- 27 -
Эллипс сымал муундар- мында сөөктүн үстүңкү
жана бе-
тиндеги сөөктөр эллипс сымал түзүлүшкө ээ болот, же кемир-
чектүү байланышкан абалда болот.
Цилиндр сымал муундар- эки биригүүчү сөөктүн үстүңкү
жана астынкысы цилиндр сымал формага ээ болуп, вертикалдуу
линиялуу геометриялык форманы пайда кылат.
Спорттук машыгуулардын скелетке тийгизген таасири.
Тынымсыз спорт менен машыгуу
адамдын скелетинин тез
аракеттенүүсүнө жана булчуңдардын формасынын өзгөрүүсү-
нө алып келет. Мисалы: Бокс, коньки менен машыккан спортс-
мендердин кол жана бут сөөктөрү, булчуңдары жакшы өнүккөн
болот. Спорт менен машыгуунун скелеттин өзгөрүүсүнө таасир
эткен механизмин төмөндөгүчө түшүндүрүүгө болот.
Тынымсыз татаал кыймыл-аракеттерди
аткаруу кан айла-
нууну ылдамдатып, натыйжада тамак сиңирүү жакшы жүрөт.
Организмде тынымсыз жүргөн өзгөрүүлөр сөөктүн да өзгө-
рүүсүнө алып келет. Сөөктөрдүн ички түзүлүшүнүн өзгөрүүсү
спорт менен тынымсыз машыгуунун натыйжасында, комплекс-
түү заттарды колдонуунун таасиринде булчуңдардын механика-
лык- химиялык түзүлүш функциясынын өзгөрүшүнө алып келет.
Компакту заттардын өзгөрүүсү эки түрдө жүрөт.
Достарыңызбен бөлісу: