МУХАММЕД БАЙГАМБАРЫМ
Башынан ата-энеси жерге кетип,
Бала кезден Мухаммед жетим өскөн.
Өжөрлөнө күрөшүп тагдыр менен,
Өз киндигин өзү эле кесип өскөн.
Алла Таала асмандан назар салып,
Акыл-эси тезинен жетик өскөн.
Куюн жүргөн кургакта кербен баштап,
Куйкалаган кум-чөлдү кечип өскөн.
Бүтүн элди ыйманга чакырам деп,
Бүт өмүрүн күрөштө кыйнап өткөн.
Жаш, сулуу аялзатын көрүп калса,
Жалындап жүрөк эти туйлап өткөн.
Бактысына жазылбай эмнегедир,
Баласы жок эркектен, ыйлап өткөн.
Баары бир башын сылап эркелетип,
Байгамбар аялзатын сыйлап өткөн.
Аялдан он үчтү алган Байгамбарым,
Ал сүйгөн Айша аттуу алган жарын.
Антсе дагы анысын эч билгизбей,
Алып жүргөн таарынтпай калгандарын.
Аялдары төрөбөй эркек бала,
Ал жашырып ичине армандарын.
Аялзатын ардактап көзү өткөн,
Алтымыш үч жашында Байгамбарым.
НЕБЕРЕ
Айланайын небере,
Акылың тетик дегеле.
Атакелеп сен турсаң,
Арзый түшөм жөн эле.
Кагылайын небере,
Кабагың жарык дегеле.
Күлүп койсоң жаркылдап,
Күч-кубат берет денеме.
Секетиң болом небере,
Сезимталсың дегеле,
Сапарда алыс жүргөндө,
Сагынганым сен эле.
Курманың болом небере,
Кудуңдайсың дегеле.
Кусадар болуп турганда,
Кубантарым сен эле.
Ардагы болуп жүрө бер,
Атаң менен энеңе.
Ээрчий келсин артыңдан,
Экинчи дагы небере.
О, АЯЛДАР!
О, аялдар!
Көңүл бөлүп, кепке кулак түргүлө,
Бул турмуштун жыргалын да билгиле.
Кызыл-тазыл кымкап көйнөк кийгиле.
Колуңарга алтын шакек тагынып,
Кулагыңа акак сөйкө илгиле.
О, аялдар!
Калган кезде биз жүз жашка жакындап,
Кадыр-барктуу көргө көөмп салгыла.
Андан кийин жесир болуп калгыла.
Анча тартпай жалгыздыктын азабын,
Артыбыздан кошо ээрчий баргыла.
О, аялдар!
Ага чейин аман-эсен жүргүлө,
Анан дагы аман болсун үй-бүлө.
Акыйлашпай эриңерди сүйгүлө.
Ошондо да ырдап жаткан акынды,
Оюңарга кошо ала жүргүлө.
О, АЯЛЗАТ!
О, аялзат, токтоп турчу мүнөткө,
Оңдонуп тур, тартып алам сүрөткө.
Ортобузга сезим берген табият,
Ойдон чыкпай, жүрө бергин жүрөктө.
Ой бөлүшчү, кулак түрүп тыңдайын.
Ой-кыялды башка жакка бурбайын.
Обон кошуп, өзүңө арнап ыр жазып,
Оболото комуз менен ырдайын.
Айымдарга арнап жазган ырларым,
Айтып берет анын ички сырларын.
Аялзаттан алып турган ырахат,
Алмаштырбайт башка турмуш жыргалын.
Жакшылыкта, жамандыкта күйгөн сен,
Жалындатып кумар отун үйгөн сен.
Жан-дүйнөмө кубат берген, күч берген,
Жашоодогу көзгө басар дүйнөм сен!
О, ЖИГИТТЕР!
О, жигиттер, кең бололу,
Оорулууга эм бололу.
Эгер түшсө кыйынчылык,
Элибизге бел бололу.
Жармачтарга дем бололу,
Жан сергиткен жел бололу.
Калкын жоодон сактап келген,
Кан Манастай эр бололу.
Түсү алтын кен бололу,
Түшүм берген жер бололу.
Бардык жактан өнүп-өскөн,
Башка элге тең бололу.
Арстандай шер бололу,
Алган жарга тең бололу.
Тоготпогон тоскоолдукту,
Тоодон түшкөн сел бололу.
Көлкүп жаткан көл бололу,
Көбүктөнбөй мөл бололу.
Көңүлдү ачкан басканыңда,
Көгүш-жашаң төр бололу.
Үй-бүлөгө кол бололу,
Үшүгөнгө тон бололу.
Бөтөндөргө кешик арткан,
Бөксө болбой мол бололу.
Кедеңдебей чоң бололу,
Кежирленбей оң бололу.
Багыт берген адашканга,
Баса турган жол бололу.
Жарык чачкан таң бололу,
Жабык жүрбөй шар бололу.
Опол тоодой бийик турган,
О, жигиттер, бар бололу!
ӨЗҮМЧҮЛДӨРГӨ
Эгерим тик карабай чоңдун көзүн,
Эшикке жылып чыгып арты менен.
Ошол да бир тирилик көрүп жатыр,
Опоңой олжо кылган «даңкы» менен.
«Азамат» атка конот дагы бирөө,
Анткени андайлардын алкы кенен.
Акырын эл байлыгын кемирип жеп,
Ал жашайт «алыш-бериш» салты менен.
Бирөө бар акылы пас, билими чак,
Бүтүндү чаташтырып жарты менен.
Баары бир кур кыйкырып эл башкарат,
Баркы бар байкесинин арты менен.
Жамандап дагы бирөө башкаларды,
Жагынат чоңдоруна калпы менен.
Керт башы аман турса болгону да,
Кенедей иши болбойт жалпы менен.
Жамандык-жакшылыкта алыстабай,
Жакшы адам бирге болот калкы менен.
Иликтеп ал-жагдайды таразага,
Иш кылат эл-журтунун шарты менен.
ӨКҮНҮЧ
Те бир кезде тартуулагам жалпыга,
Ырларымдын бирин-серин тамчысын.
Мен тууралуу жылуу сөздөр айтыла—
Элим күткөн талантымдын артышын.
Көр тирликтин тузагына байланып,
Өтүп кетти өмүрүмдүн жартысы.
Курсак тойсо көңүл ага жайланып,
Ыр жазылбай, элге болдум калпычы.
Улам күчөп, чып-чып этип жонума,
Сүрөө берет намысымдын камчысы.
Киришейин калем алып колума,
Тек кетпесин өмүрүмдүн аркысы.
САГЫНДЫМ
Чүкө атып, чикит чаап, чакан ойноп,
Сагындым бала чагым өткөн жерди.
Арпа-Тектир кырынан ай көрүнүп,
Сагындым айыл кызын өпкөн жерди.
Туптунук мөлтүрөгөн тоо суусунан,
Сагындым жата калып жутканымды.
Ок-Жетпестин бетинен отун алып,
Сагындым улар үнүн укканымды.
Ак чөлмөктү ыргытып, издеп таппай,
Сагындым ай шоолалуу айыл түнүн.
Кубалашып кур таштоо оюнунда,
Сагындым кыз-келиндин шайыр үнүн.
Балдар болуп жумуштан качып барып,
Сагындым тоо суусуна түшкөнүмдү.
Мөңгүдөн агып келген муздак сууга,
Сагындым чабак уруп сүзгөнүмдү.
Окууну улантмакка Фрунзеге,
Эстеп келем айылдан кеткенимди.
Он жыл окуп, талыкпай билим алган,
Сагындым Көк-Арыктай мектебимди.
Бул кезде карылыкка кадам койгон,
Сагындым Кесексары, Сакимбайды.
Айылымдын элине каалоо-тилек,
Баарыбыз токсон, жүзгө жакындайлы.
САЙРАГА
Жаш кезиңден баш коштуңар,
Бири-бириң жактырып.
Күндөр өттү ынтымактуу,
Күлүп-ойноп каткырып.
Үстү-үстүнө удаалатып,
Үчтү тууп таштадың.
Кийинчерээк күйөөңө,
Кырың сала баштадың.
Ырас, анын түнттүгү бар,
Бир сөз чыкпай оозунан.
Анткен менен жакшы жери,
Ар иш келчү колунан.
Итаяктан айрымасыз,
Идиштериң жуулбай.
Төрдө жатты баш-аламан,
Төшөктөрүң жыйылбай.
Убагында чайкалбастан,
Додо болду кирлериң.
Күйөөңдүн күңкүл сөзүн,
Кулагыңа илбедиң.
Буусу чыгып буркулдаган,
Ысык тамак бербедиң.
Ууртай коюп ичимдиктен,
Ушакташмай эрмегиң.
Сырың билген жек-жааттар,
Калды такыр каттабай.
Жолдош-жоро алыстады,
Босогоңду аттабай.
Өз боюңдан оолактаттың,
Сыйлай албай эриңди.
Акырында таап алды,
Алыстан бир келинди.
Жашап жатат ушул күндө,
Ал экөө татына.
Жаман-жакшы сөз айтышпайт,
Бири-биринин атына.
Качан болсо дасторконго,
Койот түркүн тамагын.
Кез-кезинде өзү сунат,
Бир стакан арагын.
Ар аптада алмаштырат,
Шейшептердин жаңысын.
Анан жакшы билет экен,
Төшөктүн да маңызын.
Накыл кеп бар: «Жакшы катын,
Жаман эрди эр кылат.
Жаман катын тили сайрап,
Жакшы эрди жер кылат».
САРЫ-ӨЗӨН ЧҮЙ
Кылымдап чокуларын мөңгү баскан,
Кыргыздын кыркалекей тоосу жактан,
Сагынтып Сары-Өзөндүн кең талаасын,
Салаалап сай-коктудан суулар аккан.
Оокаты өтпөй, элинен азып качкан,
Орошон Сары-Өзөндөн бакыт тапкан.
Тиричилик кылгандын жайын билбес,
Тилемчи да кол сунуп жанын бакан.
Арча, кайың, карагай… өсүп-өнгөн,
Аркырап тоонун суусу шашып өрдөн.
Ала-Арча, Аламүдүн, Кегетисин,
Аралап көңүл ачып басып көргөм.
Жабылуу таланттардын көзүн жарган,
Жаштарга илим-билим жолун салган.
Кыргызстан борбору Бишкек шаары,
Кең Чүйдүн ортосунан орун алган.
Келген элем окууга Талас жактан,
Кең Чүйдөн келечектүү убай тапкам.
Бишкектен инженерлик кесип алып,
Билимдүү—көлдүн кызы, жубай тапкам.
Балдарым Чүй жеринде төрөлүштү,
Бактылуу балалыкка бөлөнүштү.
Бардыгы тең жогорку билим алып,
Барк-нарктуу өсүп-өнүп көгөрүштү.
Ата-энеси Чоң-Кемин деген жерден,
А кийин Чүй жерине көчүп келген.
Алдык биз тун келинди—Кенжеканды,
Аныбыз үч небере төрөп берген.
Ак көңүл, ачык колдуу үйдүн куту,
Акак таштай туптунук ичи-тышы.
Алганы кенже уулумдун—Сардарымдын,
Асел да Кең-Булуңдук Чүйдүн кызы.
СӨӨГҮҢДӨН БӨЛҮШКҮН
Адам менен айбандардын айрымасын карасак,
Айбан иттер ыркырашып, сөөктөрдү талашат.
Күркүрөгөн күр дөбөттөр ээлеп алып баарысын,
Күчсүз иттер четке чыгып, үлүрөйө карашат.
Адамдар да байлык десе жакалашат, урушат,
Алдым-жуттум «күр дөбөттөр» байлыктарга тунушат.
Колдорунда бийлиги жок, жармач калган башкасы,
Колун сунуп, көчөлөрдө кайыр сурап турушат.
Алкымыңдан май кылгырып, болушунча жеп-ичтиң,
Ай «Күр дөбөт!», тоюп бүттүң, сөөгүңдөн бөлүшкүн.
Алсыз «иттер» кынжыйышат, сенин көзүң карашып,
Ачка калбай, алар деле өз күндөрүн көрүшсүн!
2000-жыл
СУЛУУЛАР КИМДЕР ҮЧҮН ЖАРАЛЫШКАН?
Биз кимбиз жаманбызбы, жакшыбызбы,
Билимдүү же бир жүргөн бакшыбызбы?
Баарыбыз бала кезден үмүт кылып,
Байлайбыз сулууларга бактыбызды
Сулуу аз жетет алар кимибизге,
Жар болот бактыбыз бар бирибизге.
Калгандар буйруганды үйгө кийрип,
Сулуулар жашап калат дилибизде.
Сулууга кимдер даап баралышкан,
Сулуулар кимдер үчүн жаралышкан?
Суусатып, бирок суусун кандырбаган,
Сулуулар миңдер үчүн жаралышкан!
СУЛУУЛУК КАСИЕТИ
(аялыма)
Каректерим сулууларга урунса,
Кабак бүркөп, бузулат да ырайың.
Кантип эле күнөө болсун койсоңчу,
Карап коюу сулуу аял чырайын.
Көп эркектин сага түшөт көздөрү,
Көчө менен биз басканда жанаша.
Менин ага такыр ичим ачышпайт,
Мейли эмне экен, карай берсин караса.
Чай көрүнгөн тунук аппак тамактан,
Сулуулукту суктансын деп жараткан.
Касиети сулуулуктун ушунда,
Карабайын десең дагы караткан.
ТАМАРА
(медсестра)
Билбеймин өмүр баянын,
Билбеймин ата-энесин.
Бир-эки сап ыр жаздым,
Бир көрүп туруп элесин.
Өзгөгө теңеп карасак,
Өмүрү кымбат адамдын.
Ажалдын колун кишендейт,
Дарыгери замандын.
Дарыгер керек душманга,
Дарыгер керек тууганга.
Даай албайт ажалың,
Дарыгер жанда турганда.
Билбедим укол салганча,
Колуңдун жеңил экенин.
Оюма келди: «Кыйналбай,
Бул кыздан качып кетейин».
Айла жок уялганымдан,
Тосуп бердим колумду.
Спирт менен тазалап,
Ийне саяр орунду.
Назик, жумшак сол колуң,
Акырын басып билекти.
Тамырын таптың бат эле,
Тартканымча илепти.
«Ооруган жокпу, агай?» деп,
Жылмайып мени карадың.
Ошондо гана байкадым,
Ойноок көз, нурдуу жамалың.
Күсөчү болдум күндө эле,
Тамара качан келет деп.
Дарыгер кызым колунан,
Дарысын качан берет деп.
Адептүү сылык жүргөнүң,
Артыла берсин билгениң.
Дарылардын дарысы—
Даамдуу назик күлгөнүң.
Дарыгер кызым аман бол,
Дайыма эстеп жүрөйүн.
Койбосо болду кор кылып,
Койнуңда жаткан түгөйүң.
Тамара бизди баккан кыз,
Тамырды таамай тапкан кыз.
Ак маңдай жүзү ажарлуу,
Агайына жаккан кыз.
Өз ишин билген жакшы кыз,
Өхөлөп кетсе шаштыбыз.
Уколун салып жупжумшак,
Умачтай көздү аччу кыз.
Тилейбиз анын бактысын,
Тилегиң артсын ак кызым.
Жүдөгөн оору болсом да,
Жүрөктүн берем жартысын.
ТАКСИ АЙДООЧУНУН ЫРЫ
Такси айдоону оңой дешет,
Такыр андай эмес да.
Тамшанышат көрө албастар,
Табышат деп көп акча.
Күн айдайсың, түн айдайсың,
«Күлүгүңдү» камчылап.
Уңкул-чуңкул жаман жолдо,
Бүткөн боюң жанчылат.
Карап турсаң ар ким түшөт,
Карысы бар, жашы бар.
Аял түшөт, эркек түшөт,
Арасында масы бар.
Бир сом үчүн биз байкушту,
Бирде кетет мууздап.
Келатканы артыңдагы,
Кээде жипке муунтат…
Машинаңа түшкөндөр бар,
Марал сындуу кыз-келин.
«Болк» дей түшөт көргөнүңдө,
Бойонушкан жүздөрүн.
Бүлүндүрөт делебеңди,
Буруксуган кыз жыты.
Ээрчип арттан караттырат,
Элик сындуу түз буту.
Катын-калач көргөнүңдө,
Кармай албай эркиңи.
Көмөлөнүп калып жүрбө,
Көөнүң ээрчип селкини.
Аял жандуу эркек адам,
Иштей албайт таксиде.
Сезимиңди дүүлүктүрүп,
Селкилерди ээрчибе.
ТИЛИН АЛБАЙМ
Аялым стандартка салам деди,
А бирок мен болбодум жаман жери.
Өзгөлөрдүн көрсөтмө буйругусуз,
Өз алдынча жашайбы адам деги?
Аялым түз жол менен жүргүн деди,
Мен күлсөм мени туурап күлгүн деди.
Өзүмдөн алыстабай бирге болуп,
Өзгөнү көзүң менен «сүйгүн» деди.
Аялым бир калыпка салмай болду,
«Алтыным» деп кез-кезде алдай койду.
Каалаган жолу менен кадам таштап,
Казакең анын тилин албай койду.
ТОО ЖЕЛИ БОЛУП КАЛБАГАМ
Ак мөңгүлүү тоо жактан,
Агылып жумшак жел келет.
Айтышкан өңдүү сырларын,
Акырын дарак термелет.
Токтолуп калбай тынымга,
Тоо суусу сайда күү чалат.
Жаткансып издеп түгөйүн,
Жакындан бир куш үн салат.
Балалык калып алыста,
Бакытын таап издеген.
Бадалдуу бактын түбүндө,
Бир жигит турат кыз менен.
Көптөн бери таанышып,
Көрсө да кызды күнүгө.
Жүрөгү даабайт негедир,
Жүзүнөн кызды сүйүүгө.
А бирок ойноок тоо жели,
Аймалайт кызды өзүнчө.
Таандык өңдүү ошого,
Тартынбайт жигит көзүнчө.
Кыймылсыз турат жаш жигит,
Кыз колун эбак кармаган.
Ичинен ойлойт: «Эмне үчүн,
Маңкайган аппак кыз жүзүн,
Аймалап эркин өпкөндөй,
Тоо жели болуп калбагам?»
ТООДОГУ ТАҢ
Толкундап туруп ырдадым,
Тоодогу таңдын жыргалын.
Серүүн жел бетти аймалап,
Сезимдин чертет кылдарын.
Түндүгү түндүн түрүлбөй,
Нуруна таңдын киринбей,
Талыкшып тоолор үргүлөйт,
Ою да, кыры билинбей.
Шоокумга тунуп айлана,
Тоо суусу ырдайт бир гана.
Токтобой созгон обону,
Тоо койнуна сырдана.
Асмандын жээги агарып,
Аз-аздан шоола таратып.
Ачылып дүйнө кабагы,
Аңгыча калды таң атып.
Таң шооласы асмандан,
Жылдыздарды айдады.
Жабыркап күндүн нурунан,
Жарыгын чачпайт Ай дагы.
Койлорун айдайт жайытка,
Койчуман абам шашылып.
Жайылып оттойт салкында,
Жылдыздай болуп чачылып.
ТУРСУН ЖЕҢЕМЕ
Жашоодо бала кымбат, бала дары,
Жаныңа өтүп кетти бала зары.
Жалынсаң да миң ирет жаратканга,
Жалгыз перзент бергенге жарабады.
Бакшы, эмчи-домчуга түшүп көрдүң,
Баары бир согончогуң канабады.
Жарым жандуу агамды салып алып,
Жалгыз тартып келесиң арабаны.
Эмессиң такыр эле колуң куру,
Төрөбайдай тутунган балаң туру.
Бактыярдай небере төрөп берген,
Келинибиз Айнура—айдын нуру.
Бир кезде бир балаңдай колуңда өскөн,
Биякта «Молдо бала» кайниң туру.
Балалуу болбодум деп кайгырбагын,
Бактылуусуң, о жеңе, сөздүн чыны.
ТУУЛДУМ КАЗАГЫМДЫН ДАЛАСЫНДА
Туура келип тагдырдын бир буйругу,
Туулдум казагымдын даласында.
Наристе бала кезим өткөн экен,
Нагашым1 казактардын арасында.
Мектептин босогосун аттап кирип,
Мен өстүм кичи мекен—Таласымда.
Беш жыл окуп жогорку билим алдым,
Фрунзе (Бишкек) борбор калаасында.
Артынып аркалаган өнөрү көп,
Абдыштын Казакбайдай баласында.
Казактын касиеттүү кең даласы,
Казакеңдин сакталуу санаасында.
Жүлжүйтүп бир жак көзүм ачып көрсөм,
Жүргөнсүйм Ала-Тоонун арасында.
Экинчисин ачканда баскансыймын,
Ээн жаткан казактын даласында.
31.12.2010
ТЫНЧ КОЙОЛУ ЖАЙЫНА
Өзүбүздүн кемчиликти жашырып,
Өлгөндөргө бүт күнөөнү жабабыз.
Өлдү–көмдүк, эми аны жамандап,
Биз ошодон эмне пайда табабыз?
Өтүп кетти Алла Таала колуна,
Өзү берет эми анын жазасын.
Өз иши да, баш оорутуп не керек,
Иргеп алуу күнөлүүсүн, тазасын.
Өлгөн өлдү, кете берсин көрүнө,
Балким чыгар бейишинин төрүнө.
Балким түшөр, эгер болсо жазыгы,
Тозогунун кан кайнаган көлүнө.
Өз алдынча тагдыры бар буйруган,
Өлгөндөргө койгон болбойт күнөөнү.
Андан көрө ар бир күндү кадырлап,
Тирүүлүктүн кымбаттыгын билели.
ЧАБАН ДОСКО
Онду бүтүп, кой артынан сен кеттиң,
Окуймун деп Фрунзеге1 мен кеттим.
Ар бир койду байлап бактың семиздеп,
Ар жыл сайын алар төлдөйт эгиздеп.
Койлоруңду өз кол менен куудурдуң,
Көп балдарды аялыңа туудурдуң.
Өзүң болдуң соцэмгектин Баатыры,
Өмүр жарың—Энелердин Баатыры.
Жатасыңар элдин малын көбөйтүп,
Жатасыңар элдин санын көбөйтүп.
Менин жарым төрөп берди экини,
Андан кийин бала орду бекиди.
Бекиди эмес, бууп салды каналын,
Урук жетпей уясына баланын…
Баккан малың жалкы козу туубасын,
Алган жарың бала ордун буубасын.
ЧАЛДЫН ӨЛҮМҮ
Чал жатат, өтө кары жүзгө чыккан,
Жалгыз үйдө салынган төшөгүндө.
Туралбайт, кесел аны чалып жыккан,
Жөтөлүп койот күрс-күрс кезегинде.
Чалкасынан бир жатса оодарылбайт,
Жамбашын аз да болсо эс алдырып.
Эрте өлсөм дейт, бирок да жан кыйылбайт,
Тиктей берет шып жакты көз талдырып.
Катын-калач тургузуп, башын жөлөп,
Кашык менен ууртатып ашын берет.
Көтөрүп аны даарат ушатканы,
Көңүлү жок эркектер басып келет.
Уялып дал ушинтип жашагандан,
Уу коргошун ичти да, өлүп калды.
Ушуну өлтүргөндөр өздөрү деп,
Уругу ушак-айың кепке калды.
ШОПУРЛАР
Шуулдаган бир калк бар шопур деген,
Тыңдап тур айтып берем таржымалын.
Чымын-куюн жүрүшөт таңдан кечке,
Чимирилтип дөңгөлөк–«аргымагын».
Үйүнөн эрте кетип, кеч кайтышат,
Бирде ач, бирде ток жолдо болуп.
Ач болгондо аймап жейт кургак нанын,
Рулдун дөңгөлөгү колдо болуп.
Бүткөн бою талыкшып узак жолдо,
Бүрүшүп кабинада уктап алат.
«Окустап» машинасы сынып калса,
Ошо бойдон ал байкуш жолдо калат.
Жүрмөйдөн жүктү күтүп турмайы көп,
Айласыз чылымына күчү чыгып.
Кетирген убакытты кайрыганга,
Кеч болсо да кан жолго түнү чыгып.
Кайткан жолдо салганга жүк табылбай,
Кечигишет, рейсте кармалышат.
Жулуңдаган шопурлар аял жандуу,
Жүгү туруп, «жупкеге» арбалышат.
Шопурлардын ишинин сырын билбей,
Бардыгын баштан аяк шылуун дейбиз.
Ошолор ташып берген аракты ичип,
Ошолор ташып берген нанды жейбиз.
ЭДИЛ
Эдил деген бирөө бар,
Кийинип жүрөт зыңкыйып.
Сырын сыртка чыгарбай,
Көп сүйлөбөйт зымпыйып.
Бир көргөн киши мыкты дейт,
Карап тышкы көркүнө.
Бирок маалим эмеспи—
«Кыздын сыры төркүнгө».
Өндүрүшкө жолобой,
Өйдө жакка кол создуң.
Институтту бүттүң да,
Министрликке орноштуң.
Элдир-селдир күн көрүп,
Эптеп айлык аласың.
Ээлеп алдың мекендеп,
Эт менен челдин арасын.
Демилге деген сенде жок,
Кыбыраган бир жансың.
Көөпай адам экениңди,
Көргөндөрдөн ким тансын?
Канча жолу айтышты,
Өндүрүшкө барбадың.
Отура берип бир жерге,
Геморрой болуп калбагын.
ЭКИ ЖИГИТ
Бар эле бир айылда эки жигит,
Башынан мүнөздөрү келишпеген.
Акылбек—акылы бар, намысы бар,
Оңолбек—оңой жерден жем издеген.
Акылбек Оңолбектин бетине айтып,
«А-а» дегенге оозун ачырчу эмес.
Өзгөлөрдүн катасын көрө калбай,
Өзүнүн да жаманын жашырчу эмес.
Акылбектин жашоодо кемчилиги—
Аялы арак ичет арбак уруп.
Тууп берген балдарын кыя албай,
Тутантып келе берет турмуш куруп.
Бир күнү эле Оңолбек Акылбекке,
Сөз катты тайманбастан көзүн карап:
–Тез барып, катыныңды куткарып кал,
Жолбун ит жаткан эле «этин» жалап.
Чын болду Оңолбектин айткан сөзү,
Ичип алган аялы түзгө барган.
Ошо бойдон турууга алы келбей,
Абийирин жаппастан уктап калган.
Өзүнүн көргөнүнө өзү ишенбей,
Акылбек терс айланып көзүн жумду.
Ошол замат үйүнө барды дагы,
Жипке асылып, муунуп өлүп тынды.
ЭРЕЖЕНИ ӨЗДӨШТҮР
Жол жүрүү эрежеден жаңылышат,
Жолдо болгон кырсыкка кабылышат.
Катуу кетип бараткан машиналар,
Карса-күрс бир-бирине кагылышат.
Ажал таап эрлери жол кырсыктан,
Аялдар кара жоолук салынышат.
Баштагыдай ата жок эркелеткен,
Балдары куса болуп сагынышат.
Айрымдар жол кырсыктан жарат алат,
Арданат мунжу болгон өзүн карап.
Жан таттуу, кыя албайсың өз жаныңды,
Жашай бермей бирөөнүн көзүн карап.
Өмүрдү кыска кылып ченебесин,
Өздөштүр жолдо жүрүү эрежесин.
Өз күнөөңдөн атасы каза тапса,
Өмүр бою балага бересесиң.
АРНОО САПТАРЫ
АЙТМАТОВ ЧЫҢГЫЗГА
Согуштан кайткан жигитти,
Сонуркай жандап баскан ким?
Үйүлгөн саман түбүндө,
Үйүнө барбай жаткан ким?
Чынжырын үзүп эскинин,
Чын сүйүүсүн тапкан ким?
Баштагы эрин калтырып,
Башка менен качкан ким?
Качырып ийип жеңесин,
Көзүнөн жашы аккан ким?
Жалындуу сүйүү баяны,
«Жамийланы» жазган ким?
Бул повестти жазам деп,
Өз бактысын ачкан ким?
Түркүн чыккан китебин,
Дүйнө эли окуп жаткан ким?
Айтпаса деле белгилүү—
Ал Айтматов Чыңгыз да.
Талаша турган киши жок,
Таластан чыккан кыргыз да.
Чыңгыз кетти кыдырып,
Чыгыш менен Батышты.
Орусу да, кыргызы,
Ондогон мактоо жазышты.
Интервью алмакка,
Кезитчилер шашышты.
Изилдеп чыгармаларын,
Илимий эмгек жазышты.
Жазмасынан Чыңгыздын,
Жаңылыктар ачышты.
Толуп жаткан адамдар,
Доктор болуп жатышты.
Китептерди ал жазган,
Кино кылып тартышты.
Анын жазган китебин,
Арбын-арбын сан менен,
Ар кайсы тилде басышты.
Дүйнөлүк форум, жыйынга,
Чыкем барып катышты.
Күн жаагандай куюлтуп,
Гүл дестелер чачышты.
Алып жатты көптөгөн,
Сыйлык менен алкышты.
Акырында Баатыр деп,
Алтын медаль тагышты.
“Кыргызбай” жөн жүрчүбү,
Кыйын болуп кетти деп,
Кыртыйып ичи ачышты.
Кылгылыкты кылсак деп,
Кычышкан жерин кашышты.
Чыдамы жетпей акыры,
Чыңгызга «согуш» ачышты.
Кылычын сууруп кыргызга,
Кыргыздын наамын сатышты.
Колдорунда жарак жок,
Көздөрү менен атышты.
Тайгак болсун жолу деп,
Табактап майдан чачышты.
Сыйыртмак салып мойнуна,
Сыртынан «дарга» асышты.
Ажосу деп коктунун,
«Асабага» басышты.
Абайлабай түшсүн деп,
Алдына аңгек казышты.
Казыпсың мага аңгек деп,
Кандекти пил какпады.
Казылган ошол аңгекке,
Пилдин өзүн мындай кой,
Бир эле буту батпады.
Пилдин коркуп сүрүнөн,
Жашынам деп аңгекке,
Өз боюн кандек таштады.
Пил болсо аны байкабай,
Таптаза кылып тегиздеп,
Таманы менен таптады.
Андан ары кебелбей,
Акырын басып пил кетти.
Аңдап билип турасың,
Айтылып жаткан бул кепти.
Үргөнүн сезбей кандектин,
Чыңгыздын ошол пилдиги.
Мансабың менен иши жок,
Жазуучулук тирлиги.
Ар кандайлар жаралат,
Акылманбы, жиндиби.
Эли менен бааланат,
Эр жигиттин кимдиги?
Келип-кетип жүрөр да,
Кең Талас деген жер экен,
Кесилген анын киндиги.
Чет элде жүргөн Чыкемдин,
Кыргыздагы үйүнүн,
Түрүлөр бир күн түндүгү.
2000-жыл
Достарыңызбен бөлісу: |