Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет91/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   87   88   89   90   91   92   93   94   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Дүйнөнүн диний сүрөттөлүшү – бул дүйнө, анын жаралышы, түзүлүшү, 
абалы, анын бар болуп турушу менен келечеги тууралуу көз караштардын 
жыйындысы. Бул көз карашка ылайык дүйнө табигый (естественный) жана 
табигыйлыктан жогору (сверхъестественный) дүйнөдөн туруп табигый дүйнө 
экинчисине баш ийет. Кудай жок нерседен дүйнөнү жаратты, ал эми Кудай 
жогорку абсолют, аны адам акылы менен да тааный албайт. Адамдын 
жашоосундагы жүрүм-туруму, адеп-ахлагы, аракети менен умтулуулары Кудай 
тарабынан таразаланат жана ошого жараша шыбага алат. Дүйнөнүн диний 
сүрөттөлүшү орто кылымдарда христиан, ислам диндеринин калыптанышы 
менен жаралган. Провиденциализм идеясы (Кудай жараткан дүйнө менен 
адамдын жана анын калыптанбагандыгынын алдын ала аныкталышы) үстөмдүк 
кылат да, болмушун себепкери Кудай деген көз караш уланып келет. 
Дүйнөнүн илимий сүрөттөлүшү табият, коом жана адам жөнүндөгү 
идеяларды 
чагылдырып, 
адамзаттын 
цивилизациясынын 
өнүгүүсүнө 
байланыштуу эволюцияланып отурган. Ал эмпирикалык жана теориялык 
билимдерди системалаштырып, бүтүндөй бир сүрөтүн жаны доордо берүүгө 
жетишкен. Дүйнөнүн илимий сүрөтү түрдүү илимдерде топтолгон 
билимдердин синтезинин негизинде тарыхый өнүгүүнүн талаптарына ылайык 
пайда болгон жана табият жана коом жөнүндөгү көз караштарды камтыйт. Бул 
дүйнөтаанымдын табияттын түзүлүшүнө жана өнүгүүсүнө дал келген 
аспектисин дүйнөнүн табигый-илимий түзүлүшү катары билишет. 
Дүйнөнүн илимий сүрөттөлүшү – табигый-илимий түшүнүктөрдү жана 
принциптерди жалпылоо жана синтездөөнүн негизинде келип чыккан дүйнөнүн 
эң жалпы касиеттери жана мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү бүтүндөй бир 
элестөөлөрдүн системасы. Дүйнөнүн илимий сүрөттөлүшүнүн башкалардан 
айырмачылыгы парадигма деп аталган илимий жетишкендиктерге негизделип, 
элестөөлөрдү бергендигинде. Алгачкы мындай элестөөлөр антикалык 
философияда жаралып, натурфилософиялык мүнөздө болуп, дүйнөнү илимге 
чейинки түшүнүү жолу орун алган. Илим руханий ишмердиктин тиби жана 
социалдык институт катары XVI – XVII кылымдарда калыптана баштайт. 
Ушул мезгилден тартып дүйнөнүн илимий сүрөттөлүшүндө кайсы илим 
үстөмдүк кылса, ошого жараша дүйнөнүн сүрөтү тартылат. XVII – XIX 
кылымдардагы алгачкы дүйнөнүн илимий сүрөттөлүшү механика илиминин 


106 
жетишкендиктерине негизделсе, заманбап илимий сүрөттөө кванттык 
механика, салыштырмалуулук теориясына басым жасайт. XX кылымдын 
башына чейин механикалык сүрөттөө үстөмдүк кылган. Анда механика
астрономия, математика алдыңкы орунга чыгып, илимий тастыктоолору менен 
белгилүү болгон. Р.Декарт, И.Ньютондун идеяларына негизделген сүрөттөө, 
XVIII кылымдын аягында А.Клеро, М.Эйлер, Ж.Лагранжа, П.Лапластын 
эмгектеринин натыйжасында бүтүндөй бир дүйнөнүн сүрөтүн берет. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   87   88   89   90   91   92   93   94   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет