Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет11/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

мифология, дин жана философия эсептелет.
Мифология – коомдук өнүгүүнүн алгачкы мезгилинде пайда болгон
кандайдыр бир сырткы же жогорку күчкө ишенүү үстөмдүк кылган, 
адамдардын жашоосун, табияттагы кубулуштарды алардын аракети менен 
тыгыз байланыштырып караган дүйнөнү түшүнүүнүн бир тиби. Мифтик 
дүйнөкараш эмпирикалык билимдердин топтому, диний ишенимдери, саясий, 
этикалык ж.б. көз караштары топтоштурулуп, аң сезимдин формасы катары 
болгон. Ал кайсы мезгилде жаралса, ошол доордун дүйнөкараштык позициясын 
чагылдырган. 
Миф бир нече кызматты аткарган, алардын негизгиси катары: 
муундардын байланышын камсыз кылуусу; өткөн мезгил менен келечекти 
байланыштыруу; жүрүм-турумдун, баалуулуктардын калыптануусунун негизи 
катары кызмат кылуусу; тигил же бул реалдуулук жөнүндө жамааттык көз 
караштын калыптануусу эсептелет. 
Философия илимин окуп, анын маселелерин үйрөнүп жаткан ар бир 
адамдын оюнда миф тигил же бул деңгээлде коомдук аң сезимдин пайда 
болушунда ролу чоң экендигине ынанат. Дүйнө, адам жана анын дүйнөдөгү 


14 
орду жөнүндөгү маселе кийинчерээк динди да кызыктырып, ал тууралуу ой 
жүгүртүүсүн шарттаган.
Дин дүйнөкараштын бир тиби катары калыптанып, жогорудагы 
маселелерге карата философиядан айырмаланган көз карашты берет. Анын 
пикиринде дүйнө бул жана тиги деп аталган эки бөлүккө ажырайт да, бул дүйнө 
– азыр адам жашап тиричилик жүргүзүп жактан убактылуу жалган дүйнө; тиги 
дүйнө – адам өлгөндөн кийин кеткен түбөлүктүү чын дүйнө. Дүйнөнүн, 
адамдын бар болуп, жашап турушунун себепкери – Кудай – жогорку күч; ал 
баарын жаратат, баарын орду-ордуна коет жана каалоосу боюнча бул 
дүйнөдөгү жашоосунун бүтүүсүн шарттайт. 
Дин жалпы дүйнөкараштык маселелерди талдоого алып, адам 
жашооосунун жалпы нормаларын жана адеп-ахлактык принциптерин, 
жакшылык жана адилетттик, сабырдуулук жана чыдамкайлык сапаттарды 
жогору баалайт. Диндин тарыхый-маданий ролун адамдарды руханий, адеп-
ахлактык сапаттарга чакыргандыгынан, биримдикке тарбиялагандыгынан, ар 
түрдүү тилдик жана маданий жактан айырмачылыгына карабастан жалпы 
адамзаттык баалуулуктарга чакыргандыгынан көрөбүз.
Дүйнөкараштын дагы бир тиби катары философия эсептелет. Миф менен 
динден айырмаланып, философия дүйнөнү акыл менен логикалык ой 
жүгүртүүнүн негизинде таанып билүүнү шарттайт. Ал дүйнө, адам жана 
адамдын реалдуулуктагы орду жөнүндөгү маселени теориялык жана логикалык 
жактан терең талдоого алып, илимий негизде берүүгө аракет кылат.
Дүйнөтаанымдын түзүмүндө чындыкты чагылдыруунун маңызы, 
тереңдиги боюнча анын деңгээлдери айырмаланат. Философия илиминде 
белгилүү болуп калган төмөндөгүдөй деңгээлдери көрүнөт: 
1. Дүйнөнү туюп сезүү; бул болмуштун, реалдуулуктун кээ бир сырткы, бир 
караганда көрүнчүдөй болгон жактарынын гана таанылышы; бул дүйнөнүн 
калыпка салынбаган көрүнүшү; мында дүйнө эмоционалдуу- образдуу 
чагылдыруу табат. 
2. Дүйнөкабылдоо – сезимдер менен туюмдар үстөмдүк кылган, дүйнөнүн 
кандайдыр бир жалпыланган түспөлүнүң, өң-турпатынын, түзүлүшүнүн 
берилиши; дүйнө жөнүндө белгилүү бир тутумдук көз караштын пайда 
болушу. 
3. Дүйнөтааным – чындыкты чагылдыруунун эң жогорку деңгээли, ал 
логикалык ой жүгүртүү жана теориялык таанып билүү менен тыгыз 
байланышкан. 
Демек, ар бир адамдын тигил же бул реалдуулукка карата көз карашы 
терең ой жүгүртүлүп таанылган, же үстүртөн кабылдоо менен чектелген 
болушу мүмкүн; ушуга жараша анын дүйнөкарашы калыптанат.
Философиялык дүйнө караш – дүйнөтаанымдын жогорку деңгээли, жана 
формасы, рационалдуу ой жүгүртүүгө, логикалык жактан далилдөөгө 
негизделген дүйнөкараштын теориялык мүнөздөгү тиби. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет