Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Философиянын жалпы маселелери. Философия методология катары



Pdf көрінісі
бет12/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

 
Философиянын жалпы маселелери. Философия методология катары. 


15 
Философия башка илимдер сыяктуу өзүнүн изилдөө предметине ээ. 
Философиялык билимге таандык болгон болгон маселе кайсы, анын предмети 
эмне деген суроо жаралат.
Философия – дүйнө, адам, коом жана адамдын дүйнөдөн алган орду 
жөнүндөгү жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрдү окутуучу илим. Анын изилдөө 
предмети кайсы экендигин философиянын жалпы жана өтө жалпы маселелерин 
талдоодо аркылуу ачык көрүүгө болот. Эмесе философиянын жалпы 
маселелери кайсылар, ошого токтололу: 
1. Болмуштун жалпы маселелерин изилдөө. Мында болмуш деген эмне
ал кантип бар болуп турат жана кантип таанылат, тескерисинче, болмуш эмес 
деген эмне ж.б. у.с. суроолорго жооп берилет. Ошондой эле бар менен жоктун 
диалектикалык байланышы, бар кантип жокко айланат деген суроолор менен 
бирге табияттын болмушу, адам болмушу, руханий болмуш жана социалдык 
болмуш сыяктуу болмуштун формалары изилдөөгө алынат. Философияда ушул 
маселелерди караган атайын окуу бар, аны онтология деп айтабыз.
Онтология гректин ontos – барлык, болум жана logos – окуу деген 
сөздөрүнөн куралып, “болмуш жөнүндөгү окуу” дегенди билдирет. Бул болмуш 
жөнүндөгү философиялык окуу жана анын бир бөлүгу катары эң чоң мааниге 
ээ.
Онтологиянын алкагында монизм, дуализм жана плюрализм деп 
аталган агымдар айырмаланат. Монизмде (гректердин monos – “бир”, “жалгыз” 
деген сөзүнөн алынган) дүйнө бир гана башбашталмадан турат деген көз караш 
үстөмдүк кылат. Бул окуу боюнча аалам, дүйнө, реалдуулуктун башбашаты 
катары де материалдык же идеалдык башбашат кабылданат. Буга мисал катары 
идеалисттик көз караштагы философтордун дүйнө рухтан башат алган же 
кудурети күчтүү Кудай баарынын себепкери болуп саналат деген көз карашты 
айтууга болот. Же болбосо материалисттик көз караштагы ойчулдардын табият 
алгачкылык касиетке ээ, ал бардык нерсенин башаты, негизи, баары ушул 
табият аркылуу бар болуп турат деген пикири монизмге мисал боло алат. 
Тагыраак айтканда монизм материалисттик же идеалисттик деп аталган эки 
түрдө көрүнөт. Философия тарыхында табиятты алгачкы баш башат катары 
кабылдап, негиз катары материалдыкты талдоого алган багыт материализм 
деген атка ээ болгон. Ал эми идеяны, рухту биринчилик, негиз, башбашталма 
катары тааныган багыт философия тарыхында идеализм деген аталышта 
белгилүү болуп келүүдө. 
Дуализм (гректердин dualis – “экилтик”, “кош” деген сөзүн билдирет) эки 
башбашталманы бирдей тең кабылдаган, дүйнөнүн негизин бири бирине көз 
каранды болбогон эки – материалдык жана рухий башбашат түзөт деп 
ырастаган философиялык окуу. 
Философияда ушул эки көз караш менен катар эле плюралисттик пикир 
да орун алган. Плюрализм (латынча pluralis –“көптөгөн” “көп сандаган” 
дегенди билдирет) – дүйнөтүзүлүшүнүн негизинде көптөгөн, бир нече
башбашат турат деп ырастаган философиялык окуу. Мында болмуштун 


16 
көрүнүшү катары жер, суу, аба, от ж.б. у.с. эсептелет да, дүйнөтүзүлүшүнүн 
негизи катары кабылданат. 
Демек, философия изилдей турган бирден бир предмети болуп болмуш 
жана формалары, анын ар түрдүү абалда көрүнүшү сыяктуу маселелерди 
талдоо эсептелет. 
2. 
Философиянын изилдөөсүнүн предмети катары таанып билүүнү жалпы 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет