101
-
кыймылдын себеби жөнүндөгү маселеде – метафизика боюнча кыймыл
материядан келип чыкпайт, кыймылдын себеби болуп сырткы алгачкы түрткү
эсептелет;
-
сан менен сапаттын карым-катнашы жөнүндөгү маселеде –
метафизикада сан менен сапаттын
өз ара байланышы таанылбайт, сан санга
байланыштуу гана, сапат сапатка байланыштуу гана өзгөрөт;
-
кыймылдын, өнүгүүнүн багыты боюнча – диалектика өнүгүүнү жогору
карай багытталган спираль түрүндө караса, метафизика өнүгүүнү түз сызык
түрүндө же айлана түрүндө, кээде өнүгүүнүн багытын тааныбайт;
-
ой жүгүртүү системасында – метафизика ой жүгүртүүдө ийкемдүү боло
албайт, ал бир жактуу гана каралат;
-
курчап турган чөйрөгө карата – диалектика дүйнөнү ар түрдүү,
“түстүү” караса, метафизика “ак-кара” принцибинде карайт;
-
жалпы дүйнөгө карата – диалектика дүйнөнү бүтүн, карым-катнашта
караса, метафизика буюм-нерселер башка-башка, бөлөк турат деп эсептейт.
Ошентип, метафизика
жана диалектика чындыкты, өнүгүүнү таанып
билүүнүн эки карама каршы теориялык системасы. Алардын айырмачыгы эски
менен жаңынын байлышынан, кыймылдын себеби жөнүндөгү маселеде, сан
менен сапаттын карым-катнашы жөнүндөгү маселеде, кыймылдын, өнүгүүнүн
багыты боюнча, ой жүгүртүү
системасында, курчап турган чөйрөгө карата,
жалпы дүйнөгө карата көз карашта көрүнөт.
Советтик, постсоветтик, россиялык философияда
диалектикага басым
жасалат. Ошол эле учурда “негативдүү” диалектиканы да тааныйт. Бул жалпы
диалектиканын (“консервативдүү”) ичиндеги альтернативдүү багыты.
Өкүлдөрү – Теодор Адорно (1903 - 1969), Жан-Поль Сартр (1905 - 1980).
Достарыңызбен бөлісу: