102
Софистика – маңызы боюнча жалган, бирок формасы боюнча туура деп
кабыл алынган ой корутундуларды бөлуп алуу ыкмасы.
Догматизм – далилденбеген, абсолюттук
чындык деп таанылган
абалдарды кабылдоо; курчап турган дүйнөгө карата мамиледе, ой жүгүртүүдө,
ойломдо ийкемсиздиктин көрүнүшү.
3.Диалектиканын кошмок категориялары. Детерминизм жана
индетерминизм
Диалектиканын категориялары – табияттын,
коомдун жана аң сезимдин
өнүгүү мыйзамдарын, жалпы жана маанилүү байланыштарын чагылдыруучу
философиянын өтө жалпы жана кеңири түшүнүктөрү
Бүгүнкү
күндө
диалектиканын
төмөндөгүдөй
категориялары
айырмаланат:
Жалпы жана жеке (жалкы)
Бүтүн жана бөлүк
Мазмун жана
форма
Сан жана сапат
Маңыз жана кубулуш (көрүнүш)
Себеп жана натыйжа
Зарылдык жана кокустук
Мүмкүндүк
жана чындык
Жалпы жана жеке (жалкы), Бүтүн жана бөлүк, Мазмун жана форма, Сан
жана сапат – болмуштун горизонталдуу байланышын көрсөтөт. Маңызы
боюнча болмуштун түзүмүн, түзүлүшүн мүнөздөөчү, координациялоочу
байланыштарды билдирет.
Ал эми Маңыз жана кубулуш (көрүнүш), Себеп жана натыйжа, Зарылдык
жана кокустук, Мүмкүндүк жана чындык – болмуштун вертикалдуу
универсалдуу байланышын көрсөтөт. Бул болмуштун динамикасын мүнөздөөчү
Достарыңызбен бөлісу: