Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети


- 25 - Жылчыксыз байланышкан сөөктөр



Pdf көрінісі
бет11/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

- 25 -
Жылчыксыз байланышкан сөөктөр
Синдесмоз 
Синхондроз 
Синостоз
Синдесмоз – Эгер бириктиргич ткань сөөктөрдүн ортосунда 
коллагендик жипчелерден түзүлгөн болсо мындай байланыш 
фиброздук деп аталат. Ошондой эле эластик жипчелер менен 
байланышса – 
эластикалык деп аталат (укурук сөөк менен ка-
руу сөөк). 
Синхондроз – кемирчектик түзүлүшүнө байланыштуу эки 
түрдүү жипчелүү жана гиалин кемирчеги аркылуу жүрөт. Ке-
мирчектүү байланыш убактылуу же туруктуу болушу мүмкүн. 
Убактылуу кемирчек кийинчерээк синостозго айланат, куймул-
чактын омуртка телосу, төш сөөгү, жамбаштын алдынан бири-
гүүсү. 
Синостоз – бул сөөктөрдүн сөөк тканы аркылуу байланышуусу 
болуп эсептелет. Бирок бул байланыш кыймылсыз болот. Баш сөөк-
төрүнүн бири – бирине биригүүсү, куймулчак омурткалары. 
Жылчыктуу байланышкан сөөктөрдүн функционалдык 
мүнөздөмөсү
Жылчыктуу байланышкан сөөктөрдү- синовиалдык байла-
ныш же муун деп да аташат. Муун өзүнүн спецификалык өзгө-
чөлүктөрүнө жана функциясына ээ. 
Ар бир муун бири-биринен негизги элементтери жана кошум-
ча калыптануусу менен айырмаланат. Негизги элементтерге
муундун үстүнкү катмарын бириктирүүчү сөөктөр, муун сумка-
сы (капсула, жана муун чуңкуру). 
Муундун үстүңкү бетин каптап беттешип турган сөөктөр би-
ри-биринен сырткы формасы менен айырмаланып туруп, бирин-
чи сөөктүн ийилген жерине экинчи сөөктүн башчасы орношот. 
Алардын ичинде гиалин кемирчеги болуп, ал кыймыл-аракет 
кылган учурда бири-бирине тийбей аракеттенүүсүн тейлейт, 
амортизатор функциясын аткарат. Гиалин кемирчегинин калың-
дыгы 2-4 мм келет. 
Муун баштыкчасы (капсула, – бул бириктиргич оболочка бо-
луп, муундун үстүңкү бетин герметикалык каптоо менен кап-
тайт. Ал эки катмардан түзүлөт. 


- 26 -
1. Сырткы – фиброздук (жука жана бекем түзүлөт). 
2. Ички – синовиалдык (сөөктөрдүн үстүнкү бетин эндоте-
лиалдык клеткалар менен каптап, алар синовиалдык суюктукту 
бөлүп чыгарат). 
Муун чуңкурчасы – анча чоң эмес болуп, бириктиргич сөөк-
төрдүн ортосун синовиалдык суюктук менен толтуруп турат. 
Кошумча калыптануу- спецификалык салмактын негизинде, 
функционалдык керектөөлөрдүн жаралуусунда жооп кайтаруу 
реакциясы болуп саналат. Мында кошумча бириктиргич кара-
жаттар пайда болот. М: Дискалар- бул жука кемирчектүү каптоо 
болуп, сөөктөрдүн бири-бирине кошулган жеринде болот. Неги-
зинен ички омурткалардын бири-бирине бириккен жеринде жо-
луктурууга болот. 
Муундар негизги 3 түрдүү функцияны аткарат. 
Скелеттин туруктуу формада кармалып туруусуна жана бири- 
биринен ажырабай кармалуусуна жардам берет. 
1. Организмдин өз ара байланышын тейлейт. 
2. Локомотордук процессине катышат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет