19
мезгилде эле пайда болуп, бардык нерселерге карата күмөн саноолор аркылуу
ачыктоо процесси жүргөн.
5. Аксиологиялык кызматы. Аксиология байыркы грек термини (axios –
баалуу), баалуулуктар жөнүндөгү окуу дегенди билдирет. Мындай аспектиде
философиянын кызматы катары бул эсептелет: ар кандай философиялык окуу,
көз караш же багыттар түрдүү баалуулуктардын алкагында
баа берилет; ал же
социалдык, же идеологиялык, же болбосо этикалык-эстетикалык нормалардын
алкагында бааланат.
6. Социалдык кызматы. Философия коомдун келип чыгышы, жашап турушу
жана өнүгүшү жөнүндөгү маселелерди түшундүрүү аракетин жасайт. Ошондой
эле коомдогу социалдык түзүм, анын курамына кирген этникалык
жалпылыктар менен топтордун ортосундагы карым-катнаштын мыйзам
ченемдүүлүктөрүн, коомдун эволюциялык процесстерин түшүндүрөт.
7. Гуманитардык кызматы. Философия ар бир инсанда гуманитардык
баалуулуктардын жана идеалдардын калыптанышына түрткү берет.
Философиялык окууларда, көз караштарда жашоонун маңызын түшүнүү,
дүйнөдөгү жана коомдогу өзүнүн ордун аңдап билүүсү
жана ага жараша
жашоосун уюштура билүүсү сыяктуу көз караштарды калыптандыруу идеялары
бар.
8. Тарбиялоочу кызматы. Философия адамда идеалдардын жана моралдык
баалуулуктардын калыптанышына, курчап турган чөйрөгө жана нравалык
принциптерге ыңгайлашуусун аныктайт жана аны бекемдейт.
Ошентип, философиянын кызматтары анын теориялык жактан маани-
манызын жана практикалык маанисин чагылдырат.
Булар аркылуу философия
илим катары көрүнөт жана анын предмети, максат-милдеттери ишке ашат.
Достарыңызбен бөлісу: