Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети


Б) Уруктануу процесси түйүлдүктүн өсүп өнүгүүсү



Pdf көрінісі
бет6/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Б) Уруктануу процесси түйүлдүктүн өсүп өнүгүүсү
Уруктануу жатындын түтүгүндө жүрөт. Жыныстануудан ки-
йин ургаачынын кынына түшкөн 300 млн го жакын спермато-
зоиддер жатын түтүгүндөгү овуляциядан кийин келип түшкөн 
энелик клетканы курчап алышат, бирок бир гана сперматозоид-
дин ядросу, энелик клетканын ядросу менен коагуляцияланат. 
Энелик клетканын жашоо жөндөмдүүлүгү овуляциядан кийин 
24 саатка созулат, эгерде бул мезгилде уруктануу жүрбөсө анда 
ал өлөт. Сперматозоиддер уруктануу жөндөмдүүлүгүн 1-3 сутка 
сактайт. Уруктанган энелик клетканы зигота дешет. Ал жатын 
түтүгү боюнча жылуу менен бөлчөктөнүп жүрүп отурат жана 
көп клеткалуу түйүлдүккө айланат. Ал 4–5 күндөн кийин жатын-
дын ичине түшөт жана белгилүү убакыттан кийин (2 сутканын 
ичинде) жатындын былжыр чели менен имплантацияланат. Тү-
йүлдүк клеткаларынын бир бөлүгүнөн сырткы жана ички чел-


- 17 -
дер калыптанат. Сырткы челден келечекте акырындап жатынга 
бекем бекиген (имплонтация) тон чел кабыкчасы өрчүйт. Тондун 
көп тамыры, жана түктөрү аркылуу эненин организми менен 
түйүлдүктүн ортосунда газ жана азыктык заттардын алмашуусу 
жүрүп турат. 
4 жумалык түйүлдүк: Башы калыптанып бүтөт. Жүрөгү, колу, 
буттары, кан айлануусу, мээси, омурткасы калыптана баштайт. 
6 жумалык түйүлдүк: Жүрөгү 4 бөлүктөн турат. Колдорунун, 
буттарынын манжалары калыптанат. Мээси жана нерв торчоло-
ру калыптанып, сезүү жөндөмдүүлүгү башталат. Көздөрү, кулак-
тары, жаактары көрүнө баштайт. Боору, ичи, өпкөсү калыптана 
баштайт. 
8 жумалык түйүлдүк: Баланын денеси толук түрдө түзүлүп 
бүтпөсө да, маанилүү органдары калыптанып бүтөт. Көздөрү, 
кулактары, колдору жана буттары жакшы билинип калат. Бала-
нын сөөктөрү жана булчуңдары калыптана баштайт. Нерв систе-
масы убакыт өткөн сайын жакшы өнүгө баштайт. 
10 жумалык түйүлдүк: Колундагы жана бутундагы манжала-
рында тырмактар пайда боло баштайт. Бала энесинин ичинде 
кыймылдайт. Бирок, энеси азырынча муну байкабайт. Баланын 
жүрөгүнүн согушун атайын стетоскоп аппаратынан гана угууга 
болот. Адамдын бардык маанилүү органдары калыптанып бү-
түп, булчуңдары өнүгө баштайт. 
12 жумалык түйүлдүк: Бала жутуу жөндөмүнө ээ болот, бөй-
рөктөрү заара бөлүп чыгара баштайт, сөөк клеткалары канды 
пайда кылат. Калыптанган булчуңдар балага толук кыймыл жа-
соого мүмкүндүк берет. Баланын жынысын аныктоого болот. 
14 жумалык түйүлдүк: Адамдын башы, колдору, буттары ка-
лыптанып бүтөт. Баланын териси ачык, түссүз сыяктуу болот. 
Баланын башына чач өсө баштайт. Баланын кыймылы күндөн-
күнгө иреттүү боло баштайт. 
16 жумалык түйүлдүк: Баланын териси ачык кызыл түскө, ку-
лактары да ошондой түскө өтөт. 
Денесинин бардык бөлүктөрү даана көрүнө баштайт. Бала кө-
зүн ачып-жума алат, оозун ача алат, бир нерсени кармоого жарай 
баштайт. Эненин ичинде активдүү күч менен кыймылдай баш-
тайт. 
18 жумалык түйүлдүк: Органдардын бардык системалары 


- 18 -
түзүлүп бүтөт. Эми өсүү этабы башталат. Түйүлдүктүн териси 
атайын коргоочу былжыр чел менен калталат. Дем алганда кый-
мылдар жакшыра баштайт, бирок, өпкөнүн нормалдуу кызма-
тын аткарууга бул кыймылдар жетишсиздик кылат. Бул мезгилде 
энеси түйүлдүктүн кыймылын сезет. 
20 жумалык түйүлдүк: Баланын манжалары өсө баштайт, ба-
шында, денесинде аз-аздан чач, түк пайда болот. Түйүлдүк ман-
жасын сорот, кыймылы күчөйт. Бул этап баланын баш мээси тез 
өнүккөн мезгил болуп эсептелет. Баланын бөйрөгү иштей баш-
тайт, жүрөгүнүн согушун стетоскоптун жардамы менен укса бо-
лот. 
22 жумалык түйүлдүк: Үндөрдү угуу жөндөмүнө ээ болгон 
кулак кемирчектери бекемделет. Түйүлдүк энесинин жүрөгүнүн 
сокконун, үнүн, дем алганын угат. Май калдыктары түзүлө баш-
тайт. Өпкөсү жакшы өнүгө баштайт. Бул этапта түйүлдүк бат-бат 
салмак кошот. 
24 жумалык түйүлдүк: Түйүлдүк ички жана сырткы үндөрдү 
да уга алат. Денесинин кыймылы күчтүү боло баштайт, (рефлекс-
тик) кыймылдар жакшырат. Өпкөнүн өнүгүүсү уланат. Түйүлдүк 
уктайт жана ойгонот. Териси кызгылт тартып, бырыштар, ичке 
кылдар менен капталат. 
26 жумалык түйүлдүк: Эрини, оозу сезгич болуп калат. Көз-
дөрү жарым-жартылай ачылып, жарыкты кабыл алууга жөндөм-
дүү боло баштайт. Мээ импульстары толук жетилген балдардын 
мээсине дал келет. 
28 жумалык түйүлдүк: Баланын өпкөсү кадимки аба менен 
дем алат, бирок, мындайда медиктердин жардамы сөзсүз керек. 
Түйүлдүк көздөрүн ачып-жумуп турат, манжасын сорот. Ыйлайт, 
сырткы үндөргө жооп берет. денесинин температурасы ритмика-
лык дем алуусу, баш мээси аркылуу көзөмөлгө алынып турат. 
30 жумалык түйүлдүк: Териси калыңдап кык- зара чыгара 
баштайт. Мээнин нерв торчолорунун ортосундагы байланыш-
тардын даражасы жогорулайт. Ушул убактан тартып түйүлдүк 
чоңоөт. 
32 жумалык түйүлдүк:Кулактары оз калыбына келет. Көздөрү 
уктап жатканда жумулуп, башка учурда ачылып турат. Териси 
жылма кызыл түстө болот. 
34 жумалык түйүлдүк: Башындагы чачтары жумшарат. Бул-


- 19 -
чуңдары толот, натыйжада бала башын жогору көтөрүп, айлан-
дыра алат. 
36 жумалык түйүлдүк: Өпкөсү толук калыптанып бүтөт. Бир 
нерсени алмай адаты өнүгөт. Бала шоола түшкөн жерди ажырата 
алат. 
38 жумалык түйүлдүк: Баланын бою 50 сантиметрге, салмагы 
2-4 килограммга чейин чоңоёт. Бала жарык дүйнөгө келерде жа-
шоого керектүү болгон жетимиштен ашык кыймылдары калып-
танат. Бала керектүү деңгээлде өнүгүп, төрөлүүгө даяр болот. 
Түйүлдүк жатында тез өрчүйт, эки айдан кийин түйүлдүктүн 
денесинин узундугу бар болгону үч сантиметр болсо да кебете-
си кишиге окшошуп калат. Үч айдан кийин баардык органдар 
калыптанат, төрт жарым айдан кийин күмөндүн жүрөгү сого 
баштайт жана ал энесинин жүрөгүнүн согушунан эки эсе ылдам 
болот. Нормалдуу кош бойлуулук 270-280 суткага тогуз айга со-
зулат жана 3,5 кг массадагы 50 см узундуктагы бала төрөлүүгө 
тийиш. 
Төрөттүн башталышы жатындын булчуңдарына таасир көр-
сөтө турган гипофиз гормонун бөлүнүп чыгышына байланыш-
туу булчуңдар катуу жыйрылып, баланы жатындын мойнуна
андан соң сыртка түртөт. Бала сыртка чыкканда биринчи жолу 
чаңырат. Бул өпкө менен дем алуунун белгиси. Буга чейин дем 
алуу баланын түйүлдүк тону аркылуу жүрүп турган. Төрөттөн 
кийин эне менен баланын бириктирип турган киндикти кесип 
салышат. Бала төрөлгөндөн кийин 15 – 20 минутадан кийин тон 
жатындагы керегесинен ажыратат жана жаргакчанын чели ме-
нен бирге сыртка чыгат. 
3. Адамдын организминин калыптанышы 22-25 ке чыкканда 
бүтөт. Баланы төрөлгөндөн кийинки өрчүүнүн мезгилдерин тө-
мөндөгүдөй бөлүшөт. Ымыркай мезгили 4 жумадан бир жашка 
чейин, торолуу мезгил 1ден 3 жашка чейин, мектепке чейин мез-
гил 3 жаштан 6 жашка чейин, мектептеги мезгил 6 жаштан 17-18 
жашка чейин. 
Адамдын организминин калыптанышы. Өсүү менен өнүгүү 
баланын өмүрүнүн биринчи жылында жана жыныстык жактан 
жетилүү мезгилинде (кыздар үчүн 12-15 жашка чейин, балдар 13 
жаштан 16-17 жашка чейин) өтө интенсивдүү жүрөт. Жыныстык 
жактан жетилүү мезгилинде өспүрүм мезгилинде уул балдарда 


- 20 -
сперматазоид жетилет жана эркектин жыныс гормондору иш-
тейт. Кыздарда жыныс клеткалары жетилип, ургаачылык жыныс 
гармондору иштелип чыгат. Кыздардын айызы ырааттуу 22-30 
күндө бир жолу келе баштайт. Жыныс гармондорунун таасири-
нен улам өспүрүмдөрдө экинчилик жыныстык белгилер калып-
танат. Уул балдардын үнү жоондойт, көкүрөк, ал эми кыздарда 
жамбаш курчоосунун сөөктөрү кеңейет, сүт бездери калыптанат, 
колтукта жана чуурайда түк өсөт. Өспүрүм мезгилинде орга-
низмдин жыныстык физикалык жана психикалык жактан жети-
лүүсүнө даярдык көрүүчү өзгөрүүлөр жүрөт. 




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет