бүт чогултуп,
Карабаш кепке тартты акыл салып.
Айтышты беркилери: «Өч алабыз!..»
Ал болсо ойго батат башын салып.
Карабаш сөзүн айтты акырында:
–Макал бар: «Асыл таштан, акыл баштан»
Эсибизге келели көп чамынбай,
Эл гана мөөрөй утат акылдашкан.
Кекчилдик эч жакшылык алып келбейт,
Кереги не жөнү жок ызылдаштын.
Андан көрө бергиле батаңарды,
Алдынан бир өтөйүн Кызылбаштын».
Карабаш үзөнгүгө бутту койду,
Жигити тарта берген ак боз атка.
Жанына жалгыз жигит алды дагы,
Жол тартты төмөнкү эл—Саруу жакка.
* * *
Тоо жактан атырылып агып түшкөн,
Суу бар болчу эки эл чектелишкен.
Болушунча суу кирген маал эле,
Болуштар кезигишти кечмеликтен.
Экөө тең эки жакта туруп калды,
Эмне кылсак дегенсип буйдалышып.
Алыстан болсо дагы учурашты,
Ал экөө бир бирине кол булгашып.
Атырылып суу агат бээжайланып,
Ат эмес агызчудай төөнү дагы.
Ал эми суу тартылган маалында,
Агыза алмак эмес жөөнү дагы.
«Кемчиликти кетирген биз болгон соң,
Кечмеликтен өтөйүн эң биринчи.
Камчымды мойнума илип, башымды ийип,
Кечиримди сурайын мен биринчи».
Тигинтип ойлонушкан эки болуш,
Тизгин кагып, теминип сууга кирди.
Ал экөө ээрчиткен жигиттери,
Артта калбай, жанаша жандап жүрдү.
Адеп эле киргенде кечмеликке,
Аккан суу үзөнгүнү жаба берди.
А бирок жарыктыктар келме айтып,
Алга карай тизгинин кага берди.
Ортосуна жеткенде кечмеликтин,
Төрт атчан үзөнгүлөш туруп турду.
Өжөрлөнө тоо суусу күр-шар эте,
Өктөмсүп ат соорусун уруп турду.
«Ассалоому алейкум, Кудаке» деп,
Карабаш кичүүлүктүн жолун кылды.
«Алейкума ассалам, Кудаке» деп,
Кызылбаш да шашылып колун сунду.
Кызылбаш алгач ирет кеп таштады,
«Болушум, кайда көздөй сапар тарттың?
Сени издеп айылыңа баратты элем,
Кудай буйруп, моминтип жолдон таптым».
Карабаш да шашылып жооп айтты:
«Болушум, мен да сизге бараткамын.
Жолугуп калбадымбы өзүң менен,
Моминтип буйрук кылып жаратканым».
Ал экөө андан ары акылдашып,
Акыры бир жээкке чыкмай болду.
Жай алып, көк чөп өскөн жер үстүнө,
Жайма-жай бирин бири укмай болду.
А бирок кирген суунун агымынан,
Ат бурулбай кетишти эки жакка.
Ортосунан суу бөлүп бул экөөн,
Калышты кайра эле эки жакта.
Карабаш тебетейин алга булгап,
«Кайра барам» дегенсип белги берди.
«Жок, мен барам» дегенсип Кызылбаш да,
Тетири булгалады тебетейди.
Дудуктарча сүйлөшүп колун жаңсап,
Турушту эки болуш эки жакта.
Акыры суудан өтүп кайра келүү
Милдети тийген экен Карабашка.
Ат мүдүрүлүп аз жерден агып кетпей,
Аман-эсен Карабаш өтүп келет.
Аттан түшүп, жөө турган Кызылбашка,
Айтып салам, кайрадан колун берет.
Алды менен Карабаш сөз баштады:
«Болушум, сен турасың биздин жерде.
Узатканым болбостур улагадан,
Учурашып кайтарсыз биздин элге».
Көп ойлонбой Кызылбаш макул болду,
Көк чөпкө эки жигит тасмал жайды.
Бирөөсү кол чаначтын оозун ачса,
Бирөөсү алып чыкты куйрук-майды…
Айланада көшүлөт бейкутчулук,
Айтпаганда коңур жел, суунун шарын.
Жымжырттык—бул дүйнөдөн биротоло,
Жыйнатып кеткен сымак чуунун баарын.
Жалгыз торгой ободо обон салат,
Жаткансып бейкуттукту даңазалап.
Насвай ийлеп, күйкө куш бир орунда,
Жаткансыйт болуштарды тамашалап.
Төрт атчан ат жалына казан асып,
Тоюшунча ичип-жеп кымыз-этти.
Андан кийин минишип аттарына,
Айлына Карабаштын жүрүп кетти.
Калк ичинде сөз калган мындай деген:
«Карабаш Кызылбашты байлап келген.
Айлына Саруулардын жалгыз барып,
Алдына салып алып айдап келген».
Тамашөкөй бир кушчу айтса керек,
Тарыхты бурмалоонун кереги не?
Кызылбаш жана дагы жан жигитин,
Сыйлашкан ашын таппай берерине.
Карабаш Кызылбашты тааныштырды,
Калайык Кушчулардын эли менен.
Ар бир айыл даамын берип жатты,
Ачык кабак, ак жүрөк пейли менен.
Аяган жок, көрсөтүп болгон сыйын,
Ак өргөөнүн төрүнөн орун берип.
Улуу, кичүү Кушчунун билерманы,
Учурашып жатышты колун берип.
* * *
Айылдардан чакырткан бүтүн келип,
Алды менен карашты тамак-ашка.
Бир маалда Карабаш Кудайберген,
Бериптир сөз тизгинин Кызылбашка.
Кыдырекей тизилип отурганга,
Кызылбаш Кудайберген жүзүн бурду:
«Кушчу элим, кулдугум бар, күнөлүүбүз,
Күтүлбөй тас төбөдөн кудай урду.
Эси жок эки жигит азабынан,
Эки эл бөөдө эле касташпайлы.
Эгерде кун десеңер кун берели,
Эки эстүү катындарча чачташпайлы.
Эгерде баш ордуна баш десеңер,
Элим үчүн мынакей башым даяр.
Алааматка түшкүчө кан төгүлүп,
Акым жок элим үчүн башымды аяр.
Ушуну айтып Кызылбаш токтогондо,
Үй ичи бөлөнүптүр жымжырттыкка.
«Башым даяр» дегендин күчүн кара,
Бардыгы баш ийиптир бул кырсыкка.
Ошондо тегерете карап алып,
Обдулду да Карабаш Кудайберген.
Төмөнкү элдин болушу Кызылбаштын,
Эми элеки айтканын улай берген.
«Арабыздан жоготтук бир адамды,
Арийне, ыйлап-сыктоо кейиш болот.
Адам колдуу көз жумган пенделердин,
А дүйнөдө оруну бейиш болот.
Эчтеме эмес, чындыкты моюнга алсак,
Элибиз бир кишиге кемип калды.
Жан кейиткен бир жери ушул экен,
Жары жесир, балдары жетим калды.
Болгон сууну өзүнө жыгып алган,
Биздин дагы баланын күнөөсү бар.
Сарууларга бел бүгүп, биздин элдин
Кечирим сурай турган жүйөөсү бар.
Жашырбайм канга кан дегендер бар,
Мына бул олтургандар арасында.
Кокустан кан төгүлө турган болсо,
Кетпес кек калат эки эл арасында.
Илгертен ирегелеш эки эл элек,
Ит-мышыктай жашообуз кантип болсун.
Абалтан келе жаткан салтты бузбай,
Алыш-бериш жасаган тартип болсун.
Жазылыптыр Куранда айдан ачык,
«Жамандыкка жамандык кылбагын деп.
Кылычын кындан сууруп чыкса дагы,
Кылычыңды каршыңа сунбагын деп»…
Ошентип бул окуя аяктады,
Ортодо жаңжал, уруш, талашы жок.
«Сен кушчу, сен саруу» деп бөлүнүшпөй,
Жашоону улантышты санаасы ток.
Эл башкарган Карабаш, Кызылбаштар,
Эли үчүн өз баштарын кыйып турган.
Өз ара бөөдө кырсык болбосун деп,
Өөрчүтпөй чатак чыкса тыйып турган.
* * *
Азыр болсо астыртан какшык таштап,
«Сен саруу, сен кушчусуң» деп турабыз.
Обулус даараткана шыпыргычын,
«Ошол жактан тура» деп кеп кылабыз.
Шамал жүрүп калса эгер жогор жактан,
Саруу айтат: «Кушчунун шамалы» деп.
Шамал жүрүп калганда төмөн жактан:
Кушчу айтат: «Саруунун шамалы» деп.
Өкмөттүк мансап үчүн далбас уруп,
Өнөр таптык эл ичин эки бөлгөн.
«Бузукулар» аталып, бул жорукту,
Ислам дини дагы чеки көргөн.
Таркаткан бузукулук эл ичине,
Таптакыр кечирилгис күнөө экен.
Териштирип олтурбай сен кимсиң деп,
Тезинен тозогуна түшөт экен…
1993-жыл
МАЗМУНУ
Кыргыз эли
Казакбайда канча өнөр?
Өнөргө бай Казакбай
Жүрө бир иним жаркылдап
Акындан акынга
Казакбай байкеме
Агам Казакбай Абдышевге
К.Абдышевге
О, Казаке!
ТЕРМЕ, АКЫЛ-НАСААТ, ҮГҮТ ЫРЛАРЫ
Накыл кептер
Эй, мусулман баласы
Не пайда
Сезип жүр
Талас жергеси
Саламдашуу
Өткөндү эстеп
Өкүнүчтөр, өксүктөр
Иштеш керек
Жашоодо түркүн адам бар
Эч түгөнбөс жашоо-турмуш сабагы
Эркектердин жактырамын кандайын
Аялдын жакшысы бар, жаманы бар
Арман сөз
Жокчулук
Талас калкына
Досума кат
Биздин эс алуу
Дарыгер
ТӨРТ САПТАР
АЙЫМДАРГА ЫР ДЕСТЕ
АР КЫЛ ЫРЛАР
Абдылда
Агатайым
Ажал огун утурлайбыз
Акын менен аялы
Айымдар ыры
Алган жар
Арактын кезегинде
Арман
Арман экен
Асел апа
Ач көздүктөн алыс болсок
Аялдамада
Аялдардын арманы
Базар-Коргон
Бакыт
Бала бойдон каламын
Баш кошкон эки жашка
Бекмурза
Бийлик, байлык дос болду
Бишкегим
Болсо дагы күнөлүү
Боогачынын арманы
Бүбүгүлдүн булбул үнү
Гүлжанга (Күлжанга
“Далдал” кезитине
Дыйкан
Жакшы аял
Жашоонун ыйман жолун тандайлычы
Жаштыгым кайда?
Жаш шопурдун ыры
Желегиңди көкөлөтө кармагын
Жетемби?
Жумабек
Ишенбеймин
Кайран энем
Казак апама
Казагым
Казак кызы, сагындым карааныңды
Казак-кыргыз—домбуранын кылындай
Камийла—казак кызы
Каличага
Калем сап менен карандаш
Кана куйчу
“Кара далы” ат конуп
Караколдун теректери
Карыган чалга не керек?
Карылык
Кел, жаңы жыл
Кеч күз
Комузчулар
Көппөгүн да, чөкпөгүн
Куран окуп жүрүшсүн
Курмангазы
“Күнөөм” бар бир гана
“Күөөм” эмне
Кыздар деген жакшы экен
Кыргыз журтум, казак калкым
Кыргыздын жигиттери
Кыргыз энем
Мекеним—Кыргызстан
Мухаммед байгамбарым
Небере
О, аялдар!
О, аялзат!
О, жигиттер!
Өзүмчүлдөргө
Өкүнүч
Сагындым
Сайрага
Сары-Өзөн Чүй
Сөөгүңдөн бөлүшкүн
Сулуулар кимдер үчүн жаралышкан?
Сулуулук касиети
Тамара
Такси айдоочунун ыры
Тилин албайм
Тоо жели болуп калбагам
Тоодогу таң
Турсун жеңеме
Туулдум казагымдын даласында
Тынч койолу жайына
Чабан доско
Чалдын өлүмү
Шопурлар
Эдил
Эки жигит
Эрежени өздөштүр
АРНОО САПТАРЫ
Айтматов Чыңгызга
Атамбаев Алмазбекке
Акматалиев Түлөнгө
Алканов Райканга
Абдрасилов Абдрахимге
Абдыкадыров Эмилбекке
Абдыкеримов Үсөнгө
Абдылдаев Туратбекке
Алапаев Ормонбекке
Алыйманов Автандилге
Алымкулов Жекшенге
Алтынга
Арыкбаев Кенжалыга
Атагулов Кенжетайга
Бабанов Өмүрбекке
Бөрүбаев Асылканга
Бөрүбаев Алтайга
Гүлмадага (Мадыш)
Давлеталиев Салкынбекке
Жайлообаев Шакирбайга
Жумабеков Сабырбекке
Жумашев Чкалга
Жошыбаев Сейтханга
Ибраев Бообекке
Исаев Кеңешбекке
Исаков Абдыкасыга
Ишимов Алисултан
Кан кудам Топчукеге
Касымбеков Төлөгөнгө
Качкыналиев Батырбекке
Каухар жеңеме (Кебер)
Кадыркулов Кушанга
Качибеков Кушубекке
Кубат бий
Керимкулова Светланага
Курманалиев Жуматайга
Курманалиева Койсунга
Кутуналиев Кушубакка
Мамбетов Базарбайга
Медетов Жакыпка
Молдобаев Аскарбекке
Мунасип кудагыйыма
Нагаев Равилге
Нарбеков Оморбайга
Нусубалиев Асылбекке
Орозалиева Клара Мусаевнага
Осмонов Балтабайга
Осмонов Бекмаматка
Отунчиев Зарылбекке
Өмүралиев Арсенге
Өмүралиев Турдубекке
Өмүркулов Исага
Сарногоев Байдылдага
Сарыбаев Төлөгөнгө
Сатыбалдиев Жантөрөгө
Сулайманов Түлөкулга
Султанов Талантка
Сыйданов Кубанычбеке
Табышов Рыскелдиге
Тентиев Жеңишбекке
Тойбаев Мырзабекке
Токтогулов Аманга
Токтомушев Алымга
Токтоналиев Кеңешбекке
Турдумалиев Сазыкбайга
Турсуналиев Сагынга
Түнкатаров Жумабекке
Узакбаев Камчыбекке
Чокморов Сүймөнкулга
Шамбетов Аскарбекке
Шаршенбаева Ырыска
Шерипбеков Анаркулга
Шишбашов Медетке
Элеманов Турдубекке
Эралиев Сүйүнбайга
СУРООЛОР МЕНЕН ЖАЗЫЛГАН АРНОО ЫРЛАРЫ
Айгүл кызыма
“Айчүрөктүн” кыздары
Жусупов Сапарбекке
Замира эжем элүүдө
Камилжан менен Зиядага
Кошокбеков Өмүрбекке
Маткаримов Сулайманга
Мамбеталиева Динарага
Мергенбаева Маяга
Миристемов Ашымга
Молдокерим агабызга
Ниязбек менен Шайырга
Орозалиев Кыдырмага
Орозалиев Кыдырмага
Өмүралиева Арзыканга
Раимкулов Мамбетсадыкка
Рапияга
Рахматулин Ринатка
Токтомамбетов Садатбекке
Токубаев Бектурсунга
Убышев Жумакадырга
Убышев Жумакадырга
Уланга
Урманаев Султанга
Үмөталиев Аманга
Шаршенбаева Уулжанга
Экешев Үсөнгө
БАЛДАРГА БАЗАРЛЫК
Айгүл менен апасы
Дария кызыбызга
Мага деле “машине
Машина “кулап
Неберем Санжар алтыда
Ойнобой калат экемин
Эми ыйлатпайм
Өнөрлүү бала
ПОЭМАЛАР
Айылыма кат
Ислам жана мен
Казак, кыргыз–эгиз бала
Карабаш менен Кызылбаш
|
|
© Абдышев К., 2012
Достарыңызбен бөлісу: |