Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет30/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   26   27   28   29   30   31   32   33   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Аристотель(б.з.ч. 384-322 жж.) – байыркы грек философу, логика 
илиминин, ошондой эле көптөгөн илимдердин негиз салуучусу, илимдин 
бардык тарабынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон, ар тараптан өнүккөн терең 
ойчул. Кийинки доордогу окумуштуу-ойчулдардын (К.Маркс) аныктоосу 
боюнча Аристотель – «байыркы доордун эң улуу ойчулу», «Байыркы Грек 
философиясынын туу чокусу» болуп саналат. Аристотель изин калтырбаган, өз 
салымын кошпогон илим жок, анын ысымы илимге кошкон салымы аркылуу 
ушул күнгө чейин адамзаттын тарыхында сакталып келе жатат.
Аристотель Грецияда, Стагиритте грек колониясы болгон Франциянын 
жээгинде Халкидикидада туулган. Ошондуктан Аристотель Стагирит деп 
аталган. Аристотелдин атасы Никомах Македония падышасы Аминта II нин 
падыша сарайындагы дарыгер болгон. Ал 20 жыл бою Платондун 
Академиясында окуган, анын окуучусу болгон. Аристотель Македония 
падышасы Филипп II нин чакыруусу боюнча, анын баласы Александр 
Македонскийдин тарбиячысы болгон. 
Аристотелдин көптөгөн илимий чыгармалары нукура нуска түрүндө жана 
кийинки анын окуучулары аркылуу бизге чейин жеткен. Аристотель Платондон 
кийин Афинада философиялык илимий мектепти уюштурган. Ал мектеп Ликей 
деп, же болбосо «перипатетика мектеби» деп аталат. (Перипатетиктика – 
сейилдеп басып жүрүүчүлөр дегенди билдирет, анткени, Аристотель өзүнүн 
окуучулары менен басып жүрүп маектешип, ойлонуп, ой-жүгүртүп ар кандай 
маселелерди талдашкан).
Аристотель өзүнүн изилдөөсүндө ошол убактагы бардык илимдерди өз 
кучагына алган. Аристотелдин философиялык окуусунун эң негизгиси болуп 
анын материя менен форманын (тышкы көрүнүш, кебете түрү, түзүлүшү) өз ара 
байланышы болуп саналат. Философтун оюу боюнча, материя өз алдынча 
болот, бардык нерселердин биринчи негизи, биринчи себеби, ар кандай 
нерсенин пайда болушунун негизи катары каралат. Бирок, материя активдүү 
ролдо эмес, ал пассивдүү абалда болот – пассивдүү башталыш. Ар кандай 
нерсенин активдүү башталышы, анын активдүү түрдө кыймылда болуп турушу 
жана материяга жан берип турушу – анын формасы, б.а. анын түзүлүшү, кебете 
түрү, көрүнүшү болуп саналат. Материя формасыз, жансыз деп эсептеген. 
Аристотелдин оюу боюнча форма түбөлүктүү, эч өзгөрүлбөс абалда болот. 
Материя ар кандай нерсенин бар болуп турганы, мүмкүнчүлүгү, ал эми анын 


36 
чыныгы жашоо негизи болуп формасы – түзүлүшү, түрү, сырткы көрүнүшү 
саналат. Ар кандай кыймылдын булагы болуп, ордунан кыймылдабаган, бирок 
бүтүндөй кыймылдын башы болгон – кудай эсептелет. Аристотелдин ушул 
философиялык оюнда бир эле убакта материалисттик жана идеалисттик ой 
камтылган. Философтун материалисттик ой-пикири келечекте философияда 
материалисттик көз караштын калыптанышына, прогрессивдүү идеялардын 
өсүшүнө чоң таасирин тийгизген, ал эми идеалисттик ой пикири, орто кылымда 
диндик окуулардын өсүп пайда болушуна өбөлгө түзгөн


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   26   27   28   29   30   31   32   33   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет