103
Динамикалык мыйзамдар –
бул физикалык мыйзам; физикалык
чоңдуктардын ачык байланышы түрүндөгү объективдүү мыйзам
ченемдүүлүктү сандык түрдө көрсөтүү. Ал эми динамикалык теория –
динамикалык мыйзамдардын жыйындысын билдирген физикалык теория.
Тарыхый жактан алганда бир түрдөгү биринчи
жана эң жөнөкөй теория
И.Ньютондун классикалык механикасы болгон.
Динамикалык мыйзамдар универсалдуу мүнөзгө ээ, б.а., алар
изилденүүчү бардык объекттерге тиешелүү. Мыйзамдардын бул түрүнүн
айырмалоочу өзгөчөлүгү – алардын негизинде алынган божомолдор
ишенимдүү жана ачык айкын болуп саналат.
Аны менен бирге табият таанууда божомолдоолору так эмес, ыктымал
мыйзамдар формулировкаланат.
Бул мыйзамдар статистикалык же ыктымал
мыйзамдар деп аталат.
Ыктымал деп аталганын себеби – аларга негизделген корутундулар
маалыматтарга логикалык жактан ээрчишпейт, демек, ишенимдүү
жана ачык
айкын эмес. Маалыматтын өзү статистикалык болуп, табият таануу илиминде
кыйла кеңири таралган да,
статистикалык мыйзам деп аталат.
Диалектиканын мыйзамдары – универсалдуу мыйзамдар. Алар:
1.
Сандык өзгөрүүлөрдүн сапаттыкка өтүү мыйзамы
2.
Карама каршылыктын биримдигинин жана күрөшүнүн мыйзамы
3.
Танууну тануу мыйзамы
Достарыңызбен бөлісу: