Казакбай Абдышев Ыр дүйнө



бет11/16
Дата04.07.2016
өлшемі1.47 Mb.
#177386
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   16

КУРМАНАЛИЕВА КОЙСУНГА
Адамдарга келатамын баа берип,

Арасынан жакшыларын иргеймин.

Аралашып жүрбөгөндүк, себептен

Анча сенин таржымалың билбеймин.


Адал жүрүп, акыйкатты карманган,

Адамдардын бардыгына бирдеймин.

Кулкуму чоң, алдым –жуттум шумпайды,

Куп келтире таластыкча тилдеймин.


Үстүртөтөн далили жок айтылган,

Ушактарга кулагымды түрбөймүн.

Жалпы элдин мүлкүнө кол салганга,

Жаалдана катуу айтып сүйлөймүн.


Туусун кармап, талас элин башкаруу,

Туура келди, Койсун сенин бактыңа.

Жаман-жуман ушактарга кабылбай,

Жакшы сөздөр калтырып кет артыңа.


Эл журтуңдун байлыгына малынып,

Эч убакта майланбайсың бармагың.

Байы дебей, кедей дебей, адилет

Бардыгына тийип жүрсүн жардамың.


Талас деген касиеттүү жерим бар,

Тайманбаган эр көкүрөк элим бар.

Таалайына эл-журтунун жаралган,

Татынакай Койсун аттуу келин бар.


Көрбөсө да талас кызы Койсунду,

Көңүлүнө түйүп жүргөн адам бар.

Аялзатын ардактаган, сыйлаган,

Абдыш уулу Казакбайдай агаң бар.


21.03.2012

КУТУНАЛИЕВ КУШУБАККА

Алгачы арип тааныткан,

Агайым болот Кушубак.

Эчен жыл артта калса да,

Эсимден кетпейт ошо убак.
Жаңы эле келген аскерден,

Солдаттык форма кийгени.

Көнүгүү жасап күнүгө,

Тың эле басып жүргөнү.


Китеп-дептер таратып,

Айтканы турат эсимде:

«Жакшы окуп, сулуу жазгыла»--

Агайдын ушул айтканы,

Жат болуп калды сезимде.
«Жакшы оку» деген эки сөз,

Өмүрү ойдон кетпеген.

Онунчуну бүткөнчө,

Бааларды алдым «беш» деген.

Кыңырылбай активдүү,

Кызматын өтөп өкмөткө.

Катырылган айбанат,

Музейин ачты мектепке.


Ары-бери буйтабай,

Ачыгын айтып сүйлөдү.

Айылдын кызы сепкилдүү,

Акинай болду сүйгөнү.


Агайым менен жеңебиз,

Он балалуу болушту.

Алар да жашайт бактылуу,

Ар кими таап конушту.


Жашап өткөн жолунда,

Жасаган жок куйтулук.

Башка бир арам жол менен,

Байлыкка батпай туйтунуп.


Жаткан жериң жай болуп,

Торко болсун турпагаң.

Үлгүлүү сенин жашооңдон,

Үлгү алсын артта урпагаң.


2011-жыл

МАМБЕТОВ БАЗАРБАЙГА
«Таалайды тагдыр деген тандап бербейт,

Тагдырга жазылбаса жандап келбейт.

Катуу башты дубалга урган менен,

Каалагандай адамга мансап келбейт.


Жашоонун оош-кыйыш шарты болот,

Жигитке баасын берген калкы болот.

Ээлеп турган кызматын так аткарса,

Элине ал жигиттин баркы болот.


Базарбай, мүнөзүң бар шартылдаган,

Башты сайып ажалдан тартынбаган.

Бакылдап таластыкча койгон менен,

Башкалардын көңүлүн калтырбаган».


13.03.1998

Бул ырды жазганымда элүүдө элең,

Калыбыңдан жазылбай келатасың.

Мухаммед1 жашап өткөн жашка келип,

Буйруган тамагыңды жеп атасың.
Түз бараткан жолуңдан бурулбадың,

Түк дагы жаман ишке урунбадың.

Жакшы иштеп, тапшырманы так аткарып,

Жан үрөп мансаптыкка жулунбадың.


Бала кыял байкеңе көп өнөрлүү,

Базарбай, көз кырыңды салып жүрчү.

Аяк шилтеп калганда сексен жашка,

Баякеңди сүрөөнгө алып жүрчү!


2011-жыл

МЕДЕТОВ ЖАКЫПКА

Саясатта күчү жок,

Тиштешерге тиши жок.

Мансабың менен иши жок.

Жаза берген китебин,

Жакыптай азыр киши жок.


Медет деген таластык,

Мергенчинин баласы.

Жазуусун жазып жатса да,

Тоо-ташта жүрөт санаасы.


Ок чыгарбай кийикти,

Шыйрагынан кармагын.

Жете албасаң артынан,

Сая түшүп албагын.

Шорубузду катырып,

Кожожаш болуп калбагын.


Сай сагызган этинен,

Жасап алган дарысы.

Татып койсо ошодон,

Күркүрөп жаш жигиттей,

«Күчкө» кирет карысы.
Карылык баса баштаса,

Кайрылып ага турарбыз.

Дарманды күчкө келтирген,

«Дарысынан» сурарбыз.



МОЛДОБАЕВ АСКАРБЕККЕ
Окууну Москвадан бүтүп келди,

Өмүрүн курулушка бүтүн берди.

Кыргыздарга окшобой кыйшактаган,

Кынаптап кыш койгонго дитин берди.


Ал болду курулуштун инженери,

Анын жок курулуштан билбегени.

Акырындап мууздап кебез менен,

Алдында иштегенди тилдебеди.


Жүзүңдөн темгил-чаар мээрим чачып,

Жүрөсүң жаш жигиттей жеңил басып.

Алаамат басса дагы жердин жүзүн,

Аскар сен койбойсуң го де бир шашып.


Башкага көрө элексиң кол тийгизип,

Бардыгын жай сөз менен баш ийдирип.

Илгиртпей турмуш сырын чечип келдиң,

Ишиңде дайым болуп зор ийгилик.


Тамчылап өмүр өтөт барган сайын,

Таланттын деми сууйт карыган сайын.

Жармачтанып калышкан кайыр сурап,

Жазуучу, акындардын билсең жайын.


Жаратылыш ырчылык үндү берген,

Жарың Суусар ырдаса бала күндөн,

Кем эмес, ашса балким ашып түшмөк,

Булбул үн казак кызы Бүбүгүлдөн.


Атаганат, аткарса бир ырымды,

Аяшым шыңгыр күмүш үнү менен.

Тамылжып жатып алып угат элем,

Тажабастан күнү да, түнү менен.


Ырчы болбой, Суусарың апа болду,

Ишиң жүрбөй калганда капа болду.

Сереп салып акырын карап көрсөк,

Сен үчүн сүттөй аппак таза болду.


Бир-бириңди чачыңдан сылагыла.

Бекемдеп ден соолукту чыңагыла.

Бир кылым аша турган чекке чейин,

Биргелешкен өмүрдү улагыла.


2.01.11



МУНАСИП КУДАГЫЙЫМА
Кубулбаган бир сырдуу,

Кудагый жакшы киши эле.

Тууганга да, душманга,

Мүнөзү жумшак түз эле.


Берекеси чачылып,

Берешен колу бар эле.

Кор болуп калган адамга,

Боорун тарткан жан эле.


Аман жүрсүн кудагыйдын,

Артындагы балдары.

Ар кимисин колдоп жүрсүн,

А кишинин арбагы.


Жаткан жери жай болсун,

Топурагы май болсун.

Керимкулдун урпактары,

Кедей болбой бай болсун.



НАГАЕВ РАВИЛГЕ

(татар досум)

Жалаң бешке институтту бүтсөң да,

Жакшы турмуш үмүт менен күтсөң да,

Жарым курсак өтүп келди өмүрүң,

Жанталаша жан алекет түшсөң да.
Жарыбаган айлык алып жашадың,

Жаалданган аялыңдан тажадың.

Тамталаңдап канча аракет кылсаң да,

Тамак толо кайнабады казаның.


Ойлоп жүрдүң акча табуу айласын—

Ой, оңбогур, акча деги кайдасың?

Бир тууганың Шамиль иниң экөөң,

Биргелешип көрдүң аары пайдасын.


Оголе мол бал чогултуп жаттыңар,

Омскиге алып барып саттыңар.

Адегенде баатырсынып жүрдүңөр,

Акча менен ачылгансып бактыңар.


Акча деле бакыт алып келбеди,

Акылыңа акыл кошуп бербеди.

Аялың да ишин таштап, үйүңдө

Арак ичүү болду жалгыз эрмеги.


Ал ошентип алкоголго айланды,

Арагына чынжыр менен байланды.

Ашык ичип, аз убакыт ичинде,

Ажал келип, аялыңдан жанды алды.


Же тирүүсү, же өлүүсү билинбей,

Жалгыз балаң түбү менен жок болду.

Кызың тийип, алкоголик жигитке,

Бирди төрөп, ошо менен токтолду.


Сен түшүнүп бул жашоонун катасын,

Алып коюп, Шри Чинмой батасын.

Аялың жок, арак ичпей, эт жебей,

Жалгыздыкта жыргап жашап жатасың.

Баштагыдай ачытпайсың мээңди,

Калың элдин кажылдаган чуусуна.

Жазда, жайда, күздө жана кышында,

Чөмүлөсүң Аламүдүн суусуна…


27.01.2011


НАРБЕКОВ ОМОРБАЙГА

(70 жашта)
Энесайдан элин келген көчүрүп,

Манас неге Талас жерин тандаган?-

Аскар тоолор тегерете чеп болуп,

Ажайып бир жер экенин аңдаган.


Кыштын күнү күңгөйүндө кыштаса,

Жай келгенде тескей жагын жайлаган.

Төрлөрүнө тулаң чөптүү, арча жыт,

Төрт түлүктүү малы батпай жайнаган.


Өткөн кылым, он алтынчы жылында,

Кыргыз эли турган жардын кырында,

Кадик акыл даанышмандар кеңешип,

Качырбаган таластыктын бирин да.


Сөз баштасак айкөл баатыр Манастан,

Нечен-нечен эрлер чыккан Таластан.

Канжыгага байлап коюп баштарын,

Эл-жеринин эркиндигин талашкан.


Талас жери таланттардын ордосу,

Башканы кой, айтып өтсөм Чыңгызды.

Чыңгыз ага төрөлбөсө Таластан,

Башка дүйнө билет беле кыргызды?

Талас жерин байкоо салып карасаң,

Бешигиндей алп мүчөлүү адамдын.

Батыш жагы казак чектеш Маймагы,

Тууган жери Оморбайдай жарандын.


Чыңгыз менен ага-инидей жүргөнсүң,

Акыл кепке кулагыңды түргөнсүң.

Айткандарын көңүлүңө сиңирип,

Турмуш сырын тереңдетип билгенсиң.


Адам затка өтө кымбат ден соолук,

Аны, Омоке, бала кезден түшүндүң.

Даба болуп,оорулууга, кеселге,

Дарыгерлик окуу жайын бүтүрдүң.


Түшүн жоруп, саясаттан билимдүү,

Түшүнбөпмүн сага окшогон инимди.

Акыйкат деп аянбастан кармашып,

Анык көк жал экендигиң билинди.


Менде жок да чалпоо аттай жулунуу,

Жай баракат баскан, жүрүм-туруму.

Көп өнөрдүн кармап жүргөн тизгинин,

Мен да болом Таласымдын кулуну.


Жетимишке чыкканыңа ишенбейм,

Кырк жаштагы жигит сындуу турушуң.

Бир кылымдык тоюңдагы шарапка,

Малынса дейм менин дагы мурутум.


17.12.2011


НУСУБАЛИЕВ АСЫЛБЕККЕ
Акылы аз, көр пенде,

Ар түркүн болот адамдар.

Тоогун ыраа көрбөгөн,

Толуп жатат сараңдар.

Ал эми,

Атына заты жарашкан,

Асылбек аттуу агам бар.

Ай болуп толук көрүнгөн,

Асыке, сенин,

Айбек аттуу балаң бар.


Сасык-Булак аталган,

Асыкемдин айылы.

Кызыл тору, нур жүздүү,

Шербет анын зайыбы.

Сегиз бала төрөгөн,

Шербеттин жалгыз «айыбы».

Тамак-ашка толтура,

Дасторкон дайым жайылуу.


Жаш кезинен ооруга,

Чалдыккан эле Асылбек.

Ойлогонбуз койот деп,

Ошондо эле башын жеп.

Асыкем жашап жатыры,

Сексен жаштын ашын жеп.

Ондогон жылдар мынакей,

Ооруган жок «башым» деп.


Абалтан бери келаткан,

Айтылып жүрөт мындай кеп:

Жакшы адамды кудайым,

Оору-дарт берип сындайт дейт.

Ажалга каршы бек турган,

Адамдарды сыйлайт дейт.

Анан,

Арылтып илдет-дартынан,



Жамандыкка кыйбайт дейт.

Очокто отуң өчүрбөй,

Түтүнүңдү булаткын.

Өзүңө ченеп берилген,

Өмүр жолун уланткын.

Кызыктуу сөздөр төгө бер,

Кычуусу кансын кулактын.

Шербет менен даамын дат,

Бир кылым деген курактын.



25.04.2011

ОРОЗАЛИЕВ КЛАРА МУСАЕВНАГА
Пайдасы жараткандын ушу болду,

Башыбызга бак-таалай кушу конду.

Кенже уулум Сардарымдын келинчеги,

Светлана сиңдиңдин кызы болду.


Кызмат өтөп советтин заманында,

Кынтык жок басып өткөн кадамыңда.

Кезикпей калыптырмын тагдыр буйруп,

Керилген жапжаш курак баралыңда.


Жаштык турат улгайган жамалыңда,

Жакшы аялдар жүрөсүң санагында.

Каласың түбөлүккө тарых болуп,

Казакбайдын ыр жазган барагында.

Клара Мусаевна, колуң кенен,

Үйүңдүн бөлмөлөрү сонун, кенен.

Көл жээгинде салынган там-ташыңдан,

Биз барганда жатканга орун белен.

Ар күнү чүйгүмдөлгөн тамак берип,

Аялыма көрсөтпөй арак берип.

Көп кырдуу чыгармага киришемин,

Көңүлүмдүн жыртыгын жамап келип.


Куурулуп бышырылган форель балык,

Казанга казы-чучук эттен салып.

Казакеңдин көңүлүн көтөрөсүң,

Каадалуу өткөн-кеткен кептен салып.


Көлдүк кыз Керимканга үйлөнгөнмүн,

Көпкөлөң таластыкча сүйлөнгөнмүн.

Көп барып көл тарапка, кайындарга,

Көп турмуш кайрыктарын үйрөнгөнмүн.


Керимкан Кларага сиңди болуп,

Кээде мен арак ичип, “жинди” болуп.

Кыбырап кылым тете жашка жетип,

Кыздарга жүрө бергин үлгү болуп.


5.12.2012

ОСМОНОВ БАЛТАБАЙГА
Ата-энеден жаш калды,

Жетимдик турмуш башталды.

Бирде тойсо курсагы,

Бирде болсо ач калды.


Эжеси чыккан күйөөгө,

Биздин Карой айылга.

Башпааналап эжесин,

Балтабай барчу жайында.


Жапакеч болчу жашынан,

Таанышып алдык бат эле.

Кусалык жок дилинде,

Көңүлү куунак шат эле.


Жылдар жылга алмашты,

Жыңайлак жолду ал басты.

Туруп калбай мөгдүрөп,

Турмуш менен кармашты.


Калтырып айыл-кыштакты,

Шаардан келип кут тапты.

Сары-Өзөн кең Чүйдөн,

Сайра аттуу кыз тапты.


Жашоонун сырын үйрөндүң,

Жакшы кызга үйлөндүң.

Жаалданбай жөнү жок,

Жапакеч болуп сүйлөндүң.


Шыдыр болду жолуңар,

Кенен болду колуңар.

Түркүнүн кийип кийимдин,

Бүтүн болду жонуңар.


Сайранын жайган тасмалын,

Көргөн дагы арманда,

Көрбөгөн да арманда.

Шашылчу элек баарыбыз,

Силердин үйгө барганга.
Түркүн-түркүн тамакты,

Даторконго жайнатты.

Силердин үйдөн жегемин,

Сипсвежий каймакты.

Казандын ичи толтура,

Казы, чучук кайнатты.


Комузумду колго алып,

“Камбаркандан” күү чалдым.

Комуз менен домбурага,

Кошулуп коңур үн салдым.


Казактардын эки кыл,

Домбурасын сайраттым.

Курмангазы күүчүнүн,

“Сары-Аркасын” айдаттым.

Жадымда турат дагы эле,

Жаркыраган элесиң.

Казакбай байкең сагынды,

Качан кайтып келесиң?

Индиялык ырлардан,

Качан ырдап бересиң?





17.10.2011

ОСМОНОВ БЕКМАМАТКА
Бекмамат Осмон уулуна,

Беш ооз ырым арнадым.

Атыңды угам алыстан,

Бирок,


Айлыңа бара албадым.

Учурашып кетмекке,

Жалал-Абад тарапка,

Атайылап баргамын.

Барбайган балбан колуңду,

Келген эле кармагым.

Бирок анте албадым.

Тоскоол болду мунума,

Түркияга кетип калганың.
Ушак-айың кеп уктум,

Укканда да көп уктум.

Осмон уулу Бекмамат,

Орой жигит деп уктум.

Жакпай калган элине,

Жарамсыз жигит деп уктум.

Кары, жетим-жесирге,

Карамсыз жигит деп уктум.

Өзгөнүн сөзүн укпаган,

Өзүмчүл жигит деп уктум.

Адилби, адил эмеспи,

Айтканын гана жасаган,

Өкүм жигит деп уктум.

Чык татырбай элине,

Зыкым жигит деп уктум.

Жек-жаат, урук-тууганга,

Жакын жигит деп уктум.

Анан дагы кызыгы,

Анча-мынча ыр жазган,

Акын жигит деп уктум...


Чуу чыгарып, факты издеп,

Чукулап ой да казышты.

Кезиттерге жазышты.

Келтирип туруп басышты.

Ошолорго ишенип,

Болбогон неме экен деп,

Менин да ичим ачышты.

Ошонун баары калп экен,

Ортого салсак калысты.

Элиңе жагат экенсиң,

Эл депутат кылышып

Өздөрү шайлап алышты.


Курманжан датка, Жеңижок,

Токтогул менен Жоомарттын,

Сыйлапсың бийик арбагын.

Дүңгүрөткөн той берип,

Алардын,

Асаба туусун кармадың.

Өсүп-өнөр жигиттер,

Ошентип,


Өткөндүн сыйлайт арбаган.

Анан дагы айтарым,

Ысырап кылып, эби жок,

Берешен-бейпил элиңди,

Бечара кылып албагын.
Айта турган сөзүм бар,

Акыл салып аңдагын.

Жайсыз жигит өңдөнүп,

Жаман ишке барбагын.

Эрдемсип кетпей жөнү жок,

Элиңдин ойло ал-жайын.

Аралаш жүрүп калк менен,

Ак эмгегиң арнагын.

Арамдыкты ойлобой,

Адилдиктен танбагын.

Өлүү болсо бир чуңкур,

Тирүү болсо бир дөңдө–

Чоролордон тандагын.

Май төгүлүп карындан,

Майланып турсун бармагың.

Маарап козу-улагы,

Малы өссүн чарбанын.

«Кыргыз болуп калдың» деп,

Дунгандар тилдейт балдарын.

Жетиги болуп дыйкандын,

Жер тилип, соко кармагын.

Жегенге витамини көп,

Жемишке толсун чарбагың.

Жарым кылым дагы да,

Жаныңда жүрсүн алганың.

Кыргыздын наамын көтөргөн,

Кыраан чыксын балдарың.
Салкындап оттоп жайылган,

Малы менен төр жакшы.

Каркылдап көркүн чыгарган,

Каз-өрдөктүү көл жакшы.

Экиден козу ээрчиткен,

Эгиздеп тууган төл жакшы.

Кыйналбай казып алганга,

Кыртышта жаткан кен жакшы.

Каттаганга кышкысын,

Кар жатпаган бел жакшы.

Паралап дүйнө жыйбаган,

Башчысы менен эл жакшы.

Белиңди чечпей иштесең,

Бекмамат иним сен жакшы.

Жакшыны мактап ырдаган,

«Жаман» акын мен жакшы.


Жалал-Абад аймагын,

Жайынча дагы басармын.

Бут койорго жери жок,

Бурч-бурчу толсун базардын.

Боркулдап кайнап козу эти,

Буусу чыксын казандын.

Токчулуктун дастанын,

Толуктап дагы жазармын.



Ноябрь-декабрь 1991-жыл

ОТУНЧИЕВ ЗАРЫЛБЕККЕ
Чычалатат айрымдар:

– Чылпактан чыккан кимиң бар?

Башкасын айтпай турайын,

Залкая баскан кебелбей,

Зарылбек деген иним бар.
«Беш» менен онду аяктап,

Политехти бүтүрдү.

Инженерлик кесиптин,

Ийне-жибин түшүндү.


Тагдырына туш келип,

Шарипага үйлөндү.

Бул экөө билишпейт,

Кошомат кылып жүргөндү.


Зарылбектин эрдиги:

Аракты таштап жашында.

Жүзү жарык отурат,

Бүлөсүнүн кашында.


Элдин ичин карасаң,

Бузуку канча адам бар.

Зарылбек менен Шарипа,

Ыйманы таза адамдар.


Саал-паал сөз кылып,

Зарылбекти таштайлы.

Эмики сөздү олуя,

Отунчудан баштайлы.


Биз байкасак сыр турат,

«Отунчу» деген атында.

Отунду үйүп салчу экен,

Суу тумшук болбой катынга.


Буурусунга тиш жасап,

Өгүзгө аны сүйрөткөн.

Жашоонун татаал сырларын,

Жалпы элине үйрөткөн.


От жагып арча көмүрдөн,

Көп буюм жасап темирден.

Эгинди унга айланткан,

Жүргүзгөн экен тегирмен.


Отунчу уулу Ызатбек,

Зарылбектин атасы.

Айтканын угуп Абдыштын,

Ызатбекке баш кошкон,

Сууратай болот апасы.
Аман бол, иним, аман бол,

Аман болсун алганың.

Аман болсун балдарың.

Амандык болсо болгону,

Аласың таап калганын.
24.04.2011
ӨМҮРАЛИЕВ АРСЕНГЕ

(50 жашта)
Айылда бир агабыз,

Артынан түшүп мал багат.

Экинчиси дан багат.

Эмгеги менен нан табат.

Колунан иш келбеген,

Арсен ага өңдөнүп,

Артист болуп жан багат.
Арсен өзү башка адам,

Арамын ичке катпаган.

Башына келген пикирин,

Барс-барс айтып таштаган.

Акыйкат, чындык деп жүрүп,

Айрымдарга жакпаган.

Эмне ишиң бар башкада,

Көбүрөөк сени көрөлү,

Экран менен сахнадан.

Тилегибиз мамындай,

Тийбесин кырсык кымындай.

Орто жашка келдим деп,

От түбүндө жылынбай.

Чыйрак болгун өзүңө,

Чыңалган комуз кылындай.
Өрүк комуз белегим,

Өзүң чертип, ыр ырдай.

Баскан жолуң түз кетсин,

Башка жакка бурулбай.


16.12.1983
ӨМҮРАЛИЕВ ТУРДУБЕККЕ
Өжөрлөнө эмгектенген адамдын,

Өнүп чыгат ташка сепкен үрөнү.

Антип айтып жатканымдын себеби,

Алтын анын жерди казган күрөгү.


Арбын-арбын түшүм берген күзүндө,

Алма багың чарбагыңда сайылып.

Асмандагы чачыраган жылдыздай,

Адыр, түздө малың жүрөт жайылып.


Сен Турдубек, жаралгансың намыска,

Чаалыкпайсың чапкан аттай алыска.

Эч бир тынбай, эрте туруп, кеч жатып,

Эмгегиңден мөөрөй алдың жарышта.


Аман болсун, тең карысын алганың,

Аман жүрсүн артыңдагы балдарың.

Аша чаппай, акыл менен иш кылып,

Арта берсин акчаң дагы, малдарың.


Баба дыйкан ырыскысы жерден дейт,

Ырчылардын ырыскысы элден дейт,

Ырчылары ырга кошуп мактаса,

Баба дыйкан байлыгынан берген дейт.


Эсен болуп, элге барып жүрөрмүн,

Эшик аттап, үйүңө да кирермин.

Турдубегим, Алла Таалам буйруса,

Туура тарткан тулпарыңды минермин.



29.10.2008

ӨМҮРКУЛОВ ИСАГА
Мамлекттик төбөлдөрдүн кимисиң?-

Майдаланбай бараандуусуң, ирисиң.

Таалайына кыргыз элдин жаралган,

Таза жүргөн жигиттердин бирисиң.


Ыйса деген ким экенин билесиң-

Пайгамбардын атын алып жүрөсүң.

Түз жүргөнүң, ыймандуулук, тазалык,

Түбөлүккө жүрөгүңө түнөсүн.


Азырынча элдин укпай жемесин,

Акыйкаттын үрөндөрүн себесиң.

Бирде оңго, бирде солдо мант бербей,

Бир калыпта кызмат өтөп келесиң.


Адал жүрүп кызмат кылган элине,

Адамдагы эң жогорку касиет.

Ага окшогон касиеттүү адамга,

Аалам ээси Алла-Таалам баш ийет.


Адамдарга өмүр деген бир келээр,

Адистигибиз автоунаа инженер.

Акылы бар ар-намыстуу жигиттер,

Акырындап өзүңө окшоп иргелээр.


Азаматың жол кырсыкка кабылды,

Аныкталып айыптуу деп табылды.

Чоңдук кылып, уулуңа жан тартпай,

Сот чечими менен күнөө тагылды.


Иса иним, жаш кезиңден билемин,

«Аман жүр» деп-ак пейилден тилегим.

Акысы деп арнап жазган ырыма,

Тартуулаган аргымагың минемин.


21.03.2012

САРНОГОЕВ БАЙДЫЛДАГА

(60 жашта)
Байдылда өзүн атаган—

«Кыргыздын жаман сарысы».

Жалындуу жазган ырларын,

Жакшы көрөт баарысы.

Жаттап ырдап жүрүшөт,

Жашы дагы, карысы.

Күлкү аралаш ырлары—

Көңүлдөрдүн дарысы.


Баяке, уксаң иниңди,

Башка ишти таштасак.

Алтымыш жылдык тоюңду,

Азыр эле баштасак.

Айланайын эл-журттан,

Алыстап андан качпасак.

Суутуп, таң ашырып,

«Сур жоргону» таптасак.

Кошулуп алып экөөбүз,

Бир тууган Талас элинин,

Эшик-төрүн аттасак.
Алтымыш деген куракка,

Эки жолу чыкпайсың.

Каруу кетип муундан,

Карылыкка ыктайсың.

Келин-кыз келбей оюңа,

Кемпириң менен уктайсың.


Андан көрө, баяке,

Жүрө бербей талаалап.

Күч-кубат бар кезинде,

Жүрөлү элди аралап.

Шайыр эли Таластын,

Китебиң эмес өзүңдү,

Бир көргөнгө канагат.
Кезекти анан мага бер,

Көңүлдөргө түр салам.

Комузда ойноп күү чалам.

Домбурага кошулуп,

Коңур добуш үн салам.
Арбын эле ырларды,

Аялдарга арнадым.

Аларды жазган жагынан,

Байдыке, сенден калбадым…

Ушуну менен токтоюн,

Элибизге барганда,

Улантайын калганын.
«Жаман Сары» баласын,

Күтүп жатат Таласың…


1992-жыл
САРЫБАЕВ ТӨЛӨГӨНГӨ
Сарыбайдын Төлөгөн,

Таластын болот кулуну.

Жаралгандан анда жок,

Мансапка болгон жулунуу.


Тарбия алып чоңойдуң,

Жетим балдар үйүндө.

Жаркылдап ачык кабагың,

Жамандык жок түбүңдө.


Онду бүтүп, окуйм деп,

Фрунзеге баргансың.

Электрик жагынан,

Инженерлик билимди,

Политехтен алгансың.
Жетимге кудай көз салат,

Жетим жүрүп жетилдиң.

Кызматтардын ар түркүн,

Тепкичине секирдиң.


Менменсиген мүнөз жок,

Мээримдүү жанып көздөрүң.

Тамылжытат укканды,

Тамаша кошкон сөздөрүң.


Жайма-жай жашап келесиң,

Жамандык албай көңүлгө.

Ыр-чыры жок жашай бер,

Ыраазы болуп өмүргө.


Маңдайга жазган тагдырдан,

Бир кадам ашык баспайсың.

Аялыңды сатсаң да,

Ашык байлык таппайсың.


Ар жакка чачпай акчаңды,

Анча-мынча сараң бол.

Төлөгөн ырдын акысын,

Төлөгөн иним аман бол.



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   16




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет