- 26 -
1. Сырткы – фиброздук (жука жана бекем түзүлөт).
2. Ички – синовиалдык (сөөктөрдүн үстүнкү бетин эндоте-
лиалдык клеткалар менен каптап, алар синовиалдык суюктукту
бөлүп чыгарат).
Муун чуңкурчасы – анча чоң эмес болуп, бириктиргич сөөк-
төрдүн ортосун синовиалдык суюктук менен толтуруп турат.
Кошумча калыптануу- спецификалык салмактын негизинде,
функционалдык керектөөлөрдүн
жаралуусунда жооп кайтаруу
реакциясы болуп саналат. Мында кошумча бириктиргич кара-
жаттар пайда болот. М: Дискалар- бул жука кемирчектүү каптоо
болуп, сөөктөрдүн бири-бирине кошулган жеринде болот. Неги-
зинен ички омурткалардын бири-бирине бириккен жеринде жо-
луктурууга болот.
Муундар негизги 3 түрдүү функцияны аткарат.
Скелеттин туруктуу формада кармалып туруусуна жана бири-
биринен ажырабай кармалуусуна жардам берет.
1. Организмдин өз ара байланышын тейлейт.
2. Локомотордук процессине катышат.
Достарыңызбен бөлісу: