Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети


Тема 1 2. Дүйнөнүн диний, илимий жана философиялык түзүлүшү



Pdf көрінісі
бет90/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   86   87   88   89   90   91   92   93   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Тема 1 2. Дүйнөнүн диний, илимий жана философиялык түзүлүшү 
 
1. Дүйнөнүн илимий сүрөттөлүшү. Дүйнөнүн диний сүрөттөлүшү 
2. Дүйнөнүн философиялык сүрөттөлүшү 
Философия илиминде дүйнө деген эмне, ал кандай түзүлгөн, анын пайда 
болушу кайдан жана кантип жаралган, кандай таанылат жана кантип жашап 
турат? - деген сыяктуу суроолор коюлуп келген. Натыйжада дүйнө жөнүндөгү 
элестөөлөр, көз караштар пайда болгон да анын сүрөтү тартыла баштаган. 
Натыйжада “Дүйнөнүн сүрөтү” же “дүйнөнүн сүрөттөлүшү” (орусчасы 
“картина мира”) деген түшүнүк пайда болгон. Буга карата философиянын 
өзүнүн жообу да келип чыккан. Ошондуктан, дүйнөнүн сүрөттөлүшү же сүрөтү 
– бул адамзаттын өнүгүүсүнүн белгилүү бир этабында дүйнөтаанымынын 
баштапкы принциптеринин негизинде калыптанган жана топтолгон билим 
менен тажрыйбаны бириктирген чындыктын түзүлүшү, анын жашап турушунун 
жана өзгөрүүсүнүн жолдору жөнүндөгү көз караштардын жыйындысы. 
Дүйнөнүн сүрөттөлүшү, бир жагынан, дүйнөтаанымдын ажырагыс бөлүгү 
катары, экинчи жагынан, дүнөтааанымдын оригиналдуу принциптеринин 
негизинде жана адамзат топтогон билимдерди жана тажрыйбаны 
интеграциялоодо болуп саналат. 
Дүйнөнүн сүрөттөлүшү – бул дүйнөнүн сүрөтүнүн концептуалдык бөлүгүн 
жана адамдын, анын дүйнөдөгү ордун чагылдырган визуалдык образдардын 
жыйындысын камтыган татаал түзүлүштөгү бүтүндүк. Бул элементтер дүйнө 
түзүлүшүндө белгилүү бир доорго, этникалык топко же субмаданиятка
мүнөздүү түрдө биригет. Дүйнөнүн сүрөттөлүшү жеке адамда, коомдук аң 
сезимде чагылдырылат. Ушуга байланыштуу диний, илимий жана 
философиялык дүйнөнүн сүрөттөлүшү айырмаланат. Булардын бири биринен 
айырмачылыгы төмөнкүлөрдөн көрүнөт: 1) дүйнө түзүлүшү жөнүндөгү 
маселени кароосу; 2) ар кимиси өзүнүн маселесин чечүү боюнча жеке 
идеяларын берүүсү боюнча. 


105 
Диний дүйнөнүн сүрөттөлүшүндө Кудай менен адамдын ортосундагы 
мамиле негизги талдоого алынган суроо болуп саналат. Башкы идеясы – 
Кудайдын дүйнө менен адамды жараткандыгы. Ал эми дүйнөнүн 
философиялык сүрөттөлүшүндө дүйнө менен адамдын карым катнашы каралат 
да, диалектикалык жана метафизикалык, материалисттик жана идеалисттик
монисттик, дуалисттик, плюралисттик көз караштардын маани-маңызы 
талдоого алынат. Ушулар менен катар эле дүйнөнүн илимий сүрөттөлүшү да өз 
ордун тапкан. Анын негизги маселеси катары билимдин ар түрдүү тармактарын 
бир бүтүндүккө бириктирүү, карама каршы болгондугуна карабастан бири 
бирине каршы болбогон бүтүндук катары эсептөө орун алган. Дүйнөнүн, 
табияттын мыйзамдарына ылайык процесстер жүрүп турат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   86   87   88   89   90   91   92   93   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет