Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет29/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   25   26   27   28   29   30   31   32   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Платон (б.з.ч. 427-347-жж.) байыркы Грек өлкөсүндөгү философ-
идеалист, Сократтын окуучусу объективдүү идеалисттик көз караштын негиз 
салуучусу, 30дан ашык илимий эмгектердин автору. Платон Сократтын 
мектебинде философиялык маалымат алып, Сократтын көз карашында 
тарбияланып, анын негизги идеясын уланткан. Афинада грек элинин 
легендарлуу баатыры Академдин атынан аталган бактын ичинде өзүнүн 
«Академия» деп аталган философиялык мектебин түзгөн. Бул мектеп ошол 
мезгилдеги идеалисттик көз караштагы философтордун борбору болуп калган. 
Идеалисттик көз карашына карабай, ал дүйнөдөгү эң гениалдуу окумуштуу-
философтордун бири болуп саналат. Платондон баштап философияда 
идеалисттик көз караш өз башатын баштайт. Философияда идеалисттик багыт 
Платондун ысымы менен байланыштуу. 
Платондун объективдүү-идеалисттик көз карашы анын «Пир», «Театет», 
«Федон», «Мамлекет», «Протагор», «Парменид», «Софист», «Политик». ж.б. 
чыгармаларында кеңири орун алган.
Платон, Сократтын оюн улантып, диалектика деген – баарынан мурун, 
суроо коюп жана ага жооп берип, философиялык маселелерди чечүүнүн зарыл 
курамы экендигин баса көрсөткөн. Платондун диалектикасы, Сократтын 
методу менен тыгыз байланышта болуп, жандуу пикирлешип, ар ким өз оюн 
далилдөөнүн куралы экендигин көрсөтүшкөн. Бул Платондун философия 
илимине кошкон чоң салымы. 
Бирок Платондун философиялык окуусунун негизин түзгөн маселе анын 
оюу боюнча биз көрүп, сезип турган аалам, дүйнө «материя» менен «идеянын» 
ортосунан жаралган. Бирок материя биринчи же болбосо өзүнчө эмес, биринчи 


35 
себепчи, жаратуучу – булл «идея». «Идеялар» түбөлүктүү «ааламдан 
тышкары», алар пайда болбойт, өлүшпөйт, түбөлүктүү, убакытка, мейкиндикке 
көз карандысыз. Биз көрүп, сезип турган нерселер, убактылуу, ченемдүү, 
мейкиндиктен жана убакыттан көз каранды. Реалдуу болмушнин, 
кыймылдаткычы – бул «идея». Идея биринчи, материя экинчи орунда турат. 
Бул жашап турган дүйнө, аалам – бул жалган дүйнө, бул дүйнө чыныгы 
дүйнөнүн көлөкөсү, ал эми чыныгы дүйнө тигил жакта, биз көрүп, сезип турган 
нерселер идеянын көлөкөсү. Таанып билүүбүздө биз табияттын кубулуштарын 
гана таанып билебиз. Көлөкөнү гана көрөбүз, чындык, күндүн жарыгы – биздин 
сезим ага жетпейт.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   25   26   27   28   29   30   31   32   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет