Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет25/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   21   22   23   24   25   26   27   28   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Пифагор жана пифагорчулар. Пифагор б.з.ч. VI кылымда жашаган. 
Пифагордук философия б.з.ч. V кылымда пайда болуп б.з. III кылымына чейин 
созулат. Б.з.ч. IV кылымдын экинчи жарымында пифагордук философия 
платонизм тарабынан сиңирилип алынат, мектептин өзү мистикалык секта жана 
диндик уюм катары сакталып калат. Б.з.ч. II кылымдан баштап пифагорчулук 
кайрадан жанданат, бирок бул «жаңы пифагорчулук», маңызы боюнча жаңы 
окуу болуп калат. Ал Платон, Аристотель жана стоиктерди чогултууга 
(жараштырууга) аракет жасаган окуу болгон. Пифагор биринчи жолу 
«философия» деген терминди пайдаланган жана өзүн философ деп атаган. 
Математикалык дүйнө түшүндүрүүсүндө ал геометрияга чоң маани берген. 
Анын атын алып жүргөн теорема баарыбызга маалым.
Пифагорчулар дүйнө чоңдуктардан, чектен жана чексиздиктен пайда 
болот; дүйнө чексиз боштуктан турат, ал бирдиктүү жана кыймылдуу, 


30 
борборунда от турат дешет. Өзүнө апейронду тартып боштукту жаратат. 
Борбордук отту Филолай «Гастия» деп атаган. Анын тегерегинде улуу он тело 
жайгашкан. Космос телолору борбордук телодон пайда болот.
Пифагорчулар жер өз огунда айланып тура тургандыгын божомолдойт. 
Филолайга чейинки пифагорчулар жердин тоголок формада экендигин 
айтышат. Күндүн тутулушун айдын күн менен жердин ортосунан өтүшү деп 
түшүндүрүшкөн. Жыл мезгилдеринин алмашышын жердин күнгө карата 
эңкейип турган абалы катары кабылдашкан. Пифагорчулардын философиясы 
дуалисттик. Ал гармониянын жашоосун карама каршылык менен 
айкалыштырат. «Космос» жашагандан кийин гармония да жашайт. 
Гераклит. Б.з.ч. VI кылымдагы дагы бир ойчул Гераклит. Ал Иониянын 
саясий жактан алсырай баштаган доорунда Эфесте жашаган. Гераклит көпчүлүк 
учурун жалгыз өткөргөн.
Гераклиттин философиясынын биринчи абалы болуп жалпы өзгөрүү же 
кыймыл мыйзамы эсептелет: «баары агат» («панта рей»), «все движется и ничто 
не пребывает» - бул бардык бар нерселердин жалпы мыйзамы. Баары убакытта 
өзгөрөт. Асман кыймылда, стихия да кыймылда, жандуу жандыктардын мууну 
бирин 
экинчисине 
алмаштырат. 
Ааламдын 
кыймылында 
өзгөрбөс, 
кыймылдабас, эч нерсе жок. Анын оюу төмөндөгүдөн көрүнөт: «Нельзя войти 
дважды в одну и ту же струю, нельзя дважды коснуться одного и того же тела: 
наши тела текут, как ручьи». Биз дем алган аба сыяктуу буюмдар алмашып 
турат. Өзгөрүү, пайда болуу, жок болуу болмуш эместен болмушка өтүүнүн 
табышмактуу жолу. Мурда болбогон нерсе (эч нерсе эмес) пайда болот. Мында 
болмуш эместен болмушка өтүүдө парадокс келип чыгат: ал адам акылы менен 
жете албаган карама каршылык. Гераклит боюнча өзгөрүү, кыймыл болмуштун 
чыныгы формасы. Шартсыз өзгөрбөгөн, кыймылсыз эч нерсе жок. Бирөөнүн 
өлүмү – экинчинин төрөлүшү дегенди билдирет. Күн жана түн, кыш жана жай, 
ачкачылык жана токчулук, оору жана саламаттык биринен экинчисине өтүп 
турат. Баары пайда болот, кыймылдайт, өзгөрөт. Аны Гераклит «түбөлүк 
кыймылдуу» от деп түшүндүрөт. От – кыймылдуу, жогорку стихия деп билсе 
болот. «Бардык буюмдар отко өзгөрөт, айланат жана от бардык буюмдарга 
айланат». От ченеми менен күйүп, ченеми менен өчүп турат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   21   22   23   24   25   26   27   28   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет